СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диний экстримзм ...

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Диний экстримзм ...»

Диний экстремизм, терроризмге каршы аракеттер

          Терроризм дүйнөлүк масштабдагы чоң маселеге айланып турган учурда бизде да террордук чабуулдар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

    Акыркы кезде диний экстремизм жана террорчулук бир гана Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө курч маселеге айланууда. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып кетип жаткан террактык жардыруулар, учактардын кулашы сыяктуу террористик фактылар биздин өлкөбүздүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Жакында эле Бишкек шаарындагы №50-СИЗОдон качкан экстримистик көз караштагы качкындар, өлкөбүздүн түштүк регионунан Сирия мамлекетине жөнөп жаткан кыргыз жарандарынын кармалышы жөнүндө мисалдар өлкөдө диний кырдаал курч маселеге айланып баратканын далилдейт. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы белгилегендей, өлкөдө салттуу ислам динин бекемдөөдө, жарандарга ислам дини тууралуу туура багыт берүүдө өзгөчө чоң маселелердин бири – жергиликтүү имамдардын жана дин кызматкерлеринин көпчүлүгүнүн жогорку диний билиминин жоктугу жана сабатсыздыгы болууда. Ошондой эле заманбап технологиянын өнүгүүсү менен интернет айдыңындагы  чексиз мейкиндик дагы   радикалдык көз караштагы диний агымдардын, эл аралык террористик, экстремистик  уюмдардын ишмердүүлүгүн жайылтууга өбөлгө түзүп жатканын белгилешет коопсуздук кызматкерлери.

     Терроризм дүйнөлүк масштабдагы чоң маселеге айланып турган учурда бизде да террордук чабуулдар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан «сактансаң сактаармын» дегендей, айыл тургундарынын бейпилдигин, коопсуздугун сактоо максатында, Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүндө бир топ иштер пландалып, бир канчасы аткарылды.

     Кыргыз Республикасынын «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү», «Экстремистик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын  стратегиялык обьектилери жөнүндө» Мыйзамынына ылайык, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-январындагы  №1 протоколунун чечимин айыл аймагында аткаруу максатында, Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-марттагы №24-б буйругу менен   Ак-Муз айыл өкмөтүндө жети кишиден турган  комиссия  түзүлүп,  иш чара иштелип чыккан. Иш чаранын алкагында, айыл  аймагында  ичүүчү суу сакталуучу кампасына (люктарына)  кулпу салынганы  жана тосулган тосмолор боюнча райондук  мамлекеттик администрация бөлүмүнө так маалымат берилди. Ошону менен бирге   «Бороонду-Мүрөк» ичүүчү суу колдонуучулар айылдык коомдук бирикмесинин тиешелүү обьектилеринин коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн атайын кароолчулук штат ачуу боюнча 2016-жылдын бюджетине сунушталууда. Аталган обьектиде  азыркы күндө кароолчулук штат болбогону менен бирикменин операторлору график менен суу хлорлоо жана коопсуздук иштерин  аткарып жатышат.

     Ошондой эле стратегиялык обьектилердин паспортторун бүткөөрүүдө айыл өкмөтүнүн кеңсесинин, бала бакчанын, мектептин, мечиттин укуктук документтери  буга чейин каттоодон өтүп бүткөн.  Ал эми айылдык оорукананын, маданият үйүнүн, токарный цехтин, пилорамманын аянттары ченелип, райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын  адистери тарабынан такталып, акча каражаты которуу алдында турат. Айыл өкмөтүнүн башчысы  баардык мекемелерге коопсуздукту сактоо максатында,   атайын  күзөт  уюштуруп, кимдер келип-кетип жаткандыгын каттого алып, көзөмөлдү күчөтүү керектигин тапшырды. Айыл  тургундарына  терроризм жана экстремизм  жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү  боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, мекеме жетекчилерине,   мектептин мугалимдерине,  айылдык участкалык инспекторуна жана  мечиттин  имамына  милдеттендирилди.

     Дагы бир  саамалык, Боогачы атындагы орто  мектебинин  мугалими  Б. Абдыбеков жетектеген,  форум-театрында облустук деңгээлде семинар болуп өттү.  Аталган семинардын алкагында  «Дуба» деген темада диний экстремизм, терроризм маселелери козголуп, көпчүлүктүн талкуусуна алынды.  Бүгүнкү күндө Сирия мамлекетине  өлкөбүздүн   жарандардын алданып кетип  жаткандыгын ашкерелешти. Элге туура багыт берүү максатында, окуучулардын катышуусунда сахналаштырылган сценка   коюлуп, Нарын облустук  мамлекеттик телевидениеси аркылуу коомчулукка жеткирилди.

    Албетте, диний экстремизм менен терроризм  өлкө коопсуздугуна  чоң коркунуч келтирүүчү актуалдуу  маселеге айланып турган учурда,  стратегиялык мааниси бар обьектилерди көздүн карегиндей сактап, өлкөбүздүн туруктуулугун, бейпилдигин сактоодо ар бир адам өз салымын кошуп, диний экстримизимге каршы туруусу  учур талабы.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!