СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диндердин өнүгүү тарыхы 9-класс Тема: Диндердин негиздери

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жалал-Абад шаарындагы №5 мектеп-гимназиясынын диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Жусуева Т. сабактын темасы: Диндердин негиздери

Просмотр содержимого документа
«Диндердин өнүгүү тарыхы 9-класс Тема: Диндердин негиздери»

Бекитемин:

ООБ______________________

2-сабак

Тема: Диндердин негиздери жөнүндө түшүнүк

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттарга жетет, эгерде окуучулар төмөнкүлөрдү аткарса:

Билим берүүчү максаты: Окуучулар диндердин негиздери жөнүндө билимге ээ болушат.

  • Диндердин негиздери жөнүндө айтып беришсе

  • Диндердин негиздерин билдирген ыйык китептерди билишсе

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Диндердин негиздерин анализдешет жана өз позицияларын билдиришет

  • Диндердин негиздерин билдирген ыйык китептерди жана алардын мазмунун түшүндүрө алышса

  • Ыйык китептер боюнча өз ойлорун билдире алышса.

Таалим-тарбия берүүчү максаты: окуучулардын диндердин негиздери боюнча түшүнүк алуу менен бири бирине болгон сый урматы жана сабырдуу мамилеси калыптанат.

  • Адамзаттын жашоосундагы Диндердин негиздерин билишсе Ар бир элдин динине урмат сый менен мамиле кылуу керектигин башкаларга түшүндүрө алышса.

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Колдонулуучу усулдар: мээ чабуулу, китеп менен иштөө, топтордо иштөө

Колдонулуучу баалоо усулдары: эксперттик баалоо Сабактын формасы: “Топтордо, жуптарда жана жекече чыгармачылык ишмердүүлүк”

Сабактын жабдылышы: Компьютер, проектор, экран (интерактивдүү доска), батман, маркер,

Сабакта калыптануучу компетенттүүлүктөр:

Негизги компетенттүүлүктөр:

а) маалыматтык компоненттүүлүк: Маалыматты колдоно алат. Жетишпеген маалыматты максаттуу түрдө издөө, анын айрым бөлүктөрүн салыштырат жана анын үстүндө иш жүргүзө алат.

б) Социалдык-коммуникативдик компоненттүүлүк:

Диалог аркылуу зарыл маалыматты алууга, жекече, коомдук жана кесиптик маселелерди чечүү үчүн аны оозеки жана жазуу түрүндө билдирет.

в) Өз ишин уюштуруу жана маселе чече билүү компо-

ненттүүлүгү:

Өз алдынча же башкалар менен биргеликте ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен маселелерди чечет, ошондой эле андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алат.

Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Убактысы

Уюштуруу учуру

Мугалимдин окуучулар менен саламдашуусу жана окуучулардын сабакка даярдыгына көз салуу.

Саламдашуу жана окуучулар сабакка даяр экендигин билдиришет.

2 мин


Тапшырманы суроо

Окуучуларды ой жүгүртүүсү үчүн мээ чабуул жана кайтарым байланыш.

Окуучуларга дин деген эмне? Деген суроого класстер түздүрүү. Белгилерди чечмелетүү



Балдар, азыркы мезгилде жер шаарында үч дүйнөлүк дин бар, алар буддизм, христиан жана ислам диндери экени силерге белгилүү.

Мээ чабуулу: Диндер негизинен кантип пайда болот? Ким тарабынан?


Окуучулар өз даярдыктарына жараша жооп беришет

Окуучулар өз билимдерине таянуу менен билгендерин айтып беришет.

7 мин

Мугалимдин сөзү:

Дин өзүнүн баалуулуктары, дүйнө таанымы жана адамзатка сунуштаган системалуу жашоо моделинин негизинде мааниге ээ. Андыктан динге байланыштуу ар бир маселени диндин өздүк булактарына таянуу менен учурубуздагы жашоо-шарттарына ылайыкташтырып кароо керек.

Диндердин негиздеринен сөз кылууда жалпы эле диндердин ар биринин өздөрүнө тиешелүү баалуулуктары бар экендигин жана бул баалуулуктарды көрсөтүүчү улуу күчтөргө ишенүү менен жашоону маанилүү кылаарын эске алуубуз абзел. Демек бир динде кандай баалуулуктар болсо ошол баалуулуктарды жараткан жаратуучу, бул баалуулуктарды адамдарга жеткирген жана түшүндүргөн булактар (китеп, пайгамбар), буларга болгон ишеним жана бул баалуулуктарга моюн сунуп аткаруу жана эң негизгиси бул баалуулуктарды адамдык сапаттарында бириктирип адеп ахлакка ээ болуу диндердин негизин түзүүчү факторлор болуп эсептелет. Негизинен бардык эле диндер адам баласына жакшы менен жаманды айырмалап жана жакшы жашоосуна жол көрсөтүү же болбосо өбөлгө түзүү үчүн жиберилет.



Мугалимдин сөзүн кунт коюп угушат жана алдыда берилүүчү суроолорго даяр турушат.

6 мин


Сабактын максаты жана күтүлүүчү натыйжа

Мугалим доскага жаңы теманы жазат же экранга слайдагы жаңы теманын аталышын көрсөтөт. Сабактын максатын түшүндүрүү менен кандай ишмердүүлүк жүргүзөрүн айтат.

Окуучулар теманы жазышат. Бүгүнкү сабакта кандай ишмердүүлүк жүргүзүп, эмнеге жетише тургандыктарын билдиришет.

2 мин

Окуучуларды мотивациялоо, Мээ чабуулу Маалыматты толук өздөштүрүү


Диндердин негиздерин эмнелер түзөт деп ойлойсуңар?

Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет.

8 мин

Окуучулардын көндүмдөрүн калыптандыруу. Окуй билүүгө жана өз ойлорун эркин билдирүүгө үйрөтүү.

Диндердин негиздери


Мугалим



Диндин булагы

(Жаратуучу-ыйык китеп, Анын элчиси-элчисинин сөздөрү, үлгүлүү кыймыл аракеттери)








Ибадат

(диний баалуулуктарды аткаруу)






Ишеним

(диндин булагы аркылуу белгиленген нерселерге ишенүү)







Адеп-ахлак

(диний баалуулуктарды инсандык ички дүйнөсүнө синирүү)









Бир диндин негиздерин билдирген китеп «ыйык китеп» деп айтылат. Бардык диндерде ыйык китеп түшүнүгү бар. Анткени диндер ишенгендерге өздөрүнүн насааттарын жана осуяттарын ыйык китептер аркылуу билдиришет. Мындан тышкары, булар жеке жана коом карманууга тийиш болгон жүрүм-турум үлгүлөрүнүн бардык түрлөрүн камтыйт

бардык окуучулардын китебин ачтырат жана иштөө тапшырмасын берет.

Андан кийин 1- топ: буддизмдин ыйык китептери. 2-топ: христиан дининин ыйык китептери; 3-топ: ислам дининин ыйык китептерин китептен таап айтып беришет.

Бул окуучулардын ишмердүүлүктөрү теманы өздөштүрүүдөгү (түшүнүү, ой жүгүртүү этабына туура келет)

Окуучулардын канчалык деңгээлде маалыматты өздөштүргөнүн мугалим ар бир топтун кол көтөргөн окуучулары жана алардын жардамчылары аркылуу билет. Окуучулардын аталган тема боюнча өздөштүргөнүн мугалим калыптандыруучу баалоонун негизинде баалайт.

1 0

мин

Кайтарым байланыш жана окуучулардын билгичтиктерин бышыктоо баалоо

Мугалим бышыктоо катары “ Ким тезирээк” деген оюнду колдонот.

Бул оюндун жүрүшү, мугалим күн мурунтан өздөштүрүлгөн материал боюнча суроолорду даярдап коюшу керек. Окуучулар үч командага бөлүнөт. Суроолор слайд аркылуу же мугалимдин окуусу боюнча чыгат.

Оюндун максаты: окуучуларды тез ой жүгүртүүгө, так жана кыска жооп берүүгө, командада иштей билүүгө багыттайт.

Кайсы команда тездик менен суроолорго жооп тапса, анын балы көбөйөт. Балдын топтолушуна жараша командалардын орду бөлүштүрүлөт жана бааланат.

6 мин.

Рефлекция.

Жыйынтыктоо жана үй тапшырмасы.

Мугалим окуучулардан бүгүнкү теманы өздөштүрүүдө кандай иштөө болду жана ал канчалык таасирдүү болгонун сурамжылоо.

Мугалим окуучуларга максатка кайрылууга чакырат жана бүгүнкү сабакта эмнеге жетишкендиктери жөнүндө суроо менен окуучулар өздөрү бул теманы жыйынтыктоосуна көмөк көрсөтөт. Окуучулар тема боюнча түшүнүктөрдү айтып берүү.

Окуучулар өздөрү үчүн эң кызыктуу болгон маалыматтарды айтып беришет.

Үй тапшырмаларын жазып алышат.

4 мин



















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!