СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чыңгыз Айтматовдун кыргызча жазылган чыгармаларында салыштырууларды салттык(традициялык), автордук(өзүмдүк), лирикалык жана башка түрлөргө бөлүштүрүүгө болот.

Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруу»

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы көркөм каражаттар Салыштыруу

Айтматовдун кыргызча жазылган чыгармаларында салыштырууларды салттык(традициялык), автордук(өзүмдүк), лирикалык жана башка түрлөргө бөлүштүрүүгө болот. Акын же жазуучу эгерде салыштырууну мурдатан бери эле колдонулуп келген формада алса, бул традициялуу деп эсептелет. Художник эски калыпты сактоо менен бирге, аны контекстке киргизген кезде чыгармачылыктуу мамиле жасап, маанилик жактан кандайдыр бир жаңылоо жүргүзүлөт.

Анда эмесе, мисалдарга кайрылсак. “Аскерлер жаандай октон бири калбай кырыларында Байдалы өзү жүгүрүп барып, зымдын үстүнө жыгылыптыр”(Г.424-б.) Мында автор өз практикасында көп кайрылган “жаандай” деген традициялуу салыштырууну колдонду.

Чаткал анын оюнда жомоктогудай жер болуп көрүнөт”(Г.434-б.). “Чоң кампанын ичи тоодой үйүлгөн эгин”(Г. 466-б.). Апам бул жолу көзүнөн таруудай да жаш чыгарган жок”(Г. 505-б.). “Эй, байбиче, бекер эле урушпасаңчы, бакандай үч уул таап бердик”(Г. 421-б.) Жогорку мисалдарда автор “жомоктогудай”, “тоодой”, “таруудай” сыяктуу традициялуу салыштырууларды колдонду. Ал эми акыркы мисалга кайрыла турган болсок, анын мааниси мындай. “Бакан” – көчмөн кыргыздарда боз үй үчүн өтө керектүү буюмдардын бири. Анын башына илип алып, түндүк көтөрөт жана башка ушул сыяктуу өтө зарыл оор жумуштарды бүткөрөт. “Бакандай” деген салыштыруу керекке жарай турган азамат маанисин туюндурат. “Адамгерчилиги “тоодой” ушул кичинекей арык аялдын боорукерлиги, анын кайраты да, боштугу да жанга жылуу тийип”(Г. 420). Мында традициялуу салыштыруу Тотойдун мүнөзүнө ылайыкталып, абдан орундуу колдонулган. Ал күйөөсүнүн өлгөнүн билбей, өзү оорулуу, алсыз экенине карабай, чиедей үч баланы багып, эл катары оокат кылып жатканы аз келгенсип, кошунасы Сейдеге боору ооруп, кайрат айтып отурганы анын “тоодой” адамгерчилиги да, кайраты да эмеспи. “Бала төрөгөндөн бери Сейденин уйкусу куштун уйкусундай сергек. Бул салыштыруу абдан орундуу. Сейде жалгыз бой, карыган кайненеси бар. Тиякта согуш жүрүп жатат. Күйөөсү “армияда”. Анан келинде эмненин уйкусу болсун! “Өрөөнгө батпай миңдеген үзөңгүлөр кагышып, төмөндөгөн миң-сандаган жоокерлер чырактай көздөрүн жалындатып, эл менен, журт менен коштошту”(Г. 480-б.) “Күрөккө ченеп сузуп, алтын жаандай чачыратып, кызыл сапырган чалдардын кыймылында”(Г. 479-б.)




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!