Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов»
Чынгыз Айтматовдун өмүрүндөгү маанилүү жылдар
1928-жылы Талас облусундагы Кара-Буура
районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик
кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган
Атасы Төрөкул Айтматов 1927-жылдан 1932-жылга дейре ВКП(б)нын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, анан Кыргыз обкомунун катчысы болуп иштеген. 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз атылып кеткен.
1938-жылы 1-класска кирген. 1942-жылы согуштун кесепетинен окууну таштоого мажбур болуп, Шекер айылдык кенешинин катчысы болуп иштеп калат.
Согуш бүткөндөн кийин, тагыраагы 1946-жылы сегизинчи классты аяктап, Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. Аны 1948-жылы аяктап, зооветеринардык жогорку билимди Кыргыз айыл чарба институтунда улантып, аны 1953-жылы аяктаган.
1953-1956-жылы Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник болуп иштеген. 1956-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1956-1958-жылдары Москвадагы Жогорку адабий курсунун угуучусу болгон. 1958-1960-жылдары “Правда” гезитинин өз кабарчысы, “Литературный Киргизстан” журналынын редактору болгон.
1960-1965-жылдары “Правда” гезитинин Орто Азия жана Казакстан республикасы боюнча өз кабарчысы болуп иштейт
1965-1986-жылдары Кыргыз ССРинин киноматографистттер союзунун төрагасы болуп иштеген
1984-жылы Европадагы академиянын Париждеги илим жана искусство мүчөсү болгон
1986-жылы Ысык-Көл форумунун президенти болуп, Ысык-Көл шеринесин уюштурган.
1986-1989-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы болгон
1986-1990-жылдары КПСС Бкнын Генералдык секретарынын кенешчиси болуп дайындалган
1988-1990-жылдары “Иностранная литература” журналынын башкы редактору болгон
1990-1993-жылдары алгач СССРдин, андан соң РФнын Люксембургдагы элчиси болуп иштеген
1994-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Бельгия мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген
Сыйлыктары. Наамдары 1958 - "Эмгектеги артыкчылыгы" медалы менен сыйланган. 1962 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1963 - "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. 1967 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1968 (август айында)- Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген. 1968 (ноябрь айында) - "Жаныбарым, Гүлсары" повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. 1971 - Ленин ордени менен сыйланган.
1974 - Н.К.Крупская атындагы медаль менен сыйланган. 1975 - "Манас атанын ак кар,көк музу" очерки үчүн "Огонек" журналынын сыйлыгы ыйгарылган. 1976 - "Эрте келген турналар" аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 1977 - "Ак кеме" повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 1978 - Ленин ордени жана "Орок жана Балка" алтын медалы менен сыйланган; Социалисттик эмгектин Баатыры" деген * наам ыйгарылган.
1979 - "Эрте келген турналар" жана "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан. 1980 - Италияда "Эрте келген турналар" жана "Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт" чыгармалары үчүн эл аралык "Этрурия" сыйлыгы тапшырылган.
1983 - "Кылым карытар бир күн" романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган. 1984 - "Элдердин достугу" ордени менен сыйланган. 1987 (май айында) - Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган "Жылмаюу" ордени ыйгарылган.