СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир туугандарым менин сыймыгым

Категория: Психологу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бир туугандарым менин сыймыгым»

Сабактын темасы: Бир туугандарым менин сыймыгым.

Сабактын максаты: 1. Үй-бүлөнүн коомдук, социалдык жана адеп ахлактык мааниси жөнүндө тушунук алышат. 2. Үй-бүлөлүк биримдикке, ата-энесин жана бир туугандарын урматтап сыйлай билүүгө багыт алат. 3. Адептүүлүккө, ыймандуулукка, ынтымактуу жашоого умтулууга тарбияланат.

Сабактын жабдылышы: Үй-бүлө жөнүндө макал-лакап, накыл сөздөр жазылган слайддар. Сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу: Сабактын темасы, максаты менен тааныштыруу.

2. Киришүү үчүн суроолор:

1. Үй-бүлө курамы кимдерден турат? Үйүнөрдө кимдер бар?

2. Үй-бүлөнөрдө ким башкаруучу? Ким эң улуусу?

3. Бир туугандарынардын туулган күндөрүн билесинерби?

4. Үйүнөрдөгүлөрдүн толук аты, фамилиясын билесинерби?

3. Мугалимдин сөзү:

Үй-бүлө коомдун күзгүсү, бул жерде адамдар тарбияланып, мүнөздөрү калыптанып, эмгекке болгон мамиле бекемделип, улууларды урматтоо,кичүүлөрдү ызаттоо, идеялык жана маданият байлыктарыбызды барктоо сезими уялай баштайт. Үй-бүлөдөгү мамиле, бири-бирин урматтоо, адамды баалоодогу эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Үй-бүлөдөгү тынчтык- бейкуттук, сый- урмат эң кымбат нерсе. Эгерде үйдө тынчтык болсо, байлык да , максат да, бала да, бакыт да болот.

Мамлекеттин мыйзамы болгондой эле ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн мыйзамы бар, демек мамлекетти президент башкарган болсо, үй-бүлөнү ата башкарса, ал үй бүлөдө тартип, баланы тарбиялоо жана үй-бүлөнү каржылоо да жакшы жолго коюлат. Эгерде бардык жагынан топ келген үй-бүлөлөр көп болсо мамлекет да бекем, күчтүү болоору шексиз. Үй-бүлө мамлекеттин ячейкасы. Үй кирпичтен куралган сыяктуу, үй-бүлөдөн мамлекет куралат . Үй-бүлөдө мамлекеттин келечек жарандары өсүп тарбияланат.

4. Талкуулоо үчүн суроолор: Тарбия, салт-санаа, келечекке жол үй-бүлөдөн башталат. Бир үй-бүлөдө чоңойгондордун өздөрүнө мүнөздүү адаттары, кылык-жоруктары болот. “Жакшы үй-бүлөдөн чыккан” деген сөз менен адамга ишеним пайда болот. “Ырыс алды - ынтымак” деген жомоктун мааниси эмнеде?

Бир туугандарынар менен эмне үчүн урушасынар?

Бир туугандарынар силерге керек экенин сезген учурларынар жөнүндө айтып бергиле. (окуучулар менен талкуу жүргүзүү) Бир туугандарын менен туулгандан эле бирге өсүп, бирге чоңоёсун. Алардын кулк мүнөзүн, адаттарын жакшы билесин. Алар менен урушуп кеткен учурларынар да болуп турат. Бирок тез эле кайра жарашып аласынар. Себеби силерди “бир туугандык” касиеттүү сезим байланыштырып турат.

Адатта көп балалуу үй бүлөдө чоңойгон балдар иштерман, адамгерчиликтуу болот деп айтышат. Ал эми жалгыз бала болуп чонойгондор өзүмчүл, эрке болуп калган учурлар көп жолугат.

Бир туугандарын көп болсо, бардык нерсени бөлүшүүгө, алардын кылык-жоруктарына чыдоого үйрөнөсүн. Эгер кандайдыр бир кыйынчылыкка учурасанар силерге эң биринчи жардам берген, колдогон ага-ини, эже-синдилеринер болот. Эгер сен ийгиликке жетишсең эң биринчи болуп бир туугандарынар сүйүнүп, сени менен сыймыктанат. Сага да бир туугандарын менен сыймыктанган жагат.



5. Макал-лакап, накыл сөздөр: Эмесе үй-бүлө жөнүндө макал-лакаптардан айтып көрөлү:

Үйдүн кулу да, падышасы да өзүнсүн, андыктан кулдай иштеп, падышадай жаша.

Бала бактысы ата-эне мээриминде, ата-эне бактысы баласынын ийгилигинде.

Ата-эненин кадырын,балалуу болгондо билерсин.

Агайындын кадырын, жалаалуу болгондо билерсин.

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат.

Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат.

Уул жакшысы – урмат, кыз жакшысы –кымбат.

Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп синди өсөт.

Балалуу үй- базар, баласыз үй- мазар.

Ар бир макалды талкуулап, маанисин окуучулар чечмелейт жана мугалим толуктайт.

6. Үйгө тапшырма берүү: “Бир туугандарым менин сыймыгым” деген темада эссе жазып келгиле.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!