Биология 9-класс
Тема: Ыңгайлануу
Организмдердин ыңгайланышуусу –табигый тандоонун натыйжасы. Ыңгайланышуунун салыштырмалуу мүнө зү
Организмдердин ыңгайланышуусу
- Организмдердин ыңгайланышуусу – табигый тандоонун натыйжасы.
- Жашоо үчүн күрөштө бир аз болсо дагы азыкты тапканга, жырткычтардан коргонууга,
- жупташып тукум бергенге көмөктөшкөн өзгөчөлүктөр жашап кеткенге мүмкүнчүлүк берет.
- Муундан муунга организмдердин жашоо чөйрөсүнө ыңгайланышуусун күчөтөт
- Мисалы, суу жаныбарларынын жумуру денеси сүзүүдө суунун каршылыгын азайтат,
- чөп арасында жашаган чегирткенин жашыл түсү аны душмандардан жашырат,
- муздун арасында жашаган ак аюунун тери астындагы калың май катмары сууктан жана айрым учурларда ачкалыктан сактайт ж.б
Ыңгайланышуу
Ыңгайланышуу – организмдин белгилеринин (ички жана сырткы түзүлүшүнүн, физиологиялык процесстеринин, жүрүш-турушунун) жашоо чөйрөсүнө шайкештиги жана жашап кеткенге, тукум бергенге шарттардын түзүлүшү .
Жандуу жаратылышта ынгайланышуунун көптөгөн мисалдары бар. Организмге көз салганда биринчи иретте түсү, формасы жана өлчөмү байкалат. Бул морфологиялык белгилердин ыңгайланышын морфологиялык ыңгайланышуулар деп аташат. Жандыктын түсү жашоо чөйрөсүнүн түсүнө шайкеш болсо, мындай түс жашыруучу түс деп аталат
Жашыруучу түстүн мисалдары, солдо – гусеница, ортодо – дарак бакасы, оңдо – эл кайда көчөт.
- Айрым жаныбарлар душмандарынан ар кандай зыяндуу химиялык заттардын жардамы менен коргонушат. Мындай жандыктардын түсү ачык, же ачык түстөгү түрлүү тактары бар. Мындай өң алдын ала эскерткендей болгон соң, ал эскертүүчү түс деп айтылат
Эскертүүчү түстүн мисалдары: солдо – тюлень, оңдо – кескелдирик.
Денесинин ыңгайланышуусу анын формасы менен байланышы .
Жаныбарлардын дене формасынын жашоо чөйрөсүнө ыңгайланышынын мисалдары: солдо – дельфиндер, оңдо – канаттуулар
Душмандарга билинбей калыш үчүн жаныбарлардын түсү эле эмес, анын формасы да кандайдыр бир жансыз нерсеге окшошуп калат. Мындай кубулуш маскировка деп аталат
Маскировканын мисалдары: солдо – бутакчага окшош гусеница, ортодо – гүлгө окшош личинка, оңдо – кургап калган бүчүргө окшош коңуз.
Өтө чоң жаныбарлардын денесиндеги тактар, сызыктар аны билинбес кылышы мүмкүн. Мындай өң бөлүүчү түс деп аталат
Бөлүүчү түстүн мисалдары: солдо – жираф, оңдо – жолборс .
Душмандардан коргонууда дагы бир ыңгайланышуунун түрү бар. Жаныбар денесин коргогон кандайдыр кошумча катуу түзүлүштөргө ээ болот. Мындай коргонуу пассивдүү коргонуу деп аталат
Пассивдүү коргонуунун мисалдары: солдо – чопкуту бар ташбака, оңдо – раковиналуу үлүл.
Мимикрия – ыңгайланышуу өзүнүн түсү же өңү менен уулуу жаныбарларга окшоштук
Мимикриянын мисалдары
Физиологиялык ыңгайланышуулар чөйрөнүн нымдуулугунун, жарыктыгынын, температуранын жана башка жансыз жаратылыштын шарттарынын өзгөрүшүнө организмдердин чыдамдуулугун камсыз кылат. Мисалы, төөнүн өркөчтөрүндөгү май чөлдө узак убакыт суусуз жүрүүгө, үкүнүн көзүнүн түзүлүшү караңгыда даана көрүүгө мүмкүнчүлүк беришет
Физиологиялык ыңгайланышуунун мисалдары: солдо – төө, оңдо – үкү.
Жүрүш-туруштук ыңгайланышуулар – айрым жандыктын же түрдүн бүтүн бойдон сакталышына багытталган жүрүш-туруштун ар кандай формалары
Жүрүш-туруштук ыңгайланышуунун мисалдары: солдо – коркунучтан коргонгон каздар, оңдо – жумурткаларын коргоочу бака.
Ыңгайланышуу салыштырмалуу мүнөзгө ээ . Ыңгайланышуулар белгилүү гана шарттарга шайкеш болгондуктан, чөйрө кескин түрдө өзгөрсө же башка чөйрөгө жандык түшүп калса, анда шайкештик жок болуп, өлүм коркунучу артат. Ыңгайланышуулардын пайда болушу жана топтолушу бара-бара жаңы түрдүн жаралышына, бар болушуна алып келиши мүмкүн.
Ыңгайланышуунун салыштырмалуу мүнөзүнүн мисалдары: солдо – коён, оңдо –чил.
Негизги терминдер
- Ыңгайланышуу,
- морфологиялык ыңгайланышуу,
- жашыруучу түс,
- эскертүүчү түс,
- бөлүүчү түс,
- маскировка,
- мимикрия,
- пассивдүү коргонуу,
- физиологиялык ыңгайланышуу,
- жүрүш-туруштук ыңгайланышуу
Бышыктоо
- Ыңгайланышуу деген эмне?
- Морфологиялык ыңгайланышуулардын кандай формалары бар жана эмне үчүн ошондой аталып калган?
- Физиологиялык ыңгайланышуулар морфологиялык ыңгайланышуулардан эмнеси менен айырмаланат?
- Жүрүш-туруштук ыңгайланышуу деген эмне?
Тапшырма
Сүрөттөрдөгү 4 өкүлдү тандап алып, аларды талдап, дептеринерге төмөнкү таблицаны көчүрүп, аны толтургула:
Жаныбарлардын аты
Чөйрөгө ыңгайланышкан белгилери
Ыңгайлашуунун салыштырмалуу мүнөзү