СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим берүү мекемесинбашкаруу системасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим берүү мекемесинбашкаруу системасы»

Тема: Билим берүү системасын башкаруу

1. Мугалимдер жамааты

2. Мектеп админстрациясы

3. Мектепти илимий негизде башкаруунун функциялары

Мектеп - – ( араб тилинин «мактаб» деген сөзүнөн алынган) жаш муундарды окутуп-тарбиялоого чакырылган билим берүү мекемеси. Мектептин пайда болушу адамзат коомунун жаралышы, андагы өндүрүштүк мамилелердин татаалданышы ж-а эмгектин коомдогу бөлүштүрүлүшү м-н түздөн-түз байланыштуу, б. а. эң алгачкы коомдордо эле адамдар балдарды тарбиялоо ишин атайын бул ишке жооптуу кишилерге тапшырышкан. Байыркы Грецияда М. деп философтордун өз окуучулары м-н эркин темадагы баарлашуусун түшүнүшкөн. Байыркы Римде болсо М. деген сөз азыркы маанисине жакын колдонулуп, билим-тарбия берүүчү мекемени түшүндүргөн. Кыргызстандын М-тик билим берүүсү да өз тарыхына эгедер. Кокон хандыгынын тушунда Кыргызстанда ислам дининин негиздерин окутууга багытталган: М-тер (башталгыч билим берүүчү) ж-а медреселер (орто ж-а жогорку билим берүүчү) болгон. Кыргызстан Россия падышачылыгынын карамагына өткөндөн тартып, көчүп келгендер тарабынан негизделген шаар-кыштактарда орус-тузем башталгыч М-тери, бирин-экин гимназиялар ачылып, аларда жергиликтүү элдин балдарынын арасынан да тилмечтерди, катчыларды даярдоо иши колго алынган. Кыргызстандын азыркы М-тик билим берүү системасы негизинен совет бийлигинин тушунда түзүлүп, жетилген. Кыргызстан өз эгемендүүлүгүнө ээ болгон күндөн бери (1991, 31-август) М-тик билим берүү жаатында чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Билим берүүнүн көп түрдүүлүгүн камсыз кылган, айрым предметтерди тереңдетип окутуучу мектеп-гимназиялар, лицейлер, автордук, жеке менчик М-тер пайда болду. Азыркы М-тик билим берүү рынок мамилелеринин мезгилиндеги инсандын билимге болгон керектөөсүн толук канааттандырууга багытталган. КРынын Мамлекеттик билим берүүсү төмөнкү үч баскычты:

– башталгыч жалпы (1–4 класстар),

негизги жалпы (5–9 класстар),

орто жалпы (10–11 класстар) билим берүүчү мектептерди өз ичине камтыйт. Мамлекеттик окутуу 6–7 жаштан тартып башталат. КРсынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык башталгыч ж-а негизги жалпы мектепте окуу жалпыга бирдей милдеттүү түрдө ишке ашырылат ж-а мамлекеттик ж-а муниципалдык окуу жайларда окутуу акысыз жүргүзүлөт.


Педагогикалык коллектив - – билим берүү мекемесинин жалпы эмгек жамааты. Педагогикалык коллективдин курамына мугалимдер, тарбиячылар, мектеп директору, анын окуу-тарбия иштери б-ча орун басарлары, мектеп дарыгери ж-а психологу кирет. Педагогикалык коллективдин ишмердиги коллектив мүчөлөрүнүн педагогикалык көз караштарынын, иш аракеттеринин биримдигине, окуучу баланын билим-тарбиясына карата жалпы педагогикалык талаптын коюлушуна көз каранды. Бул туурасында А. С. Макаренко мындай дейт: «... Бир да тарбиячы өз бетинче аракеттенүүгө акысы жок. Эң алдын тарбиячылар коллективи болушу керек. А эгер тарбиячылар арасында биримдик жок болсо, коллективдин бирдиктүү иш планы, бирдиктүү үнү, баланын окуу тарбиясына карата бирдиктүү талабы жок болсо, анда ал жерде эч бир тарбиялык процесстин жүрүшү мүмкүн эмес».

Педагогикалык коллективдин ишмердиги мектеп директору тарабынан нукка салынып, жетектелет. Мектеп директору педагогикалык коллективде иштиктүү чыгармачыл эмгектин, изденүүнүн, жагымдуу эмоционалдык кырдаалдын жаралышына жооптуу. Мектеп директору педагогикалык коллективдин мүчөсү ж-а анын алдында жооп берет. Педагогикалык коллективдин жогорку органы - педагогикалык кеңеш. Мында коллегиялдуу негизде билим берүү мекемесинин эң маанилүү маселелери каралат. Педагогикалык коллектив өз ишмердигин окуучулар коллективи м-н тыгыз байланышта жүргүзөт ж-а өз ишинде ата-энелер комитетинин, коомчулуктун иштиктүү жардамына таянат.

Педагогикалык консилиум - – окуучулардын билим алуу иши ж-а жүрүм турумундагы кем өксүктөр ж-дө пикир алышуу, аларды четтетүү боюнча туура негиздүү чечим кабыл алуу максатында бир нерсеге мугалимдин масилети, кеңешмеси: мындай кеңешмелер көпчүлүк учурда адис психологдор, ата энелердин катышуусу м-н да өткөрүлүп жүрөт. Термин алгач ирет көрүнүктүү педагог Ю. К.Бабанский тарабынан киргизилген.

Мектепти илимий негизде башкаруунун функциялары

Жетекчинин башкаруучулук ишмердүүлүгүнүн толук цикли төрт функцияны аткаруудан турат:

  1. Жамааттын (коллективдин) ишмердүүлүгүн пландаштыруу.

  2. Жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу.

  3. Жамааттын ишмердүүлүгүн жөнгө салып туруу.

  4. Жамааттын ишмердүүлүгүн учетко алуу, контролдоо, анализдөө ж-а анын натыйжаларына баа берүү. Пландаштыруунун мазмуну эмнеден турат?

Жамааттын ишмердүүлүгүн пландаштырууда жетекчи сөзсүз төмөн-күлөрдү билүүгө тийиш:

а) негизги программалык, мамлекеттик документтерде көрсөтүлгөн мектептин ишмердүүлүгүн, жалпы максаттарын ж-

а милдеттерин сезимталдуулук м-н баамдап түшүнүп билүү;

б) жалпы максаттарды ж-а милдеттерди өзүнүн жамааттарынын өзгөчөлүктөрүн толук эске алуунун негизинде

конкреттештирүү;

в) коюлган милдеттүү маселелерди ишке ашырууга керектүү каражаттардын (кадрлар ж-а материалдар) оптималдуу

комплексин туура тандап алуу;

г) маселелердин аткарылышын убакыт боюнча рационалдуу бөлүштүрүү, б. а. алардын аткарылышынын кезектүү туура удаалаштыгын аныктоо. Мис., конкреттештирүүгө жетекчи: Эмнелер өркүндөтүлөт?, Белгиленген ишти аткарууну эмнелер татаалдаштырат? Жамааттын ишмердүүлүгүн көтөрүү үчүн эмнелерге таянуу керек? – дегендерди аныктап алууга тийиш.

Ишмердүүлүктү уюштуруу төмөнкү элементтерден турат:

а) маселени туура коюу ж-а анын жамаат тарабынан сөзүз кабыл алынышын камсыз кылуу;

б) маселенин аткарылышынын функцияларын аткаруучуларга бөлүштүрүп берүү;

в) аткаруучуларга инструктаж берүү;

г) ишти аткарууда аларга жардам көрсөтүү;

д) ийгиликтүү эмгектенүүгө зарыл болгон шарттарды түзүү.Мис., маселени туура коюп анын жамааттын ар бир мүчөсү

тарабынан сөзсүз кабыл алынышын камсыз кылуу үчүн:

  1. жетекчи жамааттын ар бир мүчөсүн маселенин аткарылышынын зарылдыгына ынандырууга тийиш, анткени ынангандык адамга психологиялык жактан таасир этет; ансыз маселени адам формалдуу гана кабылдайт;

  2. жетекчи маселени ишеничтүү коюуга тийиш, б. а. ал маселенин сөзсүз аткарылышы аткарылышы зарыл экендигин көрсөтүү керек; 3) маселе жеткиликтүү, ачык, так коюлууга тийиш.

Ишмердүүлүктү жөнгө салуу үчүн жетекчи аткаруучуларды өз учурунда моралдык ж-а материалдык (мүмкүн болсо) жактан дайыма стимулдаштырууга тийиш.

Жамааттын ишмердүүлүгү учетко алып, анализдеп чыгып төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш: 1) иштин акыркы жыйынтыгын баштапкы план м-н салыштыруу; 2) эгерде алар дал келишпей калган болсо, анда алардын себептерин тактап аныктоо; 3) жамааттын андан аркы иштөөчү жаңы милдеттерин долбоорлоо.

Мына ушуну м-н жетекчинин башкаруучулук ишмердүүлүгүнүн бүткүл процесси камтылат, б. а. башкаруу цикли толук туюнтулат.



Областтык билим берүү башкармасы (оббб - ). ОБББ билим берүүнү башкаруунун аткаруучу-тескөөчү ж-а координациялоочу мамлекеттик органы катары билим берүү тармагын башкаруу органдарынын структурасына кирет.

КР герби тартылган мамл. ж-а официалдуу тилде жазылган мөөрү ж-а өз атында бланкы, банктык ж-а финансылык мекемелерде эсеп-счету бар юридикалык жак болупп эсептелет. ОБББ негизги маселелери обл-тын аймагында:

  • жалпы орто, мектепке чейинки ж-а мектептен тышкаркы билим жаатында бирдиктүү мамл. саясатты ишке ашыруу; - орто билимдин жеткиликтүүлүгүн ж-а сапатын камсыз кылуу;

  • билимдин мамл. стандарттарын киргизүү, жергиликтүү шартка ылайык окуу планынын регионалдык компонентин иштеп чыгуу ж-а ишке ашыруу;

  • жалпы орто, мектепке чейинки ж-а мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери б-ча башкаруу органдарынын ж-а уюм-мекемелердин аракетин координациялоо;

  • билим берүү мекемелеринин кадр ж-а материалдык-техникалык тарабынан камсыздалынышына көмөк көрсөтүү; - билим берүү тармагын информациялык, методикалык ж-а нормативдик жактан камсыз кылуу ж. б.

ОБББ структурасына шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрү, обл-тык мугалимдердин билимин өркүндөтүү интуту, областта жайгашкан мамл. мектептер, мектепке чейинки ж-а мектептен тышкаркы мекемелер ж. б. кирет.

ОБББ обл-тык мамл. администрациясынын макулдугу м-н КР БМ тарабынан дайындалган аким (начальник) жетектейт.

Областагы билим берүү тармагынын өнүгүүсүнүн билим ж-а тарбия берүүнүн сапатын жакшыруу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу орчундуу маселелерин кароо үчүн ОБББ коллегиясы түзүлөт. Бишкек ж-а Ош шаардык билим берүү башкармасы ОБББ статусуна ээ.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!