СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Барпы реферат кыргызча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Маалымат интернеттен алынган бирок план жана word кочуруп жазган озум

Просмотр содержимого документа
«Барпы реферат кыргызча»

План:

1. Барпы Алыкуловдун омур баяны;

2.Барпы акын катары калыптанышы;

3.Барпы чыгармаларын чыгарганы;

4.Чыгармалары;

5. Барпынын суроттору.



Барпынын акын катары калыптанышы

Барпынын чыгармачылык ишинин башталышы эки кылым тогошкон мезгилге туш келет. Акын Октябрь төңкөрүшүнө чейинки чыгармаларында элдин караңгылыкка кептелип,оор күндөргө туш болгонун, ал эми үстөмдүк кылган таптын өкүлдөрү өкүмүн өктөм жүргүзүп элди эзип жатканын, өзүнө окшогон жарды-жалчылардын күнүмдүк кунарсыз тирилигин ырдады. Чыгармачылык жактан такшалуу, ойдун конкреттүүлүгү, алдыга, келечекке болгон умтулуу, прогрессивдуү кадамдар акындын "Тендик бир күн жарк этер"деген ырынан ачык байкалат. Акын эс тарткандан эле социалдык теңсиздикти баамдап, эзилүүчү ким экенин ажырата баштайт. Ошондо эле анын ар кандай теңсиздикке, акыйкатсыздыкка, алдамчылыкка каршы сезим ойгонуп калганы чыгармачылык эволюциясынан даана байкалып отурат.

Барпы акын катары калыптанып отуруп, эми чыгармачылык тематикасын башка багытка бурду. Акындын "Алдамчы эшен", "Сукмолдо", "Мадалы ажыга", "Эмчилерге", "Эмне бар бул жерде", "Сопу" деген ырлары дин өкүлдөрүнүн ашкан алдамчылыгын ашкерелейт. Мунусу үчүн Барпы жазага да тартылып жүрдү. Бирок жеринен акыйкат адам ага болмок беле, аларды мыскылдап, тартынбай бетине чындыкты айтып, чыгармачылыгын бул багытта улам күчөтүп отурду. Барпыны "дин базар", мусулманчылыкка каршы адам деп айтууга болбойт. Ал мусулмачылыкты элден кем эмес туткан. Жогорку ырларында акын айрым молдо, сопу, эшендердин динге жамынып алып жасаган жагымсыз иш-аракеттерин, элди алдап, башын айлантып жатканын ашкерелеген.Барпынын мыкты акын катары улам калыптануусу анын сүйүү ырларынан да даана көрүнөт.

Ал сүйүү ырларын жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик сүйүү ырларына кайрылды. "Сүйүү- Барпынын жалындаган ички кумары менен тереңге да, бийиктикке да эркин чабытап, көңүл черин каалаганча жазып, бар акындык дараметин шакыратып төгүп ырдаган ыры. Акын махабатты канчалык эргүү менен ырдаган сайын, махабат да аны башка ырлардан ошончолук бөлүп, бийиктете берет."
Барпынын махабат темасындагы "Гүл кыздар"  сыяктуу ырларын билебиз. Булар жалпы кыргыз акындар поэзиясындагы сүйүү лирикасынын жалпыга маалым классикалык үлгүлөрүнөн болуп калды.Барпы чыгармачылык жактан улам такшалып, калыптанып отуруп, кыргыз жергесине жаңы турмуштун келгенин ыр менен тосуп алды. Теңсиз замандын запкысын көп тарткан акын үчүн, жалпы эл үчүн бул үлкөн ийгилик жаңы доордун башталышы эле.

Октябрь жеңишин жар салуу менен акын ар кандай формадагы ырларды, таалим-тарбияга карк санат-насыяттарды жаратып, элди ак жашап, ак эмгек кылууга үндөп ырдай баштады. Анын чыгармачылыгынын акыркы мезгилдеринде кандуу согуш чыкты. Эми акын элине кайрат берип, эрдикке үндөдү. Жеңиштен соң элдин жаңытурмушу, жаркын тагдыры, келечек ээлери- жаштардын үмүт-тилегин ырга салды.Ошентип, Барпы акын катары улам торолуп, канат байлап калыптануу менен элдин турмушун: анын эки доор басып өткөн тарыхый жолун өз чыгармачыгында дамаамат чагылдырып отурду. Анын чыгармачылык эволюциясы эл турмушунун өнүгүшү менен эришаркак, бирге каралат.





Аккан суу

Былк этпейт дүйнө чың кеме,

Баарыбызга жер эне.

Жер эне терең, ким болгон?

Жерден чыккан кен болгон.

Жер бетинде бүткөн кум,

Кумдан ойноп чыккан суу.

Берекелүү дыйкан суу—

Туулган жердин баласы.

Такылетин1 карачы.

Жаркырап жердин койнунан,

Жайнап чыккан аккан суу.

Булак болуп тоолордон,

Кайнап чыккан аккан суу.

Топуракты нымдатып,

Сүзүп чыккан аккан суу.

Жер астынан аңтарып,

Бузуп чыккан аккан суу.

Эгизден туруп, пас жакка

Шаркыраган аккан суу.

Жүрүп кетсе алтындай,

Жаркыраган аккан суу,

Жылгадан түшсө, обону

Шылдараган аккан суу.

Жээгине ар түрлүү

Гүл бураган аккан суу.

Кесек жатса эритип,

Майда кылган аккан суу.

Түрлүү элге белгилүү

Пайда кылган аккан суу.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!