СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баяндаманын үлгүсү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баяндаманын үлгүсү»

Жыйынтыктоочу сынакка карата жазыла турган баяндаманын үлгүсү


  1. Текстти кунт коюп угуӊуз

Текстти биринчи жолу уккан соң төмөнкүдөй кадамдарды жасаӊыз:

  • Тексттин темасын аныктаӊыз (текст эмне жөнүндө?).

  • Негизги ойду бөлүп көрсөтүӊүз (текст эмнеге үйрөтөт?).

  • Тексттин стилин жана түрүн аныктаӊыз, анын түзүлүш өзгөчөлүгүнө көңүл буруӊуз (баяндоодо  окуянын башталышы, өнүгүшү, сюжетиндеги эң маанилүү учур, аягы; сүрөттөөдө-кептеги негизги предметтер, алардын маанилүү белги, касиеттери; ой жүгүртүүдө  ойдун жалпы ырааттуулугунун сакталышы, аргументтер, далилдер, жыйынтыктоо).

  • Тексттин жалпы түзүлүшүн толук камтыгандай план түзүп, микротемаларды бөлүп көрсөтүү менен өз-өзүнчө ат коюп алганга аракет кылыӊыз.

  • План түзүүдө ачкыч сөздөрдү коюу үчүн орун калтыруу менен жазыӊыз.

Текстти экинчи ирет угуп жатканда микротемаларга ылайык келген ачкыч сөздөрдү жазып алганга аракет кылыӊыз. Андан соң, ар бир бөлүк боюнча жазуу менен аларды бири-бирине байланыштырып, бүткөн ойду камтыган толук текстти түзүӊүз.


БАЯНДАМАНЫН ТЕКСТИ


ТҮБӨЛҮК ДОС



Сен үчүн жалын отко жанымды таштайм деген досторду көрдүм, бирок жалын оттор көп эле болду... ошол достор жандарын ала качты. Жанымда калса, тээ качантан бери кайталанып окула берген китептер калды. Качан болбосун мени алаксыткан кыйышкыс достор ар дайым текчеде турган китептер экен дедим, акыры. Алар менен акыретке чейин антташкан досмун деп төш кагышып, ант ичишкен эмесмин, бирок түбөлүккө кыйышкыс досторго айландык.

Мен дайыма алардын чаңын сүртүп, анан жымжырт бурчту тандап алып, мурда окулган китеп экенине карабай окуй бергенден жадабайм. А досмун деп бажактаган нечен түрдүү достор менен маектешкенден бат тажайм да, бат чарчайм. Мени жадатпас чаң баскан текчедеги досторум менен керек убакта үн чыгарбай сүйлөшөм да, үн чыгарбай алардын айткан акыл-кеңешти угам. Мен сагынсам, дайыма үнсүз, тилсиз досторумду сагынам.

Китептин артынан китеп кууп окугандардын көңдөйлүгү эмнеде? Биз көп учурда китепти бир сыйра гана окуган үчүн, мазмунуна терең түшүнбөйбүз. Жакшы китептерди кайра-кайра окугандан өтөрү жок. Эгер китепти кайталап окуганга көнсөң, сен мурда окуган китептерге жөн гана көз жүгүрткөн окурман экениңди билесиң. Эгер мурда окуган китебиңди кайра окуп чыксаң, сен анын жакшы же жаман экенин гана баамдайсың. Кайталап окуган китепти дагы кайталап окусаң, сенин да китеп жазгың келет.

188 сөз

  1. Төмөнкү суроолорго таянуу менен текстке карата жеке көз карашыңызды чагылдырып жазыӊыз:

  1. Сиздин оюӊузча, чын эле китеп адамдын чыныгы досу боло алабы? Эмне себептен мындай ойлойсуз?

  2. Жашоодо китептен башка чыныгы дос болобу же жокпу? Автордун ою менен макулсузбу?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!