СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Азиретали Заидов

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Азиретали Заидов»

Өнөр артынан өрнөктүү сабак

Куттуу кыргыз жуттубузда “өнөрлүү өлбөйт” деп, өнөр ээлерин өзгөчө кеп кылган жери бар. Деги эле кайсы гана эл болбосун өнөр арттырууга өзгөчө маани берип, астейидил аракеттенишет. А бирок, эмнегедир азыркы учурда өнөр үйрөнүп алайын деп өнөр тандап, мыкты устат издеп, анын артынан жүргөндөрдүн аздыгы зээниңди кейитет.

Адам үй-бүлөдөн тарбия алып, коомго аралашып, турмушту таанып билет же турмуш өзү аны тарбиялап алат, балким дагы башкача чыгар...

Ошентип, мен быйылкы жайкы эс алуу учурумду балчылыктын сырын билип, бул тармак менен жакындан таанышып, устат жана шакирт болуп өзгөчө бир өнөр арттыргым келди. Ошондой зор максат менен өзгөчө тоо балы менен белгилүү жана илимге кызыккан куршаптык Мухаммаджан устатка шакирт түшүп, айтылуу Карынбайдын ташы жаткан Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу жайлоого балчылыктын сырын билмекке бардым. Кең созулган жайлоосу, таштан атып чыккан мөлтүр кашка суусу, тоо гүлдөрү буркурап, не бир укмуш аймакта сиз менен биз тамшанып жеген тоо балы жаралат экен.

Мен ал жакка барган күнү эле табым айнып, сыркоолоп айтор, тоо абасына көнө албай кыйналдым. Кыйналганымдан улам, өзгөчө эртеңки такси менен кайра үйгө кетүүнү да ойлодум ( ал жакта бир күндө бир гана такси каттайт болчу ал учурда). А бирок, аксакал мени сабырдуу болууга чакырып, өзүнүн ишин коё туруп, тоонун дары чөптөрүнөн чай демдеп, баштан өткөн кызык окуяларды айтып берип, мага окшош канчалаган шакирттерди тарбиялап өстүргөнүн айтып, аларды дале болсо өз баласындай көрөрүн баса белгилеп, алардын катарын мени толуп жатышым жакшылыктын жышаны деп, ар бир нерсе кыйынчылык менен келерин, эгер адам баласы аны башынан же ортосунан эле таштап жиберсе анда анын эч бир ишти аягына чыгара албай өмүрү өткөнчө жетер жетпес турмуш кылып өтөрүн айтып өзүнүн турмуштук тажрыбасынан алган узун сабак кепти айтып, ысык оронуп жатышымды айтты эле айтор эртеси айыгып да кеттим. Ошентип, барган күндөн тартып эле САБЫРДУУ болууга аракет жасап, баштаган ишти таштабай алдыга жылууга аракет кыла башатдым. Эртеси күнү бал аары алып келген гүл нектарынан тартып, медагонкада(бал тартуучу аппарат) тартылып чыныга түшкөнчө чейинки бүт баардык процесстерди иреттеп айтып, көзгө сайып көрсөтүп берди. Кызыгы дээрлик бүт баардык жабдууларды аксакал өз колу менен жасаганы болду. Маселен, өзү жасаган вагондун бүт шарты менен: жатаканасы, бал тартуучу аппарат, эки капталдагы ящиктери, подвалы(жер толоосу), ашканасы ж.б.у.с. айтор айтып олтуса бир дүйнө. Мунун баарын устат “иштегиниң катуу болсо, татканың татуу болот”деп ЭМГЕК менен гана адамдын жашоосу маңыздуу болорун практикада көргөзүп тастыктап да берип жатат. Мына ошентип, 120 ящиги бар бал аарылар менен балчылыкты үйрөнүү жашоосу башталды. Чынын айтсам, он күндөй жатсам турсам башымдан аарыдан коргоочу тосмосу бар баш кийимди такыр чечпей жүрдүм. Ал аз келгенсип, күндө 5-10 дон аары чагып турат. Жандын камын көрүп туз сүйкөп жатсам, мени көрүп аксакал : “канча аары чакты?”десе мен болсо”алты” десем, -“анда алты жүз сом карыз болдуң” деп жылмайды. Аны түшүнбөгөн мен андан бетер ызаага батып олтуруп калсам. Жылмайып гана мени карап, “азыркы учурда адамдар атайлап аары чактырып, ден соолугун чыңдоо үчүн акча кетирип жатса, бекер эле чагып кеткен аарыларга эмне мынча капасың? Анын үстүнө сени чаккан аарылар ашып барса 2-3 сааттык гана жашоосу калды, андан соң алар өлөт” десе болобу. Жанатан ширин жандын камын көрүп жаткан жаным ойго бата түштүм. Көрсө мен, маселени ар дайым эки жактуу карагандай болгонум менен чын-чынында андай эмес окшойт...

Бал бул эң байыркы татым деп баяндалат. Анткени атактуу Египет пирамидасынын ичинен да 3000 жылды карытса да такыр бузулбаган бал табылганы буга далил. Табият тартулаган жана нечендеген ооруларга дары катары жалпы журтчулукка да маалым. Айтор айтып олтурса балдын пайдасы оголе көп. Бирок аны алыш ъз\нчъ бир машакат экинин практикада кър\п олтурдум. Алардын да ъз\нчъ ооруканасы болот. Анда карайып кеткен рамкалар жана андагы печатка (аарынын баласынын пайда болуу стадиясы) анда-санда чыгып калса аларды жылуу оороп балдан берип жаш жумушчу аарыларды чыгарып алат. Мына ошентип кара бузулган рамкалардагы арасат болуп жаткан печатканы бошотуп, дарылоо процесси б\тът. Ал эми андан воска алынат. Аны болсо косметикада жана башка жерлерде колдонот. Андан тышкары аарынын уусу да миё бир ооруга шыпа. Айтып келсе бал аары эле ошентип 8 ден ашуун продукту берип, алардын баары эё керект\\ жана баалуу дарылар болуп саналат. Эгер кайсы бир ящикте эне ары жок болуп калсам же жаш эне аарылар къбъй\п кетсе, анда ошол ящиктеги аарылар ройго(т.а. ящиктен качышат) чыгып кетет. Ал эми эне аарынын с\т\ (моточнный молочка) иммунитетти кътър\п къптъгън ооруларга даба болот. Ар бир ящиктеги ар бир рамканы дарылап, кам кър\п ага аселин текшерип, эркек аарылардын санын кыскартып, прополистерин тазалап, теё салмактуу кылып кийин бал бере турган шарттарды т\з\п бер\\ айтор айтып олтурса мына ушинтип эле агарып таёдын атканын, кызарып кантип к\нд\н батканын да билбей тып этпей уктап калчубуз. А бирок, эч качан саясат, ааламдагы жаёылыктардан артта калчу эмеспиз. Анткени биз к\н сайын “Азаттык” \налгысын тыёдап кабардар болуп турчубуз. Муну менен устаз мага мейли жаш бол, мейли кары бол бирок АКТИВД// ЖАРАН бол деп \н каткандай болду. Качан биз т\ш\м алганда болсо, анын \ш\р\н (жыйнап алган т\ш\м\н\н кандайдыр бир бъл\г\н муктаждарга бер\\с\) коёшуларга, досторуна берч\\. Мында болсо мага БЕРЕШЕНД//Л/КТ/Н \лг\с\н кърсът\п жаткандай болду. Биз ал жакта к\н\гъ тамактанчу нерселердин баары чыныгы табигый болчу. Маселен, тоо кымызы, тоо каймагы, с\т-айран, тандыр нан, албетте тоо баллы \з\лч\ эмес. Мына ушундай бир абдан суктанарлык жерде мыкты шартта бир чети ънър \йрън\п, бир чети сексен жаштан ашкан мыкты инсандан ърнъкт\\ турмуш сабак алып, адамдык асыл сапаттарды ъст\р\п табияттын кереметинде ж\ргън кандай гана рахмат тартуулайт адамга. Албетте, элибизде мына ушундай мыкты устаттар къп болсун, алардын наасат кептерин укчу жана ънър\н \йрън\п калчу жаш шакирттер да мол болсун.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!