СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

АВТОРЕФЕРАТ работа магистра

Нажмите, чтобы узнать подробности

КАМБАРОВА НАЗИРА РАЖАВАЛИЕВНА

Просмотр содержимого документа
«АВТОРЕФЕРАТ работа магистра»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА

ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

БАШТАЛГЫЧ, МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПЕДАГОГИКАСЫ ЖАНА ПСИХОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫ









КАМБАРОВА НАЗИРА РАЖАВАЛИЕВНА





БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК

ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ

(Башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)



550700 – “Педагогика” багытынын

“Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” профилинде магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациянын


АВТОРЕФЕРАТЫ













Бишкек – 2020

Магистрдик иш Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасында аткарылган





Илимий жетекчи – п.и.к., доцент Колдошев Мисирали Колдошович


_________________________



Рецензент – п.и.д., профессор Калдыбаев Салидин Кадыркулович


_________________________



Магистрант – Камбарова Назира Ражавалиевна


__________________________




Диссертация 2020-жылдын ___-июнунда саат 9.00да ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик аттестациялык комиссиясында корголот. Дареги: 723500, Ош ш., Ленин к., 331.
















Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын


техникалык катчысы С.А. Кабылова


ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ


Изилдөөнүн актуалдуулугу. Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өткөндүгү баарыбызга маалым. Адамзат менен табияттын ортосундагы улам татаалдашып бара жаткан маселелер цивилизациянын негизине коркунуч алып келүү менен көп учурда адамзат жашоосунун мүмкүнчүлүктүрүн алдын ала айтууну татаалдаштырат. Ошондуктан экологиялык коопсуздукка атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомчулук абдан чоӊ көӊүл буруп жатышат.

Адам баласынын Жер планетасында жашап жана сакталып калуусу, алардын күнүмдүк тиричилиги акыры келип жаратылыш менен тыгыз байланышта журөт. Жаратылыш ресурстарынын арбын болушу адам коомунун андан ары жашап калуусуна негиз болот. Бирок, бүгүнкү күндө адамзаттын жаратылышка кийлигилүүсүнөн табияттын жапа чегүүсү күч алдууда. Ошондуктан, адамдар курчап турган айлана-чөйрө менен байланыш түзгөндө анын белгилүү чегин билиши керек. Ал үчүн коомдун ар бир жараны өзүн ошол системанын бир бөлүгү катары сезип, системанын көп түрдүүлүгүнө, анын өнүгүшүнө реалдуу баа берүүгө тийиш.

2003-жылы кабыл алынган «КРнын үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү» жөнүндөгү концепциясында экологиялык билим берүү элдин кеӊири массасына жеткирилиши керектиги, мектепте экологиялык билим-тарбия берүү үчүн бирдиктүү жана комплекстүү программанын түзүлүүсү зарыл экендиги белгиленет. Анткени, жаштардын экологиялык маданияты мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн, экологиялык статусун гана аныктабастан, өсүп келе жаткан муундарды социалдаштырууда күчтүү каражат болуп саналат.

Педагогика илиминде экологиялык билим-тарбия берүүнүн мазмуну, формалары жана методдору үзгүлтүксүз изилденүүдө. А.Н. Захлебный, И.Д. Зверев, И.Т. Суравегинанын изилдөөлөрү окуучуларга жалпы экологиялык билим берүүнүн теориялык жана методикалык аспектилерине арналган.

Окуучуларда жаратылыш менен нормативдик өз ара аракеттешүүгө даярдоого багытталган концептуалдуу экологиялык маданиятынын негиздери С.Н. Глазычев, Н.М. Мамедов, В.С. Шиловалар тарабынан иштелип чыккан. Ал эми окуучулардын экологиялык билимин интеграциялоону Н.М. Михайлова, жаратылышты коргоо иш-аракетинин ар түрдүү түрлөрүн жана алардын өз ара байланышын А.Н. Захлебный, Э.А. Турдукулов, өлкө таануу материалынын окуучулардын экологиялык ынанымына болгон таасирин Т.А. Бабакова, А.А. Плешаков ж.б. аныкташкан.

Экологиялык тарбиялоо проблемалары кыргыз педагогика илиминде 20-кылымдын 90-жылдарынан баштап изилдене баштаган. Болочок мугалимдердин экологиялык-укуктук маданиятын калыптандыруунун теориялык-методикалык негиздери М.Ж. Чоров; табигый-илимий предметтердин негизинде экологиялык билим жана тарбияны ишке ашыруу А.О. Абдыкапарова, К.К. Аттокурова, М.Д. Бабаев, Темирбек уулу Ильичбек; кесиптик лицейлердин окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өркүндөтүү Г.С. Усенгазиева; кыргыз элдик педагогикасынын салттары жана тажрыйбалары аркылуу азыркы окуучуларды экологиялык тарбиялоонун теориялык жана практикалык маселелери башталгыч класстардын мисалдарында Ж.К. Аблабекова, Г.Ж. Байышова; кыргыз эл педагогикасынын прогрессивдүү идеялары жана тажрыйбалары аркылуу башталгыч класс окуучуларын экологиялык жактан тарбиялоо И. Даминова; мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде экологиялык тарбия берүүнү ишке ашыруу Г.У. Рыскулова ж.б. окумуштуулардын диссертациялык изилдөөлөрүндө чагылдырылган.

Мектеп окуучуларына экологиялык билим-тарбия берүүдө кыргыз адабиятынын ролу чоӊ. Адабият жаратылыш менен жөн гана тааныштырбастан, инсандын экологиялык аӊ-сезимин, жаратылыш дүйнөсүнө карата эмоционалдык мамилесин, адамдын жаратылыш менен болгон биримдигин, анын бүтүндүгү үчүн өзүнүн жоопкерчиликтүү экендигин туюуу жана сезүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Окумуштуулар А.А. Алимбеков, И. Даминова, А.Т. Калдыбаева, А.Ж. Муратов, С.К. Рысбаев ж.б. илимий изилдөөлөрүндө адабият аркылуу, өзгөчө элдик оозеки чыгармалар аркылуу экологиялык тарбия берүүнүн теориялык жана методикалык маселелерине кайрылышкан.

Учурда адабият сабагын окутуу процессинде экологиялык маданиятты калыптандыруу маселеси актуалдуу жана кошумча изилдөөлөргө муктаж. Анткени, буга чейин кыргыз адабият сабагынын экологиялык тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрү атайын педагогикалык изилдөөнүн объектиси катары жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу максатында системалуу түрдө илимий иликтөөгө алынган эмес.

Каралып жаткан маселеге байланыштуу философиялык, психологиялык-педагогикалык адабияттарды талдоо, диссертациялык, монографиялык материалдарды жана жалпы билим берүүчү мектептин тажрыйбасын изилдөө, башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда адабий окуу, мекен таануу сабактарынын тарбиялык мүмкүнчүлүгүнө көп көӊүл бурулбагандыгы төмөнкүдөй карама- каршылыктарды пайда кылды:

  • Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятынын калыптануусуна карата коомдо системалуу муктаждык болгондугу менен адабий окуу жана мекен таануу сабактарынын экологиялык тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн эсепке алыбагандыгынын ортосунда;

  • Адабий окуу сабагынын мугалимдеринин окуучулардын экологиялык маданиятты калыптандырууга карата позитивдүү ички багыты менен алардын экологиялык билим жана тарбия берүү маселелерин адабият аркылуу ишке ашыруу даярдыгынын жетишсиз экендиги.

Белгиленген карама-каршылыктар башталгыч класстын окуучуларын адабий окуу сабагы аркылуу экологиялык жактан тарбиялоодо али да болсо чечилбей келе жаткан илимий-педагогикалык проблеманын бар экендигинен кабар берет. Аталган проблеманы чечүү аракетибиз изилдөөнүн темасын «Башталгыч мектептин окуучуларын экологиялык тарбиялоонун илимий-педагогикалык негиздери (башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)» деп аныктоого түрткү болду.

Диссертациянын темасы менен илимий мекемелердин жүргүзгөн илимий-изилдөө иштери менен болгон байланышы.

Магистрдик диссертациялык иш Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын үзгүлтүксүз экологиялык билим берүүсүнүн концепциясында» (2003-ж.) белгиленген милдеттерди чечүү максатында ОШМУнун Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасынын илимий изилдөө ишинин планы менен байланышта аткарылды.


Изилдөөнүн максаты: башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын иштеп чыгуу жана анын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.

Изилдөөнүн милдеттери:


  1. Окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу

проблемасынын педагогикалык теориядагы жана практикадагы абалын, анын методологиялык негиздерин аныктоо.

  1. 1-4-класстардагы адабий окуу, мекен таануу сабагында окуучулардын

экологиялык маданиятын калыптандыруунун технологияларын, формаларын, методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу.

  1. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде экологиялык

билим берүү жана тарбиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын алдыӊкы мугалимдеринин тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо.

4. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын аныктоо жана алардын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.


Изилдөөнүн илимий жаңылыгы жана теориялык маанилүүлүгү:


башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу проблемасынын тарыхый жана илимий-теориялык негиздери айкындалды;

башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун мазмуну, структурасы, критерийлери иштелип чыгып апробациядан өткөрүлдү;


башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өркүндөтүүнүн педагогикалык шарттары илимий жактан негизделип, эксперимент аркылуу тастыкталды;


башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өркүндөтүүгө арналган илимий баяндама менен эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, 2 макала басмадан чыгарылды.


Изилдөөнүн теориялык мааниси:


башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өнүктүрүү проблемаларынын теориялык өбөлгөлөрү аныкталып, илимий жактан негизделген;


башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу билим-тарбия берүүнүн сапатын көтөрүүнүн, маанилүү шарты экендиги аныкталды;

«экология», «башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданияты», «башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу», ж.б. түшүнүктөрдүн көлөмү жана мазмуну такталды;


изилдөөнүн натыйжалары башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу проблемаларынын андан ары кеңейтилип изилдөөгө өбөлгө боло алат.


Изилдөөнүн практикалык мааниси. Изилдөөнүн практикалык маанилүүлүгү – анын натыйжаларын пайдалануу, билим сапатына диагноздоо жана мониторинг жүргүзүү, өркүндөтүүгө, башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда жардам берет. Жана ошондой эле башталгыч мектептин мугалимдерине да колдонмо катары жардам берет.

Коргоого коюлган негизги жоболор:


    1. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун тарыхый жана илимий-теориялык өбөлгөлөрүнүн анализи.

    2. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун мазмуну, структурасы, критерийлери.

    3. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өнүктүрүүнүн педагогикалык технологиялары.

    4. Педагогикалык эксперименттин жыйынтыктары.


Изилдөөнүн натыйжаларын апробациялоо жана тастыктоо.


Жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизги жыйынтыктары МУИТте 28-29 май 2020-ж. болуп өткөн VIII эл аралык илимий-практикалык конференцияда, илимий-усулдук семинарларда угулду жана талкууланды.


Изилдөөнүн эксперименталдык базасын: Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл булак айылынын №4 Коксал Топтан, №17 Абдусамат Масалиев, №5 Бабажан Айтматов атындагы орто мектептери жана №37 Молдо Нияз мектеп гимназиясы болду. Изилдөөгө 140 башталгыч класстын окуучусун жана орто мектептин башталгыч класстардын 4 мугалимдери тартылды.


Изилдөөнүн этаптары:


Биринчи этап (2018-2019-жж.) – изилдөө маселесине байланыштуу философиялык, педагогикалык, психологиялык илимий эмгектер, расмий документтер, педагогикалык тажрыйба менен таанышып, талдоо жүргүзүлүп,

илимий түшүнүктөр системасы аныкталды. Илимий-методикалык камсыздоо, калыптандыруучу эксперимент жүргүзүү сыяктуу иштер мерчемделди.

Экинчи этап (2019-2020-жж.) – эксперименталдык иштер жүргүзүлүп, анын натыйжалары ар тараптуу педагогикалык системалаштырылып, жалпыланып, ишмердүүлүгү текшерилди. Изилдөөгө алынган гипотеза, жобо, сунуштар мектеп, үй-бүлө турмушуна киргизилип, анын жыйынтыктарын жалпылоо аракеттери жасалып, жазылып чыкты.


Диссертациялык изилдөөнүн жазылган эмгектер аркылуу чагылдырылуусу. Тема боюнча автор тарабынан 2 илимий макала жарыяланган.


Диссертациянын структурасы: Диссертация киришүүдөн, эки главадан, корутундудан, адабияттардын тизмесинен, тиркемелерден турду. Диссертациянын жалпы көлөмү – 124 бет.

ИЗИЛДӨӨНҮН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ


Киришүүдө изилдөөнүн темасынын актуалдуулугу негизделген, илимий аппараттын негизги мүнөздөмөлөрү: максаты, объектиси, предмети, милдеттери, илимий-методологиялык негиздери каралган, илимий жаӊылыгы, теориялык жана практикалык маанилүүлүгү, белгиленген натыйжаларынын ишенимдүүлүгү, иштин структурасы сыпатталды.


Биринчи глава «Башталгыч мектептин окуучуларын экологиялык тарбиялоонун илимий-педагогикалык негиздеринин теориялык маселелери» - деп аталып, мында изилдөөнүн биринчи милдетин ачып берүүгө мүмкүн болду. Аталган бөлүмдө башталгыч мектептин окуучуларын экологиялык тарбиялоону – илимий-педагогикалык проблема катары каралуу менен, маселенин илимий-теориялык жагдайы каралып, ал проблеманы мектеп окуу китептеринде канчалык даражада камтылганына педагогикалык талдоо жүргүзүлдү.


Жыйырманчы кылым адамзат үчүн көптөгөн жетишкендиктерди жана аны менен бирге кыйынчылыктарды да алып келди. Жаратылыш ресурстарынын барган сайын азайып баратышы, илимий-техникалык прогресстин дүркүрөп өсүшү экологиялык проблеманы жаратты. Экологиялык кризис жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн азайып же кырылып жок болушуна гана алып келбестен, эӊ биринчи кезекте адамзаттын саламаттыгына, генофондуна да олуттуу зыянын тийгизип, жашоо-турмуш өз ара чырмалышта турган адам жана жаратылышты бирдей запкы тарттырууда.

Бул тууралуу окумуштуу-адабиятчы К. Ибраимов: «Интеллектуалдык- индустриялык прогресстин натыйжасында улам барган сайын биосфера булганып, табияттын адам баласынын жашоосу үчүн зарыл ресурстары (кычкылтек, таза суу, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү) кедерине кетип, киши менен жаратылыштын өз ара мамилелери курчууда. Арийне мындан адамзат өзү жаратылыштан кем эмес жабыр тартууда» - дейт.

Бүгүнкү күнү адамзаттын жашоосуна коркунуч жараткан факторлор катары төмөнкүлөр саналат:

  1. Термо-ядролук ааламат коркунучу.

  2. Адам жашап жаткан айлана-чөйрөнүн булганышы жана анын айынан биосферада пайда болуп жаткан зыяндуу заттар.

  3. Экономикалык катастрофалар жана энергетикалык кризистер.

  4. Калктын санынын кескин түрдө көбөйүп баратышы, б.а., демографиялык ташкын.

  5. Табигый ресурстардын түгөнүп жатышы.

Жерге, өз үйүнө карата кантип адамзатты аяр мамиле кылууга үйрөтөбүз, кантип аларды жаратылыш менен бирдиктүү кылабыз? Окумуштуу-педагог, М.Ж. Чоровдун сөзү менен айтканда: «адамдын акыл-эси табиятка пландуу, рационалдуу жана камкор мамиле жасоого жете алар бекен?»

Эгерде, биз өсүп келе жаткан жаш муундарды жаӊыча ой-жүгүртүүгө үйрөтсөк катастрофадан кутулууга болот. Окумуштуу Н.Н. Моисеевдин пикири боюнча: «адам жаратылыштын мыйзам-ченемдүүлүктөрүнө ылайык жүрүм-турумунун көптөгөн альтернативдерин байкап, өз келечегин камсыз кылган тандоону кабыл алыш керек».

Экологиялык кризистин алдын алуу биздин коомдун эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири. Азыркы кезде экологиялык маселелерге арналган КРнын төмөндөгүдөй мыйзамдары кабыл алынган: «Кыргыз Республикасынын элинин ден-соолугун коргоо жөнүндө» (1992) [73]; «Айлана чөйрөнү коргоо боюнча» (1999) [75]; «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» (1999) [71]; «Кыргыз Республикасынын калктын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» (1999) [15]; «Кыргыз Республикасынын биосфералык территориясы жөнүндө» (1999) [70]; «өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» (2001) [74]; «Ак илбирстин тукумун сактоо» ж.б. Ал эми 2007-жылы Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясы жөнүндө президенттин указы чыккан [72]. Бирок ошого карабастан ар кандай экологиялык маселелер күч алууда.

Экологиялык көйгөйлөрдүн ар кандай аспектилерин изилдешкен А.М. Мамытов, А.Т. Токтосунов, К.К. Касиев, А.М. Мурсалиев, Б.М. Дженбаев, Э.Дж. Шүкүров, Б.А. Токторалиев, М.Ж. Чоров, А. Байбосунов, Б. Алышбаев, С. Кадыркулова, Б.К. Кулназаров ж.б. окумуштуулардын көпчүлүгү бардык экологиялык маселелдердин маңызы өздүк таасирди жаратылыштын мүмкүнчүлүктөрү менен салыштырууга жеткирүүдө турат дешет.

Экологиялык маданиятты калыптандыруу төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылынат:

- экологиялык билимдерди өздөштүрүү;

- атайын шарттарды түзүү менен аксиологиялык мамилени, көз караштарды жана жаратылышка карата жүрүм-турумду калыптандыруу аркылуу окуучуларынын аң-сезимин кайра куруу;

- окуучулардын жаратылышты изилдөө, коргоо жана жакшыртууга жасаган аракеттери менен байланышкан максаттуу ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча иш алып баруу; ж.б.

Алгач экологиялык маданияттын калыптануусу стихиялуу түрдө жүргөн. Бирок, тарыхка көңүл буруу менен талдоо жүргүзсөк аң-сезимдүү башталыштын акырындап өнүгүп жатканын байкоого болот.

Илимий билимдин интеграциясы предмет аралык ыкманын объективдүү өбөлгөсү болуп саналат. Экологиянын интегралдуу мүнөзү окуу предметтеринин бардык циклдерине (табигый-илимий, коомдук-тарыхый, жана гуманитардык-эстетикалык) таасир этет. Ушунун негизинде эксперимент жүргүзүлдү.

Адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсүнө арналган чыгармалар башталгыч класстын окуу программасында 3-класстар үчүн Тоголок Молдонун «Бодононун тулкуну алдаганы», Т.Абыкеевдин «Кумурска менен жалкоо», Д.Сулаймановдун «Балапан», Кырчын журналынан «Дарак ыйлаба», Т.Сыдыкбековдун «Мээримдуу канаттуулар» ангемелери, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повести, ал эми 4-класста К.Жусуповдун «Тулпар кадырын сынчы билет», К.Сабыровдун «Токойдун керемети», К.Жантошевдин «Ысык-Кол жонунду соз» , Д.Сулаймановдун «Булбул менен жылан» ангемелери, М.Алыбаевдин «Сот болгон коен» тамсили, «Кожожаш», «Эртоштук» эпостору берилген.

Жогорудагы чыгармаларды окуп үйрөнүү аркылуу окуучулар жаратылышка болгон мамиле жана коомдогу социалдык акыйкаттык сыяктуу маселелердин үстүндө ой толгоолорду жүргүзүп, аларды талдоого алуулары зарыл. Программада да бул чыгармаларды окутууда ушуну эске алуу керектиги белгиленген.

Экинчи глава «Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык тарбиясын адабий окуу, мекен таануу аркылуу калыптандыруунун технологиялары» - деп аталып, анда изилдөөбүздүн экинчи, үчүнчү, төртүнчү милдеттери чечмеленди. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык тарбиясын адабий окуу, мекен таануу аркылуу калыптандыруунун технологияларынын мазмуну, структурасы жана критерийлери аныкталуу менен, башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык тарбиясын калыптандыруунун технологияларын өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары каралып чыкты. Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык тарбиясын калыптандыруунун технологияларын өнүктүрүү боюнча тажрыйба-эксперименталдык иштер уюштурулуп, алардын жыйынтыктары чыгарылды жана аларга ылайык сунуштарды берүү аракети жасалды.


Бул милдеттердин алкагында алгач проблеманын түйүндүү түшүнүктөрүнө түшүндүрмө берилди.

Методологиялык илим айдыңынан маданият – бул белгилүү бир адамга же коомго мүнөздүү болгон ойлордун жана иш-аракеттердин образы (М. Коган). Педагогикалык маданият жалпы маданияттын бир бөлүгү катары жана адамзаттын таалим-тарбия ишмердүүлүгүнүн ыкмалары катары мүнөздөлөт. Ал эми Башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык тарбиясын калыптандыруу маданияты – билим жана тарбия берүү процессинин эффективдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү. Окумуштуу С. Байгазиев: «Адамзаттын мындан аркы прогресси жалаң гана илим менен техниканын өнүгүшүнө байланышпайт. Жер шаарындагы цивилизациянын өсүп-өнүгүшү анын кадыр баркы, баалуулугу, адамдардын адеп-ахлагынын, ички дүйнөсү, ыйман жанынын тазалыгынын, актыгынын, сулуулугунун өркүндөшүнө да терең байланышат» - деп белгилейт.


Диссертациялык изилдөөбүздө

Илимий жактан негиздөө үчүн эксперимент 2018-2020-жж. камтып, 2 этап менен жүргүзүлдү. Аныктоочу эксперимент 2018-2019-жж. жүргүзүлдү.

Методикалык экспериментти өз-ара байланышкан татаал процесс катары карап, эксперименттик-тажрыйбалык окутуунун программасы төмөндөгүчө түзүлгөн:

  • Констатациялоочу (абалды аныктоочу) эксперимент.

  • Калыптандыруучу (жаратуучу) эксперимент.

  • Контролдук (текшерүүчү, жалпылоочу) эксперимент.

Изилдөөдө коюлган максатты жана чечүүчү милдеттердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен биз төмөндөгүдөй илимий усулдарды колдондук:

– педагогикалык байкоо;

– аңгемелешүү;

– сурамжылоо (интервью, анкета алуу);

– педагогикалык эксперимент.


Тажрыйбалык эксперимент кыргыздын элдик педагогикасынын прогрессивдүү идеялары менен тажрыйбаларынын негизинде сабактарда, класстан тышкаркы иштерде, мектеп менен үй бүлөнүн биргелешкен иш аракети аркылуу окуучуларды экологиялык жактан тарбиялоонун формаларын методдорун өркүндөтүүгө багытталды. Тажрыйба-практика ишинин жүрүшүндө «Мекен таануу» жана «Адабий окуу» окуу предметтеринин программалык мазмундук өзгөчөлүктөрү окуучуларды этномаданият жана экологиялык жактан тарбиялоонун бир катар иш чараларын жүзөгө ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

«Кыргыз тили» сабактарында тамгаларды таанытууда туура сүйлөөгө үйрөтүүнү балдар кенедей кезинен угуп жүргөн макалдар менен байланыштыруу, «Математика» сабагында айрым түшүнүктөрдү бекмдөөдө табият кубулуштарын сан менен туюнткан макалдарды колдонуу тассирлүү болоору ырасталды. Ал эми сүрөт сабагында окуучулар өз айылынын флорасы жана фаунасы тууралуу сүрөттөрдү тартуу, альбомдорду даярдоо ар бир сүрөт алдына аларды коргоо боюнча элдик накыл кептерди жазып чыгуу сыяктуу иш чараларга тартылышты. Биз тарабынан жүргүзүлгөн эксперимент–тажрыйба иштери экологиялык таалим–тарбияны башталгыч клаастардын бардык окуу предметтерининин алкагында өркүндөтүүгө болоорун тастыктады. Айылдык мектептердеги тажрыйба-практика ишинин жүрүшүндө сабактан тышкаркы ишмердиктин таалимчил таасирин күчөтүү максатында аны мазмундук жана практикалык жактан өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү. Б.а. экскурсияны уюштурууда балдардын жаратылыш менен жакындашуу чөйрөсү кеңейтилди, анын таасирдүүлүгү улуттук майрамдардын, үрп-адаттардын, оюндардын фольклордун каражаттарын айкалыштыра колдонуу аркылуу жогорулатылды. Изилдөөнүн жүрүшүндө биз табиятты коргоо ишмердигине катышууну балдардын ички ыймандык-руханий муктаждыгы катары калыптандыруу үчүн аларды айыл чарба жумуштарына эрте аралаштыруунун мааниси зор экендигине ынандык. Табиятка карата мамиле коомдук, үй бүлө мамилелери менен тыгыз байланыштуу. Башталгыч класс курагындагы окуучулар үй-бүлөгө көбүрөөк жакын, андыктан элдик чыгармачылык үй-бүлөдө ары таасирдүү, ары жугумдуу болот. Бул багыттагы иштерди ургаалдаштыруу максатында жаратылыш чөйрөсүнө камкор мамиледе болууга үйрөткөн элдик таалим-тарбиянын тажрыйбасын, каада-салт, үрп-адаттарды ата-энелерге тааныштыруу боюнча ар кыл формадагы иш-чаралар иштелип чыгып сунуш кылынды.. Контролдук салыштыруулардын натыйжаларын анализге алганда эксперименттик класстарда сынактан өткөрүлгөн программа балдардын экологиялык билимин байытууга, табият чөйрөсүндөгү жүрүш-туруштун практикалык көндүмдөрү менен жосундарын калыптандырууга, адеп-ахлак жана эстетикалык жактан жетилүүсүнө шарт-ыңгай түзөрү далилденди.

Университеттен алынган теориялык билимимди колдонуу менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл булак айылынын №4 Коксал Топтан, №17 Абдусамат Масалиев, №5 Бабажан Айтматов атындагы орто мектептери жана №37 Молдо Нияз мектеп гимназиясы арасында тажрыйбалык эксперименталдык ишимди жүргүздүм.

Эксперименттик топтун алдында, мугалимдерине экологиялык тарбиялоого болгон мамилесин билүү максатында сурамжылоо менен кайрылдык.

Изилдөөгө 140 башталгыч класстын окуучусун жана орто мектептин башталгыч класстардын 4 мугалимдери катышты.

Тажрыйбалык-эксперименттик иштин максаты башталгыч класстардын экологиялык маданиятын жогорулатууда педагогикалык технологияларды аныктоо болду.

Бизди экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу болгон окуу материалдары кызыктырды. Адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсүнө арналган чыгармалар башталгыч класстын окуу программасында 3-класстар үчүн Тоголок Молдонун «Бодононун тулкуну алдаганы», Т.Абыкеевдин «Кумурска менен жалкоо», Д.Сулаймановдун «Балапан», Кырчын журналынан «Дарак ыйлаба», Т.Сыдыкбековдун «Мээримдуу канаттуулар» ангемелери, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повести, ал эми 4-класста К.Жусуповдун «Тулпар кадырын сынчы билет», К.Сабыровдун «Токойдун керемети», К.Жантошевдин «Ысык-Кол жонунду соз» , Д.Сулаймановдун «Булбул менен жылан» ангемелери, М.Алыбаевдин «Сот болгон коен» тамсили, «Кожожаш», «Эртоштук» эпостору берилген.

Эксперименттик изилдөөдө контролдук жана эксперименттик топтор түзүлдү.


Констатациялык этапта башталгыч класстардын экологиялык маданиятынын калыптангандыгы жөнүндө маалыматтарды аныктоо үчүн мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери менен жазуу жүзүндө сурамжылоо жүргүзүлдү.


Биз жүргүзүп жаткан эксперимент төмөнкү бөлүктөрдөн турду:


  • Окуучулар, мугалимдер менен аңгемелешүү.


  • Окуучуларга, мугалимдерге анкета жүргүзүү.


  • экологиялык тарбиялуулук деңгээлин билүү үчүн атайын даярдалган сабактарды жүргүзүү.

  • Экспериментатор мугалимдерге сабактардын иштелмелерин сунуш кылуу.

  • Контролдук жана эксперименттик класстардагы окуучуларга ар кандай оозеки жана жазуу түрүндөгү тапшырмаларды берип, аларды анализге алып туруу.


Изилдөөнүн жыйынтыгында мектеп, мугалимдер ата-энелер менен


биргеликте иштешип, алардын эколгиялык маданиятынын жогорулоосуна зарыл шарттарды түзүшө алды жана бул иш-чаралардын натыйжасында окуучулардын экологиялык маданияты көрүнөө жогорулап, анын таасири менен окуучулардын билим-тарбия сапаты бир топ жакшырды.

Окутуучу эксперименттин жыйынтыгы атайын анкеталык сурамжылоо, баарлашуу, сабакка катышуу аркылуу бааланып, аныкталды. Эксперименттик класстардын окуучулары иш-тажрыйбанын жүрүшүндө ар кандай өз алдынча тапшырмаларды аткаруу үчүн атайын топторго бөлүндү. Мында шарттуу түрдө экологиялык таалими төмөн деп үчүнчү топко бөлүнгөн окуучулар экинчи жана биринчи топторго кошулуп тапшырмаларды чогуу аткарышты. Мындай ыкма даярдыгы кыйла төмөн балдардын таанымдык иш-аракетин активдештирүүгө өбөлгө болду. Мурда ар кандай суроону жоопсуз калтырган окуучулар да бир кыйла жанданып тапшырмалардын түйүнүн чечүүгө дилгирленип калганы байкалды. Анда, экспериментке чейинки окуучулар салыштырмалуу эксперименттен кийинки окучулардын, контролдук класстын окуучуларына салыштырмалуу эксперименталдык класстын окуучуларынын педагогикалык маданиятынын жогорку жана ортоңку даражалары жогорулап, экологиялык маданияты төмөн болгон окуучулардын саны кескин төмөндөгөндүгү аныкталды.


































ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ ЖАНА ПРАКТИКАЛЫК СУНУШТАР


Башталгыч класстын окуучулары үчүн жазылган окуу китептер менен окуу куралдарын анализге алганыбызда, алардын авторлору экологиялык тарбиянын программалык талаптарын аткаруу үчүн этнопедагогикалык материалды иргеп пайдаланууда бир кыйла чар жайыттыкка жол беришкендиктери аныкталды. Ошондуктан, биз окуу адабияттарынын тарбиялык потенциалын күчөтүү максатында аларды: табият таануучулук жана фольклордук материалдарды колдонуунун кыйла жетик системасын түзүү; элдик педагогиканын каражаттарын пайдалануудагы уланмалуулукту жүзөгө ашыруу; тексттерди жана усулдук аппаратты байытуу; предмет аралык байланышты чыңдоо ж.б.у.с. жолдор менен өркүндөтүү зарыл деген жыйынтыкка келдик.

Эксперименттин жүрүшүндө башталгыч класс окуучулардын экологиялык жактан тарбиялангандыгынын шарттуу түрдөгү үч башка деңгээли аныкталды. Табиятка карата этият, дилгир мамиленин калыптануу динамикасын кыйла толук чагылдырган бул деңгээлдер "жогору", "орто" жана "төмөн" деп бөлүндү. Башталгыч класс окуучуларынын табиятка карата эмоциялык-эстетикалык мамилесин калыптандыруунун таасирдүү жолдорунун бири болгон экскурсияны уюштурууда балдардын жаратылыш менен жакындашуу чөйрөсү кеңейтилди, анын таасирдүүлүгү улуттук майрамдардын, үрп-адаттардын, оюндардын фольклордун каражаттарын айкалыштыра колдонуу аркылуу жогорулатылды. Изилдөөдө көптөгөн ата-энелер балдарды табиятка карата жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо үчүн эчен кылымдар бою топтолуп, сыналган элдик эң жакшы салттарды али да жетиштүү даражада пайдаланбай келе жатышкандыктары айкын болду.

Практикалык сунуштар:


Окуучуларды экологияны сактоого кызыктыруу максатында эксперимент алкагында иштелип чыгып, сынактан өткөрүлгөн оюн-сабактарын мектеп мугалимдерине жайылтуу; сабак-экскурсияларын көбөйтүү, окуу китептеринин түзүүчүлөрүнө окуучулардын экологиялык маданиятын өнүктүрүүчү чыгармаларды тандоону сунуштайбыз.


Диссертациялык иштин мазмуну боюнча төмөнкү макалалар жарыяланган:

  1. Камбарова, Н.Р. Башталгыч класстарда экологиялык тарбияны калыптандыруу технологиялары.

  2. Камбарова, Н.Р. Башталгыч мектептердин окуу процессин экологиялык билим жана тажрыйбалардын негизинде өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү.






Камбарова Назира Ражавалиевна «Башталгыч мектептин окуучуларын экологиялык тарбиялоонун илимий-педагогикалык негиздери

(Башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)» 550700 – “Педагогика” багытынын “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы

жана методикасы” профилинде магистр академиялык даражасын изденип алуу үчүн жазылган магистрдик диссертациянын


РЕЗЮМЕСИ




Түйүндүү сөздөр: экология, экологиялык маданият, педагогикалык шарттар, окуучулардын экологиялык маданиятын өнүктүрүү


Изилдөөнүн максаты: башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын иштеп чыгуу жана анын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.


Изилдөөнүн объектиси: башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык

маданиятын калыптандыруу процесси.

Изилдөөнүн предмети: башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу.

Изилдөөнүн милдеттери:


1. Окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу

проблемасынын педагогикалык теориядагы жана практикадагы абалын, анын методологиялык негиздерин аныктоо.

2. 1-4-класстардагы адабий окуу, мекен таануу сабагында окуучулардын

экологиялык маданиятын калыптандыруунун технологияларын, формаларын, методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу.

3. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде экологиялык

билим берүү жана тарбиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын алдыӊкы мугалимдеринин тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо.

4. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын аныктоо жана алардын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.



Изилдөөнүн методдору: адабий булактарды логико-методологиялык жактан иликтөө, мугалимдердин тажрыйбасын изилдөө жана жалпылоо, көркөм чыгармалардын тексттери жана адабий окуу боюнча окуу программаларын талдоо, байкоо, анкета жүргүзүү.

РЕЗЮМЕ


Камбаровой Назиры Ражавалиевны «Научно-педагогические основы экологического воспитания учеников начальных классов» Магистерская диссертация на соискание академической степени магистра по профилю “педагогика и методика начального образования” направления 550700- "Педагогика"



Ключевые слова: экология, экологическая культура, педагогические условия, развитие экологической культуры учащихся.


Цель исследования: Выработать педагогические условия формирования экологической культуры учащихся начальных классов в процессе обучения и проверить посредством эксперимента.


Объект исследования: процесс формирования экологической культуры учащихся начальных классов.


Предмет исследования: формирование экологической культуры учащихся начальных классов при обучении их школьными учебниами для начальных классов.


Задачи исследования:


  1. Определить состояние экологической культуры учеников на практике и обосновать их методологические основы.


  1. Разработать технологии, формы, методы и средства для формирования экологической культуры учащихся 1-4 классов на уроках литературного чтения, природоведения.


  1. Изучение и обобщение опытов передовых учителей Кыргызской Республики в процессе преподавания уроков по литературному чтению и природоведению.


  1. Определить педагогические условия формирования экологической культуры учащихся начальных классов в процессе обучения на уроках литературного чтения и природоведения.


Методы исследования: в научной литературе используются экспериментальные методы анализа, наблюдения, констатирующий, формирующий, контрольные эксперименты.




SUMMARY


Kambarova Nazira Razhavalievna “Scientific and pedagogical fundamentals of environmental education of primary school students” Master's thesis for the academic degree of a master in the profile “Pedagogy and Methodology of Primary Education” direction 550700- “Pedagogy”


Key words: ecology, ecological culture, pedagogical conditions, development of ecological culture of students.


Objective: To develop pedagogical conditions for the formation of the ecological culture of primary school students in the learning process and verify through experiment.


Object of study: the process of formation of the ecological culture of primary school students.


Subject of research: the formation of the ecological culture of primary school students when teaching them with school textbooks for primary classes.


Subject of research: the formation of the ecological culture of primary school students when teaching them with school textbooks for primary classes.


Research Objectives:


1. To determine the state of ecological culture of students in practice and justify their methodological foundations.

2. To develop technologies, forms, methods and means for the formation of the ecological culture of students in grades 1-4 at the lessons of literary reading and natural history.

3. Studying and summarizing the experiences of leading teachers of the Kyrgyz Republic in the process of teaching lessons in literary reading and environmental studies.

4. To determine the pedagogical conditions for the formation of the ecological culture of primary school students in the learning process at the lessons of literary reading and natural history.


Research methods: in the scientific literature, experimental methods of analysis, observation, ascertaining, forming, control experiments are used.





1



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!