СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Автоматтык оюндардан оолак бол!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Автоматтык оюндардан оолак бол!»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси



Тарбиялык саат

Тема: Автоматтык оюндардан

оолак бол!







Мугалим: Б.Дж.Салимбаева



Сабактын темасы:  Автоматтык оюндардан оолак бол!

Сабактын максаты:
1. Компьютердик оюндардын зыяндуулугу жөнүндө маалымат алышат.
2. Компьютердик оюндардын зыяндуу жана падалуу жагын билишет.
3.Ден соолугуна кам көрүүнү үйрөнүп, дени сак жашоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: макал-лакаптар жазылган плакат, сүрөттөр, видеослайд

Уюштуруу:класстын тазалыгын кароо, окучуларды жоктоо,үй тапшырмасын суроо

Сабактын жүрүшү:

Компьютердик оюндардын терс таасири көп экендигин психологдор айтып келишет. Анткен менен, балдарды компьютердик оюндардан такыр эле чектеп коюу мүмкүн эместигин белгилешет ата-энелер. Ош шаарынын 8 жаштагы жашоочусу Бекболот 2-классты аяктады. Ал интернет-клубга күнүгө эмес, күн арада барат. «Үйдө өзүм жалгыз ойноп зээригем. Ошон үчүн бул жакка келем. Ар түрдүү оюдарды ойнойм. Автожарыш, атышуу оюндары мага жагат. Атам  акчаны бир нерсе алып же деп берет. Бирок, мен аны интернет оюндары үчүн иштетем”,- дейт Бекболот. Ал эми 10-класста окуган Жакшылык  интернеттен өзүнө  пайдалуу нерселерди аларын айтат. “Интернеттин жакшы жагы да бар, китептерди, маалыматтарды окуса болот. Керектүү нерсени издеп калсам, интернеттен таап окуй коем”,- дейт  Жакшылык. Интернеттеги зордук-зомбулук жөнүндөгү оюндар балага терс таасирин тийгизет дейт психологдор. Психологдор  интернеттеги мыкаачылыкты көрсөткөн оюндар балдардын психологиясына терс таасирин тийгизерин белгилешет. “Бул маселе глобалдуу десек да болот. Компьютеризация жана мобилизация жакшы. Бирок, балдарга интернеттин  пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Интернеттеги зордук-зомбулук жөнүндөгү оюндар балага терс таасирин тийгизет. Ошол менен катар эле баланын өсүүсүнө да зыяны бар. Азыр көп балдар таң атканча интернет оюндарында отурушат. Мындан баланын уйкусу бузулат. Уйкусу жакшы канбаган балада психологиялык агрессия пайда болот. Бала ата-энесине, жоро-жолдошторуна оройлугун көрсөтөт. Мына ошодон пикир келишпестиктер жаралат. Интернет оюндар балдарда стресс, депрессия, нерв ооруларын  пайда кылат”,- дейт  психолог Эмил. Анткен менен баланы интернеттен биротоло чектеп коюу болбостугун белгиледи эки баланын апасы Гүлназ Атантаева.

“Заманга жараша оюдардын түрү да көбөйүп баратат. Менин балам да интернет оюндарын ойнойт. Мен тынчсызданам, балама жаман оюндар терс таасирин тийгизип коебу деп. Бирок  ойнобо деп такыр чектеп да кое албайм. Чектесең балдардын арасынан бөлүнүп калат. Балдардын сүйлөшкөндөрү көбүрөөк ошол оюндар жөнүндө болот. Ар бир нерсенин өз чеги менен болгону дурус. Мен компьютердик оюдардан мыкаачылык менен коштолгондорун чектеп турам. Акылды, ойломду өстүрө турган оюндар болсо, күндө жарым саат же бир саат ойносо болот”-, дейт Гүлназ айым.

2007-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жашы жете элек балдарды сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алганын, бирок, бул токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет жана Башмыйзамга каршы келет деп каттабай койгондугун “Азаттык” маалымдаган.

интернет оюнун 1958-жылы америкалык физик Уильям Хигинботам ойлоп тапкан. Ал досторуна илим болуп көрбөгөндөй көңүлдүү экенин далилдегиси келип, үч жумада «Эки кишилик теннис» (Tennis for Two) аттуу оюнду жараткан. Анын жолун жолдогондор учурда аябай көп. Аларды азыр «өзгөчө ааламдын жаратманы» деп аташат.

Интернет оюндарынын башкы максаты — кишини өзгөчө ааламга башчы кылуу. Сонун графика, аң-сезимге ылайыкталган динамика ырахат тартуулайт. Көзүбүздү оорутпаган жагымдуу түстөргө арбалабыз. Ритм менен коштогон музыка кулагыбызга жагып түшөт. Өзүбүздү сыйкырдуу ааламдын ээси сезебиз. Отурган жерибизде, колубуздагы компьютер же телефондун баскычтары менен башкарабыз. Ал жактан жаңы досторду табабыз же реалдуу жашоодогу тааныштарыбызды жолуктурабыз. Бул интернет оюнун дагы да реалдуу сезүүгө түрткү. 

Онлайн оюндарынын дагы бир өзгөчөлүгү — бул кайра байланыш. Эгерде ар бир тепкичибизди айтып, шыктандырып турбаса оюнга кайтпай, балким унутуп калмакпыз. Алгач «Оюн бүттү» (Game over) деген жазууга жетип, жеке рекордубузду көргүбүз келет. Андан соң улам кийинки этапка шыктанып, ээрчип жөнөйбүз. 

Үчүнчү «фишка» — оюнчуга предмет үлгүсүндөгү сыйлык же акчалай белек бергени. Оюнда мыкты экенибизди предметтик сыйлык менен көрсөтүүнү каалайбыз. Ал эми, акчалай сыйлыктар бизге болуп көрбөгөндөй эмоция тартуулайт. Ошентип, бизди жалгыз калтырбаган, белексиз койбогон оюнга байлана баштайбыз.

👍Интернет оюндарынын жакшы жактары

Көпчүлүк изилдөөчүлөр интернеттеги оюн кишинин эс-тутуму менен реакциясына жакшы таасир берет дешет. Мисалы, адамдын мээсин изилдөө адиси Дафна Бавельер видео оюндар кишинин көңүл коюу жөндөмүн (внимательность) жогорулатат деген пикирде. Эң башкысы, интернет оюндары бир убакта бир канча аракетти (многозадачность) жасоого үйрөтөт.




Компьютердик оюндардын жанрлары :

Экшен (анг action- кыймыл) – уруш сценалары, мушташ жана атышууну камтыган

оюн

Билим берүүчүлүк – окутуунун программаларынын элементтерин камтыган

оюндар

Стратегия - мында шаарларды куруу, бизнес түзүү, армияны башкаруу ж.б камтылган оюн Ролдоштурулган оюндар – мында каармандардын белгилүү жөндөмдөрүн жана мүнөздөрүн жакшыртуу же жаны сапаттарга ээ болуусун кандайдыр бир кыймылдардын негизинде өзгөртүүгө мүмкүн болгон оюн

Симулятор – чыныгы жашоону чагылдырган, мисалы, автомобиль же самолетту айдоо

Кызыктыруучу – бул жанр негизинен жаш балдарга арналган, мында экрандагы сүрөттөрдөн алынган психологиялык таасирленүү негизги ролду ойнойт. Мисалы, шариктердин жарылышы

Окуя – адабияттык сюжеттерди ачууну камтыган оюн.

Баш катырмалар – ар түрдүү логикалык мисалдарды чыгаруудан турган оюндар.

Ал эми Мельбурн технологиялык университетинин изилдөөчүлөрү интернет оюндарын дайыма ойноп турган өспүрүмдөр теңдештерине караганда жакшы окушарын аныкташкан. Ошол эле учурда, көп убакытын соцтармактарда өткөргөн балдардын окуудагы жетишкендиги алда канча начар болгон. «Демек, онлайн оюндар Facebook жана Instagram`дан өйдө турат», — дейт алар. 

Дагы бир изилдөөдө ырайымсыз оюнду ойногондордун агрессиясын текшерип көрүшкөн. Изилдөөгө 14-15 жаштагы, мурда оюн ойнобогон жана дайыма ойноп жүргөн жалпы 1004 өспүрүм катышкан. Алар катаал кадрлары бар оюнду ойноп турушкан. Натыйжада, катышуучулардын эч кимисинде агрессия байкалган эмес. 

Негизи, көптөгөн пайдалуу онлайн оюндар бар. Алардын жардамы менен эс тутумду бекитип, тил үйрөнүп, логиканы жакшыртууга болот. Бирок ар бир нерсенин өз ченеми болот. Мындай пайдалуу оюндарды чегинен аша ойносо, алар деле терс таасирин тийгизет. 

Компьютердик оюн деген эмне?

Компьютердик оюн –атайын курактарга жараша үйрөнүү же көнүл ачуу үчүн түзүлгөн татаал компьютердик программа.

👎Онлайн оюндун терс таасирлери

Психологдордун айтымында, интернет оюндарын көп же узак ойногон кишинин уйку режими бузулат. Аз уктаган же такыр уктабаган адамдын организминде стресстин гормондору бөлүнүп чыга баштайт. Бул гормондор мээнин клеткаларын калыбына келтирүү ылдамдыгын жайлатат. Натыйжада, адам кечирээк реакция кыла турган, унутчаак, кыжырдануучу кишиге айланат. Эс-тутуму начарлайт.

Анан дагы интернет оюндарынан көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Психологдордун айтымында төмөнкү абалдагылар ага көбүрөөк байланат дешет:

Реалдуу жашоодо кызыктуу моменттери жоктор. Жашоосу кызыксыз болуп, эч кандай өзгөчөлүк көрбөгөн адамдар жашоосун көрктөндүрүүнүн жөнөкөй жолу деп интернет оюндарына сүңгүшөт. Ошентип бул адамдар виртуал дүйнөдөгү оюндар менен «сүйлөшө» башташат;

Өзүн кабыл албай, өзүн кемчиликтүү сезгендер. Мындай оюн жан дүйнөсүнө жашырып жүргөндөр. Ошондой эле, балалыктан түрдүү «сокку» алгандар. Балким, бала кезинде (же өспүрүм курагында) «оюнга» тойбогондор;

Бош убактысы көптөр. Кээде адамдар бекерчиликтен улам онлайн оюндарга кирүүнү чечишет. Мисалы, кээ бир ишчилер жумушунда 9:00дөн 18:00гө чейин отурушу керек. Алар бош убакытын «өлтүрүү» үчүн интернетти максатсыз эле чукулап отуруп, онлайн оюндарга байланып калышат.

Оюнга көз каранды болбоо үчүн эмне кылуу керек?

Интернет оюндары бош убакытта китеп окуу, кино көрүү сыяктуу нерсе. Бирок, онлайн оюн бизге башкаруу мүмкүнчүлүгүн толук ыйгара алат. Мисалы, каалаган баскычты тандап, оюндун сюжетин өзгөртүүгө шарт түзөт (китепте бул мүмкүн эмес). Бирок, виртуал аалам биздин муктаждыгыбызды чече албайт — дүкөнгө, дааратканага баруу реалдуу жашоодогу «жумуш» бойдон кала берет. Демек, интернет оюндарынын ченеми менен ойноо сиздин акыл-эсиңиздин башкаруусунда. Албетте, интернет оюндары ар түрдүү: ой жүгүртүүнү өстүрүүчү, билимди жогорулатуучу, акча каражатын табуучу ж.б. Анын кайсы бирине канча убакыт коротуу сиздин тандооңуз. Эгерде, өзүңүздү интернет оюнуна көз карандымын деп эсептесеңиз, анда:

Оюнга көз карандылыкты жоюу үчүн алгач аны азыраак ойноодон баштаңыз. Эгерде толук бир саатка четтей албасаңыз, жок дегенде 10-20 мүнөт азайта туруңуз. Бул үчүн компьютер же телефонго ойготкуч (будильник) койсоңуз натыйжалуу. Мындай чечимиңизди жакындарыңызга айтып же соцтармакка жазып коюңуз. Себеби, көпчүлүккө жарыяланган убадага туруш керек да.

Күндүн аягында ойногону аракет кылыңыз. Күн бою башка жумуштарыңызды бүтүрүңүз. Жакындарыңыз менен бирге болуңуз. Анан күндүн соңунда белгилүү убакытка сүйүктүү оюнуңузду ойноп коюңуз. Бул күнү бою көп ишти бүтүргөнүңүз үчүн сизге белек деп билиңиз. Эң негизгиси күндүн аягы бул — түнкү убакыт деп түшүнбөсөңүз болду. 

Көңүлүңүздү реалдуу жашоого, коомдук жашоого буруңуз. Реалдуу жашоо — бул баары бир эң мыкты интерактивдүү чөйрө, чексиз мүмкүнчүлүк, реалдуу графика жана түрдүү ыкмадагы диалог. Өзүңүз жактырган спорттун түрү менен алектене баштаңыз. Талант, шыктарыңызга байкоо салып, аларды ачыкка чыгарыңыз. Мындай аракеттерден кийин оюндан баш тартасызбы же жокпу өзүңүз чечиңиз. Башкысы, аң-сезимиңиз менен оюндун сизге пайда, зыянын анализдеп турсаңыз болду.

Жыйынтык: Интернет оюнун ойлоп табуучулар дайыма продуктту жакшыртуунун үстүндө эмгектенишет. Ошондуктан, оюндун баскычтары маал-маалы менен жаңы түс, музыка жана белектерге толот. Ойлоп табуучулар сизди жоготууну каалабайт. А сиз убактыңызды максатсыз коротууга макулсузбу?

Алгач 1958 –жылы Вильям Хайджинбет тарабынан 1- компьютердик оюн “Теннис для двоих” иштелип чыккан

Киберспорт – компьютердик оюндар боюнча спорттук мелдеш



Баалоо:Билимине карап баалоо

Үй тапшырма:Компьютердик оюндардын беш зыяндуу, беш падалуу жактарын жазып келүү.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!