СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-энелер менен иштоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата-энелер менен иштоо»

Ата-энелер мектеби

Тема:Үй-бүлөлүк китеп окуунун мааниси.

1.Уюштуруу. КР гимни

2.Жагымдуу маанай. Атыбыздын баш тамгасынан жагымдуу сөз сала кетиңиз

(Жылдыздан жаңы жылда жагымдуу жаңылык, жүзүңүздө жылмаюу, жакшынакай жакшылыкты жана жаштыкты, жарашыктуу жемпирди желаю)

3.Күтүү дарагы:

Бүгүнкү сабакта эмнелер күтөт деп ойлойсуз?

4.Мурунку сабакка сар эсеп

Азыркы учурда смартфонго болгон сүйүү күч алууда

Эгер мен телефон болуп калсамчы

Видео (cмартфон)

5.Бүркүт кандай куш?

Бүркүт куштардын ичинен эн уникалдуу куштардын бири,ал эң бийиктиктен өзүнүн жемин көрүп, ал өзүнун таамайлыгы менен максатына жете алат.

Эми ушул бүркүт бийиктикке учуш үчүн эмне керек?

Албетте бүркүттү биздин балдар деп элестетсек,оң канаты ата-эне, сол канаты мектеп деп эсептейбиз.

Эми эки колубузду тең жайып канатыбызды күүлөп көрөлү.

Мисал келтиргендей эле бүркүт биздин балабыз деп эсептесек,балабыз талпынып учуш үчүн сиз жана биз керекпиз.

6.Жаңы тема жана максаты тааныштырылат.



Сабагыбыздын башында менин күн тартибим.( талкуу)

( Китеп окуу,слайд)

7. Сиздерге суроо:

Балага берилүүчү тарбия жөнүндө кеп козгоп кетсек

1) Балага үйдөн тарбия, мектептен билим берилет дегенге кандай карайсыз?

2)Бала тарбиялоо менен багуунун айырмасы барбы?

3)Атанын баласы үчүн алгачкы жакшылыгы кайсы?

4)Сиз балаңызды эркелетесизби?( ой толгоо)

8. Слайд:

Балдарга өмүр бою өчпөй турган тарбия жазуусун калтыруучу сыя челек менен калем сап ар бир эненин колунда.

Ата-эненин балага калтырган эң жакшы белеги аларга берген тарбиясы.

Балаңызды бай кылып тарбиялаңыз:

Акылга бай,жан дүйнөсү бай,Сулуулукка бай,мээримге бай,оюнчукка бай,момпосуйга бай балдар башкалар менен көп нерсени бөлүшө алат

Балага байлык эмес, ошол байлыкты таап ала тургандай кылып калтыргыла 9Бул сиздердин жана биздин колубузда)

Балаыз канчалык мыкты экенин бат-баттан айтып туруңуз.Ал бул сөздү башка эч кимден укпайт.Ата-эненин колдоосу аны мыкты келечек курууга жетелейт. (11-класс)

9. Сиздерге суроо:

1)Сиз китеп окуйсузбу?

2)Акыркы жолу окуган китебиңиз?

3)Балаңыз китеп окуп бер десе эмне деп жооп бересиз?

( Сиз бошобой жаткан мезгилде)

10. Слайд.

Китеп окуунун пайдасы

11.Тапшырма: Чыгарма жаратуу

Балык менен жылан.

Балык менен жылан дос болуптур

.-Сиңдим,-деди жылан балыкка,-мени жонуңа мингизип, деңиз менен саякаттатчы.

-Макул,-деп жооп берди балык.

Менин жонума отур, мен сени саякаттатып, биздин деңиз кандай экендигин көрсөтөйүн.

(Андан ары эмне болгонун сиздер жазып бериңиздер)

Жылан балыкка оролуп алды, ал болсо деңиз менен сүзүп жөнөдү. Бир аз сүзгөндөн кийин жылан балыктын жонунан тиштеп алды.

-Эжеке, сен эмне мени тиштейсиң?-деп сурады балык.

-Мен байкоосуздан эле-деп жооп берди жылан.

Бир аз сүзгөндөн кийин элежылан балыкты дагы бир жолу тиштеди.

-Эжеке, сен эмне мени дагы деле тиштеп жатасың?-деди.

Менин ушундай жаман адатым бар,-деп жылан жооп берди.

-А сен билесиңби, менин да жаман адатым бар,-деп балык деңиздин тереңине чумкуду.

Жылан тумчугуп чөгуп кетти.

12. Эми сиздер чыгарманы угуп, окуп, жаратып жатып эмнени байкадыңыздар? ( талкуу)

Мына биз бошобой жаткан мезгилде балдарыбыз китеп окуп бер деп келсе,ушул ыкманы пайдаланып койсок болот экен.

Муну менен бала чыгармачылыкка жана катасыз жаза билүүгө (албетте сиз окуп,угуп көрүшүңүз керек) сиз менен убактысын бирге өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.

13.Эми биздин балдардын аяз атага жазган каттары бар, ар бириңиздер жаңы жылга балдарыңыздардын каалоо тилектерин орундатат деген ишеничтемин.

14.Алдыга максат коюу

-Бирге окуйбуз

-Көңүлдүү старт

-Жомок окуу убактысы

15.Күтүү дарагы

-Мен бүгүнкү сабактан эмнени ала алдым?

-Балаңыз үчүн китеп окууну же телефонду тандайт белеңиз?

-Дагы бир жолу чакырсак келесизби?

16. Үйгө тапшырма.

1.Балдардын сабак окуу бурчу (3-чейрекке карата уюшулсун фото отчет)

2.Балдар менен биргеликте үй бүлөлүк эрежени иштеп чыгуу

3.Аяз атага жазган каттын жообун жаңы жыл түнү орундатуу(балдарга арналган сюрприз менен)








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!