Саламатсыздарбы,урматтуу ата-энелер! Бүгүнкү сабагыбызга кош келиңиздер !
Жагымдуу маанай
Күтүү дарагы Бүгүнкү сабагыбызда эмнелер күтөт деп ойлойсуздар?
Бүркүт кандай куш?
Сабактын темасы: Балдарды тарбиялоонун өзгөчөлүгү.
Сабактын максаты: 1.Үй бүлөлүк китеп окуунун маанисин жана китеп окуунун адам баласына тийгизген таасири жөнүндө маалыматка ээ болушат . 2. Алган маалыматтарына таянып, ойлорун бөлүшүшөт, өз ойлорун толук айтууга көнүгүшөт 3.Топто иштөөгө, бири-бирин сыйлоого жана сабакка активдүү катышууга багыт алышат
Сиз кандай ата-энесиз?
1.Сиз баланы тарбиялоо жөнүндөгү газета-журналдарга чыккан материалдарга же телевизордогу программаларга кызыгып,издеп жүрүп көрөсүзбү.Бала тарбиялоо темасындагы китептерди убак-убагы менен окуйсузбу? ооба-2 кээде-1 жок-0
2.Балаңыз сиз күтпөгөн кылык-жоругун көрсөттү.Ушул учурда сиз анын жүрүш-турушу сиздин тарбияңыздын жыйынтыгы экендиги жөнүндө күмөндонөсүзбү? Ооба-2 кээде-1 жок-0
3.Бала тарбиялоодо жолдошуңуз экөөңүздөр бир пикирдесиздерби? ооба-2 кээде-1 жок-0
4.Эгерде кайсы бир жумушту жасап жатсаңыз ,бала сизге жардамдашууну сунуш кылса,ишиңиз кечигишине карабай,анын такыр токтолуп калбаганын эске алып,макул болосузбу? Ооба-2 кээде-1 жок-0
5.Качан гана,чындап зарыл болгон учурда гана тыюунун жана буйрук берүүнүн формаларын колдоносузбу? Ооба-2 кээде-1 жок-0
6.Баланы курчап турган чөйрө ага олуттуу таасир этээрин моюнга аласызбы ооба-2 кээде-1 жок-0
7.Баланын гармониялуу өсүп-өнүгүүсүнө физкультура жана спорттун мааниси зор экендигин билесизби ооба-2 кээде-1 жок-0
8.Балаңыздын бир нерсе жасатууда буйрук бербей сурана аласызбы? ооба-2 кээде-1 жок-0
9.Балаңыз жардам сурап кайрылса,»Менин убактым жок,ишимди аяктаганча күтө тур»,-деп айтып кутулууңуз өзүңүзгө да жагымсызбы? ооба-2 кээде-1 жок-0
10.Балаңыздын сабактарына жардам бересизби? ооба-2 кээде-1 жок-0
Жыйынтыгын чыгарабыз 6 баллдан аз болсо,баланы тарбиялоо жөнүндө сизде элес-булас түшүнүк бар.Бирок,бир нерсени баштоо эч качан кеч эмес деген накыл кепке таянып,бала тарбиялоо боюнча билимиңизди жакшыртууну создуктурбаңыз .
7 баллдан 14 баллга чейин.Сиз бала тарбиялоодо өтө олуттуу катачылык кетирбейсиз.Бирок,бул жаатта ойлонууңузга себеп бар.Келе жаткан дем алышты дос-жолдошуңуздан,башка көйгөйлөрдөн оолак болуп,толугу менен балдарыңызга арноодон баштаңыз.Ишениңиз,балдарыңыз бул үчүн сизди сөзсуз кубантат
15 баллдан көп.Куттуктайбыз! Сиз толук түрдө ата-энелик милдетиңизди аткарасыз.Ошентсе да,кээ бир маселелерди жакшыртуунун үстүндө дагы да иштеп койсоңуз аздык кылбайт
Лекция: Ата-энелик сүйүү боюнча маалымат
Балдардын өсүүсүнө 4 нерсе күчтүү таасир этери аныкталган. .Үй-бүлө 2.Массалык маалымат каражаттар (интернет,теле-радио,гезит) 3.Теңтуш достору,чөйрөсү 4. Мектеп
Демек,үй-бүлөнүн таасири 35%. Баары үй-бүлөдөн башталып,үй-бүлөгө көз каранды.Ошондуктан балдар үчүн эң кичине бирок эң күчтүү мектеп бул- үй-бүлө.
Ата-энелерге суроо 1. «Балага үйдөн тарбия, мектептен билим берилет» дегенди кандай түшүнөсүз? 2.Бала тарбиялоо менен, бала багуунун айырмасы кандай? 3. Атанын баласы үчүн алгачкы жакшылыгы кайсы деп билесиздер ? 4. Сиз балаңызды эркелетесизби ?
Эгерде баланын көңүлүн көтөрүп шыктантып турс- ал өзүнө ишенимдүү болгонго үйрөнөт.
Эгерде бала достук мамиле сүргөн үйдө жашаса жана өзүн керектүү сезсе-ал жакшы көрүү жана бардык нерсени сүйө билүү сезимине ээ болот.
Ата-энелерге суроо 1. Сиз китеп окуйсузбу ? 2. Акыркы жолу окуган китебиңиз кайсы? 3. Балаңызга качан китеп окуп бергенсиз
Чыгарма Балык менен жылан дос болуптур. -Сиңдим, - деди жылан балыкка- мени жонуңа мингизип, деңиз менен саякаттатчы. -Макул -деп жооп берди балык - Менин жонума отур, мен сени саякаттатып, биздин деңиз кандай экенин көрсөтөйүн Андан ары эмне болгонун сиздер жазып бериңиздер
Ата-энелерге суроо Эми сиздер чыгарманы угуп, окуп жатып, эмнени байкадыңыздар?
Балдарды тарбиялоодогу өзгөчөлүк
Күтүү дарагы 1.Бүгүнкү ата-энелер мектебинен сиздерге эмне маанилүү болду? 2.Эмнени өзүңүздөргө ала алдыңыздар? -Кийинки «Ата-энелер мектебинин» сабактарына келесизби ?
Үйгө тапшырма 1. Балдар менен биргеликте үй-бүлөлүк эрежени иштеп чыгуу
Сабакка активдүү катышып бергениңиздерге ыраазычылык билдирем! Саламатта болуңуздар!