«Астрономия» предмети боюнча тест.
Вариант 1.
1. “Астрономия” термини бизче эмне деген маанини билдирет?
А) “астрон”-жарык, “номос”-закон; Б) “астрон”–жарык чыгаруучу, “номос”-илим;
В) “астрон”-жарык чыгаруучу жылдыз, “номос”-закон.
2. Астрономиялык алгачкы эң жөнөкөй маалыматтар кайсыл өлкөдө жазып калтырылган?
А) Греция, Италия, Франция; Б) Вавилондо, Египетте, Кытайда;
В) Египетте, Грецияда, Италияда.
3. Телескопту эң биринчи ким канчанчы жылы ойлоп тапкан?
А) Улукбек 1425-ж; Б) Кеплер 1619-ж; В) Галилей 1609-ж.
4. Асманда канча топ жылдыз бар?
А) 31 Б) 88 В) 90
5. Жылдыздардын картасын түзүү үчүн?
А) жылдыздардын эсебин билүү керек; Б)экватордук системаны билүү керек; В) жылдыздардын координатасын билүү керек.
6. Кульминация деп эмнени айтабыз?
А) жарык чыгаруучулардын меридианы аркылуу өтүү кубулушу;
Б) ортоңку географиялык кеңдиктеринде батуучу жана чыгуучу жылдыздар;
В) асман телолоруна кирген жарыктанышты анализдөө.
7. Б.з.ч Александриялык астроном Созитен иштеп чыккан календардын аталышы?
А) Григориан; Б) Юлиан-Григориан; В) Юлиан
8. Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзгөн ?
А) Николай Коперник; Б) Галелео Галелей; В) Иогани Кеплер.
9. Ар бир планета күндөн тегерегинде эллипс боюнча айланат, ошол элипстин бир фокусунда күн турат. Бул Кеплердин канчанчы закону?
А) Биринчи закону; Б) Экинчи закону; В)үчүнчү закону.
10. Орто Азия илимпозу Бируни эмнени ачкан?
А) Жердин шар формасында экенин Б) Жердин радиусун В) Жердин массасын
11. Күн менен Жердин ортосундагы аралык канча ?
А) 750 млн.км Б) 330 млн.км В) 149 млн.км
12. Күндөгү эң негизги элемент
А) Суутек Б) Литий В) Гелий
13.Кызыл жылдыздын температурасы канча?
А) 30 К Б) 3000 К В) 30000 К
14. Күн системасында канча планета бар?
А) 3 Б) 9 В) 8
15. Жер тибиндеги планеталарды атагыла
А) Нептун, Плутон,Сатурун,Уран Б) Меркурий,Венера, Жер, Марс В) Юпитер,Сатурун, Уран,Нептун