СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аракечтик улутту жок кылат

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аракечтик улутту жок кылат»

АРАКЕЧТИК УЛУТТУ ЖОК КЫЛАТ
Сабактын максаты: а) Алкоголдук ичимдик боюнча окуучуларга түшүнүк берүү;
б) Окуучуларды спирттик ичимдиктерди ичүүгө каршы тарбиялоо, патриоттуулукка жана гумандуулукка үндөө.
Сабактын жабдылышы: Дубал газета, сүрөттөр, ватман, маркер, музыкалык жабдыктар ж.б.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу, "Жаныбарларды тандоо";
б) Түшүндүрүү (доклад окулат).
Алкоголизм - жашоонун принциптерине адептүү жүрүш-турушка, маданияттуулукка ылайык келбеген социалдык дарт. Ал үй-бүлөнүн турмушун бузуп, балдарды тарбиялоодо зыяндуу таасирин тийгизет. Алкоголго берилип кетүүнүн натыйжасында адамдарда оройлук, өзүмчүлдүк, моралдык шалаакылык күч алат. Мастар мыйзамды, коомдук тартипти бузушат.
Спирт ден-соолукту бузат, эркти бошоңдотуп, кесибинен ажыратат, тукумду бузуп, адамдык сапатын жоготууга жана кылмыш жасоого түртөт.
XXI кылымда жашай турган жаш муундар андан качууга тийиш. Аракечтер менен чылымчылар тубаса жаралышпайт. Алар өз учурунда эскертүү укпай, тамеки менен рюмкага сунулган колун өз убагында тартып койбогон адамдардан жаралат.
Аракечтик адамдардын көптөгөн органдарын бузуп, дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттарды пайда кылат. Ашказандын гастрит (язва) ооруларын жаратса, боордо цирроз оорусун пайда кылып, боордун көлөмүн кичирейтип, аны чүрүштүрүп катырат, бул - эң оор дарт. Спирт ичимдиктери бөйрөктөрдү иштен чыгарат. Жүрөктө ар кандай кысылма дарттардын жаралышына шарт түзөт. Айтор, спирт ичимдиги терс таасирин тийгизбеген орган жок. Алкоголдун курамындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат. Баш мээни атрофияга (көлөмү менен массасы кичирейет, функциясы начарлайт, алсызданат) учуратат.
Алсак, жүз грамм арак баш мээнин кыртышындагы жети миң беш жүз нерв клеткасын өлтүрөт. Баш мээнин ууланышы, анын бузулушу ар кандай нервоз жана психоз дарттарынын жаралышына, анын өнүгүшүнө алып келет.
Ошондуктан окуучулар, "Мен тамеки тартуу менен ичимдик ичүү сыяктуу жаман адатка эч качан жолобойм" деген бекем ишенимге келгиле! Ден соолугуңар менен өмүрүңөрдүн бактысы өз колуңарда экендигин унутпагыла!
Альбина:
Арак! Арак! Актыгына айланып,
Адам ичет шаттыгына байланып.
Арстан болуп, анан өтүп мышыкка,
Араң барат өз үйүнө сандалып.
Темирлан:
Көптөр көбөт албай сени теңине,
Көптөр жүрөт жутуп алып сөгүнүп.
Сен алп кылып, сен кутуртуп жатканың,
Кап, ошолор түшүнүшсө эмине.
Акжолтой:
Анда сени ичмек эмес адамдар,
Чыкмак эмес эки буттуу айбандар.
Болмок эмес абийиринен ажырап,
Ай талаада үйсүз-жайсыз калгандар.
Сен жоголсоң баары оңолот эле го,
Деген менде бүтпөгөн бир арман бар!
Касиет: Элеттин эң кичине дүкөнүнө кирсең, тирелип турган арактарды гана көрөсүң. Сатуучулар сооданы жүгүртүп турган бул товарды байма-бай ташып келип турушат. Өңгө товар өтпөсө да, арак өтөөрүн алар жакшы билишет. Бөтөлкөлөп албаса, стакандап куюшат. Акчасы азыр жок болсо карызга жазышат. Бүгүн болбосо эртең, аялын, балдарын ыйлатып туруп карызын төлөөрүнө ишенишет.
Арактын абройу азыр күч. Той-топур, келин алып, кыз бермей, куда тосуп, узатмай араксыз өтпөйт.
Баймухамед:
100 грамм!
Ноктосу жок, жиби жок,
Байлап алдың жүз грамм.
Көрүстөнгө, түрмөгө,
Айдап алдың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Көрүнгөндөн беш тыйын,
Сураттырдың жүз грамм.
Көлчүк менен саздарга
Сулаттырдың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Акча, сомун алдырып,
Иштетпедиң жүз грамм.
Ач калганда токочту,
Тиштетпедиң жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Катын менен баланы,
Каратпадың жүз грамм.
Акыл-эсти, абийирди,
Калтырбадың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Улукбек: Арак ичпегиле садага болоюндар! Эл журтка жаман көрүнүп каласыңар. Коңшу-колоңдор да, бир туугандан да ажырап каласыңар. Алдыңа жакшы конок келбей калат. Бир болбогон нерсе үчүн бүт жаман көрүнүп, абийириңди төгүп аласың.
: Бийик элем, пас кылдың,
Бир күндө төрт-беш жолу мас кылдың.
Төөнү туурап жаткызып,
Төрт аяктап бастырдың.
Татынакай үй турса,
Тоокканага жаткырдың.
Өзүмдү койдум карабай,
Чачымды койдум тарабай.
Ушунун баарын сен кылдың,
Энеңди урайын арак ай!

Мугалим: Улуу даанышман, акылман, ойчулар эмне дейт экен, кулак салып угалычы.
Айжаркын: Күзгү - адам жүзүн чагылдыргандай, мастык адамдын ички дүйнөсүн ачып көрсөтөт. (Эсхил)
Ырыскелди: Мастык - эң маданияттуу адамды да, бир заматта акмакка айландырат. (Жюл Верн).
Арген: Көп ичкен киши - бузук киши. (Л.Чосер).
Айгерим: Ичкилик - адамды каракчы жана ууруга айландырат. (К.Калтон)
Алмаш: Ичилген спирттик ичимдиктер, адамды айбан жана жырткычка айландырат. (Ф.Достоевский)
Жазгүл: Арак ак болгону менен адамды кызыл тумшук кара бет кылат.
(А.П.Чехов)
Ализа: Ичкиликтин башталышы - рюмка. Орто жерде каткырык, сүрөөн коштогон шаңдуу компания. Бүтүшү - психиатриялык оорукана же түрмө. (Джек Лондон).

Жеке номер: Арстанбекова Таазим.

Ак тилек
Ар үйдө ак-сакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанына жаркылдаган жары болсо.

Чоң эне суук сөздөн алыс болсо,
Чоң ата бардыгына калыс болсо.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулуңда уят менен намыс болсо.

Сезим: - Россияда бир жылдын ичинде эле сапатсыз арактан 60 миң адам мерт болгонун басма сөз каражаттары маалымдап чыгышты. Эгерде мамлекеттер аралык жаңжалда ушунча адам жоготууга учураса, анда аны эч тартынбай эле "согуш" деп атаса болор эле. Бир жылда 42 млн. литр арак, 35 млн. литр пиво сатылып жаткан Кыргызстандын шартында "Мындай согуштан" биз канча жоготууга дуушар болду экен, - деп Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерине кайрылдык.
Таалай: (ИИМдин кызматкери) Апендиникиндей суроо бересиңер да, азыр аракечтик анча актуалдуу маселе эмес, андан да тири шумдуктарын эсептеп бүтпөй жатабыз.
Зулайка: Арийне, ошол "тири шумдуктардын" жырткычтык менен киши өлтүрүүлөрдүн, каракчылык менен жол кырсыктарынын, зордуктоолор менен уурулуктун "заправщиги" арак болуп жатсачы? Сууга чөгүп, суукка тоңуп, бычак жеп, жок болуп жаткандардын түпкүлүгүндө масчылык турсачы? Миң эмес, миллиондогон литр өз өндүрүшүбүздөн чыккан, сырттан ташылып келип жаткан арактар жөн эле, кумга сиңип, арыктан агып кетип жаткан жок да! Беш миллион элди беш жүз жолу каптаган арак менен пивонун сели канчалык кесепет келтирип жатканына эмне үчүн көңүл буруп, маани бербей жатабыз?
Келгиле достор, "тири шумдуктардын" булагы болгон ичкиликтен алыс болуп, улутубуздун генофондун сактап калалы, келечекке туура кадам таштайлы!
Мугалим: Арак жөнүндө элибиздин арасында да макал-лакаптар айтылып жүрөт. Анда эмесе кезек элдик макал-лакаптарда.
Канат: Күйөөсүнүн ичкени - үйүнүн тең жарымы күйгөнү, аялынын ичкени - үйү бүтүн күйгөнү.
Эламан: Арак - акылмандын да мээсин чагат, балбанды да көтөрүп чабат.
Керезбек: Тамеки менен арак билинбей ден-соолукту алат.
Ислам: Бөтөлкө менен достошконуң акылың менен коштошконуң.
Жанат: Шарап кирсе ичине сыр катылбайт кишиде.
Алмаш: Мастык алты бактысыздыкка алып барат: муктаждык, жаңжал, оору, кадырсыздык, шерменделик жана акылсыздык.
Айгерим: Ким чексе тамеки же нас, ал адам өзүнө-өзү кас.
Ализа: Сел жерди жар кылат, ичкилик эрди кар кылат.
Мугалим: Бул темага кыргыздын акын жазуучулары да кайрылбай койгон эмес. Анда эмесе белгилүү акын, сатирик Мидин Алыбаевдин "Жинди суу" поэмасынан үзүндү.
Канат: Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан.
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.
Альбина:
Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Темирлан: Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал,
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Сезим: Адеп ичип жүргөндө,
Ойнотот түрдүү гүлдөргө,
Жашчылык ырын ырдатат,
Ай жарык сулуу түндөрдө,
Кез-кезде гана азыраак,
Башың коет зыңылдап.

Ислам: Бир күнү башты жазасың,
Пахмелдин даамын татасың.
Анан түгөнбөс пахмель башталат,
Баш ооруйт кайда качасың.

Айжаркын: Жолобой калат билгендер,
Алыстайт бирге жүргөндөр.
Бирок арактан өзүң качпайсың,
Жалгыздап сого баштайсың.

Ырыскелди: А дегенде ал ичкич,
Мекемеден куулат.
Кекиртектен кетти деп,
Бүт кыргызга угулат.

Зулайка: Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар, намыс,
Чоң касиет адамга.

Таалай: Буйрук эмес жолдоштор,
Силерге айткан өтүнүч.
Эсиңде болсун замандаш,
Ичкилик арты өкүнүч.


Хор: Арманы болот арактын,
Акыркысы балдар ай.
Ошондогу аттиңиң,
Бекер болот балдар ай!

Жаштык кезди бекерге,
Өткөрбөчү балдар ай.
Жүз граммды көңүл үчүн,
Көтөрбөчү балдар ай!



Аракечтик оорусунун пайда болушунун төрт себеби: 1. Биологиялык фактор. Адамдын денесиндеги кандын курамындагы алкоголь-дегидрогеназа жана дофамин, гидроксилаза ферменттеринин начар иштеши же бул ферменттердин жоктугу. Профессор Ждановдун изилдөөсү боюнча миңдеген жылдар бою жүзүмдүн ширесин ачытып ичип келген испан, грек, француз, грузин, армян сыяктуу улуттардын канында алкоголь-дегидрогеназа ферменти калктын 70-80 пайызында күчтүү болорун тастыктайт.

2. Адамдын ой жүгүртүүсүнө, акыл калчоосуна, тактап айтсак, психологиясына байланыштуу.

3. Социалдык фактор. Коомдо, эл ичинде болуп жаткан бардык окуялар, адамдын аң-сезимине, жүрүш-турушуна, үрп-адатына, маданиятына сөзсүз түрдө таасир калтырат 4. Руханий жакырчылык. Рух ачка болсо, ыйман да бөксө болот. Рух - бул кыргызча маанисинде адамдын «жаны».





































































Сабактын темасы: Адепсиздиктин акыры – кылмыш, Кылмыштын акыры – жаза.

Сабактын максаты: А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук
боюнча түшүнүк алышат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.
В) Тардия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракеттенишет.
Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу
Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.
Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сүрөттөр, маркер, кылмыштуулук боюнча буклет, макал-лакаптар жазылган листтер
Сабактын жүрүшү:

1. Саламдашуу: Саламатсыздарбы урматтуу мектебибизге келген коноктор, мугалимдер жана окуучулар. Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдүр арасындагы кылмыштуулук болуп жатат.
Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе жалпы эле жашы жете элек учур б.а өспүрүм курак-инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учур өтө тез өткөнүнө карабастан ар бир инсан андан аркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат.
Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп гезит- журналдардан окуп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз. Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип , чогу жеңсек.
Бүгүнкү тегерек столубузду ачык деп жарыялап , келген коноктор менен силерди таныштырып өтсөм.
Соц педагог: Бомурзаев А.
М.К.Т.И. уюштуруучу: Чиналиева Ж.
Ата-энелер комитети: Касымбекова А.
Кл. жетекчилер жана мугалимдер
Алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири -биринен айырмалап, түшүнүп алсак класстер түзүлдү.
-Адепсиздик деген эмне?
Бул коомдогу адеп ахлак нормаларын бузуу.
-Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык .ушактоо мазактоо,ыймансыздык оройлук, ач көздук көрө албасттык.
-Кылмыштуулук деген эмне? Бирөөгө зыян
келтирүү, Коомго туура эмес мамиледе болуу.
- Кандай сапаттар кирет?
Кылмыш
Уурулук
Рекетчилик
Баңгилик
Араккечтик
Чыгуу себептери ?
Кылмыштуулук, бекерчилик, бээбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр - чатактуу үй- бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан.
Рэкетчилик- англис тилинен которгондо зордук- зомбулук деп айтылат. Видео тасмадан өспүрүмдөрүн кылмыштуулукка тартылганын көрөлү.
Талкуулоо
Статистикалык маалыматтар берилди.
5. Окуучулар ушул элерден талкууну токтотуп, келген коноктордон талкууну сурап көрөлү. Себеби алар да ушундай өспүрүм курактан өтүшкөн.
- Сиздин оюңуз боюнча балдарын кантип адептүүлүккө
үйрөтүшкөн? (жомок, уламыш, каада- салт) Рахманова Г. (ата-эне)
Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштардын адепсиздиги эмнеден? Соц.педагог: Бомурзаев А. Адептүүлүккө балдарды мектеп тарбиялаш керекпи эле же ата- энеби?
Сапаттуу билим алуу кылмыштуулукту азайта алабы? Эргешова М.
- Кылмыштуулукту кандай жол менен азайтса болот? Соц.педагог: Бомурзаев А.
- Мектептеги рэкетчиликти түп тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү? Чиналиева Ж.
6. Мына ошентип тегерек столубуздун биринчи бөлүгү аяктады. Мындан жыйынтык чыгарсак кылмыштуулук: - чыр- чатактуу үй- бүлөдөн, максатсыз көчөгө чыгуудан, бекерчиликтен, кароосуз калган балдардан, социалдык абалы начар үй- бүлөдөн, кол телефондон, ДВД, дисктерден келип чыгат.
7. Музыкалык тыныгуу: Ичпечи апа.
8. Тегерек столубуздун экинчи бөлүгү.
Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы макал- лакаптарга бурмакчымын.
- Окуучулар кыска- нуска, кылып өз ойлоруңарды айтып чечмелеп кетесиңер.
Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да,
Төрдө туруп сый табар.
Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,
Төө үстүнөн ит кабар.
Өсөрубуз да, өчөрүбуз да тарбиядан.
Балдарга мээримибиз,бактылуу келечегибиз.
Майда кылмышты жазаласаң, чон, кылмыштын алдын аласын, Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү, макал- лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен. Мына ошолорду силерден уксак.
Бибинура: Жакшы киши ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Амалкөй былык сүйлөйт,
Адептүү сылык сүйлөйт.
Бекболсун: Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесин,.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесин.
Махир: Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир. Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир, Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
Нилуфар: Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.
9. Доскадагы сүрөттөр боюнча талкуулоо.
Азыр окуучулар алдынарга жандуу көрүнүш көрсөтүлөт. Эмнени
байкадыңар, бул кандай көрүнүш?
Катышуучулар: мугалим, окуучулар, энеси
Мугалим: Жавахир! Сага эмне болгон? Окууну таштап койдуң,
сабакка көңүл бурбайсын? Тур! Ата- энеңди ээрчитип кел.
Ушул күнү чоң класстын 2 окуучусу Жавахирди уруп, акча
талап кылат. үйүнө барып энесинен да сөз угат. Эки анжы ойдо калат- өмүр, өлүм. Мектепке соц. педагогко кайрылып, мектепти ийгиликтүү аяктап, жумушка орношот. Көп жыл мурун урган бала Жавахирден жумуш сурап кайрылат. Жавахир аяды, боору ооруду, колтуктап көтөрүп, ылайыктуу жумуш берет.

Жыйынтык: Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарсак ошондо гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти жеңебиз деген ойдомун. Ал эми коноктор силерге чоң рахмат. Келип катышып, акыл- насааттарыңыздарды айтып бергениңиздерге.
Каныкей: "Кыргызстан" ыры менен бүгүнкү маекти аяктайбыз.

Самара Аширова, Ала-Бука району Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими













Тема: Аракечтик улутту жок кылат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!