№ 6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Данисланова Арабү
Аналогия жана сүйлөм толуктоо боюнча тест. 11-класс
ийкемдүү: чоюн
А) акылдуу: телефон
Б) тунук: ботала
В) ылдам: таш бака
Г) бактылуу: кайгылуу
2. үч бурчтук: трапеция
А) тоголок: шар
Б) сан:эсеп
В) таш көмүр: мунай
Г) дарбаза: короо
3. коломто:чок
А) бурганак: кар
Б) алтын: кен
В) талаа:эгин
Г) меш: аптап
4. зоо: мөӊгү
А) чөл: кактус
Б) суу: балык
В) токой: арча
Г) кен: металл
5. кампа: товар
А) топ: жел
Б) кырман: дан
В) желин: сүт
Г) чака: суу
6. жалын: учкун
А) чилде: саратан
Б) ызгаар: аптап
В) суу: тамчы
Г) отун: чок
7. жасануу: майрам
А) боенуу: маскарапоз
Б) тарануу: кыз
В) коргонуу: аскер
Г) каткыруу: тамаша
8. тараза: өлчөө
А) музыка: угуу
Б) чийне: ташуу
В) тамак: сиӊирүү
Г) билим: өнүгүү
9. таалим: мугалим
А) асман: учкуч
Б) айдоо: айдоочу
В) операция: хирург
Г) тартип: милиция
10. окшош: униформа
А) кургак: гербарий
Б) көӊүлдүү: ыр
В) жапыз: үй
Г) муздак: лимонад
11. жыштык: калк
А) кир: кычкылтек
Б) ылдамдык: шамал
В) борпоӊ: топурак
Г) суюктук: суу
12. майып: тубаса
А) шекер: таттуу
Б) кар: муздак
В) дөӊгөлөк: тегерек
Г) туяк: ача
13. ширелүү: жемиш
А) кымбат: жемиш
Б) кычкыл: жемиш
В) сейрек: жемиш
Г) мөмө: жемиш
14. көө: казан
А) түтүн: мор
Б) кебер: чайнек
В) май: табак
Г) чара: дат
15. бий: театр
А) бий: искусство
Б) бий: ыргак
В) бий: балет
Г) бий: клуб
16. мөөр: мекеме
А) автоунаа: марка
Б) карта: оорукана
В) желек: өлкө
Г) окуучу: мектеп
17. самолет: керосин
А) калем сап: сыя
Б) радио: толкун
В) карышкыр: эт
Г) кайыӊ: кычкылтек
18. балдыз: кайнеже
А) таяке: жээн
Б) апа: таеже
В) кайни: кайнага
Г) келин: жеӊе
19. кеме: кайык
А) экскаватор: электромобиль
Б) самолет: вертолет
В) поезд: вагон
Г) автобус: такси
20. жылмаюу: каткыруу
А) шашуу: унутуу
Б) жүгүрүү: чуркоо
В) ойлонуу: санааркоо
Г) томолонуу: тоголонуу
21. Эмне үчүн биздин балдар мугалимге “агай”, “эжей” деп ______ .Себеби алар мугалимден ______ эмес, __________ күйгөн адамын көргүсү келет.
А) кайрылышат/ бир тууганын/ окутуучудай
Б) кайрылышпайт/ окутуучуну / бир тууганындай
В) кайрылышат/ окутуучуну/ бир тууганындай
Г) кайрылышпайт/ бир тууганын/ окутуучудай
22. Мырмачна аттуу жөргөмүштү кумурскадан айырмалоо ________ . себеби аны _____ өзгөчөлүгү - ________ жуп буту. Жөргөмүш ал буттарын башынан жогору карай созуу менен кумурскалардын мурутуна окшоштуруп алат.
А) өтө кыйын/ айырмалаган/ ашыкча
Б) өтө кыйын/ окшоштурган/ ашыкча
В) оӊой эле/ айырмалаган/ кем
Г) оӊой эле/ окшоштурган/ кем
23. Чиркей дароо эле ийнесин сайып кан _____, алгач алдыӊкы курч жаагы менен терини _______ алат. Бирок ийнесин сайганы адамга _______. Себеби ийнеси менен ___________.
А) сорот/ тешип/ сезилет/ канды бат соруп алат
Б) сорбойт/ уктатып/ билинбейт/ терини оорутуп тилет
В) сорот / ачып/ көрүнбөйт/ терини чоӊ тешип алат
Г) сорбойт/ тилип/ сезилбейт/ уктатуучу суюктук куят
24. Кичинесинен балдарды сабырдуулукка, мээнеткичтикке, каниеттүүлүккө, ток пейилдикке/ кайрымдуулукка үйрөтүшүбүз керек. Мындай сапатка ээ _____
балдар бирөөнүн эсебинен жашоого _________, ак мээнети менен, өзүнүн эмгеги менен ______.
А) болбогон/ барат/ жашоого көнөт
Б) болгон/ барбайт/ жашоого көнөт
В) болгон/ барат/ жашай албайт
Г) болбогон/ барбайт/ жашай албайт
25. Балдар, силер да агаларыӊардын “ат токууру” болуп, ар дайым __________.
А) аларга жардам бергиле
Б) аларды үлгү туткула
В) алардан үйрөнгүлө
Г) алардан кем калышпагыла
26. Ийгиликтин сыры – дайымкы аракеттерде. Сиз каалагандай ____ учурда дароо ____, тескерисинче, ______ улантуу керек. Кылаган аракетиӊизден, эртеби-кечпи, сөзсүз түрдө майнап чыгарына ишенишиӊиз керек.
А) болбой калган/ кыйын болуп кетпей/ кичи пейил болууну
Б) болгон / үмүттү үзүп салбай/ аракет кылууну
В) болгон/ кыйын болуп кетпей/ кичи пейил болууну
Г) болбой калган/ үмүттү үзүп салбай/ аракет кылууну
27. Жакшы жазуучу бардык тарабынан: акылы менен жан дүйнөсүнүн бардык көрүнүшүнөн кызыктуу. Ал биздин көӊүлүбүздү көркөм чыгармасынын _______ менен эле эмес, _______ бардык _______ менен да ________.
А) сапаттуулугу/ атүгүл/ сапаттуу чыгармалары/ бура алат
Б) тажатмалыгы/ жадагалса/ тажатуучу сөздөрү/ бура алат
В) тамашалуугу/ айрыкча/ күлкүлүү окуялары/ бура албайт
Г) тартуу күчү/ ошондой эле/ күнүмдүк ишмердиги/ бура алат
28. Витамин А нын ______ нерв ткандарынын өзгөрүүсү пайда болот. Мындай өзгөрүүлөр кыймыл-аракеттин координациясы жоготуусуна жана булчуӊдардын алсыздыгына алып келет. Ошондой эле бул витаминдин _____ тукумсуздук пайда болот, же болбосо тукум _________ болуп төрөлүшү мүмкүн.
А) жетишсиздигинен/ жетишсиздигинен/ алсыз
Б) жетишсиздигинен/ ашкерлигинен/ күчтүү
В) ашкерлигинен/ ашкерлигинен/ күчтүү
Г) ашкерлигинен/ жетишсиздигинен/ алсыз
29. Тилекке каршы, нанотехнология жаатындагы илимий изилдөөлөр азырынча _______ деӊгээлде гана болуп жатат, аларды ______ колдонуу бул он жылдыкта эмес, кийинки он жылыдыкта ишке ашары божомолдонууда. Биздин бизнесмендер мындай _______ долбоорлорго оӊой менен каражат жумшай беришпейт.
А) практикалык/ жашоодо/ шектүү
Б) теориялык/ практикада/ кымбат
В) лабораториялык / практикада/ кыска мөөнөттүү
Г) илимий/ лабораторияда/ жыйынтыксыз
30. “Боз чолок менен киши экен, болбосо Найман ит экен” деген ылакапты боз чологу менен Найманды _______ адамдар чыгарган. Ал эми башка жердеги эл бул ылакаптын эмнеликтен чыкканын ________. Ошондуктан ылакап баштагы таржымалы _______, элге _______ соӊ жалпыланып колдонулат.
А) тааныган/ биле албай/ менен бирге айтылып/ тараган
Б) тааныган/ билет/ билинбесе да/ айтылган
В) тааныбаган/ биле албайт/ билинбесе да/ тараган
Г) тааныбаган/ билет/ менен бирге айтылып/ айтылган