СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аналогия. Окшоштуктар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аналогия. Окшоштуктар»

ЖРТ сынагы – окуучунун билимин жана ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн текшерүүчү сынак. Тест окуучунун жатка билген билимин текшербейт, ал окуучунун түшүнө билүү шыктуулугун сынайт.

ЖРТде тилге тиешелүү үч бөлүм бар:

 Аналогиялар

 Текстти окуу жана түшүнүү

 Эне тилинин практикалык грамматикасы, сүйлөм толуктоо

Бул макалада аналогиялар тести, алардын түрлөрү менен иштөө боюнча илимий-теориялык жана практикалык негиздеги ойлор, сунуштар берилет.

Аналогия тууралуу жалпы түшүнүк. Аналогия грек тилиндеги analogos деген сөздөн алынып, окшоштук деген маанини туюндурат. Аналогияда окуучунун табигый мыйзам ченемдиктерди билүү, б.а. буюмдар, кубулуштар, сезимдер ж.б. нерселер арасындагы байланыштарды, тагыраак айтканда алардын окшоштуктарын, айырмачылыктарын, милдеттерин сандарын, иретин, курамын, өсүү-төмөндөө интенсивдүүлүктөрүн таба билүү шыктуулугун баалайт.

Аналогияларды туура табуу төмөндөгү негиздерге келип таянат:

1) Окуучунун логикалык ой жүгүртүү деңгээли: Арийне логика бардык адамдарда бар. Бирок ар бир адамдын логикалык ой жүгүртүүсү ар кандай. Бири тез ойлонуп, тез эсептей алса, экинчиси жайыраак болушу мүмкүн. Кандай болгон учурда да бул жөндөмдү машыгуу аркылуу арттырса болот.

2) Окуучунун сөз байлыгы: Албетте, сөздүн маанисин түшүнбөгөн адам канчалык логикасы күчтүү болсо да, берилген сөздөрдүн маанилерин түшүнмөйүн аналогиялар тестинин туура жообун таба албайт.

Аналогиялык байланыштын түрлөрү:

1. Антонимдик байланыш

2. Синонимдик байланыш

3. Бүтүн менен бөлүктүн катышы

4. Шайман жана ал аркылуу жасалган иш

5. Уста жана анын шайманы

6. Шайман жана аны менен кошо колдонулган буюм

7. Категория жана мисал

8. Себеп жана натыйжа

9. Түшүнүктөрдүн даражалары

10. Илим жана анын бөлүмдөрү ж.б.



Аналогиялар бөлүмүндө суроолор жана алардын жооптору эки сөздөн турат.

Узун : кыска

А) чоң : кичине

Б) семиз : кичине

В) чоң арык

Г) семиз : чоң

Бийик : жапыз

А) таза : кир

Б) кыска : чоң

В) тоголок : тегерек

Г) узун : кичине

Туура жооптор – А варианттары. Анткени суроолордогу эки сөз бири-бирине карама-каршы келген (антоним) сөздөр. А варианттарындагы сөздөр дагы дал ошол суроодогу сөздөрдөй байланышта болгондугу үчүн бул вариант туура.

Аналогия тестин чыгаруудагы кадамдар төмөндөгүдөй:

1) жуп сөздөрдүн ортосундагы байланышты туура табуу;

2) табылган байланышты варианттагы жуп сөздөрдөн дагы табуу.

Күжүрмөн : бекерчи

А) сулуу : кооз

Б) жакшы : кайдыгер

В) проблема : маселе

Г) ак : кара

Туура жооп – Г. Үлгү жуптагы байланыш – карама-каршылык.

Түлкү : күчүк

А) арстан : жолборс

Б) илбирс : мышык

В) уй : музоо

Г) төө : такай

Туура жооп – Г

Түлкү : ит

А) арстан : жолборс

Б) илбирс : мышык

В) уй : музоо

Г) төө : такый

Туура жооп – Б.

Аналогиялык байланыштын түрлөрү төмөнкүдөй:

1. Антонимдик байланыш. Антонимдик аналогиялардын түрлөрү

1.1. жуп сөздөрдүн экөө тең бир сөз түркүмүнөн турган аналогиялар

ысык : муздак

а) киреше : чыгаша

б) ачуу : жабуу

в) кир : таза +

г) аз : көп

ысык : муздак

а) ак : кара

б) узун : кыска

в) кир : таза +

г) алыс : жакын (булардын негизин АБА түздү) бул жерде жалпылыкты табуу керек.

1.2. жуп сөздөр антонимдик байланышта, бирок ар бири бөлөк-бөлөк сөз түркүмүнөн болгон аналогиялар

шыктуулук : жөндөмсүз

сулуулук : серт (мында шыктуу : жөндөмсүз деп экинчи сөздүн сөз түркүмүнө салсак жообу чыгат).

2. Синонимдик байланыш

2.1. жуп сөздөрдүн экөө тең бир сөз түркүмүнөн болгон аналогиялар

ат : ысым

А) көп : мол

Б) жолоочу : жүргүнчү

В) жоош : момун

Г) тез : бачым

Туура жооп – Б.

2.2. жуп сөздөр синонимдик байланышта, бирок ар бири бөлөк-бөлөк сөз түркүмүнөн болгон аналогиялар

кубаныч : көңүлдүү

а) тездик : шашкалаң

б) сабырдуулук : чыдамкай

в) чебердик : олдоксон

г) тыкандык : таза

туура жооп – Б. Сабырдуу – чыдамкай о.э. кубанычтуу – көңүлдүү – синонимдер. (башка жалпылык, башка байланыштар да болушу мүмкүн).

3. Бүтүн менен бөлүктүн катышы

Бүтүн менен бөлүктүн катышы – аналогиялардын маанилүү байланыш түрлөрүнүн бири. Бул байланышта эки сөздүн бирөө бүтүнү же толугу болуп, экинчиси биринчисинин бир бөлүгү же майдасы болуп эсептелет:

 Бак : бутак / велосипед : дөңгөлөк / дене : бут / мектеп : класс

Бүтүн менен бөлүктүн катышынын түрлөрү:

Бул байланыштын айрым өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп, анын түрлөрүн билүү өтө маанилүү.

1. Бүтүн зат жана анын бөлүнүшү. Бул жерде кандайдыр бир зат же башка бир абстракттуу түшүнүк баарына маалым болгон башка бир бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн.

2. Зат жана анын мүчөсү (бөлүгү). Бул байланышта көбүнесе жаныбарларды жана алардын мүчөлөрүн, б.а. аларга таандык болгон нерселерин мисал келтирсек болот. Бирок, албетте, башка жансыз буюмдар дагы бул түргө кирет.

3. Зат жана анын курамы. Мындай байланыш көп учурларда адамдар тарабынан жасалган кандайдыр бир затты жана аны жасоодо эмне колдонулгандыгын көрсөтөт.

 Бетон : цемент / нан : ун / жарма : талкан.

Бүтүн-бөлүк байланышынын бул түрү өз алдынча экиге бөлүнөт:

А) зат жана анын азыркы курамы: нан : күкүм / айсберг : муз

Б) зат жана анын баштапкы курамы: нан : ун / айсберг : суу.

Заттын азыркы курамы кандайдыр бир табигый же адам кылган бир процесстен өткөндө гана белгилүү болот.

поезд : вагон

а) там : дубал

б) боз үй : уук

в) буфет : текче

г) калем : сыя туура жооп – В. Анткени поезд вагондордон турса, буфет текчелерден турат. Бул даана бүтүн менен анын бөлүгүн билдирип турат. Ал эми там дубалдарга бөлүнбөйт, боз үй бир гана ууктардан турбайт, калем дагы сыяларга бөлүнбөйт.

4. Шайман жана ал аркылуу жасалган иш

Аналогиялардын негизги байланыштарынын дагы бир түрү – бул шаймандар жана алар аркылуу аткарылган иштер . “шайман” сөзү бул китепте адам баласы колдонгон бардык аспаптарды, куралдарды, жабдыктарды, электрондук приборлорду ж.б. техника түрлөрүн билдирүү үчүн колдонулду). Балка, балта, керки, кетмен, нивелир, барометр, термометр, калкулятор, калем, машина ж.б. Шаймандардын аткарган иштерине карата бөлүнүшү:

1. Эсептөөчү (жыйынтык чыгаруучу, өлчөөчү) шаймандар, алар адам баласы түзгөн кандайдыр бир шартта өзүнө тиешелүү милдетти аткарып, өлчөшөт, эсептешет. Калкулятор : эсептөө / барометр : ченөө.

Бул түрдүн байланышы өз алдынча төмөндөгүдөй бөлүнөт:

А) шайман жана ал жасаган же ал аркылуу жасалган кыймыл-аракет: термометр : өлчөө

Б) шайман жана ал эсептеген же ал аркылуу эсептелген нерселер: барометр : басым / калкулятор : сан / сызгыч : узундук / тараза : салмак.

В) шайман жана анын өлчөө бирдиги: тараза : грамм / сызгыч : сантиметр

Бул байланыштан дагы бир өзгөчө байланыш түрү чыгат. Бул – түшүнүк жана аны өлчөө бирдиги: салмак : грамм / узундук : метр / мөөнөт : ай.

2. Процессте (иштин жүрүшүндө) колдонулуучу шаймандар: бычак : кесүү / шибеге : тешүү / балка : кагуу / орок : оруу

Бул байланыш төмөндөгүдөй бөлүнөт:

А) шайман жана анын негизги милдети: бычак : кесүү / сызгыч : ченөө

Б) шайман жана анын кошумча милдети: бычак : тешүү / чызгыч : кыруу

Принтер : басуу

А) компьютер : ойноо

Б) калкулятор : эсептөө

В) саат : тагынуу

Г) калем чийүү Туура жооп – Б. Себеби бул жердеги байланыш төмөндөгүдөй: экөөндө тең аталган шаймандардын негизги милдеттери (функциялары) басуу жана эсептөө.

Басым : паскаль

А)тазалык : суу

Б) өмүр : убакыт

В) вольтметр : вольт

Г) курак : жаш. Туура жооп – Г.

Аналогиянын бул түрүнүн татаалдыгы ушунда шаймандар бардык предметтерде спецификасына жараша окутулат. Алсак, физикадагы өлчөөчү шаймандар, химиядагы ар кандай реакцияларды жүргүзүүчү лабораториялык шаймандар, математикалык ченөө шаймандары ж.б. алардын функциясын билүү, аталыштарын эске тутуу окуучулардан жогорку концентрацияны, коммуникабелдүүлүктү талап кылат. Бардык предметтерге тиешелүү терминдер, атоолор, сөздөр – булар окуучулардын лексикалык фонду. Демек, бир учурда кыргыз тилинен аналогия тестин тапшырууда окуучудан жалпы билим берүүчү багыттагы бардык предметтерди билүүсү талап кылынат.

5. Уста жана анын шайманы

Уста – бул өз ишин жакшы билген адис, чебер. Бирок бул жерде “уста” сөзү бардык кесип ээлерин, окуучуларды, студенттерди билдирүү үчүн колдонулду. Ал эми “шайман” сөзү бардык курал-аспаптарды жана о.э. устанын бир нерсе жасоодо колдонгон кандайдыр бир заттарын билдирүү үчүн колдонулду: жыгаччы, ашпоз, хирург, мугалим, окуучу, учкуч, айдоочу. Ар бир уста өз ишин аткарууда кандайдыр бир шаймандарды колдонот. Бири бир эле шайман менен иштесе, башкасы бир нече шайман колдонушу мүмкүн. Ошондуктан, аналогиялардын дагы бир маанилүү байланыш түрү – бул уста жана анын шайманы: хирург : скальпель / ашпоз : эт / учкуч : учак / окуучу : дептер сыяктуу.

Уста-шайман байланышынын түрлөрү:

1) Уста жана анын туруктуу шайманы

 Хирург : скальпель / жыгаччы : араа / аскер : мылтык.

2) Уста жана анын утурумдук шайманы:

 Ашпоз : эт / жыгаччы: жыгач / саркер : ок.

Жазуучу : калем

А) ырчы : үн

Б) мугалим окуучу

В) мергенчи : мылтык

Г) артист : роль. Туура жооп –В.

6. Шайман жана аны менен кошо колдонулуучу буюм

Иш процессинде колдонулган шаймандар сөзсүз түрдө башка бир заттар, буюмдар менен кошо колдонулат. Бул жерде же шайман кандайдыр бир затты жардамчы катары колдонот, же түз ошого

таасирин тийгизет. Бул байланышты “шайман-жардамчы зат” деп койсо болот. Мис., балка : мык / балта : отун / ийне : жип / жаа : жебе / мылтык :ок.

Шайман-жардамчы зат байланышынын түрлөрүн билүүдө шайман менен кошо колдонулган заттын максатын билүү өтө маанилүү.

1) шайман жана ага жардамчы катары колдонулган зат. Бул жерде жардамчы затсыз иш аткарылбайт. Бул байланышта көбүнчөсүн шаймандардын бир гана жардамчысы болот.

 Темене : жип / жаа : жебе / тапанча : ок / кулпу ачкыч / отвертка: буроо.

2) Шайман жана анын түздөн-түз таасирин тийгизе турчу зат. Бул байланыш шаймандын кандай ишке керек болгонун аныктайт. Т.а. шайман аркылуу башка бир заттын өзгөрүүгө учуроосу ушул байланыштын негизин түзөт. Бул жерде бир шайман бир нече затка таасирин тийгизиши мүмкүн.

 Балта : отун / ат тиш : зым / чалгы : чөп / кайчы : кагаз / бычак : эт.

Ар кайсы жердеги жашоонун шартына жараша айрым шаймандар өз максатынан тышкаркы максатта дагы колдонулушу мүмкүн. (кээде м., отвертка менен бир нерсени чукуу, тешүү үчүн колдонобуз).

 Балка : мык

А) ийне : жип

Б) араба : дөңгөлөк

В) уста : лом

Г) китеп : мукаба. Туура жооп –А.

Калем : кагаз

А) кнопка : телевизор

Б) ооз : тамак

В) үтүк : кездеме

Г) казык : жер. Туура жооп –В. Калем кагаздын бетине өзгөртүү киргизсе, үтүк да кездеменин бетин түздөө менен өзгөртөт.

Аналогияда мындан сырткары категория жана мисал байланышы бар, илим жана анын бөлүмдөрү: алсак, математика илимине: алгебра, геометрия, тригонометрия кирет, биология илимине: зоология, ботаника кирет.

Себеп жана натыйжа байланышына: ооруу : айыгуу, дарылануу : айыгуу ж.б. Түшүнүктөрдүн даражасы: күлүү : каткыруу, басуу : чуркоо, ж.б.

Жыйынтыктаганда кыргыз тилинен аналогия тестин жүргүзүүдө эки негизге таянуу зарыл. 1. Окуучунун логикалык ой жүгүртүү деңгээли жогору болушу керек. Деги эле ЖРТ эӊ мыкты окуган окуучунун деӊгээлине ылайыкталып түзүлөт. Албетте логика бардык адамдарда бар. Бирок ар бир адамдын логикалык ой жүгүртүү тездиги ар кандай, кандай болгон учурда да бул жөндөмдү машыгуу аркылуу арттырса болот. 2. Окуучунун сөз байлыгы кенен болушу абзел. Албетте, сөздүн маанисин түшүнбөгөн адам канчалык логикасы күчтүү болсо да, берилген сөздөрдүн маанилерин түшүнмөйүн аналогиялар тестинин туура жообун таба албайт. Демек, жалпы коомчулук: окуучу, ата-эне, мугалим келечекке кайдыгер карабашы керек.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!