СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алп жазуучу-Ч. Айтматов!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч. Айтматов жана чыгармалары жонундо маалымат алышат.

Просмотр содержимого документа
«Алп жазуучу-Ч. Айтматов!»



Бекитемин _______________________

Мек. директору Шооруков Ж.





№5 гимназия мектебинде 31-январь куну боло турган «Жаш мугалимдер мектеби» аттуу семинарда отуло турган ачык, тарбиялык сааттын иштелмеси.

Темасы: Аалам алпы – Чынгыз Айтматов!

(Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата адабий – музыкалык композиция)

Отуло турган класс: 8 – класс.

Мугалимдер: Рахманкулова Гулжамал;

Нурланбек кызы Аида.





























Сабактын темасы: Аалам алпы – Чынгыз Айтматов

Сабактын максаты:

а). Билим беруучулук: Окуучулар Ч. Айтматов жана анын чыгармалары жонундо маалыматтарга жетишуу менен биргеликте чыгармаларына композициялык талдоо жургузо алат. Идеялык, коркомдук озогун аныктайт;

б). Онуктуруучулук: Окуучулар корком окууга уйронот. Образга кирип, чыгармадагы кейипкердин образын ачып бере алат. Сынчыл ой жугуртууго, окуяны талдай билууго, оз оюн эркин, жеткиликтуу айтууга машыгып, соз байлыгын остурушо;

в). Тарбия беруучулук: Акылмандыкка, калыстыкка, боорукерликке, жасаган ишин талдай билууго тарбияланат.

Корсоткучтор:

Жогорку максаттарга жетти дейбиз. Эгерде окуучу…

а). Чыгармага компазициялык талдоо жургузо алса, Ч. Айтматов жана анын чыгармаларына талдоо жургузо алса…

б). Чыгармаларын талдоо аркылуу, чыгармадагы образдарды ача алса, сынчыл ой-жургуртуп, ар бир чыгармадагы окуяны эркин корком айта алса…

в). Ч. Айтматов жана чыгармалары аркылуу таасирленсе, жасаган ишин талдай билсе, калыс адамгерчиликтуу, сылык мамиледе болушса…

Сабактын методу: Интерактивдуу метод

Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы

Сабактын формасы: Адабий – музыкалык композиция

Сабактын жабдылышы: Ч. Айтматовдун портреттери, китептери, буклеттер, ар турдуу суроттор, слайд ж. б.













Сабактын журушу:

Ч. Айтматовго арналган ырлар

1-окуучу: Айтматовдун атын кимдер укпаган,

Чынгыз ким деп сурасанар уктаган.

Бобок дагы козун ачын ушалап,

«Ал залкар» - деп жооп берет тан калам.



2-окуучу : Элестеткин асмандагы буркутту,

Алп канаттуу шумкар эле кыргызга.

Кыргыз элин кыргыз кылып тааныткан,

Залкар деген ат берели кыргызга.



3-окуучу : Кулуктой куулондуруп тойго чапкан,

Кастарлап конулундо тумар таккан.

Топ жарган тообурчактын кашкасындай,

Чыныгы талант чыкты тоолуктардан.



4-окуучу: Ал деген аты Айтматов, аты Чынгыз,

Атына сыймыктанаар жалпы кыргыз.

Бек кысам эмгектерин кокурокко,

(хор) КУТ БОЛСУН 90 ЖАШ КУРАГЫНЫЗ!











1-алып баруучу: Саламатсыздарбы агай-эжейлер!

2-алып баруучу: Урматтуу бугунку кеченин катышуучулары жана окуучулар.

1-алып баруучу: Бугун бизде озгочо кун. Анткени кыргызды кыргыз кылып тааныткан аалам алпы – Чынгыз Айтматов 90 жашта.

2-алып баруучу: Туура айтасын. Кыргыздын корунуктуу бир жылдызы – Ч. Айтматов тируу болгондо 90 жашка толмок.

1-алып баруучу: Кыргыздын кырааны бул Чынгыз делет,

Кылымдар аты очпостон жашап келет.

Кыйыры бут ааламга конул бурган,

Кыргызга кыдыр даарып келген белек.

2-алып баруучу: Жайлоо туну коктон жылдыз жаркырап,

Озон ылдый, молтур cуулар шаркырап.

Чынгыз агай кыргыз жерин кыдырып,

Келе жатат Гулсаратын камчылап.

1-алып баруучу: Олбос – очпос из калтырган кылымга,

Улуу эле, залкар эле чынында, демекчи, кечебиздин башталышында Ч. Айтматовдун омуру жана чыгармачылык жолун баяндаган кыскача доклад менен баштасак.

2-алып баруучу: Туура болот. Анда докладды окуп беруу учун Кенеш кызы Расселге соз берсек.

















Доклад

Дуйного белгилуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов 1928-жылы Талас ороонундогу Шекер айылында туулган. Атасы Торокул корунуктуу партиялык кызматкер болгон. Сталиндик режим учурунда репрессияга учурап атылып кеткен. Анын соогу 1990-жылы табылып, ошол эле жылы «Ата-Бейитке» коюлган. Энеси Нагима билимдуу киши болгон, мугалим болуп иштеген. Чынгыз, адегенде Жамбылдагы зоотехникумду, анан Фрунзе шаарындагы айыл чарба институтун бутургон, кесиби боюнча – зоотехник. Корком адабиятка болгон Чынгыздын кызыгуусу эрте ойгонот адегенде котормо иштерин студент кезинде эле баштайт. 1952-жылдан тартып, Чынгыз Айтматов озунун оргиналдуу чыгармаларын жаратып, жарыялайт. Алар «Гезитчи Дзюйо», «Ашым» ангемелери «Кыргызстан» альманахына жарыяланат.

1953-1956-жылга чейин айылда зоотехник кызматында иштеп, 1956-1958-ж. ж. Москва шаарында СССР жазуучулар Союзунун М.Горкий атындагы адабият институтунун алдындагы жогорку курста окуйт. 1959-1960-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун органы болгон орус тилинде чыгуучу «Литературный Кыргызстан» журнал-альманахынын редактору болуп иштеп. Андан кийин беш жыл бою «Правда» газетасында атайын кабарчы болуп иштеди. 1986-жылга чейин Кыргызстан киноматографисттер союзунун башкармасынын торогасы болуп иштеп, 1986-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун 7-съездинде анын торогасы болуп шайланат. 1988-жылдан тартып ушул эле кызматы менен бирге «Иностранная литература» журналынын башкы редакторунун кызматында аткарат. 1963-жылы «Тоолор жана талаалардын» повесттери («Делбирим», «Жамийла», «Ботокоз булак», «Биринчи мугалим») жыйнагы учун Лениндик сыйлыкка, 1968-жылы «Гулсарат» повести учун Мамлекеттик сыйлыкка, 1976-жылы «Эрте келген турналар» повести учун Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына, 1977-жылы «Ак кеме» повести жана ал боюнча жазылган киносценарий учун экинчи жолу СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду. 1980-жылы «Дениз бойлой жорткон Ала добот» менен «Эрте келген турналар» повести учун Италиянын «Этрурия» аттуу адабий сыйлыгы ыйгарылды.

Кыргыз адабиятынын онугушундогу эмгегин баалап, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президимунун указы менен 1968-жылы Чынгыз Айтматовго Кыргыз ССРнин Эл жузуучусу деген ардак наам берилди. 1974-жылы Кыргыз ССРнин илимдер академиясына академик болуп шайланды.

1978-жылы Чынгыз Айтматовдун коп улуттуу совет адабиятынын онугушундогу эмгегин баалап, окмот менен партиябыз Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам берди. СССР Жогорку Советинин депутаты. Адабияттагы синирген эмгектери учун эки Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. 2008-жылы каза болгон.

1-алып баруучу: Кана достор айткылачы, улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун наамдары, алган сыйлыктары жонундо эмнелерди билесинер?

2-алып баруучу: Бул тууралуу даталарды суйлотпойлубу? Кандай дейсинер?

1-алып баруучу: Туура болот .

Даталар тууралуу окуучулар айтып беришет.







Алган сыйлык, наамдары

1988-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры.

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры.

1999-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени.

2000-жылы «Ойлор менен иштердин ыйыктыгы» ордени.

2003-жылы 20-кылымдын Кыргыз маданиятына жана руханиятына озгочо салым кошкондугу учун» алтын медалы

2004-жылы «КМШнын онугушуно кошкон салымы учун» алтын медалы

2005-жылы Эл аралык коомдук «Алтын Буркут» ордени

2006-жылы Турк дуйносуно кошкон салымы учун Эл Аралык Академиясынын «Вектор» алтын медалы

2008-жылы Эл Аралык «Турксой» сыйлыгы, дуйнолук кино оноруно кошкон салымы учун «Жибек жолу» кинофестивалынын «Алтын Каракоз» сыйлыгы менен сыйланат





1-алып баруучу: Бир кылымда торолсо, бирден Чынгыз,

Бийик болмок мындан да биздин кыргыз.

Кылым сургон кыргыздын арасынан, Жарык жанган, жалгыз сен -Чолпон жылдыз.

2-алып баруучу: Ч. Айтматовдун созуно жазылган обондуу ырга конул болсок. «Ысык-Колду сагынуу» 5,52сек (слайды менен)

Абдымамыт кызы Мирзаданын аткаруусунда

1-алып баруучу: Чынгыздын руху бай, тили да бай,

Ал жазат ойдогусун бут калтырбай

Аралашып кетсен эгер каармандарга Кол кармашып, же суйлошуп бараткандай.

2-алып баруучу: Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган корунушко конулунуздорду бурабыз.

1-алып баруучу: Биринчи мугалим

1924-жыл… Айылга узун бойлуу аскер шинель кийген жаш жигит келди. Ал айылды уймо-уй кыдырып, балдарды жыйнап, байдын жаман ашканасын ондоп-тузоп, озунун болгон билимин берип окута баштады.

Ал – биринчи мугалим Дуйшон эле.

2-алып баруучу: Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинен узунду

Дуйшон: - О, жене иш илгери! Мына, бул балдар болуп баарыбыз конокко келдик!

Женеси: - Келгиле…

Дуйшон: - Кана эмесе, бугун окуу башталат. Кызынар нече жашта?

  • Алтынай, жашын канчада?

Женеси: - Мунун жаш – пашын эмне кыласын?

  • Буга окшогон томаяк куу жетим эмес, нанды «нана» деп жургон аталуу – энелуу эркелер да окубай журот. Тээтиги ээрчиткен балдарынды эле кутуп ал, мында ишин болбосун.

Дуйшон: - Бул эмне дегениниз? Жетим деген кудайга жагыптырбы? Жетим кыздар окубасын деген закон бар бекен?

Женеси: - Закон-паконун менен ишим жок.

Дуйшон: - Байкап суйлонуз. Бул кыз сизге кереги жок болсо, кенеш окуматына керек! Жооп берип калып журбонуз.

Женеси: - Ой сен каяктагы чон элен? Багып жургон кызымды мен билемби же жеринен ооп тентип келген сен билесинби?

Агасы: - Эй катын! Сен качантан бери элди башкарып, билерман болуп кеткенсин. Коп суйлобой ишинди кыл. Айда Таштанбектин баласы, чатагынды кой, алып кет кызды мектебине, окутасынбы – чокутасынбы, айда чатагын керек эмес, алыс кет.

Женеси: Муну мектепке талтандатып коюп, сокуну ким жанчып, жаргылчакты ким тартат экен?!

Агасы: - Жап жаагынды калжырабай! Дегеним деген, айттым бутту!

1-алып баруучу: Ч.Айтматов «Бетме-бет» повестинде согуш мезгилинде эл кызыкчылыгынан оз кызыкчылыгын ойдо койгон, согуштан качып келип эч жерге батпаган качкындын образын жараттты.

2-алып баруучу: Анда эмесе «Бетме-бет» повестинен узунду.

1-алып баруучу: Улуу жазуучунун «Жамийла» повести жарык корору менен адабий коомчулуктун арасында rspee талаш тартыштарды жаратты. Француз окумуштуусу бул чыгарманы ото жогору баалап: «Жамийла» повести махабат жонундогу дуйнодогу эн сонун баян деп атады.

2-алып баруучу: «Жамийла» повестинен узунду

Жамийла

- Ай кичине бала, менин аттарым кайсы, бери! Камыттары кайсы эле?

- Оо, узунду –кыскалуу болгон кайрандар десе! Издешпей табышкансынарго!

- Болгула, урушта туруш жок, эртерээк салкында жоной берели!



2-алып баруучу: Согуш малы….. Кычыраган кыш мезгили. Темир аяз бети колду тызылдатат. Бирок кыштын cyугун, ызгаардуу илебин сезбестен , журогу алоолоп, от болуп куйуп куржунун мойнуна салып, келинин ээрчитип, темир жолдо ары – бери откон эшалондон козу отуп «уулум ушунда болуп журбосун» деп алпастап, шашып ар бир откон поезди узата карап кыйкырат.

«Саманчынын жолу» повестинен узунду

«Эне , ушул болуп журбосун! Кудай билет, ушул!» - деди Алиман, куржунду ийинине арта салып. Ал ошондо билип тургандай, эмне учундур купкуу болуп, бетинен канны качты. Менин да демим кыстыгып, журогум алып учту. Куйрук улаш эки паравоз чиркелип, тутун, буу кара чоюн, кызыл темир донголок куркуроп, шылкылдап ото берип, адагенде жайдак вагондордо чумколгон замбирек, танкилер жанындагы мылтыкчан кишилери менен козго урунуп, анан вагондордун эшигинде топтолгон солдаттар, кыяк, ыр соз кулака, козго илинбей алмашылып зуулдады. Колуна желекче кармаган кандайдыр бир темир жолчу, жугуруп келип: «Токтобойт! Токтобойт!» - деп, колун шилтеп бизди кокурокко турткулоп темир жолдон четтете берди эле ошол учурда «Апа-а! Алима-ан! деген кыйкырык жаныбыздан угула тушту. Майсалбек! Алда, айланып, согулуп кетейин баламай, бир колу менен вагондун туткасын карманып боюн сыртка таштап, тумагын булгалап коштошуп отуп бара жаткан экен. «Майсалбек!» - деп кыйкырганымды бир билем. Ошол чагылгандай оокумда Майсалбектин ону-тусу эн бир даана корунду: шинелинин этектери шамалга чамынып, чачы желпилдеп, жузундо, козундо окунуч да, суйунуч да, учурашуу да, коштошуу да!

Арылдаган шамал анын кыйкырыгын жула качып Майсалбектин ушул турун коз айырбай, ал алыстаган сайын поъезд менен кошо жарышып, эшалондун эн арткы вагону жанымдан ото чыкканда, артынан дагы жугуро тушуп, жуз томонумдон жыгылдым.

1-алып баруучу: алманы кокурогуно кыса кармап исабеков куч менен кызды карай кадам шилтеди. Кыз унчукпай жандап отуп кетти.

Анда эмесе «Кызыл алма» повестинен узунду



- Алманы кокурогуно кыса кармап Исабеков куч менен кызды карай кадам шилтеди. Кыз унчукпай жандап отуп кетти.

Исабеков: - Сизге мумкунбу?

Кыз: - Ыя? – деп кыз аялдай калып, аста кылчайды

- Мага бирдеме дединизби?

Исабеков: - Мен сизге … алма апкелдим эле

Кыз: - Алма? Алма болсо эмне экен? Мени омурумдо алма коро элек дединизби?

Исабеков: - Жок мен булл алманы алыстан таап…

Кыз: - Тапсаныз кантейин? Деги мага эмне жетеле демекчисиз, тушунбойм….



2-алып баруучу: Ч.Айтматов адам жана жаратылыш, адмдын ортосундагы карым-катыш байланыштарды «Ак кеме»повестинде зор чеберчилик менен суроттогон. «Ак кеме» повестинен узунду

Сен ага ишенбе, менин таятам андай эмес, алардай куу да эмес. Ошон учун баары куло берет. Экообузду мектепке жеткирип турат. Мектептин каерде экенин билбейсинго сен ээ алыс эмес бир куну корсотом. Кароолдун добосуно чыгып мектепти коробуз анан дагы дурбу салып Ак кеме коробуз. Торпокту откозуш менин мойнумда, аны карабай эле Ак кемеге кетип калам. Мени суйроп кетет, уйдун алдына барат да эмип коет. Эмген сайын эмчеги ийет дейсин, менин да эмгим келет. Гулжамалга айтыш керек уйду саап алыш керек. Саап буткондон кийин, торпокту откозушка барабыз, барганча кароол добого чыгып Ак кемеге дурбу салабыз. Биз дайым ушинтип дурбу экообуз суйлошобуз. Анан дагы эми сен мен дурбу учообуз болобуз.

1-алып баруучу: Курбулары келетат, озу жок. Султанмураттын конулу чокту. Бир дайынын билмейинче журогу ордуна келер эмес. Мына ошондо жалгыз келеткан Мырзагулду корду. «Эрте келген турналар» повестинен узундо





1-алып баруучу: Ч. Айтматовдун чынар теректей дупуйуп бутактанган чыгармаларында кыргыз элинин таалим –тарбия маданиятынын откону бугунку тагдыры , эртенки кун учун орнокторунун баары оз доорунун жандуу тили менен кереметтуу логикалык ыраат менен кенири масштабта баяндалат.

2-алып баруучу: Ч. Айтматов озунун баалуу, касиеттуу создору менен кыргыздын маданий, руханий ааламын аскадай бийикке которгон. Ч. Айтматов уулу Аскар жана аны менен курбалдаш кыргыз балдарына таалим иретинде жазган чыгармасы эчак Ала – Тоонун дабандарынан ашып, дуйнонун коптогон мектептеринин окуу программаларынан орун алып, балдар учун озун-озу онуктуруунун нускасы катары кызмат кылып калды.

1-алып баруучу: Кана эмесе урматтуу коноктор сиздер билесиздерби Ч. Айтматовдун чыгармаларынын ичиндеги биринчилерди?

2-алып баруучу: Сиздер менен биргеликте кластерди толтурсак.



Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы биринчилер



















Өз энесин жаа менен аткан биринчи маӊкурт Найман эне.

Эрте келген турналарды биринчи кѳргѳн – Анатай. «Эрте келген турналар»

Биринчи мугалим – Дүйшѳн. «Биринчи мугалим»

Биринчи тракторист – Субанкул. «Саманчынын жолу»

Денизге биринчи жолу балык уулоого чыккан – Криск. «Дениз бойлой жорткон Ала дѳбѳт»

Өз сүйгөнү менен биринчи жолу качып кеткен – Жамийла. «Жамийла»

Биринчи качкын – Ысмайыл. «Бетме бет»

Биринчи Долон ашуусун ашкан – Ильяс «Делбирим»

Биринчи академик аял – Алтынай «Биринчи мугалим»

Биринчи балык болуп Ак кемеге карай сузгон – бала «Ак кеме»

Биринчи наркомания жөнүндө жазылган чыгарма – «Кыямат»

Биринчи кайра жерди өздөштүрөм деген – Нурбек «Асма – Көпүрө»

Согуштан биринчи келген – Ашыралы. «Саманчынын жолу»

Душманды жок кылып өзүнө-өзү биринчи ок аткан - Чекист Сандро.



1-окуучу: Баары ыйлашты Манас эли олгондой,

Манас менен сизди кошо комгондой.

Аалам турду жымжырттыкка суз болуп,

Чыгармачыл кыяматты коргондой.





2-окуучу: Ишенишпейт окурмандар азыр да,

Кантип эле Айтматов жок ааламда.

Кун да болуп , ай да болуп, асманда,

Жаркыраган рухун бизге чачаарда.



3-окуучу: Чолпон жылдыз чыккан сайын элестеп,

Кутобуз биз бир кун сизди келет деп.

Саманчынын жолун сепкен ондонуп,

Майлуу – суттуу берекесин берет деп.

.

4-окуучу: Чыгармасы коп тилдерге суйлогон,

Адамдыкка, адилетке ундогон.

Христиан, будда жана мусулман,

Айтматовду кимдер гана суйбогон.

Хор: Канткенде адам уулу адам болот?

Эзелтеден чечилбеген улуу талаш

«Канткенде адам уулу адам болот?

Ураалап жоо кууса да улуу талаш,

Канткенде адам уулу адам болот?

Ажалга коз жумса да улуу талаш ,

Душманды кырып жоюп басканда да,

Душмандан жан соогалап кочкондо да,

Туболук чечилбеген улуу талаш-

Канткенде адам уулу адам болот?

Адамзат качан чечет, качан коет, -

Канткенде адам уулу адам болот?»



Алекс «Чынгыз кербени» 4,22сек

1-алып баруучу: Отуп жатат сизди эскеруу кунубуз ,

Чексиз эле озунузго суйуубуз.

Кыйкырсам да бут ааламга жар салып,

Аттин арман жетпейт сизге унубуз.

2-алып баруучу: Ушул жылы 90жашка толмоксуз,

Жакындардын сый – торундо болмоксуз.

Аткарам деп коздоп койгон иштердин,

Бир нечесин бутуруп да коймоксуз.

1-алып баруучу: Чынгыз Айтматов дуйнолук масштабдагы даанышман инсан. Чыгармалары 60 млн нускада чыгып, 170 улуттун тилине которулган. Мындай жазуучу кылымда бир келер кубулуш. Улуу жазуучубуздын чыгармаларын суйуп окуйлу.

2-алып баруучу: Ала – Тоодон ааламга ун салган улуу жазуучу ар дайым биз менен жана биздин журогубуздун тупкурунон орун алат.

Мугалимдер: Ушуну менен «Аалам алпы – Ч. Айтматов» аттуу адабий кечебиз сонуна келди

Катышып бергениниздер учун чон рахмат.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!