СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак калпак жонундо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул маалыматтар интернеттен алынды

Просмотр содержимого документа
«Ак калпак жонундо»

Ак калпак

Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат,ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы- от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек , ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл- эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз. Ырас, калпактын мазмунуна сиңирилген бул маанини мындай учкай ой менен чектеп коюуга болбойт жанаал өзүнчө терең чечмелөөнү талап кылган көрүнүш.

Эми калпактын түсү туюндуруп турган мааниге өтөлү. Кыргыздар уул баласы балакатка жеткенге чейин ага кыюсу “жашыл калпак” кийгизишкен. Мында болсо бала жаңыдан жаздын илебине багынган табияттын символун алып турат, б.а. мындай калпакты кийип турган кыргыз баласы жаңыдан жетилип келе жаткандыгын кишиге жашыл кыюусу аркылуу туюндуруп бере алган. Качан бала балагат жашына келгенде, анын ордуна кызыл менен бастырылган калпак алмаштырган. Бир караганда анча маанилүү көрүнбөгөн менен,чыныда, ал кыргыз арасында көп нерсени туюндуруп турган. Аны чечмелей келсек, кыргыз баласына бел куда же бешик куда болуп койбосо,мына ушул балагат жашына келген мезгилден тартып өзүнө жар издөө мүмкүнчүлүгү берилген. Өз айылында кыюусу кызыл калпак кийип жүрүү анча маанилүү болобосо да, башка айылга барганда,ал айылдын адамдарына,өзгөчө кыз качырып, жеңкетай жегиси келип турган жеңелерге ал көп нерсени түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, максаты бир жаштардын өз ара пикир алышуусуна кеңири шарт жараткан. Элестетип көрсөңүз, айылына кызыл кыюуланган калпак кийгенэки мырзанын келиши жүк бурчунда отурган кыздарды эмес, биринчи алардын жеңелерин толкундантып,алардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүп беришкен. Байкап карасаңыз, мындай калпак кийип, башка айылга келген мырзалар бир гана жеңелердин эле эмес, ал айылдагы бардык элдин сынынан өтүп, о.э.айыл ичиндеги ушак-айың менен кеңири талкууга алынууга аргасыз болгон. Тактап айтканда, кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ болушкан. Ал эми ал мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап “күйөө баштык” даярдап келип, ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кара кыюулуу “Ак калпак” кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, б.а. анын турмушу ак-карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган. Алган аялы каза болуп калбаса жана коомдогу абал өзгөрбөсө, мына ушул калпакты ал өмүрүнүн аягына чейин кийип өткөн. Эгер, кокусунан алган аялы каза болуп калса, анын жылдыгы өтүп,кайын журту макулдугун берген соң,ал ошол калпакты кийип, өзүнө экинчи жубай издеген. Ал эми, балдары чоңоюп эр жетип калган болсо, алар аталарына өздөрү айтып, атасын үйлөнтүүгө тийиш болгон. Мындай жесир калган адамды туюндуруп турган калпактын төрт талаасы ган кара менен бастырылган же кара кийизден жасалган.

Азыркы шартта калпактардын мындай мааниси көпчүлүк элдин эсинде сакталып калбагандыктан, аялынын бар же жок экендигине карабастан жөн гана жараштырып кийип жүрүшөт. Адамда социалдык турмуш дайыма эле бир калыпта боло бербейт эмеспи. Эгер, ал адмдын өз айылынын алдында же өз уруусунун ичинде кадыры жогорулап, эл башкарууга кудурети жетип калса, анда туугандары, уруулаштары ал кишиге эч кандай башка түсү болбогон аппак калпак кийгизишкен. Ошол калпагынын актыгына карап аны төрдү көздөй өткөрүп жиберишкен. Анткени, мындай калпак менен көп учурда уруу же урук арасындагы, бир ата менен экинчи атанын ортосундагы олуттуу маселелер чечилип келген. Экинчи, мындай калпакты акка моюн сунган, калыстыгынан жазбаган адамдарга да кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал эми уруу башчылары, бийлик ээлери карапайым калктан айырмаланып турган. Алардын эл алдында даражасын көтөрө билген, азыр биз “Бакай калпак” деп атаган калпакты,балким, формасы башкача болсо да,бийиктиги алыстан көрүнгөн, төбөсү шуңшуюп турган, бастырылбаган калпакты кийишкен. Ар бир манаптын же бийлик ээсинин канчалык даражасы бар экендигин калпактын кыюусуна сайылган оюу менен дал ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар, мончоктор айкындап көрсөткөн. Кыргыздар даражасын эле эмес,байлыгында салыштырышкан, ага терең маани берип, баалап турушкан.



Ак калпак.

Ак калпак кийип, ат минген кыргызымды сагындым

Ар дайым менден кат күткөн бир кызымды сагындым.(Мидин)

Бул ---Ала-тообузга символдош турган элдик баш кийим. Аны жасоодо, абал жүндү кылдап , саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат. Башка чакталып, калпактын төрт талаасы бычылат да, алардын ортолоруна “милте” коюлат. Калпактын “Айра калпак” деген түрү бар. Анын төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги “коюуланып”, төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат. Ал эим “тилик калпакта”төрт талаасы “кыюуланбайт”да. Ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат. “Туюк калпакта” жүн калпак түрүндө уютулат да, муну улам катуу басып, аны өбүлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топ-тоголок , этеги тегерек түргө келтирилет.

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына, Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы № 825 -6 токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Макалдар: 1. Калпакты жерге койбо

2. Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң.

3. Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың

Эң чоң калпак.

2016-жылы Кыргыз Түрк “Манас” университетинин студенттери бийиктиги 3м ге жакын калпакты жасашкан. Негизи бир калпакты жасоого 230гр кийиз кетет.

Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат,ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы- от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек , ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл- эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Бул ---Ала-тообузга символдош турган элдик баш кийим. Аны жасоодо, абал жүндү кылдап , саксагыраагын майдалап кыркып сабайт. Уютулган жүндү басып кургатып, кайра бышырган соң борду улам сээп, улам басып, кайра үбөлүктөп, кийизди катуу кылат. Башка чакталып, калпактын төрт талаасы бычылат да, алардын ортолоруна “милте” коюлат. Калпактын “Айра калпак” деген түрү бар. Анын төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги “коюуланып”, төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат. Ал эим “тилик калпакта”төрт талаасы “кыюуланбайт”да. Ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат. “Туюк калпакта” жүн калпак түрүндө уютулат да, муну улам катуу басып, аны өбүлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топ-тоголок , этеги тегерек түргө келтирилет.

Калпак-назик баш кийим. Анда шаң да, нарктуулук болгондуктан муну жасоодой эле кийүүдө да ардактай билүү талап кылынат. Баш кийим назиктикти , жеңилдикти, сыйдалыкты өзүнчө ич ара ширетип турат.

  1. Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,

Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

Кыргызым, ак калпак ак жоолугуң эч качан башыңдан түшпөсүн.



  1. Ак мөңгүсү ааламдан тынчтык тиреп

Ак чокулар даңкайып асмандан тиреп

Ала Тоодой аппак ак калпакты

Ак тилектүү ак пейилдүү кыргыз киет.



  1. Ак калпак кийген калкым бар,

  2. Калпактын бийик баркы бар.

  3. Ак калпак кийген мырзалар,

  4. Кыргыздан башка кимде бар.

  5. Ак калпак кийген калкым бар,

Калпактын бийик баркы бар.

Ак калпак кийген мырзалар,

Кыргыздан башка кимде бар.



  1. Калпактын бийик экенин,

Ала – тоодой барктап ал.

Калпактын ыйык экенин,

Азыртадан билип ал.



  1. Кымбат баркы кийимдердин түрүнөн

Кооздоп жасайт койдун ак жүнүнөн

Кылым бою кыргыз кийип башына

Канча жоолор жанталышкан сүрүнөн

Күлүп жайнап,күлүп тоскун жигиттер

Куттуу болсун ак калпактуу күнүңөр













































Ак калпак күнүнө сценарий

1.Кымбат баркы кийимдердин түрүнөн

Кооздоп жасайт койдун ак жүнүнөн

Кылым бою кыргыз кийип башына

Канча жоолор жанталышкан сүрүнөн

Күлүп жайнап,күлүп тоскун жигиттер

Куттуу болсун ак калпактуу күнүңөр,

демекчи урматтуу ак калпак кийген кыргымдын жигиттери селерди бүгүнкү ак калпак күнүңөр менен куттуктаймын. Анда азыр ак калпак кийген жигиттерди чакырып алсак.(Жөө жүрүш)

2.Линейканы ачып берүү үчүн сөздү мектептин директору Анаргүл Кожоновага берсек.

3.Калпактын бийик экенин,

Ала – тоодой барктап ал.

Калпактын ыйык экенин,

Азыртадан билип ал.,демекчи азыр ак калпак күнүнө карата жаштар уюмунун жетекчиси А.Ахматова доклад окуйт.

4. Ак калпак кийген калкым бар,

Калпактын бийик баркы бар.

Ак калпак кийген мырзалар,

Кыргыздан башка кимде бар, азыркы кезекте 6 “А” классынын аткаруусунда ыр.

  1. Ак калпак кийген калкым бар,

Калпактын бийик баркы бар.

Ак калпак кийген мырзалар,

Кыргыздан башка кимде бар. 5- “Б” окуучусунун аткаруусунда жеке номер.

6. Ак мөңгүсү ааламдан тынчтык тиреп

Ак чокулар даңкайып асмандан тиреп

Ала Тоодой аппак ак калпакты

Ак тилектүү ак пейилдүү кыргыз киет.8- “Б” классынын жигиттеринин аткаруусунда бий.

7. Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,

Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

Кыргызым, ак калпак ак жоолугуң эч качан башыңдан түшпөсүн.

Ак калпакчан жигиттерге суроолор берилет.

Макалдар: 1. Калпакты жерге койбо

2. Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң.

3. Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!