СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айтматовдун чыгармачылыгындагы стилдик өзгөчөлүктөр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чыңгыз Айтматовду биз реалисттик методдун жогорку бийиктигине чыккан, аны менен катар өзүнө таандык стилдик өзгөчөлүктөрү бар жазуучу деп билебиз.

Просмотр содержимого документа
«Айтматовдун чыгармачылыгындагы стилдик өзгөчөлүктөр»

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын стилдик өзгөчөлүктөрү

Көркөм адабиятта жана анын теориясында колдонулуучу терминдер абдан көп. Алардын ичинен стиль менен метод негизги орундарды ээлейт, себеби бул түшүнүктөр ар бир акын, жазуучуга тиешелүү.

Чыңгыз Айтматов жөнүндө сөз кылсак, аны биз реалисттик методдун жогорку бийиктигине чыккан, аны менен катар өзүнө таандык стилдик өзгөчөлүктөрү бар жазуучу деп билебиз.

Стиль сөзүнүн түпкү тарыхын карап көрө турган болсок, ал эң алгач Байыркы Римде пайда болгон. Римдиктер бир башы учтуу, экинчи башы күрөкчө түрүндөгү таякчаны «стиль» дешкен. Учтуу жагы менен чопонун үстүнө жазуу жазып, туура эмес болуп калса күрөкчөсү менен өчүрүшкөн. Бара-бара «стиль» деп ошол таякча менен жазган адамдын кол жазмасын атай башташкан. Азыркы мезгилде «стиль» сөзү адабиятта жазуучуга тиешелүү кайсы бир өзгөчөлүктү туюндурат. Ал чыгарманын бардык жагынан, тактап айтканда, образ түзүүдөн тарта тил чеберчилигине чейин байкалып турат. Ошол себептүү «стиль – бул мен» деген афоризм кеңири колдонулуп жүрөт. Мисалы, «Айтматовдун стили – бул Айтматов».

Ошентип, стиль деген бир адамдын мүнөзү экинчи адамга окшобогон сыңары эле, бир жазуучунун башка жазуучудан тема тандоо, образдарды шөкөттөө, тил маселеси боюнча өзгөчөлүктөрү болот. Ал жазуучунун басып өткөн турмуш жолу, жеке көз карашы, жеке адамдык тагдырынан, турмуштук тажрыйбасынан келип чыккан, бала кезинен калыптанган өзгөчөлүк болуп саналат.

Кыргыз элинин чыгаан уулу Чыңгыз Айтматов өткөн кылымдын 50-жылдарынын биринчи жарымында адабиятка аралашып, аз-аздан драматизм жана психологизм сыяктуу стилдик белгилери менен көрүнө баштаган. Бул өзгөчөлүккө XIX кылымда орус жана батыш адабиятынын ири өкүлдөрү ээ эле. Ч.Айтматов Жамбылда зооветтехникумда окуп жүргөндө улуу адабиятка кызыгып, китепканаларда түнөп калган да күндөрү болгонун өзү эскерген. Кийин айыл чарба институтунда билим ала баштаганда орус адабиятын жөн гана кызыгып окубастан, которууга өткөн.

Мына ушул дүйнөлүк адабияттын туундулары менен жакындан тааныштыгы жазуучунун 1956-жылы жазган «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» сыяктуу аңгемелеринен байкалат. Ал эми 1957-1958-жылдары жарык көргөн «Бетме-бет», «Жамийла» повесттери психологизмдин нагыз үлгүлөрү эсептелет. Бекеринен улуу Мухтар Ауэзов 1958-жылы “Жамийла” повестин Орто Азия адабиятындагы алгачкы психологиялык чыгарма” деп атаган эмес.

Айтматовдун элдик мифтерге, жомок-уламыштарга кызыгып, аларды өз чыгармаларынын сюжетине кошо билгендиги анын дагы бир өзгөчөлүгү катары эсептелет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!