АЙЛАНА ЖАНА ТЕГЕРЕК
АЙЛАНА ЖАНА АНДАГЫ КЕСИНДИЛЕР
Айлана - бул тегиздикте берилген чекиттен бирдей алыстыкта жаткан бардык чекиттердин көптүгү. Ал берилген чекит - айлананын борбору болот, демек айланадагы бардык чекиттер борборунан бирдей алыстыкта жатышат. Ал алыстык (аралык)- айлананын радиусу болот жана же тамгалары менен белгиленет. Айланадагы каалагандай эки чекитти туташтырган кесинди - хорда деп аталат. Айлананын борбору аркылуу өткөн хорда - диаметр деп аталат. Диаметр бардык хордалардын эң чоңу болот жана ал тамгасы менен белгиленет.
чекити борбор;
радиус;
хорда;
диаметр:
же
ТЕГИЗДИКТЕ ТҮЗ СЫЗЫК МЕНЕН АЙЛАНАНЫН ЖАНА ЭКИ АЙЛАНАНЫН ЖАЙЛАНЫШЫ
Түз сызык менен айлана эки жалпы чекитке ээ болушса, анда алар кесилишет деп аталат жана ал жалпы чекиттер - алардын кесилиш чекиттери болуп эсептелет.
Түз сызык менен айлана бир гана жалпы чекитке ээ болушса, анда алар жанышат деп аталат жана ал жалпы чекит - алардын жанышуу чекити болуп эсептелет. Айлана менен жанышкан туз сызык - жаныма деп аталат.
1- эреже:
Жанышуу чекити менен борборду туташтырган радиус жаныма туз сызыкка перпендикулярдуу болот:
2- эреже:
Эгерде радиус хорданы тең экиге бөлсө, анда ага перпендикулярдуу болот:
жана
Эки айлана эки жалпы чекитке ээ болушса, анда алар кесилишет деп аталат жана ал жалпы чекиттер - алардын кесилиш чекиттери болуп эсептелет.
Эки айлана бир гана жалпы чекитке ээ болушса, анда алар жанышат деп аталат жана ал жалпы чекит - алардын жанышуу чекити болуп эсептелет.
Мында 1- жана 2- айланалар жана чекиттеринде кесилишет, 2- жана 3-айланалар чекитинде сыртынан жанышат жана туз сызыгы да бул эки айлананы чекитинде жанып өтөт, ал эми 4- жана 5- айланалар чекитинде ичтен жанышат. Бул сүрөттөрдө төмөнкү формулалар орун алат:
жана
жана
АЙЛАНАДАГЫ БУРЧТАР ЖАНА ЖААНЫН БУРЧТУК ЧЕНИ
Жаа - бул айлананын каалагандай эки чекити менен чектелген бөлүгү жана деп белгиленет:
Борбордук бурч - бул чокусу айлананын борборунда болгон бурч, б.а. айлананын эки радиусунун арасындагы бурч.
Айланага ичтен сызылган бурч - бул чокусу айланада жаткан, ал эми жактары айлананы кесип өткөн бурч.
3 - эреже: Айланага ичтен сызылган бурч - өзүнө туура келүүчү борбордук бурчтун жарымына барабар:
4 - эреже: Бир эле жаага тирелген бардык айланага ичтен сызылган бурчтар барабар болушат:
5 - эреже: Диаметрге тирелген, б.а. жарым айланага тирелген айланага ичтен сызылган бурч- тик бурч болот:
6 - эреже: Чокусу айлананын сыртында жатып, ал эми жактары айлананы кесип өтүүчү бурч - ал бурчтун ичинде камалган чоң жаа менен кичине жаага тирелген борбордук бурчтардын айырмасынын жарымына барабар:
биссектриса
7- эреже: Айланага ичтен сызылган төрт бурчтуктун карама-каршы бурчтарынын суммасы 180°ка барабар, ал эми айланага сырттан сызылган төрт бурчтуктун карама-каршы жактарынын суммасы барабар:
Сүрөттө айлананын борбору болсо,
МИСАЛ:
ЧЫГАРУУ:
ЖООБУ:
АЙЛАНА ЖАНА ЖААНЫН УЗУНДУГУ
Каалагандай айлананын узундугунун өзүнүн диаметрине болгон катышы дайыма турактуу санына барабар. саны чексиз мезгилсиз ондук бөлчөк менен туюнтулат:
Мындан айлананын узундугунун формуласын алабыз:
жаасынын узундугу:
Эгерде радиусу болгон айлана түрүндөгү дөңгөлөк жолу толук айланууну жасаса, анда ал басып өткөн жол - ал айлананын узундугун ге көбөйткөнгө барабар:
ТЕГЕРЕК ЖАНА СЕКТОРДУН АЯНТЫ
Тегерек - бул айлана менен чектелген тегиздиктин бөлүгү.
Тегеректи чектеп турган айлананын борбору, радиусу, диаметри, хордасы - ал тегеректин борбору, радиусу, диаметри, хордасы болуп эсептелет.
Тегерек:
Айлана:
Сектор - бул тегеректин эки радиусу менен чектелген бөлүгү (төмөндөгү сүрөттө сызыкча түшүрүлгөн бөлүгү)
Сегмент - бул тегеректин хордасы менен чектелген бөлүгү (сүрөттө майда торчо түшүрүлгөн бөлүгү)
Тегеректин аянты: секторурунун аянты:
Сүрөттө диаметр, болсо, тегеректин аянты канча?
МИСАЛЫ:
ЧЫГАРУУ:
Формула боюнча:
ЖООБУ: