СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адепсиздик кылмыштуулукка алып барат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адепсиздиктин акыры-кылмыш,

Кылмыштын акыры- жаза

Просмотр содержимого документа
«Адепсиздик кылмыштуулукка алып барат»

К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби











Тема:  Адепсиздиктин акыры – кылмыш,

Кылмыштын акыры – жаза.























Социалдык педагог: Р.Касымбаева

Адепсиздик кылмыштуулукка алып барат

(тегерек стол)

Сабактын максаты: 

А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук
боюнча түшүнүк алышат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.
В) Тардия берүүчүлүк: Окуучулар бири-бирин уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракеттенишет.
Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу
Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.
Сабактын жабдылышы: Ватман, ноутбук, сүрөттөр, маркер, кылмыштуулук боюнча буклеттер, макал-лакаптар жазылган листтер
Сабактын жүрүшү:

1. Саламдашуу: Саламатсыздарбы, урматтуу мектебибизге келген коноктор, мугалимдер жана окуучулар. Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдүр арасындагы кылмыштуулук болуп жатат.
Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе жалпы эле жашы жете элек учур башкача айтканда өспүрүм курак-инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учур өтө тез өткөнүнө карабастан ар бир инсан андан аркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат.
Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп гезит- журналдардан окуп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз. Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип , чогу жеңсек.
Бүгүнкү тегерек столубузду ачык деп жарыялап , келген коноктор менен силерди таныштырып өтсөм.

Өспүрүмдөр менен иштөө инспектору: Кутуев Абаз
Класс жетекчилер бирикмесинин жетекчитси: Зикиралиева Загира

Уюштуруучу: Саалиева Адила
Ата-энелер комитети: Максудова Элнура
Класс жетекчилер жана мугалимдер
Алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири -биринен айырмалап, түшүнүп алсак класстер түзүлдү.
-Адепсиздик деген эмне?
Бул коомдогу адеп ахлак нормаларын бузуу.
-Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык . ушактоо мазактоо, ыймансыздык оройлук, ач көздук көрө албасттык.
-Кылмыштуулук деген эмне? Бирөөгө зыян келтирүү, коомго туура эмес мамиледе болуу.
— Кандай сапаттар кирет?
Кылмыш
Уурулук
Рекетчилик
Баңгилик
Араккечтик
Чыгуу себептери ?
Кылмыштуулук, бекерчилик, бээбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр — чатактуу үй- бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан.
Рэкетчилик- англис тилинен которгондо зордук- зомбулук деп айтылат. Видео тасмадан өспүрүмдөрүн кылмыштуулукка тартылганын көрөлү.
Талкуулоо
Статистикалык маалыматтар берилди.
2. Окуучулар ушул жерден талкууну токтотуп, келген коноктордун да ойлорун угуп көрөлү. Себеби алар да ушундай өспүрүм курактан өтүшкөн.
— Сиздин оюңуз боюнча балдарын кантип адептүүлүккө үйрөтүшкөн?

Ата-эне Мамбеталиева Бактыгүл: Жомок, уламыш, каада- салт менен тарбиялашкан. Бүгүнкү күндө ата-эненин тарбия бергенге убактысы жетпейт, балдар көзөмөлсүз жүрүшөт. Кол телефонду каалагандай пайдаланып, бош убактыларын натыйжасыз откорүп жатышат. Мындай өспүрүмдөр тарбияны кандай?, кайдан? алат деген сууроо туулат.
Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштардын адепсиздиги эмнеден?

Социалдык педагог Касымбаева Роза: Адептүүлүккө балдарды мектеп тарбиялаш керекпи эле же ата- энеби?
Сапаттуу билим алуу кылмыштуулукту азайта алабы?

Эргешова Махабат: Албетте азайтат.Себеби, кылмыштуулуктун көбү бош убакыттыы туура пайдаланбагандыктан жана ошондой эле начар окуган окуучулардан болот эмеспи.
— Кылмыштуулукту кандай жол менен азайтса болот?

Социалдык педагог Касымбаева Роза: Кылмыштуулукту азайтуу үчүн бош убакыттарды туура пайдаланууга үйрөтүш керек, ата-эне, мектеп, коомчулук менен өтө тыгыз байланыш болуш керек, көбүн эсе кружокторго балдарды тартуу керек.
— Мектептеги рэкетчиликти түп тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү? Чиналиева Жайнагүл: Мен мүмкүн деп ойлойм, себеби, рекетчилик үчүн мектептеги ар бир мугалим, ар бир ата-эне кайдыгер карабай күн сайын, керек болсо саат, мүнөт сайын көзөмөлгө алуу керек. Деги эле рекетчиликпи, суицидпи кылмыштуулуктун бардыгы эле келип акыры кайдыгерликке такалат. Ошондуктан, кайдыгерликти жоюшубуз керек.

3. Мына ошентип тегерек столубуздун биринчи бөлүгү аяктады. Мындан жыйынтык чыгарсак кылмыштуулук: — чыр- чатактуу үй- бүлөдөн, максатсыз көчөгө чыгуудан, бекерчиликтен, кароосуз калган балдардан, социалдык абалы начар үй- бүлөдөн, кол телефондон, ДВД, дисктерден келип чыгат.
4. Музыкалык тыныгуу: Ичпечи апа.
5. Тегерек столубуздун экинчи бөлүгү.
Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы макал- лакаптарга бурмакчымын.
— Окуучулар кыска- нуска, кылып өз ойлоруңарды айтып чечмелеп кетесиңер.
Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да,
Төрдө туруп сый табар.
Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,
Төө үстүнөн ит кабар.
Өсөрубуз да, өчөрүбуз да тарбиядан.
Балдарга мээримибиз,бактылуу келечегибиз.
Майда кылмышты жазаласаң, чон, кылмыштын алдын аласын, Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү, макал- лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен. Мына ошолорду силерден уксак.
Адеми: Жакшы киши ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Амалкөй былык сүйлөйт,
Адептүү сылык сүйлөйт.
Бекболсун: Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесин,.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесин.
Элнура: Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир. Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир, Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
Өмүрбек: Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.
6. Доскадагы сүрөттөр боюнча талкуулоо.
Азыр окуучулар алдынарга жандуу көрүнүш көрсөтүлөт. Эмнени
байкадыңар, бул кандай көрүнүш?
Катышуучулар: мугалим, окуучулар, энеси
Мугалим: Автандил! Сага эмне болгон? Окууну таштап койдуң,
сабакка көңүл бурбайсын? Тур! Ата- энеңди ээрчитип кел.
Ушул күнү чоң класстын 2 окуучусу Автандилди уруп, акча
талап кылат. үйүнө барып энесинен да сөз угат. Эки анжы ойдо калат- өмүр, өлүм. Мектепке соц. педагокко кайрылып, мектепти ийгиликтүү аяктап, жумушка орношот. Көп жыл мурун урган бала Автандилден жумуш сурап кайрылат. Автандил аяды, боору ооруду, колтуктап көтөрүп, ылайыктуу жумуш берет.

Жыйынтык: Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарсак ошондо гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти жеңебиз деген ойдомун. Ал эми коноктор силерге чоң рахмат. Келип катышып, акыл- насааттарыңыздарды айтып бергениңиздерге.
Бегимай: «Кыргызстан» ыры менен бүгүнкү маекти аяктайбыз




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!