СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам жана коом предмети.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

“Адам жана коом” предметинин мамлекеттик стандарты окутуунун жана тарбиялоонун жардамы менен заманбап коомдо конструктивдүү социалдык-саясий жана экономикалык ишмердүүлүккө жөндөмдүү, социалдык жактан өнүккөн инсанды калыптандыруу стратегиясын аныктайт. Студенттерде гуманисттик жана демократиялык баалуулуктардын, конструктивдүү социалдык жигердүүлүктүн жана жарандык маданиятынын калыптануусуна багытталган окуунун практикалык багытын күчөтүүнү көздөйт.

Просмотр содержимого документа
«Адам жана коом предмети.»



Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн Эл аралык технология жана билим берүү институту





Укук жана коомдук илимдер” кафедрасы



Адам жана коом предмети

боюнча окуу усулдук комплекс















даярдаган т.и.к. Г.Темиралиева





Өзгөн шаары – 2019-ж.


М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн Эл аралык технология жана билим берүү институнун миссиясы: Билим берүү программаларына тиешелүү тармактар үчүн ортокесиптик деңгээлдеги, рынок экономикасынын шарттарына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди тарбиялоо.

М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн Эл аралык технология жана билим берүү институнун максаты: Кыргыз Республикасынын тиешелүү тармактарында жана жеке мекеме-ишканаларында өз билимдерин пайдаланууга жөндөмдүү, эмгек рыногунун талаптарына жана калк менен иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыгын канааттандыра алган кадрларды даярдоо.

1.“Адам жана коом” предмети боюнча даярдалган окуу-усулдук колдонмонун аннотациясы

1.1. Орто кесиптик билим берүү программасындагы предметтин орду

Предметтин окуу-усулдук колдонмосу орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын негизинде иштелип чыкты. ОУК 050709-Башталгыч класстарды окутуу, 030505-Укук таануу жана 080106 Финансы, 080110 Экономика бухгалтердик эсеп адистиктеринин биринчи курстарына арналат.

“Адам жана коом” предметин окутууда практикалык сабактарды өткөрүү каралган. Предметтин окуу планы төмөндөгүдөй пландаштырылып окутулат. Бир окуу жылы ичинде предмет 1 модуль менен (бөлүк) менен өткөрүлүп, экзамен аркылуу жыйынтыкталат.

Курс

Семестр

Көлөмү

(саат менен)

Аудиториялык сааттар


Практикалык сабак

Жыйынтык

Экзамен

1

1

40

40

40

+









1.2. “Адам жана коом” предметин окуу-үйрөнүүнүн максаттары жана милдеттери

“Адам жана коом” предметинин мамлекеттик стандарты окутуунун жана тарбиялоонун жардамы менен заманбап коомдо конструктивдүү социалдык-саясий жана экономикалык ишмердүүлүккө жөндөмдүү, социалдык жактан өнүккөн инсанды калыптандыруу стратегиясын аныктайт. Студенттерде гуманисттик жана демократиялык баалуулуктардын, конструктивдүү социалдык жигердүүлүктүн жана жарандык маданиятынын калыптануусуна багытталган окуунун практикалык багытын күчөтүүнү көздөйт. Билим берүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын негизги ченемдик документтердин алкагында “Адам жана коом” предметинин талаптары жана студенттердин билиминин мамлекеттик милдеттүү минимумга карата талаптары аныкталат.

Адам жана коом предметин окутуунун негизги максаты – саясий укуктук, экономикалык жана маданий көрүнүштөр, процесстер жөнүндө билимдердин, жарандык компетенциялардын топтомуна ээ болуунун, социумга жана инсанга карата калыптанган адеп-ахлактык баалоо мамилесинин негизинде азыркы коомдо ыңгайлашууга жана натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү инсанды калыптандыруу болуп саналат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген гуманисттик жана демократиялык баалуулуктарды сактоого тарбиялоо, социалдык мамилелер жаатында типтүү маселелерди чечүүнүн, Кыргызстандын саясий, экономикалык жана маданий жашоосуна катышуунун позитивдүү социалдык тажрыйбасын калыптандыруу, орто кесиптик билим берүү системасында социалдык-экономикалык жана гуманитардык дисциплиналарды андан ары окуу үчүн жетиштүү болгон, коом туурасында билимдердин зарыл системасын өздөштүрүү максаты коюлат. Демократиялык, укуктук мамлекеттин коомдук турмушунун ар кыл чөйрөлөрүндө өз алдынча ишмердүүлүккө даяр болгон социалдык маанилүү инсандын калыптанышына жана өнүгүүсүнө өбөлгө болуу.

“Адам жана коом” предметинин стандарты Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдердин Мамлекеттик предметтин стандартынын негизинде түзүлгөн.

Адам жана коом предметинин милдеттери:

-Студентте курчап турган дүйнөнүн өзгөрмөлүү шарттарында ыңгайлаша билүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү компетенттүүлүктөрдү (билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү, иш-аракет программаларын, баалуулуктар жана мамилелер системаларын) калыптандыруу;

-Студенттерди маалыматтарды издөөгө жана өз алдынча түшүнүүгө кызыктыруу;

-Студенттерде сынчыл ой жүгүртүү, рефлексия көндүмдөрүн жана билдирүүлөрдүн тексттерин түшүнүүнү калыптандыруу;

-Студенттерде социалдык мейкиндикте өз алдынча багыт алуу жөндөмдүүлүгүн, социалдык өзгөрүүлөргө конструктивдүү реакциясын, жеке статустук позициясын табууну жана ага тийиштүү социалдык ролду аткаруу жөндөмдүүлүгүн жаратуу;

-Студенттерге адамзаттын азыркы глобалдык көйгөйлөрү, ошондой эле аларды чечүүнүн жолдору жана преспективалары жөнүндө билимдерди берүү;

-Гендердик ролдорду калыптандырууда тарыхый өзгөрүүлөрдү жана социалдык-саясий факторлорду түшүнүүсүн камтуу менен, табигый, социалдык өз ара иштешүүнүн принциптерин түшүндүрүү;

-Кыргызстандын экономикалык, укуктук жана саясий түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү;

-Коомдук жашоону уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн закон ченемдүүлүктөрүнүн мүнөзүн жана азыркы замандагы глобалдык маселелердин табиятын түшүнүү.

“Адам жана коом” предметинин баалуулук милдеттери:

-Студенттерге социалдык шарттарга жана социалдык көрүнүштөрдүн көп түрдүүлүгүнө кызыгууну көрсөтө алышат;

-Жашоону жана кесипти өз алдынча аныктоого жана жеке дараметин ишке ашырууга кызыгат жана ал жөндөмдөрүн өнүктүрөт;

-Чечим кабыл алууда курчап турган дүйнө жөнүндө билимдердин маанилүүлүгүн түшүнөт;

-Жеке, коомдук жана кесиптик ишмердүүлүктө билимдерин, көндүмдөрүн адекваттуу жана максатка ылайык колдонууга даяр;

-Практикада башка расалардын, диндердин, элдердин жана алардын маданияттардын өкүлдөрүнө карата толеранттуулукту көрсөтөт;

-Гендердик тең укуктуулуктун баалуулугун тааныйт жана коргойт;

-Ар бир адамдын, коомдук топтордун жана өлкөлөрдүн бири-бирине карата укуктарын гана эмес, милдеттерин да түшүнөт;

-Гуманистик жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды карманганын көрсөтөт.



2.Предметти окуп-үйрөнүүдө төмөндөгү предметтик, окутуучулук, студенттик компетенциялар1 калыптанат.

2.1.Предметтик компетенттүүлүктөр2. Адам жана коом предметинин максаттарына жана милдеттерине ылайык компетенттүүлүк мамиленин негизинде предметттик үч компетенттүүлүк бөлүп көрсөтүлөт. Алар:

  • Жарандык-укуктук;

  • Коомдук-саясий-экономикалык;

  • Социалдык-коммуникативдик.

Жарандык-укуктук:

  • Алдыдагы милдеттерге жана түзүлгөн жагдайларга жарандык-укуктук билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуу жана ыңгайлаштыруу, өзүнүн жарандык позициясын ээлөө жана жактоо. Ошол эле учурда адам укуктарын сыйлоо, маданият аралык толеранттуулук;

  • Өзүнүн жарандык демилгелерин ишке ашыруу;

  • Укук тартибин сактоого көмөктөшүү жана укуктук чечимдерди билимдүүлүк менен өз алдынча кабыл алуу.

Коомдук саясий-экономикалык:

-Коомдун социалдык-экономикалык жашоосуна байланыштуу жагдайларды, маалыматтарды өз алдынча баамдоо, коомдо кабыл алынган эрежелерге жана ченемдерге ылайык ыңгайлаштыруу;

-Коомдук жана экономикалык турмуштун ар түрдүү кырдаалдарында укуктун, экономикалык максатка ылайыктуулуктун, адептүүлүктүн, мораль жана этиканын позицияларына ылайык чечимдерди кабыл алуу;

-Командалык иштин алкагында коюлган максаттарды натыйжалуу чечүү жана маселелерден чыгуунун жолун табуу.

Социалдык-коммуникативдик:

-Реалдуу дүйнөгө баалуулук катары мамиле жасоо менен жеке максаттарды аныктоо, өзүнүн жеке жашоосунда аларды долбоорлоо жана ишке ашыруу;

-Жеке максаттарды жана умтулууларды башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен айкалыштыра билүү. Сый-урмат мамилени таануунун негизинде өз көз караштарын цивилизациялуу түрдө коргоо;

-Алынган маалыматтарды сынчыл баамдоо жөндөмдүүлүгүн иштеп чыгаруу;

-Командада иштөөгө жөндөмдүүлүк.

Окутуучунун компетенциясы:

Компетенттик билим берүүгө өтүү – билим берүү ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана формасын өзгөртүүнү талап кылат. Компетенттүү билим берүү окутуучудан студенттерде эмнени өнүктүрүш керек деген маселени түшүнүүнү да талап кылат. Ага карата окутуучу төмөндөгү компетенцияларга ээ болушу зарыл.

  • Окутуучунун билим берүү жана билгичтиктерди эффективдүү колдонуу;

  • Окутуучуда берилген тапшырманы аткарууну камсыз кылуучу сапаттардын арбын болушу;

  • Окутууну студенттердин керектөөлөрүнө, билим деңгээлине жараша пландаштыруу;

  • Окутуунун усулдарын жана ыкмаларын колдонуу компетенциясы.

Студенттердин компетенциясы

  • Өзүнүн интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн өтө жогорку деңгээлде өнүктүрүү;

  • Сынчыл ойлом (аналитикалык, синтездөө) көндүмдөрү;

  • Өмүр боюу окууга жөндөмдүүлүк;

  • Социалдык компетенцияда өзүнүн иштерин туура пландаштыра алуу;

  • Маалымат компетенциясында маалыматтык технологияларды өздөштүрүү жана маалыматтык баалоо жөндөмдүүлүгү;

  • Коммуникативдик компетенцияда топто иштей алуу, өзүн жана башкаларды түшүнүүгө аракет жасоо, орду менен сүйлөө, туура, так сүйлөө.


2.2.Күтүлүүчү натыйжалар

“Адам жана коом” предмети студенттерде предметтик жана базалык компетенциялардын калыптануусун көздөйт. Бул предметти окуунун натыйжасында студент:

-Инсандын калыптануусунун өзгөчөлүгүн, социалдаштыруунун негизги баскычтарын, коомдук мамилелер системасында социалдык статустарды жана инсандын социалдык ролун аныктоочу факторлорду;

-Татаал система катары коомдук базалык мүнөздөмөлөрүн, эң маанилүү социалдык институттардын жана механизмдердин өзгөчөлүктөрүн, алардын инсанга тийгизген таасирин;

-Социалдык ченемдердин, социалдык мамилелерди жөнгө салуунуныкмаларынын, социалдык санкциялардын топтомунун маанисин;

-Социалдык тутумчалардын (экономика, саясат, маданият) түзүлүшүнүн жана ишинин спецификасын;

-Дүйнөлүк коомдоштуктун жана глобалдаштыруу жараяндарынын мүнөздөмөлөрүн билип түшүнөт.

-Олуттуу белгилерди жана өнүгүүнүн закон ченемдүүлүктөрүн бөлүп кароо менен негизги социалдык обьектилерди сүрөттөөнү;

-Коом таанунун терминдерин жана түшүнүктөрүн реалдуу окулуучу социалдык көрүнүштөрдүн өзгөчөлүктөрү жана белгилери менен салыштырууну;

-Социалдык көрүнүштөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн себеп-натыйжалаш жана функционалдык байланыштарын түшүндүрүүнү;

-Ар кандай булактардан функционалдуу маанилүү маалыматты издөөнү;

-Иретсиз социалдык маалыматты системалаштырууну, талдоону жана жалпылоону, анда фактыларды жана пикирлерди, аргументтерди жана корутундуларды айырмалай билүүнү;

-Актуалдуу социалдык маселелер боюнча аргументтелген жеке көз карашын түзүүнү;

-Социалдык ченемдер, саясий максатка ылайыктуулук жана экономикалык рационалдуулук көз карашынан алганда адамдардын иш-аракеттерин баалоону аткара алат.

-Таанып-билүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, маалыматтарды сынчыл кабыл алуу;

-Кыргыз Республикасында болуп жаткан социалдык-саясий процесстерге карата жеке жана жарандык позицияларын аныктоону;

-Жеке социалдык иш-аракеттеринин жана конкреттүү жагдайларда аракетсиздигинин мүмкүн болгон кесепеттерин баалоону;

-Окуяларды жана адамдардын көз караштарын моралдык укуктук көз караштан баалоону;

-Жарандык жана жеке укуктарды жүзөгө ашыруу, коргоону;

-Өзүнүн жарандык милдеттерин түшүнүү менен аткарууну;

-Башка маданий баалуулуктардын, саясий ынанымдардын, жашоо образынын адамдары менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү алган билимин жана билгичтиктерин жеке ишинде жана күндөлүк турмушунда колдоно алат.


2.3.Студенттердин билимин баалоонун критерийлери


Критерийлер баалоонун нормаларын аныктоонун негизи болуп эсептелет. Баалоо күтүлүүчү жыйынтыкты берет жана студенттердин билим деңгээлин көтөрүүгө шарт түзөт. Ал эми студенттерге педагогикалык баа берүүдө биринчи кезекте студенттин дүйнөгө болгон социалдык мамилесин, азыркы маданият ченемдерине ылайык калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн инсандык сапаттарына баа берүүнү түшүнүү зарыл. Окутуу процессининин курамдык бөлүгү эсептелген баалоодо окутуучу тарабынан баалоодо ачыктык, дааналык, системалуулук болуш керек. Бул принциптерди пайдалануу менен студенттердин окуу жана таануу ишмердүүлүгүнүн калыптанышына шарттар жаралат. Баалоонун төмөндөгү:

-Тест (стандарттык, логикалык, суроолук, текшерүү, психологиялык, даталык тесттер);

-Сурамжылоо (жеке студенттин оозеки жана жазуу түрүндөгү пикиринин негизинде маалымат чогултуусу);

-Ишмердик картасы (кластер түзүү)

-Анкета алуу (социалдык же окуп-үйрөнүү багытындагы иликтөөдө колдонулуучу сурамжылоо);

-Баалоо баракчасы (бул окутуу процессинин ар кайсы жактарын: билимин жана ишмердикке катышуу деңгээлинин, көндүмдөрдүн калыптанышы) ж.б. формалары окутуудагы шарт, жагдайларга жана тапшырмалардын өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуучу тарабынан тандалып алынат.

-Сабактык балл (бүтүндөй сабактын жүрүшүндө студенттерге аткарган иштерине баа чыгаруу: оозеки сурамжылоодо башка студенттердин жигердүү катышуусу, жаңы материалды баяндоодо окутуучунун суроолоруна берген жоотору ж.б.у.с.)

-Үй тапшырмаларын текшерүү- студенттердин өз алдынчалуулук даражасы, окууга болгон мамилеси, окулуп жаткан материалдын өздөштүрүлүүсүнүн сапаты текшерилет.

-Текшерүү иштери – жеке айрым бир темаларды же окуу программасынын айрым бөлүмдөрүн окуп бүткөндөн кийин жазма же практикалык текшерүү иштери.

Баалоо критерийлерин окутуучулардын жана студенттердин так билиши, алардын буга бирдей мамиле жасалышы обьективдүү баалоонун камсыз болушуна алып келет. Мында студенттин өтүлгөн темалар боюнча толук маалыматтуулугу, жооптордун тууралыгы, ресурстардан пайдалануусу, аудитория менен байланышы, ой-жүгүртүүсүнүн ийкемдүүлүгү, окутуучунун жана студенттердин суроолоруна туура жооп берүү, кошумча булактардан пайдалана билүүсү, чечим кабыл алууга өз алдынчалуулук, аракетчилдик жана демилгелүүлүк, бардык тапшыромаларды туура логикалуу аткаргандыгы, убакытты туура пайдалан алгандыгы каралат.

Коллеждик деңгээлде:

“эң жакшы” баа студент теманы мыкты өздөштүрүп жана турмуш менен байланыштыра алса, кошумча материалдарды билсе, өз оюн аргументтүү далилдей алса жана иреттүү айта алса, өзүнө жана башкаларга суроолорду берип, талдай алса, интерпретациясын (өз түшүнүгүн) далилдеп бере алса коюлат.

“жакшы” баа материалды билип, бирок суроолорго толук, далилдүү жооп бере албаса коюлат. Жазган эмгектеринде үчкө чейин грамматикалык катасы болсо да бул баа коюлат.

“канааттандырарлык” баа системалуу алган билими жок, бирок аракеттенген жана өз позициясы бар, берилген тапщшырманы аткарат, бирок өз оюн толук далилдеп, өз сөзү менен айтып бере албаган пассивдүү студентке коюлат.

“начар” баа берилген тапшырманы жана сабак учурунда берилген ишти аткара албаган студентке коюлат.

Ошону менен катар модулдук текшерүү, баллдардын шкаласы жүргүзүлөт. Модулдук текшерүү лекциянын материалдарын оозеки суроо (ар бир темага максималдуу 25 балл берилет), практикалык сааттар үчүн аткарган жазуу иштерин текшерүү (ар бир темага максималдуу баа 30 балл берилет) жана тест (модулдун жыйынтыгында максималдуу баа20 балл берилет) түрүндө өткөрүлөт. Модулдук текшерүү үчүн жетишүүнүн максималдуу көрсөткүчү 100 баллды түзөт.

Предметтин түзүлүшү бири-бирин уланткан жана толуктаган төмөндөгүдөй иштерден турат:

-Лекциялардын тексттери максаттар, натыйжалар, көрсөткүчтөр менен;

-Компетенцияларды калыптандырууга машыктыруучу көнүгүүлөр жана тапшырмалары;

-Предмет боюнча билимдерди текшерүү жана баалоо үчүн модуль суроолору;

-Кошумча жардам үчүн тиркемелер.


ПРЕДМЕТТИН ТЕМАЛАРЫ


Темалардын, модулдун жана суроолордун аталышы

Сааттардын саны


1-модуль


1.

№1-сабак. Сабактын темасы: Адам жана коом курсуна киришүү. Өзүн өзү таануу

Лекция планы.Негизги бөлүктөр жана суроолор:

1. Адам жана коом предметинин максаттары жана милдеттери.

2. Жарандык коом.

3. Инсандын өзүн өзү таануусу

Адабияттар: негизги (1,2,3).

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Адам жана коом предметинин максат, милдеттери


2

2.

№2-Сабак. Сабактын темасы: Адам, индивид, личность

Лекция планы: Негизги бөлүктөр жана суроолор

1. Адам - биологиялык жана социомаданий эволюциянын продуктысы

2. Индивид - адам баласына берилген жалпы мүнөздөмө

3. Инсан (личность) – социалдык сапаттарыды алып жүргөн коомдун активдүү мүчөсү

Адабияттар: негизги (1,3).

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы: Адам, индивид, личность жана алардын маанилери


2

3.

№3-Сабак. Сабактын темасы:Коом динамикалык система катары

Лекция планы:негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Коом түшүнүгүн аныктоо

2. Коомдун элементтери жана типтери

3. Коомдук мамилелер жана алардын сферасы

Адабияттар: негизги (1,2).

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы: Коом түшүнүгү жана коомдук мамилелердин сферасы


2

4.

№4-Сабак. Сабактын темасы: Дин. Диндин функциялары

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор:

1. Диндин маңызы

2. Диндин функциялары

3. Дүйнөлүк диндер

Адабияттар: негизги (1,3).Кошумча:(2)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Дин жана анын маңызы. Дүйнөлүк диндер.

2

5.

№5-Сабак.Сабактын темасы: Экономика жана анын адамдын жашоосундагы ролу

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор:

1. Экономика жөнүндө түшүнүк

2. Материалдык өндүрүш

3. Өндүрүштүк эмес тармактар

Адабияттар: негизги (1,2,3,5).

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Экономика. Өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес тармактар.

2

6.

№6-Сабак. Сабактын темасы: Экономикалык системанын типтери

Лекция планы:негизги бөлүктөр жана суроолор

1. Экономиканын традициялык тиби

2. Экономиканын командалык-административдик тиби

3. Экономиканын рыноктук жана аралаш типтери

Адабияттар: негизги (1,2,3,5).

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Экономикалык системанын типтерин талдоо

2

7.

№7-Сабак. Сабактын темасы: Мамлекет жана экономика

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Рыноктук механизм жана мамлекеттик жөнгө салуу (регулировкалоо)

2. Мамлекеттик бюджет

3. Салыктык саясат

Адабияттар: негизги (1,3,4,5).

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Мамлекет менен экономиканын өз ара байланышы

2

8.

№8-Сабак. Сабактын темасы: Коомдун саясий сферасы

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор.

1. Саясат

2 Саясий бийлик .

3. Саясий сфера

Адабияттар: негизги (1,2, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Коомдун саясий сферасы. Коомдун саясатка тийгизген таасири


2

9.

№9-Сабак. Сабактын темасы: Мамлекет жана анын негизги белгилери

Лекция планы:негизги бөлүктөр жана суроолор

1. Мамлекет

2. Мамлекеттин функциялары

3. Мамлекеттин механизминин негизги элементтер

4. Мамлекеттик түзүлүштүн эки формасы

Адабияттар: негизги (1,2, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:мамлекеттин негизги белгилери жана алардын мааниси

2

10.

№-10-Сабак. Сабактын темасы: КРнын мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1. Кыргыз Республикасынын түзүлүшү

2. Мыйзам чыгаруу бийлиги

3. Аткаруу бийлиги

4. Сот бийлиги

Адабияттар: негизги (1,2, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Кыргыз Республикасынын бийлик бутактары

2

11.

№11-Сабак. Сабактын темасы: Коомдун социалдык структурасы

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор.

1. Коом анын түзүлүшү

2. Социалдык топтор

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Коомдун социалдык структурасынын түзүлүшү

2

12.

№12-Сабак. Сабактын темасы: Инсандын эң маанилүү укуктары

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор.

1.Адам укуктары концепсиясынын жаралышы, өнүгүшү жана азыркы мезгилдеги абалы

2.Адамдын жана жарандын конституциялык-укуктук мартабасы

3.Адам укуктары менен эркиндигинин кепилдиги

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Инсандын эң маанилүү укуктарын чечмелөө, зарылдыгын аныктоо

2

13.

№13-Сабак. Сабактын темасы: Мамлекеттик саясий режимдер

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор.

1.Саясий режимдер жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүк

2.Антидемократиялык режимдер

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Мамлекеттик саясий режимдерди талдоо

2

14.

№14-Сабак. Сабактын темасы: Демократия

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор.

1.Демократия түшүгүнүн өзгөрүшү

2.Демократиянын мүнөздүү белгилери

3.Демократияга өтүү: үлгүлөрү, баскычтары, шарттары

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Ачык айкындуулук, демократияга мүнөздүү белгилер

2

15.

№15-Сабак. Сабактын темасы: Заманбап жашоодогу илим жана билим

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Коомдо илим менен билимдин мааниси жана ролу.

2.Кыргыз Республикасында илим-билимдин өнүгүшү

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Ааламдашууда илим менен билимдин зарылдыгы

2

16.

№16-Сабак. Сабактын темасы: Үй-бүлө жана коом

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Үй-бүлө баалуулуктары

2.Үй-бүлөнүн коомдогу ролу

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Үй-бүлө жана коом


2

17.

№17-Сабак. Сабактын темасы: Жарандык коомдун институттары

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Жарандык коом жана саясий бийлик, алардын өз ар иш-аракети

2.Жарандык коомду институтташтыруу өзгөчөлүктөрү

3.Азыркы Кыргызстандагы партиялар жана саясий кыймылдар жана алардын жарандык коомду түзүүдөгү мааниси

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:

2

18.

№18-Сабак. Сабактын темасы: Коомдогу адептик баалуулуктар

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Адептик баалуулуктар түшүнүгү

2.Намыс жана абийир

3.Гумандуулук

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Коомдогу адептик баалуулуктар

2

19.

№19-Сабак. Сабактын темасы: Жарандык активдүүлүк

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1.Жарандык жигердүүлүк түшүнүгү

2.Жарандык жигердүүлүктүн максаттары, түрлөрү, кепилдиктери жана шарттары

3.Жарандык жигердүүлүктү көрсөтүүнүн зарылдыгы

Адабияттар: негизги (1,6).кошумча (3)

Үй тапшырмасы:Жарандык активдүүлүк. КРнын жарандарынын активдүүлүгү


2

20

№20-Сабак. Сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын улуттар аралык мамилелеринин абалы

Лекция планы: негизги бөлүктөр жана суроолор

1. Кыргызстандын улуттук-этникалык курамы

2.Улуттар аралык мамилелердин абалы

3.Улуттук азчылыктардын укугун коргоо боюнча мамлекеттин саясаты

Адабияттар: негизги (1, 3).кошумча (3)

Өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн текшерүүчү суроолор:

Билимди текшерүү формалары (оозеки сурамжылоо)

Үй тапшырмасы:Улуттар аралык мамилелердин абалы анын мамлекет, эл үчүн болгон мааниси

2


Бардыгы:


40




Предметтин окуу-методикалык жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы


Сунушталган адабияттардын тизмеси:


Негизги адабияттар:

  1. Авт. Элебаева А.Б., Омаров Н.М., Аблезова М.К., Никифоров М.Ю., Марченко Л.Ю., Слесарев С.М., Воронина Е.А., Макаров А.В. /Жарантаануу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын окутуучулары үчүн окуу-усулдук курал./ Бишкек-2009.

  2. Под редакцией Л.Н.Боголюбова, А.Ю.Лазебниковой /Человек и общество Обществознание часть 1, часть 2./ Москва “Просвещение” 2007.

  3. Л.В.Ерушкина /Человек и общество. Конспект лекций/ -М. 2014.

  4. Куликов Л.М. /Экономикалык билимдердин негиздери. Окуу китеби/ М.1998.

  5. Түзүүчү: И.В.Маслова /Каржылык көз карандысыздыктын ачкычы Жумушчу дептер/ . Бишкек, 2016.

  6. Алишева А.Р. /Инсан жана укук 9-класстар үчүн окуу китеби./ Бишкек, 1998.

  7. Алишева А.Р. /Адам мамлекетте: Жалпы билим берүүчү орто мектептердин 10-класстары үчүн окуу китеби/ Бишкек, 2000.

Кошумча адабияттар:

  1. Боголюбов Л.Н., Городецкая Н.И. /Коом таануу. Жалпы билим берүү мекемелеринин 10-классы үчүн китеп: базалык деңгээл/ М., “Просвещение/ 2009.

  2. Боголюбов Л.Н., Городецкая Н.И. /Коом таануу. Жалпы билим берүү мекемелеринин 11-классы үчүн китеп: базалык деңгээл/ М., “Просвещение/ 2009.

  3. Л.Н.Боголюбов, А.И.Матвеева редакциясы алдында; Россия илимдер академиясы, Россиялык билим берүү академиясы М., “Просвещение”, 2010. /Коом таануу.9-класс:жалпы билим берүү мекемелери үчүн китеп/

  4. Бекембай Апыш /Тарбия жараяны/ Бишкек-2008.

  5. Саалаев Ө. /Мамлекет жана укук/ Бишкек-2007.

  6. Авторы-составители: Марченко Л.Ю., Дженкинс С, Данилевская Л.М., Абдулкасимова Г., Кубатбеков И., Сластникова Н.Г. Бишкек-2014. /Ресурсная книга для учителя по курсу Граждановедение для 9-11 классов/

  7. Автордук жамаат: В.С.Автономов, А.П.Кузнецов, А.А.Мицкевич, Т.П.Субботина, К.А.Шерам, В.С.Автномова, Т.П.Субботинанын редакциясы алдындагы окуу куралы /Дүйнө жана Россия: ой жүгүртүү жана дискуссиялар үчүн материалдар/ СПб.: Экономикалык мектеп, М.,1999.

Укуктук, ченемдик документтер:

  1. Балдар жөнүндө Кодекс 2012-ж. 10-июль КРнын №100 Мыйзамы

  2. Кыргыз Республикасынын мектептеринде предметтик билим берүүнүн Мамлекеттик стандарттары. – Бишкек, 2006.

  3. Кыргыз Республикасында орто билим берүүнүн Улуттук Алкактык укуррикулуму (долбоор). –Бишкек, 2009.

  4. КРнын Конституциясы

Интернет булактары:

  1. “Саяий система”, “Саясий сфера” Wikipedia. 21.10.2019.

  2. Баланын укуктары жөнүндө декларация 1959-ж. ky. m. Wikipedia. orq

  3. Баланын укуктары жөнүндө Конвенция 1989-ж. ky. m. Wikipedia. orq

  4. Адам укуктарынын жалпы декларациясы 1948-ж. ky. m. Wikipedia. orq


Көрсөтмө каражаттар

Өзгөн Эл аралык технология жана билим берүү институнун Укук жана коомдук илимдер кафедрасында предметти окуп үйрөнүүгө карата көрсөтмө, таркатма, дидактикалык материалдар бар. Мындан сырткары окутуунун программалык, техникалык, электрондук каражаттар бар. Алар:

-компьютердик жана мультимедиялык жабдыктар;

- видео-аудиовизуалдык окутуу каражаттары;

-дисциплинанын электрондук китептери;

Интернет-ресурстар ж.б.


Тема 1. Адам жана коом предметине киришүү. Өзүн өзү таануу.


План:

1. Адам жана коом предметинин максаттары жана милдеттери.

2. Жарандык коом.

3. Инсандын өзүн өзү таануусу


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: адам жана коом предметинин өтүлүшүнүн зарылдыгы, негизги максаттары тууралуу билишет.

  2. Тарбиялык: студенттер адам катары калыптанып, коомдо өздөрүнүн татыктуу ордун табууга тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттердин өзүн өзү баалоо сапаттары өнүгөт.


Негизги түшүнүктөр: Адам, коом, жарандык билим берүү, өзүн өзү таануу.



1. Адам жана коом предметинин максаттары жана милдеттери.

Кыргызстандагы жарандык билим берүү өзүнө саясий укуктук жана адеп-ахлактык билим берүүнүн элементтерин камтуу менен жарандардын саясий жана укуктук маданиятын жогорулатууга арналган. Жарандык билим берүү студенттердин коомдук активдүү аралашуусуна жана андагы маанилүү маселелерди чечүүгө катышуусуна жана алардын жөндөмдүүлүктөрү менен тажрыйбаларын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Студенттер мамлекет, коом, укук ж.б. тууралуу түшүнүгүн жогорулатуу менен коомдогу өз ордун таба билүү жөндөмдүктөрүнө ээ болушат.

Анткени студенттер Кыргызстан калкынын бир топ бөлүгүн түзөт. Дал мына ушул мезгилде инсандын турмушка көзү ачылып, бой жетет, анын укуктук жана саясий маданияты түзүлө баштайт. Жогорку жана орто окуу жайларындагы жарандык билим берүү азыр укуктук-саясий жана коомдук илимдер багытындагы укуктаануу, социалдык философия, саясат таануу, социология, маданият таануу ж.б.социалдык гуманитардык илимдердин ар кандай тармактары жайгашкан талааны элестетет. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн илим тармактары боюнча академиялык гана билимдер окутулат. Ал эми жарандык билим берүү саясий маданияты жогору, чыгармачыл күч-кубатка ээ, баарынан мурун демократиялык жүрүштөрдүн өзүндө катышуунун тажрыйбалык машыгууларына ээ болууга багытталган жаңы муундагы – бардыгынан кабардар жарандын калыптанышына жардам берет.

Жарандык билим берүү – бул адеп-ахлактык жарандык көз карашты, жарандык компоненттүүлүктү жана коомдук пайдалуу жарандык ишкердиктин тажрыйбасына ээ болууну калыптандыруучу шарттарды түзүүнү эске алган инсанды тарбиялоо жана окутуу тутуму болуп саналат. Жарандык билим берүүнү айрым бир илимдер аркылуу эле ишке ашырууга мүмкүн эмес. Накта жаран болуу күнүмдүк турмушта жарандык жүрүш-туруш талап кылынгшанда жана демократиялык жол-жоболорду колдонууну үйрөнгөндө гана ишке ашат.

Ошондой эле адам жана коом предметинин дагы бир негизги максаты студентти демократиялык коомдо жашаган, атайын билимдерге (укуктук, саясий, экономикалык), көнүгүүлөргө (сынчыл ой жүгүртүү, кызматташууну талдоого алуу), баалуулуктарга (адам укугун сыйлоо, сабырдуулук, келишүүчүлүк, кадыр-барк, жарандык аң-сезим) ээ, коомдук-саясий турмушка катышууну каалаган жаран катары тарбиялап өстүрүү болуп эсептелет.

Жаран таануу курсунун милдети окугандарда төмөндөгүдөй керектүү көнүгүүлөрдү калыптандыруу болуп саналат.

Алар:

  • Студенттердин өз жашоосунун жарандык, социалдык, укуктук жана саясий багыттарын билүүсүн;

  • Өлкөнү өнүктүрүүгө жарандардын жигердүү катышуусунун маанилүү экендигин;

  • Башка элдерди жана алардын маданияттарын үйрөнүүнүн жүрүшүндө алардын өкүлдөрү менен байланышууда жакшы мамилелерди, чыгармачыл күч-кубатты пайдалануу керектигин;

  • Адам укугуна жана социалдык жоопкерчилик концепциясына негизделген баалуулуктар тутумуна ылайык сынчыл жөндөмдүүлүктү жана адеп-ахлактык сезимди өстүрүү зарылдыгын;

  • Социалдык, саясий, укуктук, жана экономикалык чечимдерди кабыл алдыруучу коомдун социалдык турмушунун бардык деңгээлдеринде жүрүп жаткан жүрүштөрдү түшүнүү керектигин;

  • Бирөөнүн укук жана эркиндиктерине шек келтирбестен, өз укугун жана эркиндиктерин пайдалана билүү;

  • Бийликтегилер менен башка жарандар жана алардын бирикмелери менен сүйлөшө билүү жөндөмдүүлүгү;

  • Мамлекет жана коом алдындагы юридикалык, моралдык милдеттенмелерине, өзүңдүн тандаган чечимине жана кылган иштерине жоопкерчиликте болуу;

  • Социалдык чындыкка болгон сын мамиле, аны кайра түзүүгө болгон аракет кирет.

Жарандуулук - бул адам өзү таандык болгон жарандык жамааттын анын укуктарын жана кызыкчылыктарын ар кандай кол салуулардан коргоого жана сактоого даяр турган мамлекеттин, үй-бүлөнүн, диндик, кесиптик же дагы бир башка топтун алдындагы милдетин жана жоопкерчилигин сезе билүүчү адептик көз караш.

Конституцияда берилген демократиялык, укуктук мамлекетти куруу үчүн өлкөнүн ар бир жашоочусун жарандык аң-сезимдүүлүккө жана саясий активдүүлүккө тарбиялоо талап кылынат. Студенттердин жарандык көндүмдөрүн калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрү дагы жаралат. Ошондой эле алар мамлекетти башкаруунун формалары, мамлекеттик органдар, адам укуктары жана башкалар тууралуу кеңири түшүнүк алуулары керек. Ушул сыяктуу милдеттерди жарантаануу курсу ишке ашырат.

Жарандык коом – бул ар кандай ыктыярдуу уюшулган коомдук уюмдар жана бирикмелер аркылуу сунушталган укуктарында тең жана эркин жарандар менен мамлекеттин ортосундагы төз байланыш жана мамилелердин жыйындысы. Мамлекеттин кийлигишүү менен көзөмөлдөн эркин коомдук турмуш чөйрөсү.

Азыркы жарандык коом татаал түзүлүштүү. Ал жеке адамдардын ортосунда пайда болгон ар түрдүүлүктүн баарын чагылдыруучу ар кандай саясий, экономикалык, маданий, диний,укуктук, улуттук, кесиптик жана мамлекет менен болгон түздөн-түз башка мамилелерди камтып турат. Мында инсандын саясий жана экономикалык эркиндиктери, анын өзүн көрсөтүүгө жана өзүн ишке ашырууга болгон укуктары аткарылат. Ар түркүн уюумдар менен байланышта болгондуктан жеке адам көбүрөөк уюмдашкан бийликтин алдында жалгыз эмес. Башкаруу менен баш ийүүнүн тикелей байланыштары көбүрөөк болгон мамлекеттен айырмаланып, жарандык коомдо кызматташтык, атаандаштык, тилектештик өңдүү түз байланыштар басымдуулук кылат. Жарандык коомдун мүчөлөрү негизги укуктар менен эркиндиктерге ээ болууда бирдей деңгээлде болушат жана жеке турмушунда мамлекеттин кийлигишүүсүнөн корголушат. Мындай эркиндиктин көрсөткүчү катары материалдык жана интеллектуалдык менчикти эркин пайдаланууну көрсөтүүгө болот.

Адам биосоциалдык зат катары жаратылыштын жана коомдун бир бөлүгү эсептелет. Биологиялык зат катары адамда төрөлүү, өсүү, каруу жана өлүү процесстери жүрөт. Адам башка тирүү жандыктардын катарында өзүнүн акылы, эси менен айырмаланып өз алдынча ойлоно, кубана, каардана алат, чечим чыгара алат, татаал маселелерди чече алат. Адамдын өзүн таануу процесси өмүр боюу жүрөт. Адам коомдон бөлүнүп өзүнчө өнүгө албайт. Коомдун катышуусунда гана адамда туруктуу өнүгүү жүрөт. Адам окууга, эмгектенгенге, түрдүү кызыкчылыктарды жеке жана коомчулук менен бирге ишке ашырганга, татаал сезимдерди сезүүгө жөндөмдүү тирүү жан. Ар бир адам биологиялык жана социалдык-психологиялык кайталангыс касиеттерге ээ.

Өзүн-өзү таануу. Адамда мен деген түшүнүк эрте эле пайда болуп өнүгөт. Мисалы, жаңы төрөлгөн бала тили чыккандан баштап “мен өзүм жасайм” деп айтуу менен өз оюндагысын бербейт. Бул болсо анын өз алдынча кадам жасоого күчүм жетет дегенин билдирип турат. “Мен” деген түшүнүк адамдын башка адамдар менен болгон мамилесинин негизинде түзүлөт. “Мен” деген түшүнүк менен өзүн-өзү жогору сезүү, менменсинип бой көтөрүү, башкаларды шылдыңдоо сыпаттарынын кантип күчөп кеткенин кээде адам өзү байкабай да калышы мүмкүн. Айрым учурларда бул түшүнүк адамдын мүнөзүн болуп көрбөгөндөй өзгөртүп жиберет. Ошондуктан, адам ар дайым өзүнүн адамдык сапаттарынын үстүнөн ой жүгүртүп, кемчиликтерин оңдоого аракет кылып баруусу керек.

Өзүн-өзү таануунун бир нече эрежелери бар. Алар:

  • Адамдын өзүнө өзү сын көз менен кароого үйрөнүшү;

  • Адамдын өзүнүн жеке мүмкүнчүлүктөрүн билиши (эмнеге жөндөмдүү);

  • Адамдын өз акыл деңгээлин, билим деңгээлин аныктоосу;

  • Адамдын өзүнүн сапаттарын, кыял-жоругунун оң, терс жактарын билиши;

  • Түрдүү чөйрөдө өзүнүн ордун билиши ж.б.

Англиялык жазуучу-сатирик У.Теккерей: “Коом-бул күзгү, ал ар кимге анын өзүнүн сүрөтүн чагылдырып берет”, - деп айткан. Бул, адамдын өзүн-өзү таануусу, өзүн курчап турган адамдардын мамилеси менен аныкталат дегенди билдирет. Ал эми Ф.Милетский болсо “Адамга эң кыйыны-өзүн өзү таануу, эң жеңили-бирөөгө кеңеш берүү” деп айткан. Ал эми кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматов адам тууралуу “Адамга эң кыйыны күндө адам болуу” деп таамай айткан. Адам коомдо жашап жатып, айлана-чөйрөдөгүлөрдүн берген баасына жараша өзүнүн “мен” дегенине өзгөртүүлөрдү киргизүүсү абзел.

Билимди текшерүүгө карата суроолор:

  1. Адам жана коом предметин окутуудагы максаттар кайсылар?

  2. Жарандык коом деген эмне?

  3. Өзүн өзү таануу түшүнүгүн чечмелеп бер.

  4. Адамдын инсан катары жетилишиндеги коомдун тийгизген таасири кандай?

  5. Адамдын биосоциалдык зат экендигин чечмелегиле.

  6. Мен түшүнүгүнүн тегерегинде мисал келтиргиле.

Тема 2. Адам, индивид, инсан (личность).


План:


1. Адам - биологиялык жана социомаданий эволюциянын продуктысы

2. Индивид - адам баласына берилген жалпы мүнөздөмө

3. Инсан (личность) – социалдык сапаттарыды алып жүргөн коомдун активдүү мүчөсү



Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттердин адам анын өзгөчөлүктөрү, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүктөрү тереңдейт.

  2. Тарбиялык: студенттер өздөрүнүн инсандык сапаттарын калыптандырууга тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттерде сынчыл ойлор өнүгөт.


Негизги түшүнүктөр: Биологиялык организм, жекелик, инсан, биологиялык жана социалдык жандык.


Биологиялык организм катары адамды анатомия, физиология, биохимия илимдери изилдейт. Ал эми аны инсан катары психология, философия, социология, этика, педагогика илимдери изилдейт. Адамды үйрөнүүдө адам, индивид, жекелик, уникалдуулук деген түшүнүктөр колдонулат. Бул түшүнүктөр өз ичине адамды ар тараптан мисалы, биологиялык түзүлүшүн, акылын, речин, эмгектенүүгө жөндөмдүүлүгүн камтыйт.

Адам – жер шарындагы тирүү организмдердин ичинен эң жогорку тепкичте турган жан. Коомдук-экономикалык жана маданий ишмердүүлүктүн субьекти. Адам баласы өзүнүн акыл-эсинин натыйжасында эки буттап, түз басат. Адам алгачкы жамааттык коомдо эле жер-жемиштерди терип, аңчылыкка чыккан. От жакканды үйрөнүп, тамакты бышырып жегенди үйрөнүшкөн. Адамда сүйлөө процесси өнүккөн соң баарлашканды, сезимдерин билдирүүнү үйрөнгөн. Адам тубаса жөндөмдүүлүгүн арты менен жөнөкөй эмгек куралдарын жасоодон баштап, заманбап техникаларды ойлоп таап, космоско чейин жетти. Адам тынымсыз эмгектенүүнүн арты менен өсүп өнүктү.

Индивид – жаңы төрөлгөн бала интеллектин өнүгүшүнө негиз болоор мээ түзүлүшүнө, эмгек куралдарын колдонууга ылайыкталган колго жана башка генетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар анын мындай мүмкүнчүлүктөрү келечекте жаратылыш менен күрөшүүгө, психологиялык жактан жетилүүгө негиз болот. Ушул өзгөчөлүктөрү менен айбандардан айырмаланып турат. Наристедеги жогоруда саналган тукум куучулуктун натыйжасы болгон касиеттердин суммасы индивид деген түшүнүк аркылуу белгиленет. Индивид – кандайдыр бир социалдык группанын же биологиялык уруунун өкүлү болгон адам, сүт эмүүчүлөрдүн тобуна кирүүчү биологиялык жан. Андыктан башка сүт эмүүчүлөр катары эле төрөлөт. Биологиялык түр катары дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Окумуштуулар индивид түшүнүгүн адам түшүнүгү менен маанилеш, бирдей карашат. Индивид – личность индивидуалдуулук түшүнүктөрүнүн негизи. Ал биологиялык жан катары аң-сезимдүү түрдө курчап турган дүйнөнү үйрөнүү аны өз керектөөсүнө ылайык пайдалануу мүмүкүнчүлүктөрүнө ээ болушу менен макулуктардан айрымаланат. Коомдук чөйрө, эмгек адамды өзгөртүп түзүп, аны адамдык касиеттерге эегедер кылып, активдүү жанга айланат. Индивидге жаңы төрөлгөн бала, нормалдуу чоң адам, жинди, эч нерсени түшүнбөгөн кишилердин тобу кирет. Бирок бул адамдардын ичинен инсандык касиетке нормалдуу адам гана ээ боло алат. Бала жарыкка индивид болуп төрөлүп, андан соң инсанга айланат.

Индивидуалдуулук – адамды личносттук жактан мүнөздөөчү негизги белгилердин бирине кирет. Индивидуалдуулук – бир адамды экинчи адамдан айырмалай турган кайталангыс өзгөчөлүгүн көрсөтүүчү түшүнүк.Ага адамдагы самотикалык, психикалык ата-тегинен калган мурас катары өткөн жана коомдун таасиринде пайда болгон касиеттердин тобу кирет. Индивидуалдуулук темпераменттин, мүнөздүн касиеттеринде, кызыгууда, кабыл алууда, ишенимдүүлүктө жана интеллектте ачык көрүнөт.

Личность – латын тилинен алынып “персона” – антикалык актердун тагынган маскасы, көшөгө катары түшүндүрүлөт. Личность индивидге караганда тар түшүнүк. Ал адамдын калыптанышынын белгилүү бир этабында гана пайда болот. Личносттун калыптанышы көбүнчө социалдык чөйрөгө көз каранды болуп, индивидден коомдук ишмердиги жана коомдо ээлеген орду боюнча айырмаланат. Личносттун маани маңүызын философия, психология, ал эми индивидди физиология үйрөнөт. Личность – турмуштук көз карашы, жоопкерчилигин акырына чейин жеткирүү аракети бар, эркин чечим кабыл алуу мүмүкүнчүлүгүнө ээ болгон активдүү адам. Личность – аң-сезимди алып жүргөн жана дүйнөнү кайра түзүүнүн субьектиси болгон конкреттүү адам. Личность личность болуп төрөлбөйт, ал коомдук аракеттен жаралат.

Адам, личность, индивид үч түшүнүктүн ортосундагы окшоштук, айырмачылыктар жөнүндө түрдүү ойлор кездешет. Бул үч түшүнүк “индивид”, “адам”, жаратылыштык деп, ал эми “личность” жалаң социалдык деген маанилерге бөлүнөт. Ушул үч түшүнүк мааниси боюнча окшош, бирдей ал эми индивидди өзгөчө спецификалык касиетке ээ деген ойлор кездешет. Мисалы: А.Г.Ковалев личностту коомдук кийимдерди кийгизе турган манекен да эмес, пассивдүү да эмес, коомдук өнүгүүнүн активдүү ишмери катары карйт. А.Н.Леонтьев болсо өзүнүн “Иш-аракет, аңөсезим личность” деген эмгегинде личность түшүнүгү индивид түшүнүгүнө окшобойт. Личность – индивиддин коомдук таасиринде пайда болгон өзгөчө, жогорку сезимтал касиети экенин көрсөтөт. Верникенин ою боюнча байыркы (антикалык) доордо личность деген түшүнүктү билишкен эмес деп белгилейт. Алгач личность термини актер жамынган чүмбөттү, парданы, актердун өзүн, анын аткарган конкреттүү ролун туюндурган. Кийин бул термин коомдо жашоочу реалдуу адамга карата колдонулган. Акырында личность белгилүү бир коомдук функцияны аткарган жана коомдо өз орду бар, аң-сезимдүү индивидди белгилей турган илимий түшүнүккө айланат.

Ар бир коомдук формацияда личностту түрдүүчө түшүнүшкөн. Мисалы, кул ээлөөчүлүк коомдо личность деп коомдук турмушка катышы бар,эркин адамды түшүнүп, кул личность катары эсептелген эмес. Феодализмде личность таза кандуу, авторитеттүү кишини билдирип, ал эми дыйкан личносттук касиетке ээ болгон эмес. Капиталисттер эмгекчилерди личность деп атаган эмес. Капиталисттик доордун алгачкы этабында личность менен жеке менчик түшүнүктөрүн бирдей мааниде кароого аракеттенишкен. Карапайым элде мындай ойдун тарашы айрым психологдордун эмгегине байланыштуу. Алсак америкалык психолог В.Джемс личностту адамдын өзүнө тиешелүү болгон нерселердин жыйындысы катары кең мааниде карайт. Ага адамдын өз денесин, психикасын гана эмес, кийимин, үйүн, аялын, балдарын, ата-тегин ал түгүл даңк, даражасын, чыгармачылык эмгектерин, жоро-жолдощторун да киргизген.В.Джемстин ою боюнча, адамдын жеке менчигине кирүүчү буюмдардын айрымдарынан ажыраса, личносттук касиетинен айрылган менен барабар. Ал эми марксизис-ленинизм классиктери личность деп коомду өнүктүргөн жана анын эркин мүчөсү болгон конкреттүү адамды түшүнөт. К.Марк: Адам-бардык коомдук мамилелердин жыйындысы деп аныктама берет.

Бүгүнкү күндө инсандын бир нече аныктамалары бар. Алар:

  • Инсан – бул биологиялык физиологиялык жаш курактык жана психологиялык жактан өзгөчөлөнгөн адам.

  • Инсан – бул коомдук мамилеге катыша алган адам.

  • Инсан – ул өзүнүн социалдык ролун толук аткаруу жөндөмдүүлүгүнө жана даярдыкка ээ болгон адам.

  • Инсан – бул өз ата-бабаларынан социалдык тажрыйбаларды алган аны пайдаланган жана өнүктүргөн адам. Ал өзүнүн социалдык тажрыйбаларын кийинки муундарга бере алат.

  • Инсан – бул коомчулук үчүн белгилүү баалуулуктарды түзгөн социалдык тажрыйбага ээ адам.

  • Инсан – бул өзүнүн жасаган иштерин адеп-ахлактык нормалар жана моралдык принциптер менен өлчөнгөн адам.

Социалдык чөйрөдө адамдын жеке “Мени” социалдык “Мени” менен толукталат.

Адам баласынын турмушта керектөөлөрү абдан көп жана алар төмөндөгүчө бөлүнөт.

Эгерде А. Маслоунун түзгөн пирамидасына караганыбызда адам баласындагы керектөөлөр эң акыркы тепкичтен тартып эң жогорку тепкичке карай аныкталат. Алар:

  1. Биологиялык (физиологиялык) керектөөлөр: ачкалык, көксөө, жыныстык байланыш ж.б.;

  2. Экзистенциалдык (коопсуздук керектөөлөрү): коркунучтан жана ийгиликсиздиктен качуу, өзүн корголгондой сезүү;

  3. Социалдык керектөөлөр: сүйүү, сүйүктүү болуу жана сүйүлүү, коомго таандык болуу;

  4. Престиж (сыйлоого жана сыйланууга болгон керектөө): компетенттүүлүк, ийгиликке жетишүү, жактыруу, ынануу;

  5. Үйрөнүү, билүү керектөөчүлүгү: билүү, түшүнүү, иликтөө, изилдөө;

  6. Эстетикалык керектөөлөр: гармония, тартип, сулуулук;

  7. Өзүн-өзү актуалдаштыруу: өзүнүн максаттарын ишке ашыруу, жеке инсандыгын өнүктүрүү, жөндөмдүүлүгүн арттыруу.


Текшерүү үчүн суроолор.

  1. Адамдын өзгөчөлүктөрү биологиялык жандык катары (жаратылыштын бир бөлүгү) кандай мүнөздөлөт?

  2. Личность тууралуу пикирлердин түрдүүлүгү боюнча айтып бергиле.

  3. Индивиуалдуулук түшүнүгүн чечмелегиле.

  4. Өзүңөрдү социалдык жандык катары (коомдун бир бөлүгү) мүнөздөп бергиле.

  5. А.Маслоунун пирамидасы боюнча адам баласынын керектөөлөрүн чечмелегиле.


Тема 3. Коом динамикалык система катары.


План:

1.Коом түшүнүгүн аныктоо

2. Коомдун элементтери жана типтери

3. Коомдук мамилелер жана алардын сферасы


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер коом анын заманбап структурасы тууралуу билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер коомдо өзүн алып жүрүүгө, өзүнүн жана коомдун башка мүчөлөрүнүн пикирлерин угууга тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: кызматташуу, өз ара пикир алышуу, сүйлөшүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.


Негизги түшүнүктөр: коом, коомдун элементтери, социалдык структура, этникалык топтор.


Коом түшүнүгү абдан көп кырдуу. Бул түшүнүк салыштырмалуу айрым бир анча чоң эмес элдердин тобуна карата да айтылышы мүмкүн. Мисалы, спортсмендердин коому, саясатчылардын коому, жаныбарларды сүйүүчүлөдүн коому. Коом түшүнүгү алдында өзүнчө бир мамлекетти да түшүнүүгө мүмкүн. Мисалы, россиялык же америкалык коом. Ал эми улуттар аралык, мамлекеттер аралык билимдерде коом тууралуу туруктуу түшүнүктөрүнүн алкагында “сообщества” “топ, уюм, түркүм” түшүнүгү колдонулат. Мисалы, европалык сообщества. Коом түшүнүгүнүн алдында маданияттын булагы, акыл-эске ээ болгон, жаратылыштын бир бөлүгү болгон адам баласынын болушунун жана анын адамдар менен биргелешкен иш-аракеттеринин бардык формаларын түшүнүүгө болот.

Коомдун болушу алардын түрлөрү жөнүндө сөз болгондо мисалы, диний негизде христиандык, мусулмандык, буддисттик, ал эми улуттук негизде болсо мисалы, немецтик, француздук деп айтылып спецификалык өзгөчөлүктөргө ээ болсо да жалпы мыйзам ченемдүүлүктөргө баш ийет. Философияда коом түшүнүгү тарыхый жактан жалпы жашоо ишмердүүлүгү менен негизделген элдердин жыйындысы катары берилет. Коомдун башкы белгиси – анын органикалык бүтүндүгүндө, системалуулугунда, зарыл бир нерсенин үстүндө биригүү жөндөмдүүлүгүндө турат. Коомдун негизги белгилери катары кандай гана коом болбосун төмөндөгүлөр аныктайт:

  • Тарыхый жактан калктын түзүлүшү, болушу;

  • Территориянын (аймактын) бирдейлиги, жалпылыгы;

  • Жашоо ишмердүүлүктөрдүн аныкталган жөндөмдүүлүктөрү;

  • Мамилелердин жөнгө салынышы (экономикалык, социалдык, саясий)

  • Тилдин, салттардын жана маданияттын жалпылыгы;

  • Бийликти уюштуруу жана башкаруу.

Коомдун элементтери жана типтери. Кандай гана коомдук система болбосун негизги элементи катары анын субьектиси алдыга чыгат. Коомдун ишмердүүлүгүнүн жетектөөчү субьектиси катары албетте адам эсептелет. Бирок, коомдун субьектиси катарында коомдо бириккен элдердин тобунда түрдүү топтор болушу толук мүмкүн. Алар:

  • Курактык (жаштар, пенсионерлер);

  • Профессионалдар (дасыккан адистер) (врачтар, окутуучулар, шахтерлер);

  • Этникалык топтор (элдер, улуттар);

  • Диний топтор (чиркөө, секталар);

  • Саясатчылар (партиялар, элдик фронттор, мамлекет).

Коом субьекттердин өз ара тыгыз мамилелеринин негизинде бар болот жана өнүгөт. Элдердин өз ара аракеттенишүүсүнүн түрдүү формалары, байланыштары, социалдык субьекттердин ичиндеги байланыштары коомдук мамилелер деп аталат.

Коомдук мамилелер жана алардын сферасы. Коомдук мамилелерди шартуу түрдө материалдык жана духовный (акыл-ой) мамилелер деп эки чоң топко бөлүүгө болот. Материалдык мамилелер адам ишмердүүлүгүнүн практикалык жүрүшүндө пайда болуп жөнгө салынып, материалдык маданияттын (түзүлүү, бөлүнүү, материалдык баалуулуктардын керектөөлөрү) материалдык формаларында бекитилет. Духовный мамилелер болсо идеалдуу баалуулуктар менен тыгыз байланышат. Аларга: моралдык, көркөм искусстволук, философиялык, диндик мамилелер кирет.Коомдук мамилелер көбүнчө коомдук жашоонун сферасы боюнча да бөлүнөт. Кандай гана коом болбосун тилинен, мамлекеттик дининен, тарыхынан, чарба жүргүзүүсүнөн көз карандысыз абалда ишмердүүлүгүн сактоонун жана улантуунун кайра жаңылап туруучу, өндүрүүчү төрт тиби болот. Алар коомдук жашоонун негизги сфераларын түзөт.

-экономикалык мамилелер (материалдык өндүрүштүн процессиндеги мамилелер);

- социалдык мамилелер (субьекттер аралык систмеалуу түзүлгөн коомдук мамилелер);

- саясий мамилелер (коомдо бийликтин функцияланышы);

- духовный (рухий) -интеллектуалдык мамилелер (моралдык, диндик, эстетикалык баалуулуктар боюнча).

Коомдук мамилелер адамдардын же болбосо бүтүндөй бир коомдун ишмердүүлүгүнүн өздөрүнө карата болгон регулярдуу таасирин сезет. Бул мезгилде мамилелердин мүнөзүнө карап коомдо, ар бир адамда өнүгүүнүн, багытталуунун темпи жүрөт. Экономикалык, социалдык, саясий жана духовный мамилелерде өзүнчө бир адамдын каалоорунан көз карандысыз түрдө коом обьективдүү болот. Бирок коомдук мамилелердин системасы бир гана көп элдердин чыгармачыл күчтөрүнүн негизинде гана өнүгөт. Практикалык ишмердүүлүктөр жаңы коомдук мамилелерди пайда кылат. Социалдык структура сөздүн тар жана кең маанисинде каралат. Кең мааниде бул сөз өз ичине коомдун обьективдүү бөлүнүшүн негизги белгилерине карай мисалы, социалдык-класстык, социалдык-профессионалдык, социалдык-демографиялык, этникалык болушу мүмкүн. Социалдык структура тар мааниде болсо өз ара байланышта, биримдүүлүктө болгон социалдык катмарлар жана топтор түшүнүлөт. Социалдык структура негизи социалдык-класстык бөлүнүштөн мурун пайда болгон. Этникалык топтор алгачкы жамааттык коомдун шарттарында келип чыккан. Социалдык-класстык структура мамлекеттин жана класстардын пайд аболушу менен өнүккөн.Социалдык структура же болбосо түзүлүш конкреттүү тарыхый мүнөздү алып жүрөт. Ар бир коомдук-экономикалык формация өзүнүн социалдык түзүлүшүнө таандык болот.

Бүгүнкү заманбап коомдун структурасы тууралуу сөз болгондо өзгөчө баалуулуктарга ээ, кызыкчылыктары жана жүрүм турумдун нормаларына ээ болгон элдердин туруктуу жыйындысын айтууга болот. Кичи социалдык группалар бар. Аларды коомдон бөлүүгө такыр болбойт. Аларга: үй-бүлө, өндүрүш бригадасы, мктептик класстар, коңшулук жалпылык, достук компаниялар ж.б. Коомдук класстын алдында чоң социалдык группа түшүнүлөт. Коомдун социалдык-класстык структурасында ушул күндөрдө абдан көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Мында башкы ролду эки маанилүү кырдаал ойноп турат. Биринчиден планетабыздын жарымынан көбү жашоонун шаардык образына өттү. Билим алуу коомдун эң бир өнүккөн маанилүү сферасына айланды. Заманбап коомдун алдына адам, анын акылы, ойлоп табуусу, чыгармачылыгы алдыңкы планга чыкты. Экинчиден адам өнүгүүсүнүн маалыматтык моделине чыгууга элүү жылдан бери байкоо салынып, адам өнүгүүсүнүн билимге жана маалыматтардын системасына байланышып жана алар өнүгүүнүн негизги ресурсу катары каралышында турат. Ар бир индивид маданий чөйрөгө, белгилүү отурукташуу (шаар, айыл) структурасына киргизилген. Мына ушундай мүнөздө коомдун социалдык структурасы түзүлөт. Ошондой эле бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, ар бир адам жеке жашоосунда кесиптик же болбосо класстык таандыгын алмаштыруусу толук мүмкүн. Бир гана жыныстык, этникалык, маданий өзгөчөлүктөр заманбап коомдун структурасында туруктуу элементтер катарында калат.

Социалдык өзгөчөлүктөр. Адам коомундагы социалдык факторлордун таасири менен адам ар кандай социалдык катмарларга бөлүнөт. Илимде адам коомунун катмарларга бөлүнүшү страфикация деп аталат. Страфикация деген түшүнүк жер кыртышын изилдеген геология илиминен келген. Эгерде жерди тереңдетип казса, анын үстңкү катмары кара топурактан, экинчи катмары ылайдан, андан кийин шагылдан турат. Ушул сыяктуу эле адам коому ар кандай социалдык катмар-страттардан турат. Азыркы коомдо адамдар страттарга кирешеси, бийлиги, билими, кадыр-баркы жана адистиги боюнча страттарга бөлүнөт. Страттарды аныктоодо адамдын жынысы, жашы, этникалык өзгөчөлүгү ж.б. табигый факторлор да эске алынат. Адамдар коомдо билими боюнча жогорку билимдүүлөр бир стратка, орто билимдүүлөр өзгөчө страттын өкүлү болуп эсептелинишет. Ошондой эле адамдар бийлиги боюнча (башкаруучулар жана баш ийүүчүлөр) да страттарга жиктелет. Ошентип коомдун страфикациялык катмарларынын негизин табигый жана социалдык теңсиздиктер түзөт. Адамдардын табигый жана социалдык теңсиздиги адам коому жаралганда эле пайда болгон. Тарыхта страфикациянын негизги төрт түрү (куолчулук, касталарга бөлүнүү, сословиелер, таптар) кездешет. Кулчулук байыркы заманда Египетте, Вавилондо, Кытайда, Грецияда, Римде пайда болуп өнүккөн. Андан кийинки касталарга бөлүнүү түзүлүшү Индияда өнүккөн. Индия коомунун касталык түзүлүшү (кшатирлер (жоокерлер), брахмандар (дин кызматкерлери), вайшилер (соодагерлер), шудралар (жумушчу дыйкандар) түрү) индуизм дининин эрежелери менен бекемделген. Бул диндин окуусу боюнча адам өлгөндөн кийин дүйнөгө бир нече жолу кайра жаралат. Адам ага берилген өмүрдө кандай жашаса, өлүп кайра төрөлгөндө мурдагы жашоосуна ылайык тигил же бул кастанын мүчөсү болуп төрөлөт. Эгерде адам алдыңкы өмүрдө туура жашаса жогорку кастанын мүчөсү болот. Туура эмес жашаса төмөнкү кастанын мүчөсү болот деген ишеним терең болгон.

Феодалдык коомдо адамдар жогорку жана төмөнкү сословилеге бөлүнүшкөн. Жогорку сословиеге дворяндар, дин кызматкерлери кирсе, төмөнкү сословиеге соодагерлер, кол өнөрчүлөр, дыйкандар кирген. Өнөр жайдын жана сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында коомдо ишкерлер, алып сатуучулары, соодагерлер көбөйгөн. Мурдагы дыйкандардын көбү жакырданып, жалданма жумушчуларга айланган. Жалданма эмгекти пайдаланган майда буржуазиянын саны өскөн.

Азыркы кезде тап деген түшүнүк кең жана тар мааниде түшүндүрүлөт. Кең мааниде өзүнчө ыкма менен киреше тапкан адамдардын социалдык чоң тобу. Тар мааниде тап – башкалардын кирешеси, билими, байлыгы, кадыр-баркы менен айырмаланган адамдардын социалдык тобу.


Билимди текшерүүгө карата суроолор:

  1. Коом түшүнүгү кеңири мааниде кандай аныкталат?

  2. Коомдук мамилелер эмненин негизинде түзүлөт?

  3. Коомдук мамилелер канча топко бөлүнөт жана алардын мааниси кандай?

  4. Бүгүнкү заманбап коомдо эмнелер баалуу?

  5. Социалдык өзгөчөлүктөр деген эмне?

  6. Адамдардын табигый өзгөчөлүктөрүнө эменелер кирет?


Тема 4. Дин. Диндин функциялары.


План:

1. Диндин маңызы

2. Диндин функциялары

3. Дүйнөлүк диндер


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер дин, дүйнөлүк диндер тууралуу түшүнүк алышат.

  2. Тарбиялык: студенттер адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттерде жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон сыйлоо сезимдери өнүгөт.

Негизги түшүнүктөр: дин, кудай, көп кудайлуулук, буддизм, христиан, ислам, тотемизм, фетишизм, анимизм.


Дин бүгүнкү күндө коомдун руханий турмушунун маанилүү чөйрөсү. Ал моралдык ченемдер менен тыгыз байланышта болот. Дин – бул эң байыркы социалдык институттардын бири. Ал мамлекет жана үй-бүлө, илим-билимден мурун пайда болгон. Диндин түпкү маңызы кудайга ишенүүдө турат. Дин – бул адамдардын табияттан тышкаркы күчтөргө, кудайдын бар экендигине негизделген дүйнө таанымы. Диндин түзүлүшүнө диний аң-сезим, диний ырым-жырымдар, диний ченемдер, жана диний уюмдар кирет. Дин төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат:

  • Дүйнө таануу. Дин дүйнөнүн диний түзүлүшүн жана адамдардын бул дүйнөдөгү ордун аныктоого жардам берет.

  • Жөнгө салуу. Адамдардын жүрүм-турум эрежелерин аныктап, аларды бекем сактоону талап кылат.

  • Дин адамдарга оор абалдан чыгууга, азаптарды, кайгы муңду жеңүүгө жардам берет.

  • Дин адамдардын өз ара байланышына, баарлашуусуна ыңгайлашуу шарт түзөт.

  • Дин адамдардын жүрүм-турум ченемдерин жөнгө салып, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыптандырат.

  • Бир динди туткан адамдарды бириктирип, алардын ынтымагын бекемдейт.

Динге ишенүүчүлөр динди таанып аны абсолюттук билимдердин жогорку чегинде турат деп, бул дүйнө жалган, адам өлгөндөн кийинки жашоо бар, андыктан тиги дүйнө чын дүйнө дешип кудайдан тиги дүйнөнүн жакшылыктарын тиленишет. Ар бир эле диндин алты белгиси бар. Алар:

-адам күчүнөн да күчтүү, жогорку тарапта бийик ишенимдин бардыгы;

- өтө бир улу күчтүн алдында адамдардын коркуп сыйынышы;

- сыйынуу үчүн атайын салтанаттардын болушу;

- ыйык деп жарыяланган предметтердин жана аныкталган жайлардын болушу;

- элдер эгерде жакшы жашап эрежелерди сактаса, өлгөндөн кийинки жашоодо жакшы жашоонун болушуна ишенүүсү;

- туура жүрүм турум гана кудайга жакындатат жана жалаң жакшы жашоого алып бараарына ишенүү.

Дин өзүнчө диндик көз караштарга, диндик уюмдарга, диндик маданияттарга жана диндик баалуулуктарга ээ.

Диндин функциялары. Диндин интегративдик, регулятивдик, психотерапевтик, коммуникативдик, маданий өткөрүүчүлүк функциялары бар. Бул функциялар коомдо жалпы жонунан жалпы кабыл алынган нормаларды бекемдеп күчөтөт жана социалдык көзөмөл жүргүзөт. Диний кыймыл-аракеттер, салттар, ырым-жырымдар динге өтө ишенген адамдарга тынчтык келтирип, стресстерден арылтып өзүнө болгон ишенимди бекемдейт. Ошондой эле Адам анын жашоосу жана дүйнө жөнүндөгү илимий, маданий баалуулуктарды жана нормаларды, тарыхый тардицияларды сактап кийинки муундарга өткөрөт. Диндин көп түрдүүлүгү. Диндин көп түрдүүлүгү адамзатынын тарыхый өнүгүүсүндө көп диндик ишенимдерден башталат. Байыркы мезгилдерде адамдар бир гана эмес көп диндерге ишенип сыйынышкан. Тотемизм. Элдердин негизги ишмердүүлүгү аңчылык жана жыйноочулук болгон мезгилде жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө болгон ишеним күч болгон. Тотемизмдин түпкү маңызы адамдардын өздөрүнүн түпкү мифтик ата-бабасындай катары көрүп ушул жандыктар менен өсүмдүктөргө болгон сыйынуу менен, ага карата абдан жогорку ишеним болгон. Анимизм болсо тотемизмдин табигый өнүккөн түрү болуп эсептелет. Акырындап жүрүп тотемизм жана анимизм ишенимдери антропоморфдук мүнөзгө өтүп, элдер адамдык сапат, күч аракеттерге болгон ишеним менен алмаша баштаган. Ал эми жандуу жана жансыз жаратылыш кубулуштарына, отко, сууга, шамалга, ташка сыйынуу фетишизм деп аталат.

Заманбап бүгүнкү күндө диндерди үч чоң топко бөлүүгө болот.

  1. Бүгүнкү күнгө чейин сакталган уруулар аралык кабыл алынган ишенимдер.

  2. Айрым бир улуттардын жашоосунун негизин түзгөн улуттук-мамлекеттик диндер (иудаизм, индуизм, конфуцианство). Бул алгачкы диний түшүнүктөрдүн бүгүнкү күнгө чейин сакталгандыгын билдирет. Анын айрым элементтери улуттук жана дүйнөлүк диндерде да кездешет. Улуттук диндер негизинен бир этностун ичинде колдонулат. Мисалы, Японияда-синтоизм, Индияда – индуизм, Кытайда – Конфуцийдин окуусу дин катары тараган.

  3. Дүйнөлүк диндер (буддизм, христан, ислам). Дүйнө элдерине кеңири тарагандыгы жана адамзаттын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ болгондугу менен айырмаланат.

Буддизм. VI-V кылымдарда Индияда пайда болгон дин. Ыраакы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүндө бул дин бекемделген. Буддизмде башка диндерге окшоп дүйнөнү жаратуучу катары кудайдын идеясы жок. Уламыш боюнча бул динге Будда (Гаутама) негиз салган. Адегенде брахманизмдин бир тармагы катары пайда болуп, анын айрым түшүнүктөрүн (жандын көчүп жүрүшү, тозок, бейиш) мурастап калган, бирок брахмандардын касталарды актаганына каршы турган. Алгачкы буддизм “хинаяна” “кичине араба” же “тар жол” деп аталып, “азап тартуу”, “жан куткаруу” жагынан адамдар тең укуктуу дешкен. “Махаяна” “чоң араба” деген түрү пайда болот. Мында жан куткарганга көмөктөш теңирлер чоң орун ээлейт. Буддизмдин эң башкы диний догматы жандын кубулуп, бир түрдөн экинчи түргө, жаңы түспөл алып турушу жөнүндөгү түшүнүккө негизделген. Өлгөндөн кийин жашоонун бардыгы бул окууда да айтылат. Буддизм дининде ыйык китеп катары Трипитака эсептелет. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө бул динге ишенген калктын саны 500 000 000 ге жетет.

Христиан дини. Рим империясынын чыгыш бөлүгүндө б.з.ч. I кылымда пайда болот. Христиан дининин негизги идеясы Иисус Христостун күнөөдөн арылтуу миссиясы. Христиан дининин догмалык негизин Библия түзөт. Бул диндин негизги тармактары католицизм, православие, протестантизм болуп саналат. Христианчылык пайд болгондон тартып, бүткүл ааламдык курама деп аталган бирдиктүү христиан чиркөөсү болгон. Анын Константинополду борбор кылган чыгыш жана Римди ордого айландырган батыш деп аталган эки бөлөк чиркөөгө бөлүнүшү 9-кылымдан башталып, 11-кылымда аяктаган. Алардын ар бири өзүн католик, кафолик чиркөөсү деп атаган. Орус тилинде бул түңшүнүк собордук деген термин менен ылайык келет. Герман уруулары Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги алдында батыш христианчылыкты кабыл алышкан. Христиан өз маңызы боюнча космополиттик (улуттук мүнөзгө ээ эмес) дин болсо да, тигил же бул элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүнө карай ыңгайлашуу менен батыш, чыгыш чикрөөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарды кескин күчөтүп жиберген. Католицизмде жана православиеде диний ырым-жырымдар ар кандай түшүндүрүлөт. Католиктерде дин кызматкерлери нан жана вино менен кудайды эскерсе, христиандар нан гана ооз тийүүгө укуктуу. Католицизмде чокундуруу ырымы православиедегидей сууга чөмүлтүү менен эмес, үстүнөн суу куюу менен жүргүзүлөт. Католиктер латын тилиндеги Библияны кабыл алышат. Православийде болсо диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт.

Ислам дини. Б.з.ч. 610-жылы Аравия жарым аралында пайда болгон. Диндин негиздөөчүсү катары Мухамедди айтышат. Башкы ыйык китеби Куран. Курандын аяттары Мухамед пайгамбарга түшүрүлгөн. Ислам дининдеги адамдарда бул ишеним жана жашоонун образын түзөт. Ислам деген сөз тынчтык, амандык, баш ийүү дегенди билдирет. Бул динге кирген адамдардын саны бүгүнкү күндө 1,5 миллиардды түзөт. Ислам дининин суннизм, шиизм деген тармактары бар. Азыркы күндө мусулмандардын көбү 85-90 пайызы сунниттер, калгандарын шииттер түзөт.

Учурда Кыргызстанда динге карата адамдардын мамилесин аныктоого киришилбейт. Андыктан дин тутуу эркиндиги бар. Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Бирок, мамлекет диний уюмдардын ишмердигин көзөмөлгө алат. Кыргызстанда экстремисттик маанайдагы диний уюмдардын иштешине катуу тыюу салат. Мамлекет менен диний уюмдардын бири-бирине болгон мамилеси өлкөдөгү саясий чыңалууга, социалдык кагылышууларга жол бербейт. Ошондуктан Кыргызстанда прогрессивдүү максатты көздөгөн диний уюмдардын, диний окуу жайларынын иштешине жол ачылган. Азыр өлкөдө дин коомдук аң-сезимдин бир түрү катары өнүгүүдө.


Билимди текшерүүгө карата суроолор:

  1. Диндин алгачкы элементтери кайсылар?

  2. Диндин адам жашоосунда тийгизген оң жана терс жактарын талдагыла.

  3. Диндин негизги функциялары кандай?

  4. Бүгүнкү күндөгү диний абалдардын себептери.

  5. Коомдо дин кандай милдеттерди аткарат?


Тема 5. Экономика жана анын адамдын жашоосундагы ролу.


План:

1. Экономика жөнүндө түшүнүк

2. Материалдык өндүрүш

3. Өндүрүштүк эмес тармактар


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер экономика, экономиканын системалары, өзгөчөлүктөрү жана принциптери тууралуу билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер азыркы учурдагы экономикалык абалга жараша, ыңгайлаша билүүгө тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер экономиканын маанилүүлүгүн талдап, аргументтеп жеке жашоодо пайдалана алуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.


Негизги түшүнүктөр: экономика, өндүрүш, өндүргүч күчтөр, жеке менчик.


Коомдун экономикалык сферасы деп айтканыбызда элдердин өндүрүш боюнча ишмердүүлүгү, эмгектин жыйынтыктарынын сатылуусу жана керектөөсү деп түшүнүүгө болот. Экономика сөзү адегенде грек тиленен алынып алгачкы мааниси “үй-чарбасын жүргүзүүнүн искусствосу” деп түшүндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө экономика сөзү эки мааниге ээ. Биринчиси өлкөнүн экономикалык жашоосуна тиешелүү болсо, экинчиси экономикалык мамилелер жөнүндөгү илим. Экономика илим катары өндүрүштүк системаны натыйжалуу иштетүүнүн ыкмаларын изилдейт жана окутат. Ошондой эле экономика чарба жөнүндөгү билимдердин жыйындысы жана ага байланышкан элдердин ишмердүүлүгү. Мындан сырткары азыркы учурда айрым окумуштуулардын пикири боюнча “Экономика – бул адамдардын жашоо-турмушунда аң-сезим (акыл) менен түзүлүүчү жана пайдаланылуучу система.

Экономика эл чарбасы болуп, өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес сфераны ичине камтыйт.

  1. Материалдык өндүрүш:

  • Өнөр жай;

  • Айыл жана токой чарбасы;

  • Транспорт жана байланыш;

  • Курулуш;

  • Соода жана коомдук тамактануу;

  • Материалдык-техникалык камсыздоо.

  1. Өндүрүштүк эмес сферанын тармакатры:

  • Маданият;

  • Билим берүү;

  • Саламаттыкты сактоо;

  • Социалдык камсыздоо;

  • Илим;

  • Башкаруу;

  • ЖКХ;

  • Турмуштук жактан калкты тейлөө.

Экономиканын өндүрүштүк ишмердиги өз алдынча өндүрүштөн (адамдардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн продукт өндүрүү же кызмат көрсөтүү), бөлүштүрүүдөн (өндүрүлгөн продуктуну же тейлөө кызматын керектөөчүлөргө бөлүштүрүү), алмашуудан (өндүрүлгөн продукцияны керектөөчүлөргө жеткирүү. Бул соода-сатык аркылуу же тейлөө аркылуу ишке ашат) жана керектөөдөн (адамдардын ар түрдүү муктаждыктарын канааттандыруу. Өндүрүлгөн продукцияны керектөө. Мисалы, тамактануу) турат.

Экономикалык ишмердүүлүктүн максаты жалпы жонунан алганда элдердин эркиндиги үчүн материалдык шарттарды жаратуу, социалдык жактан коргоосун күчөтүү, жашоо шарттарын жакшыртуу болуп эсептелет. Калктын жашоосу менен экономиканын деңгээли ортосундагы байланыштар бар, бирок ага карабастан жашоо начар болушу толук мүмкүн. Мисалы, чарба иштери рационалдуу алып барылбайт. Технологиялар эскирген. Жана башка ушул сыяктуу себептер, маселелер мамлекеттерде көп болот.Экономикалык түшүнүктөгү керектөө деген сөз көндөлүк керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн пайдаланылат же жумшалат дегенди билдирет. Эгерде өлкө бай болсо анда, керектөөлөрдүн көрсөткүчү толук ишке ашса, мамлекет кийин иштетүү үчүн кирешелерди сактайт. Эгерде өлкө кедей болсо анда келип чыккан кирешенин баары жумшалат жана запас болбойт.

Өндүрүш адам коомунун өнүгүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүнүн процесси. Өндүрүш бир топ факторлордон көз каранды болот.

  1. Коомчулуктун өндүргүч күчү (эмгек күчү)

  2. Өндүрүштүн каражаттары (эмгектин предмети, эмгектин каражаттары)

Мындан сырткары жаратылыштык ресурстар, өндүрүштүк ресурстар да бар. Өндүрүштүн каражаттары элдер тарабынан аткарылган булар капитал (латын тилинен алынган башкы дегенди билдирет) деп аталат. Ал эми капиталдын алдында акчалардын суммасы-баалуу кагаздар – билим бар. Капитал – ээсине киреше алып келет. Ал реалдуу (өндүрүштүн бардык каражаттары) жана материалдык (финансылык, инвестиция) болуп бөлүнөт.

  1. Илим. Өндүрүштүн сыйымдуулугу башкы критерийлерге жана анын конкуренттик жөндөмдүүлүгүнө барып такалат. Өндүрөшчүгө илимий изилдөөлөр саткан венчурный фирмалар бар. Алардын үлүшүнө жаңы технологиялардын 90 пайызы туура келет.

  2. Энергетикалык фактор. Адамдын физикалык күчү, электр жана нефть-атомдук энергия.

  3. Экологиялык фактор. Ишканалардын ресурстарды сактоосуна жана технологиялардын калдыксыз иштөөсүнө өтүүсү.

  4. Инфраструктура. Өз ара өндүрүштүк (транспорт, байланыш, материалдык-техникалык жабдуулар, жолдор), социалдык (жумушчулардын социалдык-маданий жашоолору) болуп бөлүнөт.

Жеке менчик. Анын формалары. Экономикалык түшүнүк катары жаратылыш предметтерин, табигый жана эмгек акы менен түзүлгөн нерселерди жеке адамдардын жана жамааттардын ээлеп турушуна байланышкан коомдук-өндүрүштүк мамилени билдирет.

Юридикалык түшүнүк катары мүлктүн белгилүү бир шарттарга жана белгилүү бир таризге таандык экендигин тастыктайт. КРнын Конституциясында менчиктин мамлекеттик, менчик, муниципалдык менчик, жеке менчик реформалары таанылган жана алардын тең укуктуулугу кепилденген. КРнын Конституциясында менчиктин башка түрлөрүнүн болушуна да жол берилет.

Жеке менчиктин субьектиси – бул атайын жүздөрдүн, эмгек жамааттарынын, социалдык группалардын ресурстарга ээ болушу. Жеке менчиктин обьектиси – менчиктеги өндүрүштүн результатынын жыргалы.

Жеке менчиктин формалары. Жеке менчикке ээ болгон адам өз аймагында (фирмада, талаада ж.б.) башкарат, пайдаланат. Жеке менчик ээси өзү ээлик кылган аймактагы элдерге кийлигишүүгө укугу бар. Ошондой эле жеке менчик ээси приватизациялоого, мураска калтырууга, белек кылууга, өндүрүүгө, сатып алууга жөндөмдүү жана укуктуу.

Товардык рыноктун керектөөлөрүнүн механизми керектөөлөрдүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жана сунуштары менен регулировкаланат. Керектөө – бул сатып алуучу даяр болгон аныкталган товарлардын саны жана аныкталган баа. Ал эми сунуш – бул сатуучунун аныкталган орунда жана аныкталган мезгил, убакытта сатып алуучуга сунуштаган товарлардын саны. Баа-бу өндүрүүчү тарабынан коюлат. Баага карата керектөөлөр жүрөт. Рынокто эки баа керектөөнүн баасы (сатып алуучу макул болгон максималдуу баа) жана сунушталган (өндүрүүчү сунуштаган минималдуу баа) баалар жүрөт.Мына ушул баалардын негизинде рыноктук баалар келип чыгат. Эгерде керектөөдөн артык максималдуу баа аша чапса анда сатып алуучу товарды алалбайт. Тескерисинче товарга коюлган баа боюнча сатып алынбаса сатуучу алдан таят. Мындайча айтканда банкротко барат.

Экономиканын коомдук турмуштагы ролу. Жашоодо адамдар көп нерселерге муктаж болушат. Муктаждык бул адамдын жашоосу жана өнүгүшү үчүн бир нерселерге болгон талаптары. Адам үчүн биринчи кезекте тамак-аш, үй-жай керек. Коомдун өсүшү менен адамдын муктаждыктары да улам өсүп турат. Адамдын муктаждыктар үч топко бөлүнөт. Алар: материалдык муктаждыктар (тамак-аш, кийим-кече, турак-жай), руханий муктаждыктар (билим алуу, китеп окуу, илим изилдөө, кино көрүү, театрга баруу), социалдык муктаждыктар (эмгектенүү, баарлашуу, достук, сүйүү, үй-бүлөдө жашоо, социалдык топторго мүчө болуу).

Адамдардын муктаждыктары аларды канааттандыра турган ресурстарга караганда да тез өсөт. Мисалы, адам бир нерсени алуу менен эле анын муктаждыгы токтобойт. Андыктан адамдардын токтоосуз өскөн муктаждыгын канааттандыруу үчүн ресурстар керек. А ресурстар чектелүү өлчөмдө болот. Ресурстар табигый (жер, суу, энергия, чийки заттар), материалдык (өндүрүш каражаттары:имараттар, техника, жабдуулар), эмгек ресурсу (күч акыл эмгеги менен иштей турган адамдар), каржы (өндүрүштү уюштуруу үчүн керектелүүчү акча каражаттар) болуп өз ара бөлүнөт. адамдардын муктаждыктарын канааттандырууда керектүү нгерселерди туура тандоого жана алууга тарбиялоо маанилүү. муктаждыктарды канааттандырууда чектелген ресурстарды туура пайдалануу маанилүү. мисалы, үй-бүлө иштеп тапкан акчасын тамакка, кийимге пайдалануу менен эс алуу үчүн да акча бөлгөндү үйрөнүшү керек. ресурстарды туура бөлүштүрүүдө приоритеттүү деп эсептелген иштерди туура аныктоого экономика жардам берет. Экономика ресурстук мүмкүнчүлүктөр чектелген учурда адамдын муктаждыктарын канааттандыруунун жолдорун жөнгө салат.


Билимди текшерүүгө карата суроолор:

  1. Калктын жашоосунда экономиканын ролу

  2. Өндүрүш түшүнүгү эмнелерди камтыйт?

  3. Материалдык жана материалдык эмес өндүрүштүн сферасын айыомалап жана талдап бергиле.

  4. Өндүрүш кайсы факторлордон көз каранды болот?

  5. Жеке менчик ээси ээлеген аймагына карата кандай укуктарга ээ болот?

Тема 6. Экономикалык системанын типтери.


План:

1. Экономиканын традициялык тиби

2. Экономиканын командалык-административдик тиби

3. Экономиканын рыноктук жана аралаш типтери


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер экономикалык системанын типтери тууралуу билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер экономикалык системанын типтерин айырмалай алуу жана салыштыруу менен натыйжалуу эмгектенүүгө тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер өз муктаждыктарын аныктоого, керектөө маданиятын өнүктүрүү.


Негизги түшүнүктөр: экономикалык система, экономикалык тип, керектөөлөр


Экономикалык система – бул керектөөлөрдүн бөлүнүшү, өндүрүштө негизги экономикалык мамилелердин мазмунун жана формаларын аныктаган тарыхый жактан калыптанган эрежелердин, нормалардын, принциптердин жыйындысы. Экономикалык системанын типтери жөнүндө сөз болгондо эки критерийлер айтылат. Алар: менчиктин түрү (коомдук, мамлекеттик, жеке). Экинчиси мамлекеттин жана предприятиелердин, элдердин өз ара мамилелери.

Экономикалык системанын типтери төмөндөгүчө бөлүнөт.

  1. Традициялык, салттык

  2. Командалык-административдик

  3. Рыноктук

  4. Аралаш (смешанный).

Экономиканын салттык тиби. Бул тип абдан эрте элдер жашоо үчүн эмес жашап калуу үчүн же болбосо өлбөстүн күнү көрүү үчүн болгон жамааттык (общиналык) коомдун алгачкы мезгилинде эле пайда болгон. Мындай чарба натуралдык чарба деп аталган. Мисалы, Россиядагы дыйкандар он тогузунчу кылымдын аягына чейин натуралдык чарбада жашашкан. Алар өзүндө болбогон нерсени же өздөрү жасай албаган нерсени гана сатып алышкан. Жашылча-жемиштер, тоок, жумуртка, сүт, жүн жана башка керектүү нерсенин баарын үй-бүлө мүчөлөрү менен гана өндүрүшкөн. Өздөрүнө бут кийимдерди, көйнөктөрдү тигип кийишкен. Жүндөрдөн калың кийимдерди токушкан.

Экономиканын командалык-административдик тиби. Аталган тип Советтер Союзунун мезгилинде жүргүзүлгөн. Бул системанын белгилери төмөндөгүчө болгон.

  • Бардык экономиканын директивалык пландалышы, мамлекеттик регулировкада толук болушу;

  • Согуштук өндүрүштүн эффективдүү иштери;

  • Борбордук нарктын түзүлүшү (мында керектөөлөр жана башка спростор игнор кылынат);

  • Күндөлүк керектөөчү товарлардын дефициттке айланышы;

  • Социалдык керектөөлөргө мамлекеттин көп каражат жумшоо жөндөмдүүлүгү;

  • Стихиялык бедствияларга экономиканын жеңил мобилизацияланышы.

Мындай экономика бир гана катуу авторитардык саясий режимдин шартарында жүзөгө ашырылып келинген.

Экономиканын рыноктук тиби. Бул тип баарынан мурун эркин ишкерликтин экономикасы болуп эсептелет. Рыноктук экономиканын белгилери төмөндөгүчө:

  • Чарбалык ишмердүүлүктүн эркиндиги. Мамлекет чарбалык мамилелерге тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче жагымдуу шарттарды түзүп берет.

  • Менчиктин бардык түрлөрүндө укуктардын болушу .

  • Сунуштардын жана суроо талаптардын каттоосунун болушу. Рыноктук системада суроо жана сунуш-талаптардын мыйзамынын болушу. Товардын баасынын өсүшү менен суроо талаптардын азайышы.

  • Эркин нарктын коюлушу. Баалар суроо, талаптарга жараша түзүлөт.

Экономиканын аралашма тиби. Таза түрүндө алганыбызда рыноктук жана конмандалык экономика болбойт. Дайыма негизги системада башка элементтер аралашат.

Салыштырма экономиканын жана түрдүү экономиканын системасындагы негизги мүнөздөмөлөр:


Негизги мүнөздөр

Рыноктук экономика

Командалык-административдик

аралаш

Менчиктин ээ болуу формасы


жеке

мамлекеттик

Коолективдүү, жеке жана мамлекеттик

Өндүрүштүк эмгекке болгон стимул



Фактордук кирешелер (айлык маяналар, кирешелер)

Социалисттик жарыштар

Фактордук кирешелер

Негизги кирешенин принциби


Суроо жана талаптардын айкалышкан принциптери

Жогортон чечилиши

Суроо жана талаптардын айкалышкан принциптери

Экономиканы жөнгө салуу



Эркин рыноктун негизинде жана мамлекеттин алсыз киришүүсүнүн негизинде индивидуалдуу капиталдардын өзүнчө жонго салынышы

Мамлекеттин борбордошкон катуу көзөмөлү, экономиканын жана бийликтин толук монополияланышы

Ишсиздердин жана кризистердин алдын алуу, керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын стимулдаштыруу үчүн, улуттук экономиканын мамлекеттик активдүү регулировка кылынышы

Конкуренция

Бар

жок

бар

Баанын коюлушу

Алдын алууга багытталат

Мамлекет коет

ийкемдүү баалар

Эмгек маяна

Эмгек рыногунда суроо, талаптардын байланыштырдын конкуренциялардын процессинде иштелип чыгат

Эмгек маяналардын административдик орнотулушу

Эмгек рыногунда суроо, талаптардын байланыштардын конкуренциялардын процессинде иштелип чыгат, бирок мамлекет минималдык айлык маяна коюп берет.

Социалдык кепилдиктер

Карыган чагында жана ооруганда, ишсиз калганда жарандардын социалдык коргоого алынбагандыгы

Кепилденген эмгекке орноштуруу, бекер социалдык камсыздоо, медициналык кароо, билим алуу

Социалдык камсыздоонун жана жеке фонддордун мамлекеттик жана социалдык страховкалардын түзүлүшү


Рынок – бул сатып алуу, сатууга тиешелүү болгон элдердин бири –бири менен болгон кызматташуусунун уюшууусу формаларынын дегеле бул маселедеги бардык мамилелердин жыйындысы.


Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Экономикалык система деген эмне?

  2. Экономикалык системанын типтери кайсылар?

  3. Экономикалык системанын негизги мүнөздөрү боюнча алганда типтеринин айырмачылыктары эмнеде?

  4. Ресурс дегенди кандай түшүнөсүңөр? Эмне үчүн аларды туура пайдалануу керек?

Тема 7. Мамлекет жана экономика.


План:

1. Рыноктук механизм жана мамлекеттик жөнгө салуу (регулировкалоо)

2. Мамлекеттик бюджет

3. Салыктык саясат


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер мамлекет, мамлекеттик экономика тууралуу билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер мамлекеттин экономикасын жүргүзүүнүн маанисин талдай алууга, ресурстарды коргоого, салыкты убагында төлөө милдетине тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттерде өз ара кызматташуу жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт


Негизги түшүнүктөр: акча, экономикалык саясат, мамлекеттик бюджет, салык, финансылык каржылоо, керектөөлөр.


Рыноктук система мамлекеттин кийлигишүүсүз иштей албайт. Ал өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт.

- өлкөдө акча мамилелерин уюштуруу;

- калктын аныкталган категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчн жоопкерчиликти алуу;

- рыноктук экономиканын терс жактарын ликвидациялоо жана компенсациялоого жоопкерчиликти алуу;

- экономикалык саясат (аныкталган максаттарга жетүү үчүн экономикага таасир этүү боюнча мамлекеттик чаралардын жыйындысы);

- керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн укугун коргоону камсыздоо (жеке менчикке карата болгон укукту камсыздоо боюнча мыйзам, антимонополиялык саясат);

- страховкалардын айрым түрлөрүнө карата чыгымдарды кетирүү, жолдорго, укук коргоо органдарын кармоого ж.б.;

- курчап турган чөйрөгө карата көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

- билим берүү, саламаттыкты сактоо, кайрымдуулук программаларды субсидиялоо;

- эмгектин минималдуу төлөмүн орнотуу;

- илим жана технология областындагы стратегиялык (прорывов) камсыздоо, фундаменталдуу илимий изилдөөлөрдү өткөрүү боюнча каражаттарды инвестициялоо.

Экономикалык жашоону регулировкалоонун методдору:

  • Укуктук метод;

  • Финансылык-экономикалык метод.

Финансылык саясат – бул акча мамилелерин регулировкалоо боюнча мамлекеттин саясаты.

Мамлекеттик боюджет. Бул өкмөттүн буйругунда жана көзөмөлүндө туруп, акча фондунун борборлоштурулуусу. Анын структурасы мамлекеттик түзүлүш менен аныкталат. Мисалы, унитардык мамлекетте борбордук жана жергиликтүү бюджет бар. Федеративдүү мамлекеттерде федералдык өкмөттүк бюджет, регионалдык бюджет, шаар, райондордун жергиликтүү бюджети. Адатта мамлекеттин бюджети финансылык жылга түзүлөт. Бюджеттин кирешелик бөлүгү салыктардын эсебинен түзүлөт.

Салык саясаты. Салыктар түз жана кыйыр болуп экиге бөлүнөт. Түз салыктар салык төлөөчүлөрдүн кирешелеринин жана мүлктөрүнүн эсебинен болот. Кыйыр салыктар болсо кызматтардын жана товарлардын баасына жараша надбавка түрүндө болот. Надбавкалар качан гана бажы төлөмдөрү жана башка төлөмдөр төлөнгөндөн кийин өндүрүштүн жалпы массалык товарынын баасы чыккандан кийин берилет. Жергиликтүү салыктарга жер салыгы, физикалык жактардын түрдүү мүлктөрүнө болгон салыктар кирет. Мындан тышкары өндүрүшчү өзүнүн ишкерлиги жүрүшү үчүн телекомпанияларга реклама берүүгө, товарына болгон төлөмдөрүнө ж.б.у.с. акча каражатын коротот.

Бюджеттин чыгымдар бөлүгү төмөндөгү максаттарга сарпталат.

  • Мамлекеттик аппаратты жана армияны кармоого;

  • Субсидиялар, дотация, экономикага болгон жеңилдик кредиттер;

  • Бюджеттик организацияларды кармоо;

  • Өндүрүштүк жана социалдык инфраструктурага инвестициялар;

  • Мамлекеттик башка керектөөлөр.

Мамлекеттик милдет: көпчүлүк убакта мамлекетте инфляцияны туруктуу көзөмөлгө алынбаганы, ички чыгымдар бюджеттик тартыштыкка алып келет. Мамлекет бюджеттин түрдүү абалына карабастан социалдык тапшырмаларды аткарууга милдеттүү. Бул үчүн бюджеттен сырткары фонддор, мамлекеттин бюджетине киргизилбеген (пенсиялык фонд, социалдык страховка фонду, милдеттүү медициналык камсыздоолор, калкты иш менен камсыз кылуу борбору) атайын башка каражаттар түзүлөт.Фонддордун каражаттары максаттуу жумшалып, чыгымдары мыйзамдар менен аныкталат.

Эмгектин эл аралык бөлүнүшүнүн негизинде мамлекеттер аралык рыноктук мамилелердин жыйындысы дүйнөлүк рынок түшүнүгүнө алып келет. Экономикалык мамилелелердин эл аралык формасы:

  • Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу;

  • Чет элдик инвестициялардын капиталдарынын кыймылы;

  • Эмгек миграциясы;

  • Өндүрүштүн тармактык кооперациялары;

  • Илим жана техника областындагы алмашуулар;

  • Валюталык-кредиттик мамилелер.

Эл аралык мамилелердин структурасы (экспорт жана импорт): негизги сырткы экономикалык байланыштардын көрсөткүчү – бул экспорттук квота (мамлекеттин калкынын көлөмүнө жана экспорттун баасына карата). Ал эми эл аралык сооданын обьектилерине өндүрүш товарлары, машиналар, жабдуулар кирет.

Импортерлердин ишмердүүлүгүнүн айынан өлкөнүн өзүндө өндүрүлбөгөн сырттан келген товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тандоосу кеңейет жана баалар жогорулабайт. Ага байланыштуу эл аралык соода ар бир мамлекет үчүн пайдалуу. Бул иштер үчүн валюталар курсу жана андагы өзгөрүүлөрдүн (бир өлкөнүн акча бирдигинен башка өлкөнүн акча бирдигине айланышы, курстун деңгээли) болуп турушу зарыл.

Капиталдык кыймылдар үч формада ишке ашырылат. Алар:

-түз жеке инвестициялар

- мамлекеттик займдар

- эл аралык финансылык уюмдардын кредиттери

Инвестициялоодо жергиликтүү рыноктон жеткиликтүүлүк, жумушчу күчтөрдүн сапаты, валюталык риск, интеллектуалдык менчиктин коргоого алынышы, соода саясаты, мамлекеттик регулировкалоо, салык,саясий стабилдүүлүк, инфраструктура ж.б. каралып чыгат. Артта калган региондорго инвестиция тартуу үчүн аймакка жеңилдетилген чарбалык режимдер түзүлөт.

Эмгек миграциясы. Акы төлөнүүчү эмгек ишмердүүлүгүн мамлекеттен сырткары жактарда ишке ашыруу үчүн элдердин көчүүсү эмгек миграциясы түшүнүгүн берет. Мындан сырткары элдердин башка мамлекеттерге жылуусу эмгек миграциясынан башка социалдык конфликтерден, өлкөдө саясий туруктуулуктун болбошунан да болушу мүмкүн.

Дүйнөлүк чарбанын проблемалары:

  • Глобализация – улуттук финансылык рыноктун өсүп бара жаткан бири-бирине көз карандылыгы;

  • Дүйнөлүк экономиканын бирдиктүү бир организмге айланып баратышы;

  • Өлкөлөрдүн ички карыздарынын өсүшү. Айрым мамлекеттердин карызы мисалы, эки триллион доллар;

  • Мурунку СССР республикаларынын жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин капиталдарында дүйнөлүк финансы рыногунда өтө зор керектөөлөрүн камсыздоо жөндөмдүүлүгү критикалык проблема катары эсептелет.


Бышыктоого карата суроолор:

  1. Рыноктук система деген эмне?

  2. Экономикалык жашоону регулировкалоонун ыкмалары кайсылар?

  3. Мамлекеттик бюджет деген эмне?

  4. Салыктык саясаттын маңызы эмнеде?

  5. Экономиканын өндүрүштүк ишмердиги деген эмне?


Тема 8. Коомдун саясий сферасы.


План:

1. Саясат

2 Саясий бийлик .

3. Саясий сфера


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер коомдун саясий сферасы боюнча кенен маалыматка ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер коомдун саясий сферасында саясий адеп-ахлакка тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер коомдун саясий сферасын мамлекеттин кызыкчылыгы менен айкалыштыра карай алуу, сынчыл ойлоо жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт


Негизги түшүнүктөр: саясат, саясий бийлик, бийлик, саясий каражаттар, саясий ыкмалар, саясаттын функциялары, саясий сфера.


Бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин бийликке болгон суроо-сунуш, талаптары ар түрдүү жана мамлекеттик саясий бийликке анын ишине киришүүсү да абдан активдүү болууда. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп көрбөгөндөй өстү. Бул көрүнүш өзгөчө саясат тууралуу маселелер козголгондо ачык көрүнөт. Ушундай маселе козголгондо дайыма саясат, саясий бийлик, коомдук институттар деген сөздөр байма айтылып келет. Ага байланыштуу саясат жана анын коомдук жашоодогу ролу тууралуу сөз болгондо адегенде жогорудагы сөздөр менен бирге эле саясат, анын маңызы, саясий коом же саясий сфера тууралуу түшүнүктөргө кенен токтолуу зарылдыгы пайда болот.

Саясат – бул шаар-мамлекеттерди башкарууга катышуу дегенди билдирген антикалык доордон келген түшүнүк. Саясат заманбап бүгүнкү түшүнүктө чоң социалдык топтордун (улуттар, мамлекеттер, түрдүү класстар) арасындагы мамилелердин ишмердүүлүгү. Саясат татаал коомдук кубулуштардын көрүнүшү. Бул түшүнүктү пайдаланууда саясаттын бир нече белгилерин келтиребиз.

  • Саясат – бул бийликтин кызыкчылыктарына дал келген чоң социалдык топтордун жөнгө салынган багыттарындагы коомдук уюмдардын, лидерлердин, бийликтин ишмердүүлүгү.

  • Саясат – бул бийликтеги элдердин конкреттүү аракеттери жана ыкмалары.

  • Саясат – бул мамлекеттик жана коомдук жашоонун окуяларынын, фактыларынын ошондой эле учурдагы маселелердин жыйындысы.

  • Саясат – бул коомдун жана мамлекеттин иштерине жарандардын катышуусунун түрдүү формалары.

Саясаттын субьектиси – бул реформалар жана бийлик үчүн атайын күрөшүүгө жөндөмдүү саясий процесстин катышуучулары (топтор, партиялар, улуттар, коомдук бирикмелер).

Саясаттын обьектиси – мамлекеттин жана субьекттин саясий ишмердүүлүгүнүн сферасы.

Саясат бир эле убакта эки тапшырманы аткарууга багытталат.

  • Коомдун бүтүндүгүн сактоо үчүн калктын саясий жүрүшүн башкаруу (класстар, этникалык топтор, улуттар).

  • Мамлекетте бардык топтордун жана катмарлардын маанилүү кызыкчылыктарын көрсөтүү.

Саясат ички (экономика, социалдык мамилелер, коргоо органдары, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият) жана сырткы (эл аралык аренада башка мамлекеттер өз ара аракеттенүү) болуп экиге бөлүнөт. Саясаттын функциялары:

  • Коомдун максаттарын жана тапшырмаларын аныктоо;

  • Жарандардын кызыкчылыктары менен ылайыкташкан жашоо ишмердүүлүгүнүн программаларын иштеп чыгуу;

  • Коомдун максаттары, тапшырмалары жана программалары менен дал келген ресурстарды мобилизациялоо;

  • Баалуулуктардын бөлүнүүсүн көзөмөлдөө;

  • Коомдун айланасындагы социалдык-саясий максаттардын жана баалуулуктарды интеграциялоо.

Саясий каражаттар:

-шайлоо компаниялары;

- көтөрүлүштөр;

- митингдер;

- согуштук аракеттер ж.б.

Ал эми саясаттын ыкмасы:

  • ынандыруу;

  • күчтөө;

  • сыйлоо;

  • аргасыз кылуу.

Бийлик деген эмне? Бийлик – бул укук, күч, кимдир бирөөнүн үстүнөн же элдердин позициясына, жүрүшүнөн, сезимдерине таасир көрсөтүү. Башкалардын каршылыгына карабастан өзүнүн жеке чечимдерин белгилүү бир шарттарда таңуулаган бир адамдын же адамдардын тобунун жөндөмдүүлүгү.

Саясий сфера – коомдун жашоосунун спецификалык областы. Саясий сферанын көп түрдүүлүгүндө жана өнүгүүсүндө саясий ишмердүүлүктүн башаты негизделет. Мында саясий мамилелер жана бийлик институттарынын жардамы менен социалдык топтордун жана катмарлардын, инсандын жана элдердин саясий кызыкчылыктары жүзөгө ашырылат. Коомдун саясий сферасы – татаал, көп тармактуу, ошол эле мезгилде бир бүтүн түзүлүш. Ага көп түрдүү институттардын, мамилелердин, процесстердин, кубулуштардын өз ара байланыштарынын бардыгы кирет. Саясий сфера коомдун дал келбеген кызыкчылыктары бар таптарга бөлүнүүсүнөн тартып пайда болгон. Түрдүү таптардын, саясий париялардын жана социалдык топтордун бийликке ээ болуу, бийликти колунда кармап туруу, жана аны пайдалануу үчүн болгон күрөшү саясий сферанын негизги мазмунун түзөт.

Коомдук өнүгүүнүн жүрүшүндө позитивдүү жана негативдүү таасир тийгизүүгө жөндөмдүү саясий лидерлердин активдүү ишмердиги, саясий эрки жана кадыр баркы көрүнөт. Бирок саясий жетекчинини ролу канчалык маанилүү болбосун саясаттын сферасындагы адамдардын реалдуу жүрүм-туруму баары бир чечүүчү болуп калат. Ар бир адамдын өзүнүн коомдук күчүн саясий күч катары аңдап билүүсү өлкөнүн саясий тарыхындагы окуяларды эл аралык мүнөздөгү саясий окуяларды чечмелөөдө көбүрөөк катышуусунда чагылыдырылат.

Саясий сферанын компоненттери:

  • мамлекет (өкүлчүлүк, аткаруучу жана соттук органдар, прокуратура, армия, коопсуздук органдары ж.б.);

  • саясий партиялар жана саясий кыймылдар, коомдук уюмдар жана бирикмелер;

  • массалык маданият, үгүттөө каражаттары;

  • саясий идеология, саясий коомдук ой-пикир;

  • саясий маданият, саясий ишмердүүлүк.

Саясий сферанын бул компоненттери – диалектикалык өз ара байланышта жана өз ара шартталган, ошондой эле дайыма кыймылда жана өнүгүүдө болот. Саясий сферанын компоненттери жана кичи системалары экономикалык, социалдык, руханий чөйрөлөр менен тыгыз байланышта болуп, алардын өнүгүүсүн түрдүүчө таасир тийгизет. Саясий сфера башка сфералар менен бирдей багытта эле өнүгөт жана өнүгүүнүн тенденцияларына ээ болот. Саясий сферанын компоненттери жана коомдук прогресстин логикасына каршы белгилүү чектерде коомдун турмушунун башка сферасына каршы багытта деградация болушу мүмкүн. Саясий сфера анын институттары жана кичи системасы социалдык-экономикалык жана руханий өнүгүүнүн белгилүү багыттарында тоскоолдук болуп, коомдук өнүгүүнүн вариантына түртөт. Саясий сфера үчүн саясий процесстердин алдыга жылуусу үчүн зарыл шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүүчү, анын өзүнүн өнүгүүсүнүн да булагы болгон ички карама-каршылыктар мүнөздүү. Саясий сфера коомдук өнүгүүнүн мүмкүн болгон багыттарына түртөт. Эгерде саясий партиялар тарабынан багытталган таптардын, социалдык топтордун саясий суроо-талаптары тарыхый процесстин обьективдүү жүрүшүе эске алса, анда берилген коомдук-экономикалык системанын саясий мамилелери коомго доо кетүүсүз өнүгөт. Тескерисинче мындай эсепке алуунун жоктугу саясий кырдаалдын чыңалуусун пайда кылып, саясий конфликттерге социалдык карама-каршылыктарды чечүүнүн ыкмасы катары-революцияга чейин алып келет.

Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Саясий сферанын пайда болушуна эмне түрткү берген?

  2. Саясий сфера башка экономикалык, социалдык чөйрөлөрдөн эмнеси менен айырмаланат?

  3. Саясий каражаттарга эмнелер кирет?

Бышыктоочу суроолор:

  1. Саясий чыңалуу кайсы мезгилде пайда болот?

  2. Саясий сферанын негизги мазмуну эмнде?

  3. Коомдун саясий сферасы дегенде эмнени түшүнүп жатабыз?

  4. Коомдук саясий сферанын структуралык компоненттерин атагыла.

  5. Саясий сфера эмненин негизинде пайда болгон?

Тема 9. Мамлекет жана анын негизги белгилери.


План:

1. Мамлекет

2. Мамлекеттин функциялары

3. Мамлекеттин механизминин негизги элементтери

4. Мамлекеттик түзүлүштүн эки формасы


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер мамлекет анын негизги белгилери тууралуу түшүнүк алышат.

  2. Тарбиялык: студенттерди улуттар аралык мамилелерди жөнгө салууда саясий ынтымактыкка тарбиялоо.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: саясий системанын негизги институту тууралуу жигердүү ойлоо көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.


Негизги түшүнүктөр: мамлекет, мамлекеттик бийлик, мамлекеттин функциялары, мамлекеттик башкаруунун формалары, монархия.


Мамлекет – коомдун экономикалык жана социалдык түзүлүшүн сактап, аны башкарууну ишке ашыра турган саясий системанын негизги институту. Ошондой эле мамлекет дегенибиз – суверендүүлүккө ээ, баардыгы үчүн милдеттүү мыйзам чыгарган, башкаруучу жана мажбурлоочу атайын аппараты бар, калктан салык жыйнай алган, өлкөнүн бардык масштабындагы бийликтин бирдиктүү саясий уюму болот. Мамлекет түшүнүгү алгачкы учурда көп адамдын биргелешип иштешинин натыйжасында жолго салуу зарылчылыгынан улам пайда болгон. Мамлекеттердин пайда болуп, өнүгүшүнө түрткү болгон себептер:

  • Өндүрүүчү чарбанын жана соода-сатыктын өнүгүшү;

  • Калктын санынын өсүшү;

  • Башка элдердин басып алуу коркунучу, көз карандысыздыкты коргоо ж.б.

Мамлекет термини эки мааниде пайдаланылат. Биринчиси өлкөнү географиялык жактан бөлүүдө, экинчиси өлкөдөгү саясий бийликти уюштурууда. Мамлекеттин белгилери:

  • Мамлекет озүнүн коз карандысыз бийлигин жүргүзгон аймак жана аны мамлекет башка мамлекеттердин басмырлоосунан коргой алат.

  • Мамлекеттин аймагында жашап жаткан жарандар.

  • Саясий бийлик – коомдун айрым бир бөлүгүнүн башка бир бөлүгүн уюшулган күч менен аргасыздан баш ийдирүүсү.

  • Суверенитет - ички жана тышкы иштерде мамлекеттик бийликтин көз карандысыздыгы.

  • Мамлекетте укуктук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылган укуктук система.

  • Мамлекеттин экономикалык өз алдынчалыгын камсыз кылган салыктык система.

Мамлекеттин функциялары. Мамлекеттин ички жана тышкы функциялары бар.

  1. Ички функциялар

Укуктук тартипти жөнгө салуу жана мыйзамдуулукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү коргоо.

Экономикалык жатта коомдун чарбалык өнүгүүсүн камсыздоо.

Социалдык жаатта эркин өнүгүүдө жарандарга жетиштүү жашоого шарттарды түзүү.

Салыктарды жыйноо жана финансылык көзөмөлдү орнотуу.

Өлкөдө идеологиялык көп түрдүүлүк үчүн шарттарды түзүү.

  1. Тышкы функциялар

Өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо.

Экологиялык жашоо жана эл аралык коопсуздук, тынчтык үчүн күрөш.

Бардык мамлекеттер менен ар тараптуу жана өз ара кирешелүү кызматташууну өнүктүрүү.

Эл аралык актылардын негизинде мамлекеттер аралык көзөмөлдөө.

Мамлекеттин механизминин негизги элементтери. Мамлекеттин башчысы. Мамлекеттин башчысы катарында президент, монарх же коллегилдык орган (мис.Швейцариядагы Федералдык Кеңеш) эсептелет жана ал башка мамлекеттер менен кызматташууда мамлекеттин официалдуу өкүлү катары барат.

Парламент. Бул мамлекеттин шайлоонун негизинде барган депутаттардан түзүлгөн мыйзам чыгаруучу органы. Мыйзамдарды чыгаруу пралменттин негизги функциясы. Парламент – бул калктын кызыкчылыгын жана эркиндигин көздөгөн жана ага карата аракеттерди көргөн негизги өкүлү. Парламент мамлекеттерде түрдүү аталыштарда болот. Мисалы, Россия Федерациясында Федералдык жыйын-дума, США Америка Кошмо Штаттарында болсо Конгресс, Улуу Британияда Парламент деп аталат.

Өкмөт. Бул жогорку тараптан дайындалган өлкөдө дайыма аракеттенүүдө турган аткаруу-бөлүштүрүү ишмердиги менен алектенген жана аны ишке ашырууга жетекчилик кылган жалпы компетенциядагы коллегиалдык орган. Түрдүү өлкөлөрдө түрдүүчө аталат. Мисалы, Россия Федерациясында Өкмөт, Японияда Кабинет, Индияда Министрлер Совети, Кыргызстанда Өкмөт.

Башкаруунун формасы. Бийлик органдарынын полномочиелери жана структурасы, алардын иреттүүлүгү кайсы бир калктын катышуусунун деңгээлинин аныкталышы мамлекетте башкаруунун формасын аныктайт. Башкаруунун формасы – бул мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара компетенцияларынын бөлүштүрүлүшү жана мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын структурасы жана түзүлүшүнүн ирети. Республика – бул мамлекетте бийлик тандоонун жана шайлоонун негизинде жогорку бийлик эсептелген парламент, президент, муниципалдык органдар, айыл өкмөттөргө таандык. Республика формасы боюнча парламенттик(бийлик парламентке караштуу болот), президенттик (бийлик президентке гана караштуу болот), аралаш (бийлик парламентке, президентке караштуу болот).

Мамлекеттик түзүлүштүн эки формасы. Мамлекеттин саясий аймактык түзүлүш формасы – бул борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы мамилелер жана мамлекеттик аймактык өз ара мамилелер болуп эсептелет. Бул түзүлүштүн негизги эки формасы бар. Алар: унитардык мамлекет жана федерация.

Унитардык мамлекет – бул борбордоштурулган бирдиктүү мамлекеттик түзүлүш. Унитардык деген сөз француз тилинен алынып, которгондо “биримдик” дегенди түшүндүрөт. Анда борбордук өкмөт өлкөнүн бүткүл аймагын жергиликтүү акимчиликтер аркылуу башкарат. Мамлекет ошону менен адиминистративдик –аймактык бөлүктөргө бөлүнөт. Мисалы азыркы учурда Кыргыз Респрубликасында 7 облус бар. Бирок бул административдик-аймактык бөлүктөр (облус, район) суверендүүлүккө ээ эмес. Анткени өз алдынча мыйзам чыгара албайт. Мындай унитардык мамлекеттерге Кыргызстандан башка Швеция, Египет, Норвегия, Греция Франция, Италия, Венгрия мамлекеттери кирет.

Саясий аймактык түзүлүш

-унитардык

- конфедерация

- федерация болуп 3 кө бөлүнөт.

Унитардык мамлекеттин белгилери:

-бирдиктүү конституция жана мыйзам чыгаруу

- мамлекет үчүн бирдей өкүлчүлүктү жана аткаруучу органдар

- бирдиктүү сот бийлиги

-бирдиктүү жарандык

Федерация – бул өзүнчө бөлүктөрү мамлекеттүүлүктүн белгилерине ээ болгон мамлекеттик түзүлүш формаларынын ар түрдүүлүгү болуп саналат. Ал латын тилинен которгондо “союз”, “бирикме” дегенди билдирет. Федеративдүү мамлекетте ар биринин өз аттары бар. Ошентип шаттар, республикалар, провинциялар бирдиктүү мамлекетке биригип федерацияны түзөт. Федерацияда биридктүү жарандык (гражданство) өкүм сүрөт. Федеративдүү мамлекеттердин бардык федерацияларында мамлекеттик бийликтер жана башкаруу органдары иш алып барат. Федеративдүү мамлекетке кирген ар бир республика жана шаттардын өзүнүн конституциялары, мыйзамдары, парламенти, өкмөтү, сот органдары бар. Ошондой эле алардын мамлекеттик символикалары герб, желек, гимндери бар.

Штаттардын же республикалардын конституциялары жана мыйзамдары федерациянын конституциялары жана мыйзамдары менен дал келиши керек. Федеративдүү мамлекеттер бирдиктүү куралдуу күчкө жана бирдиктүү салыктар системасына ээ болот. Федерация эки жол менен пайда болот.

  1. Келишим түзүү жолу менен. Анда мамлекеттер биригүү жөнүндө келишим түзүшүп, ошону менен федерацияны түзүшөт.

  2. Федерация конституциянын негизинде, борбордук бийлик федеративдүү түзүлүштү жана аймактардын автономиясын тааныган учурда түзүлөт.

  3. Федерациянын жогорку бийлик органдарында бийликтин эки систмасы бар. Алар:

– мамлекеттин бөлүктөрүнүн (республиканын, штаттын) жогорку органдары (мыйзам чыгаруу, аткаруучу, сот);

-жалпы федерациянын жогорку бийлик органдары.

Федеративдүү мамлекеттерге Россия Федерациясы, АКШ, Канада, Германия, Индия, Испания ж.б.кирет.

Федерациянын белгилери:

  • Федерациянын аймактары анын республикаларынын, штаттарынын аймактарынан турат

  • Жогорку мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бийликтери федералдык мамлекеттик органдарга таандык

  • Ар бир республика же штат өзүнүн конституциясына мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот органдарына ээ

  • Федерациянын жогорку мыйзам чыгаруучу орган болгон парламент эки палаталуу түзүлүшкө ээ. Алар жогорку жана төмөнкү палаталар. Жогорку палата республика же штаттардын кызыкчылыгын көздүйт. Төмөнкү палата өлкөнүн бардык калктарынын кызыкчылыгын көздөйт.

Мамлекеттик түзүлүш формаларына конфедерация дагы кирет. Конфедерация федерацияга караганда анча тыгыз эмес бирикмеси. Алар конфедерацияга бириккени менен ички ишинде өзүлөрүнүн толук көз карандысыздыгын сактап калат. Бирдей тышкы саясатты жүргүзүп, жалпы армияга, жалпы финансылык жана мамлекеттик органдарга ээ болот. Конфедерациялык мамлекеттин катарына Швейцария кирет.

Бышыктоочу суроолор:

  1. Мамлекеттин негизги белгилери кайсылар?

  2. Мамлекеттин функцияларын ата.

  3. Башкаруунун формаларын аныктагыла.

  4. Унитардык мамлекет менен Федерациянын айырмасы эмнеде?

  5. Мамлекеттин функцияларына эмнелер кирет?

  6. Мамлекеттик бийликтин бутактары кандай иштерди аткара алышат?

Тема 10. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги.


План:

1. Кыргыз Республикасынын түзүлүшү

2. Мыйзам чыгаруу бийлиги

3. Аткаруу бийлиги

4. Сот бийлиги


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер мамлекеттин бийлик бутактары тууралуу билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: мекенчилдикке тарбияланышат

  3. Өнүктүрүүчүлүк: салыштыруу менен туура ой-пикирлей алуу жөндөмдөрү өнүгөт


Негизги түшүнүктөр: мыйзам, аткаруу, сот бийлиги, мамлекет, бийликтин бөлүнүшү


Мамлекет укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, бардык коомго таралуучу, анын расмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы. Кыргыз Республикасы көп улуттуу, эгемендүү өлкө. 1991-жылы 31-августта өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.1993-жылы 5-майда өлкөнүн Конституциясы кабыл алынган. Кыргызстан 7 облустан жана 40 райондон турат.

Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнүн тарыхый хронологиясы

  • Б.з.ч. (56-49-жж.) кыргыздардын көз каранды эместик үчүн күрөшү жана өз падышалыгын түзүшү тууралуу кытай тарыхчысы Бан Гунун маалыматы

  • Б.з.ч. 6 кылым. Енисей аймагында Кыргыз кагандыгынын калыптанышы

  • 840-924-жж. Улуу Кыргыз державасы (кагандыгы)

  • 1924-жыл 14-октябрь Кара Кыргыз Автономиялуу облусун түзүү жөнүндө ББАКтын токтому

  • 1925-жыл май Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун Кыргыз АО деп аталышы

  • 1926-жыл 1-февраль Кыргыз Автономия Республикасын түзүү жөнүндө ББАКтын чечими

  • 1927-жыл 7-март Кыргыз АССРинин уюштуруу курултайы

  • 1929-жыл 30-апрель Кыргыз АССР Советтеринин 2-курултайында Республиканын биринчи Конституциясынын кабыл алынышы

  • 1991-жыл 31-август Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө” Декларациянын кабыл алынышы.

Бийликтин бөлүнүшү – бул бирдиктүү мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги болуп өз алдынча, бири-бирине көз карандысыз бөлүнө турган конституционализмдин негизги принциптеринин бири. Бийликтин бөлүнүшүнүн принциби алгачкы ирет жана ырааттуу түрдө 1787-жылы АКШнын Конституциясында жүзөгө ашырылып, анда 3 бийлик гана бөлүнбөстөн, алар бири бирин “теңдештик тутуму” аркылуу көзөмөлдөп да турат. Парламенттик мамлекеттерде парламент шарттуу түрдө аткаруу бийлик органдарына үстөмдүк кылгандыктан, бийликтин бөлүнүшү принциби анчалык ырааттуу жүргүзүлбөйт. Кыргыз Республикасында бийликти бөлүштүрүү принциби КР Конституциясында бекитилген.

Мыйзам чыгаруу бийлиги-мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Мамлекеттик мыйзамдарды кабыл алуу Мыйзам чыгаруу бийлигинин негизги иши. Азыркы кездеги мыйзам чыгаруу бийлиги парламентаризмдин өнүгүшү менен байланышкан. Парламентаризмдин тарыхында алгачкылардан болуп 13 кылымда британдык парламент пайда болгон. Ал эки палатадан: общианалар палатасы- башында рыцарлар жана бюргерлер, лорддор палатасы – пирлер жана жогорку чиркөө кызматчыларынан турган. Азыркы күндө Улуу Британияда эл тарабынан шайланган депутаттардан турат. Ал эми мурдагы лорддор палатасы бүгүнкү күндө ага мүчө болуу тукуму аристократтар, дин кызматкерлери болгон жана өлкөнүн алдында сиңирген эмгеги боюнча жүргүзүлөт.

АКШда Мыйзам чыгаруу бийлик аткаруучу бийликтен өзүнчө бөлүнгөн, кеңири полномочиелери бар, Конституцияга ылайык биринчи бийлик катары эсептелсе да бийликтин бөлүнүшүнүн балансын буза албайт. Президент аткаруучу бийликтин башчысы катары Конгресске баш ийбейт, ошол эле учурда Конгрессти таркатып жиберүү укугу Президентте жок. АКШнын Конгрессине мыйзам чыгаруу процесси узак жана татаал процесстерден өтөт. Мыйзам долбоорлору АКШнын бардык штаттарында колдоого алынышы керек. Ал эми Кыргызстанда мыйзам чыгаруу процесси бир кыйла эле жөнөкөй. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-статьясына ылайык, Жогорку Кеңеш, Мыйзам чыгаруу бийлиги көзөмөлдөө иштерин да жүргүзөт.

Аткаруу бийлиги. Мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эркиндигинин корголушун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички, тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрлик, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик жергиликтүү акимияттар аткаруу бийлигин жүргүзөт. Аткаруучу бийликтин формалары ар башка өлкөлөрдө ар башкача болот. АКШда жана көпчүлүк латын-америкалык өлкөлөрдө жогорку аткаруучу бийлик бир адамдын колунда топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт жана ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы жана толук жоопкерчилик милдети жүктөлөт. АКШнын президенти мамлекет башчысы болуу менен бирге аткаруучу бийликти да жетектейт жана анын ишмердиги үчүн жооп берет. Парламенттик Республика системасында мыйзам чыгаруу бийлиги өз ичинен аткаруу бийлигин түзөт. Ал эми Улуу Британия, Германия, Япония, Израиль өлкөлөрүндө премьер министрлер жалаң гана парламенттин мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-статьясына ылайык өкмөттүн курамын премьер министрдин сунушу менен президент аныктайт. Иш жүзүндө өкмөт башчысын анын мүчөлөрүн президент өзү түзөт, бирок алардын ишине тикелей жооп бербейт. Жоопкерчилик премеьер-министрге жүктөлөт.

Сот бийлиги. Бийликтин үчүнчү булагы болуп сот бийлиги эсептелет. Соттордун эң негизги максаты сот адилеттигин ишке ашыруу. Конституциялык сот мыйзамдардын, Жогорку Кеңеш, Президент, Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган нормативдик актылар, чечимдер, Конституцияга карама-каршы келген учурларда, аларды Конституцияга карама-каршы келген учурларда аларды Конституцияга ылайык эмес деп таап жокко чыгарат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча корутунду берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту граждандык, кылмыш жана административдик сот иштери боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп эсептелет.Республиканын аймагында райондук, шаардык, облустук соттор карашат. Жергиликтүү сотторго көзөмөлдү Жогорку сот жүргүзөт, бирок конкреттүү ишти кароодо көрсөтмө бербейт. Анткени соттордун көз карандысыздыгы бар. Мыйзамга негиздеп чечим кабыл алган соттордун иши кайра каралбайт. Эгерде мыйзамга туура келбеген чечим кабыл алынган болсо андан жогору турган сот ишти башка судьяга өтөкөрүп берүү менен кайра карайт.

Кыргыз Республикасында сот системасы башка бийликтерге көз каранды болбой сот адилеттигин Конституцияга жана мыйзамдарга гана таянып ишке ашыруу үчүн бир кыйла кепилдиктер каралган.


Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Мамлекеттин мыйзам, чыгаруу, аткаруу, сот бийликтеринин функцияларын айырмалап айтып бергиле.

  2. Бийликтин бөлүнүш зарылдыгын белгилегиле.

  3. Азыркы учурда Кыргызстанда сот бийлигинин абалы кандай? Соттордун көз карандысыздыгы барбы?

  4. Бардык эле убакта жарандардын укуктары соттор тарабынан туура чечилеби?

  5. Мамлекеттин аткаруу бийлиги болгон Өкмөтү граждандардын кызыкчылыктары үчүн канчалык деңгээлде иштейт деп ойлойсуңар?


Тема 11. Коомдун социалдык структурасы.


План:

1. Коом анын түзүлүшү

2. Социалдык топтор


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер коом, коомдун социалдык структурасы жөнүндө түшүнүк алышат.

  2. Тарбиялык: студенттер коомдо өзүн алып жүрүүгө тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттердин төрдүү топтор менен кызматташуу көндүмдөрү өнүгөт.

Негизги түшүнүктөр: коом, социалдык статус, авторитет, коомдун белгилери.

Коом – бул биргелешип жашаган адамдардын тобу. К.Маркс коомду элдердин өз ара биргелешкен аракеттеринин процессинде түзүлгөн мамилелеринин тарыхый жыйындысы деп аныктаган. Ал эми Э.Шилз коомдун белгилерин бөлүп көрсөткөн. Алар төмөнкүлөр:

- коом кандайдыр бир ири системанын органикалык бөлүгү болуп эсептелбейт.

- коом элдердин катрмарында бал деп эсептелген адамдардын эсебинен толукталып турат.

- коом өзүнүн аймагына ээ.

- коом өзүнүн башкаруу системасына ээ.

- коом бир индивиддин орто жашоо узактыгынан да узак жашайт.

- коомду жалпы эрежелердин, баалуулуктардын, нормалардын, мыйзамдардын системасы бириктирип турат.

Коом индивиддердин же баалуулуктарыдн механикалык нормаларынын жыйындысы эмес. Социалдык аракеттенүүнүн татаал системасын көрсөтөт. Социалдык аракеттенүүнүн процессинде индивиддер аныкталган бир топко биригишет. Жалпылык социалдык структуранын компоненттеринен түзүлөт.

Коом өз ара байланышы бар социалдык топтордон турат. Байыркы доордо адам үйүрү, урук, уруу, уруу бирикмелери деген топтор пайда болгон. коомдун өнүгүшү менен адамдардын эл, улут деген соң-чоң социалдык топтору түзүлгөн. Социалдык топ – бул кандайдыр бир жалпылыгы бар адамдардын тобу. Коомдун социалдык топтору санына жараша аз жана көп болуп бөлүнөт. Мисалы, коомдун негизин түзгөн үй-бүлө, достор, классташтар, спорттук командалар майда топторго кирет. Ал эми чоң топтордун катарына партиялар (саясий партиялар), этностор, коомдук уюмдар (профсоюз уюму ж.б.), мамлекеттик уюмдар (милиция, армия) кирет. Адамдар кесиби боюнча да социалдык топтордон турат. Мисалы, мугалимдер, юристтер, экономисттер, менеджерлер өзүнчө социалдык топ катары каралат. Жашаган жери боюнча да адамдар: айылдык, шаардык болуп бөлүнөт. Ар бир облустун, айылдардын калкы өз-өзүнчө социалдык топ катары эсептелет. Социалдык топтордун кызыкчылыктарын бириктирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоо мамлекеттин башкы милдети. Туруктуу болуп калган ар бир топтун өз милдеттери жана эрежелери бар. Милдеттер менен эрежелер бир топту башка топтон айырмалап турат. Топтун мүчөлөрү өздөрүнүн кийингендери жана шарттуу белгилери боюнча айырмаланышы мүмкүн.Тигил же бул топтогу адам топто калыптанган эрежелерди аткарышы керек. Эгерде топтун өзүнүн эрежелери болбосо, белгилүү бир максаттарды ишке ашыра албайт. Ошондой эле топтун мүчөсү топтун эрежелерине баш ийбесе, башкалардын пикири менен эсептешпесе жана өзүн алардан жогору койсо анда ал бара бара топтон сүрүлөт. Адамдардын ортосунда топторго биригүүгө чейин мамиле түзүүнүн бир нече түрү бар. Мисалы, тааныштык, бири-бирин жакшы түшүнүп, бир максатты көздөп, өз ара жакын байланышта болгон достук мамилелер бар.

Социалдык структура көп кырдуу жана көп компоненттүү. Р.Мертондун аныктамасына ылайык социалдык топ – бул башкалардын көз карашында аталган топтун мүчөсү катары эсептелген адам жана адам өзүн да ошол топтун мүчөсүмүн деп билген, аныкталган мүнөздө бири бири менен аракетте болушкан элдердин жыйындысы.

Ошентип, коомдун социалдык структурасы – бул саны, социалдык абалы боюнча коомдук мамилелер системасындагы социалдык топтордун жалпылыктарынын туруктуу формаларынын жыйындысы, алардын социалдык багыты жана арасындагы карым катнаш.

Социологияда биринчи жана экинчи топтор бар болуп айырмаланып турушат. Биринчиси бул индивиддер үчүн жана социалдык жаратылышты түзүү үчүн фундамент болуп берет. Топто ар түрдүү кызыкчылыктар, умтулуулар болуусу мүмкүн. Бирок анын баары топтун жалпы көңүлүнө баш ийет. Биринчи топтун аябай эле маанилүү санына коңшулук, чоңдордун топторун кошууга болот. Анткени алар индивидге толук тажрыйбасы бар адам катары жардам бере алат. Ал эми экинчи топту алсак мында өз ара такыр эле эмоциялык байланыштары жок адамдар түзөт. Бул топтогуларда негизги маани инсандык сапаттарга эмес, а аныкталган функцияларды аткарууга болгон көндүмдөрү каралат. Мисалы, ишканада директор, менеджер, иш жүргүзүүчү, инженер жана башка жумушчулар болуп иштеши мүмкүн, эгерде толук кандуу билимге жана башка көндүмдөргө ээ болсо. Эгерде ар бир кызматкер өз функцияларын мыкты аткара алышса анда, ал элдердин түрдүү личностуна карабастан мыкты ийгиликтерге жетишет.

Мындан сырткары кичи жана чоң, шарттуу, эксперименталдык, рефернттик топторго да бөлүнөт. Шарттуу группалар аныкталган белгилер (жыныс, жаш, билимдин деңгээли, адистик) боюнча биригет. Шарттуу топтун ар түрдүүлүгү болуп лабораториялык (эксперименталдык) топтор эсептелет жана алар бири бирин толук билбеген аныкталган максатка карата изилдөө үчүн түзүлөт. Реалдуу топтор элдердин ишмердүүлүгүнүн жана реалдуу мамилелеринин биригүүсүнүн чектелген өлчөмүндө пайда болот. Аларга мисалы, студенттик тайпалар, мектептик класстар, армиялык взвод, футболдук команда ж.б. Реалдуу топтордун катарында квазигруппалар бар. Ал группа өзүнүн кокустук, кыска мезгилдеги өз ара аракеттенүүчүлүк, туруктуу эмес байланыштар сыяктуу белгилерге ээ. Мындай топтор узакка созулбайт, тез эле таркайт же туруктуу социалдык топторго айланышат. Группанын санына аудитория, социалдык кругдар, топтор кирет. Аудитория – бул туруктуу эмес бир түрдүү элдердин жыйыны. Социологиялык ойдон алганда аудитория концерт көргөнү келишкен элдердин тобу, лекция укканы келишкен студенттердин топтору жана алардын бүткөндүн кийин таркап кетүүчү топтору эсептелет. Квазигруппанын спецификалык түрү катары (толпа) эсептелет. Бул топтун мүчөлөрүндө эмоционалдык жогорку сезимдердин бири бирине өтүшү менен күчөшү мүнөздүү болот. Мында негизги белгилер катары бул топтун адамдары өздөрүнүн аракеттерин ойлонбостон туруп акыл менен эмес, эмоцияга алдыруу менен башкарып калышат. Анонимдүү түрдө индивид өзүн топто тааныбаган абалда болот. Агрессивдүү болуп адамдык уятты унутат.

Заманбап бүгүнкү коомдо кесипти, экономикалык, саясий абалды, адамдын демографиялык белгилерин көрсөткөн адамдын статусу деген түшүнүк бар. Ар бир адам үчүн статустардын аныкталган мүнөздөрү болот. Мисалы, статустун рангы деп айтканыбызда адамдын башка адамдарга карата салыштырмалуу абалы, статустук символ дегенибизде белгилердин айырмасы (кийим, тил, жесттер, жүрүм-турум манералары, кирешенин деңгээли) түшүнүүгө болот. Ар бир статус үчүн аныкталган социалдык ролдор мүнөздүү. Элдер статустун рангы боюнча гана айырмаланбайт, реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн канааттандыра алгандыгы менен да айырмаланат. Элдердин социалдык абалын көрсөткөн бул мүнөздөмө социалдык страфикация деп аталат. Социалдык страфикация коомдук түрдүү маданиятта көрүнөт. Мисалы, Индияда адамдар касталарга бөлүнүшү (брахмандар, кшатрийлер, вайшилер, шудралар) менен абалы ачык көрсөтүлүп турган. Социалдык страфикация социалдык көзөмөлдө нормативдик-баалуулуктардын механизминин бузулгандыгын, теңсиздиктин терең орун алгандыгын көрсөтөт.

Социалдык страфикация заманбап коомдо интегралдык статус менен байланышта түзүлөт. Мында жогорку катмар элитардык азчылык, орто жана төмөнкү катмарга бөлүнөт. Социалдык катмарды страт деп түшүнүүгө болот. Азыркы коомдо адамдар страттарга кирешеси, бийлиги, билими, кадыр-баркы жана адистиги боюнча бөлүнөт. Постсоветтик коомдо страфикациянын динамикасынын критерйилери маанилүү деңгээлде башкача өнүккөн. Мында аракеттеги экономикалык, саясий, социмаданий факторлор маанилүү роль ойноп турган

Тап. Азыркы мезгилде тап деген түшүнүк тар жана кең мааниде түшүндүрүлөт. Кең мааниде алганда тап – бул өзүнүн аракети, ыкмасы менен киреше тапкан адамдардын социалдык чоң тобу. Ал эми тар мааниде алганда тап – бул башкалардын кирешеси, билими, байлыгы, кадыр-баркы менен айырмаланган социалдык тобу. Өнүккөн өлкөлөрдө коом негизинен төрт тапка (страттарга) бөлүнгөн. Алар: жогорку тап, ортоңку тап, жумушчу тап, төмөнкү тап.

.

Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Адамдар эмне үчүн ар кандай топторго биригишет?

  2. Силер кандай топторго киресиңер жана топтордо өзүңөрдү кандай сезесиңер?

  3. Коомдун социалдык структурасы деген эмнени билдирет?

  4. Квазигруппанын өзгөчө тобун түзгөн (толпаны) мүнөздөгүлө.

  5. Социалдык статус жөнүндө кандай түшүндүңөр?

  6. Социалдык страфикациянын айрым бир элементтери азыркы коомдо кездешеби?

  7. Страттар жана страфикация деген сөздөрдү кандай түшүндүңөр?


Тема 12. Инсандын эң маанилүү укуктары жана аларды азыркы дүйнөдө жүзөгө ашыруу маселеси.


План:

  1. Адам укуктары концепсиясынын жаралышы, өнүгүшү жана азыркы мезгилдеги абалы

  2. Адамдын жана жарандын конституциялык-укуктук мартабасы

  3. Адам укуктары менен эркиндигинин кепилдиги


Негизги түшүнүктөр: мамлекеттик мажбурлоолор, конституция, мамлекеттик мекеме, басмырлоо (дискриминация), чет өлкөлүк адам, жарандыгы жок жак, үч эселенген айып.


Лекциянын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер адам укуктары тууралуу билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер укугун терең билиүү менен башка адамдардын укугун сыйлоого, коргоого тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер өз ара пикир алышуу, сыйлоо сезимдери өнүгөт.

Бул теманын алкагында студенттерге:

Азыркы адам укуктары концепциясынын келип чыгуу жолун сыпаттоо, анын негизги жоболорун түшүндүрүү;

Адам укуктарын камсыздоодогу конституциянын жана эл аралык келишимдердин өзөктүү маанисин ачып көрсөтүү;

Адам укуктары менен эркиндиктерине конституциялыккепилдик берүүнүн зарылдыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө тыянак жасоого өбөлгө түзүү;

Адам укуктары концепциясын туура түшүнүүнүн жана аны мамлекет менен болгон мамилелерде колдоно билүүнүн мааниси зор экендигин түшүндүрүү;

Укуктар менен эркиндик күчүндө болоорун, булардын натыйжалуу жүзөгө ашырылышы ар бирибиздин эркибизге, иш-аракетибизге жараша болорун түшүндүрүүгө жетишүү каралат.

Инсандын эң маанилүү укуктары жана аларды азыркы дүйнөдө жүзөгө ашыруу маселеси.

1.Адам баласы аң сезимдүү түрдө да, бейаң түрдө да дайым чексиз эркиндикке умтулат жана мамлекетти эркиндикке жетүү каражаты катары кароого ыктап турат. Бийлик башында тургандар аркылуу иш жүргүзгөн мамлекет дайым өзүнүн кадыр баркын күчөтүүгө, адам менен коом үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жана аларды толугу менен баш ийдирип алууга умтулат. Бул каршылашууда албетте, мамлекет күчтүүлүк кылат, анткени адамга карата мамлекеттик мажбурлоону колдоно алат. Ушул жагынан алганда конституциянын негизги маанилүү милдети – анда бекемделген адам укуктары менен эркиндиги мамлекет да, анын кызмат адамдары да аттап өтө албагыдай бизди тегерете коргогон чийинди даана белгилеп койгон. Ошентип конституция бийликти чектеп, тизгиндеп турат. Конституцияда биздин укуктарыбыз менен эркиндиктерибиз канчалык кеңири сыпатталып берилсе, биз мамлекетте, мамлекеттик мекемелер жана алардын кызмат адамдары менен болгон мамилелерибизде өзүбүздү ошончо эркин жана ишеничтүү сезебиз.

XIX кылымдын аягындагы XX кылымдын башындагы социалисттик жана элдик демократиялык революциялар адам укуктарынын оң маанидеги (позитивдүү) концепциясын өнүктүрүүгө кыйла зор таасирин тийгизди. Социалисттик мамлекеттердин биринчи конституцияларында негизинен адамдын жана жарандын социалдык-экономикалык укуктары жар салынып, мамлекетке болсо бул укуктарды коргоо жана бекемдөө милдети жүктөлгөн.

2.Адам укуктарынын азыркы концепциясы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптана баштаган. 1945-жылы кабыл алынган БУУнун уставы адам укуктарын эл аралык деңгээлде коргоо зарылдыгын белгилеген алгачкы укуктук акты болуп калды. БУУнун максаттарынын бири катары адам укуктарын сыйлоо салтын бекемдөөнү жана колдоп туруун жар салган бул уставда адам укуктарын эл аралык деңгээлде коргоо тутумун түзүү жана өркүндөтүү үчүн негиз түптөлгөн.

1948-жылы БУУнун башкы ассамблеясы адам укуктарынын азыркы концепциясынын эрежелерин жана өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктаган Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Бул декларацияда адамдын жарандык, саясий , экономикалык, социалдык жана маданий укуктары өз ара байланыштуу, ажырагыс бүтүн түрдө жар салынган. Мындан сырткары бул документ адам менен мамлекеттин ортосунда калыптанган мамилелер тутумун өзгөрттү. Эми адам мамлекеттик саясаттын обьектиси эмес, эркин инсан, саясий мамилелердин толук укуктуу катышуучусу болуп калды. Декларация эл аралык келишим эмес, мамлекеттерге кандайдыр бир милдеттенмелерди да жүктөбөйт, ал мамлекеттердин адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого көмөктөшүүсү жана кеңири таанылып, натыйжалуу түрдө жүзөгө ашырылышын камсыздашы үчүн багыттама гана болуп саналат.

Адам укуктарынын азыркы концепциясынын негизги жоборлору

Адам укуктары – бул жеке укуктар. Жалпы таанылган бир гана жамааттык укук бар, ал – ЖСУЭП менен ЭСМУЭПте бекемделген улуттун өзүнүн өнүгүү жолун аныктоо укугу.

Адам укуктары – бул адам менен мамлекет ортосундагы гана тигинен түзүлүүчү мамилелерде колдонулуучу категория. Адам укуктары бул адамды мамлекеттин зомбулугунан коргоочу каражат “курал”. Адам укуктары инсандар аралык мамилелерде колдонулбайт, анткени алар мамлекеттин мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Адам укуктарынын өзөгүндө адамдын кадыр баркы турат. Адам укуктары мамлекетти жана анын мекемелери жана кызмат адамдары аркылуу адамдын белгилүү коомдук дөөлөттөрүн жана мүмүкүнчүлүктөрүн камсыздоого милдеттендирет. Мисалы: билим алуу укугу мамлекетти билим берүү мекемелеринин тутумун түзүүгө, педагогдорду даярдоого, окуу китептерин чыгарууга ж.у.с. милдеттендирет. Адамдын эркиндиктери камсыздоого муктаж эмес; адам жашоосунун бул чөйрөсүнө мамлекеттин кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Эркиндиктердин мисалы: дин тутуу эркиндиги, орун которуу эркиндиги, чогулуш эркиндиги ж.б.

Саясий укуктарга жана эркиндиктерге шайлоо жана шайлануу укугу, кайрылуу укугу, бирикме укугу, ой жүгүртүү эркиндиги, сөз жана басма сөз эркиндиги жана башкалар кирет.

Социалдык укуктар адамдын коомдо татыктуу жашоосун, мындай жашоодогу эң зарыл өлчөмдөгү экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн керек. Экономикалык жана социалдык укуктар менен эркиндиктер адамга ойдогудай деңгээлдеги бакыбат жашоо мүмкүнчүлүгүн берет. Социалдык укуктарга социалдык камсыздоо, билим алуу, ден соолукту сактоо, эс алуу жана башка укуктар кирет. Экономикалык укуктар менен эркиндикке өз мүлкүн ээлөө, пайдалануу жана тескөө укугу, экономикалык эркиндикке, эмгектенүү эркиндигине болгон жана башка укуктар кирет.

Маданий укуктар менен эркиндикке дин тутуу жана атеисттик ынанымда болуу эркиндиги, маданий баалуулуктарга жетүү укугу, көркөм өнөр жана илим менен алектенүү укугу кирет.

КР Конституциясында адам укуктары менен эркиндикери эң жогорку дөөлөт деп жар салынган. Мында конститутциядагы белгиленген укуктар менен эркиндиктер түгөл эмес экендиги, андыктан бул башка жалпы таанылган адам укуктары менен эркиндиктерин тангандык катары чечмеленбеши керек деп айтылган.

КР Конститутциясына ылайык, адамдын жана жарандын төмөнкүдөй милдеттери бар:

  • Конститутцияны жана мыйзамдарды сыйлоо башка жактардын укуктар менен эркиндиктьерин, абийрин жана кадыр баркын урматтоо;

  • Салыктарды жана жыйымдарды төлөө;

  • Ата мекенди коргоо жана аскер кызматын өтөө;

  • Ата-энелердин өз балдарына кам көрүү, аларды тарбиялоо милдети; жашы жеткен балдардын ата-энелерге кам көрүүсү;

  • Негизги (9 класстык) билимди алуу.

Ушул милдеттерди аткаруудан баш тартууда административдик же жазык жоопкерчилиги белгиленет.

3.Мамлекеттеги адам укуктары менен эркиндиктеринин таасирдүүлүгү жана натыйжалуулугу бир катар кепилдиктер менен камсыздалат. Булардын ичинен эң маанилүүсү конститутциялык кепилдиктер. Конститутциялык кепилдиктер дегенде конституцияда бекемделген адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашыруунукамсыздай турган шарттарды жана каражаттарды түшүнөбүз.

Кыргызстан катышкан эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, о.э. эл аралык укуктун жалпы таанылган эрежелери менен ченемдерине ылайык, КР Конститутциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жар салат жана алардын сакталышына кепилдик берет.

Конституцияда жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, укук бузууга жол бербөө жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү мамлекеттин, анын бардык мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин милдети деп жарыяланган.

Укуктар менен эркиндиктердин конституциялык дагы башка кепилдиктерине демократиялык, укуктук, социалдык жана динсиз башкаруу кепилдиктери кирет. Конституцияга ылайык, КРсы демокартиялык, укуктук, социалдык жана динден тышкары мамлекет болуп саналат.

Демократиялык мамлекетте жарандар жана бирикмелер мамлекетти башкарууга түздөн-түз катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот же бийликтин чечимдерине таасир этип, ал чечимдердин өздөрүнүн адилеттүү таламдарына шайкеш аткарылышына жетише алат.

Социалдык башкаруунун кепилдиктери – бул мамлекеттин коомго кызмат кылып, коомдогу адилетсиз теңсиздикти жоюга же мүмкүн болушунча азайтууга умтула тургандыгынын кепилдиктери. КРнын Конституциясында социалдык башкаруу кепилдиктери мамлекеттик мекемелердин социалдык укуктарды камсыздоо боюнча милдеттери катары төмөндөгүчө бекемделген:

  • Мамлекет жетимбалдардын жана ата-энесинин камкордугунан айрылган балдардын багылышын, тарбияланышын, окутулушун камсыздайт.

  • Мамлекет жарандардын улгайган кезинде, ооруп калган, эмгекке жарамсыз болуп калган, багуучусунан айрылып калган чагында социалдык камсыздалышына кепилдик берет.

  • Мамлекет негизги билимдин акысыз берилишин кепилдейт.

  • Мамлекет адамдардын турак-жай сатып алышына көмөктөшөт.

  • Мамлекет медициналык жардамдын берилишин кепилдейт.

  • Социалдык башкаруунун кепилдиги болуп, ар бир адамдын КР Социалдык фондуна төгүм төлөө милдети да болуп саналат.


Тема 13. Мамлекеттик саясий режимдер

План:

  1. Саясий режимдер жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүк

  2. Антидемократиялык режимдер


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер саясий режимдер алардын түрлөрү, мааниси тууралуу билишет.

  2. Тарбиялык: саясатка, саясий коомго маданияттуулук менен мамиле жасоого тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: алдыңкы жана билимдүү коомдун мүчөсү катары саясий режимдерди талдоого көнүгүшөт.


Негизги түшүнүктөр: саясий режимдер, авторитардык жана тоталитардык режимдер

Алдын ала берилүүчү суроолор, мээ чабуулу:

  1. Биздин мамлекетибизде демократиялуулуктун кандай белгилерин айта аласыңар?

  2. КМШ мамлекеттеринде демократиянын бурмаланган көрүнүшү барбы?

  3. Антидемократиялык деген түшүнүктө эмнени болжолдосок болот? Тактаганда бул түшүнүк кайсы түшүнүккө каршы келет?

  1. Саясий режимдер жана анын түрлөрү жөнүндө түшүнүк

Саясий режим – бул бийликти ишке ашыруунун ыкмасы жана конкреттүү формасы, бийлик институттарынын аныкталган түзүлүштөрү болуп эсептелет. Мамлекеттик саясий режимдердин азыр 3 түрү белгилүү. Алар: демократиялык, авторитардык жана тоталитардык.

Демократия-грек тилинен которгондо элдик бийлик дегенди билдирет. Байыркы демократия монархиялык башкаруудан айырмаланып жарандарды түздөн-түз башкарышкан. Анда жарандар аянтта чогулушуп өз ойлорун ачык айтышкан, маанилүү чечимдерди кабыл алышкан. Бирк гректердин шаар мамлекеттеринин башкаруучулары жана саясий лидерлери түз демократия – эл бийлиги менен көз жазгырып, элди алдоого барышкан. Байыркы демократия көпкө жашаган эмес жана охлократияга (топураган элдин бийлиги) өтүп кетишкен, ал болсо залимдикти (тирания) жараткан. Түз демократия байыркы Греция сыяктуу кичинекей мамлекеттерде гана жашай алган. Ал эми эли көп. Ири улуттук мамлекеттерде түз демократия ишке ашмак эмес. Ошондуктан, демократиянын башка өкүлчүлүк формаларга бөлүнгөн. Түз демокартияда негизги чечимдер жарандар тарабынан түздөн-түз чогулуштарда, референдумдарда, шайлоолордо, митингдерде чечилет.

Өкүлчүлүк демократияда болсо, негизги чечимдер элдин өздөрү шайлаган депутаттар, делегаттар тарабынан кабыл алынат. Демократиянын аныктамалары өтө эле көп. Демократия – бул элдин эл аркылуу жана эл үчүн башкаруусу болуп эсептелет. Бул аныктаманы 1863-жылы АКШнын президенти Авраам Линкольн берген. Имында эл деп бардыгы-байлары, кедейлери, шаардыктары, дыйкандары жөнүндө айтылган.

Азыркы демократиянын шарттары Англиялык революциянын (1640), Француз революциясынын (1789), АКШнын көз карандысыздык үчүн күрөшүүнүн (1776) жүрүшүндө негизделген. Анда бардык адамдардын мыйзам алдында теңдиги,эркиндигине негиз салынган. Эгереде, биз демократиянын принциптерине жана баалуулуктарына көңүл бурсак, анда биз, демократиялык ситема кандай иштээрин. Алар өзүнө кандай принциптерди жана балуулуктардык камтыырын билсек болот.

Демек демократиянын негизги принциптери:

-эл бийлиги

- Шайланган өкмөт

- Азчылыктын укуктарынын корголушу

- Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин гарантиясы

- Эркин жана акыйкат шайлоолор

- Мыйзам алдында бардыгынын теңдиги

- Көз карандысыз сот

- Плюрализм

- Көз каранды эмеч ММК

- Кызматташтык

Демократиялык баалуулуктар:

  • Теңдик

  • Адилеттүүлүк

  • Башкарууга катышуу

  • Укуктар менен эркиндиктердин бузулгустугу

  • Адам өмүрү

  • Эркиндик

  • Жекече турмуш

  • Жарандык

  • Бийликтин эл алдында эсептешип турушу

  • Үз алдынча башкаруу

  • Адилеттүү сот

  • Плюрализм

  • Бийликти кыянаттык менен пайдалануудан коргонуу.

Саясий лидер - бул коомго, мамлекетке, уюмга дайыма таасир көрсөтүп туруучу инсан. Алар экиге бөлүнөт. Жөнөкөй жана улуу лидер. Жөнөкөй лидер өнүгүүнүн багытын өзгөртпөстөн башкарышат да тарыхта сакталышпайт. Улуу лидер тарыхый өнүгүүнүн багытын өзгөртүшөт да саясий, социалдык толкундоолорду пайда кылуу менен тарыхта калышат.

Антидемократиялык режимдер

Мамлекеттик саясий режимдердин тоталитардык жана авторитардык режимдери антидемократиялык режимдерге кирет. Алар демократиянын принциптеринен баш тартат жана жеке адамдаы басынтууга негизделет. Кайсы бир группалардын же партиялардын диктатурасын орнотот. Диктатура – бул адамдын же адамдар тобунун мажбурлоо жана зомбулук жолу менен бийликке келиши болуп эсептелет. Антидемократиялык тартиптерге төмөкүлөр мүнөздүү болот. Алар:

  • Мамлекеттин жарандарынын жеке турмушуна кийлигишүүсү

  • жарандардын мамлекеттин саясатына таасир этүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши

  • чыныгы саясий укук жана эркиндиктердин жоктугу. Же алардын чектелиши

  • бийликти бөлүштүрүү принцибинен баш тартуу

  • атуулдардын негизги укук жана эркиндиктерин чектөө

  • парламенттин бийлик укуктарын чектөө

  • бир партиялуулуктун өкүс сүрүшү

  • эркин басма сөздү жоюу

Тоталитардык саясий режим латын тиленен которгондо “бардык”, “бүткүл”, “толук” дегенди билдирет. Тоталитаризм бул саясий режим. Анда мамлекет коомчулуктун жана ар бир адамдын жашоо турмушуна толук жана чексиз көзөмөл жүргүзөт. Тоталитардык режимде бийликти уюштуруунун принциптери:

  • элиталар же бир адам башкарган чакан адамдын тобунан бардык деңгээлде бийлик жабык түзүлөт. Тоталитардык режимде коочулуктун үстүнөн толук көзөмөлдүк орнотулат. Адамдын жеке турмушуна кийлигишүүлөр болот. Тоталитардык бийликте бийлик толугу менен жетекчининин, элиталардын же партиялардын колуна топтоштурулат.

  • Тоталитардык мамлекетте мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бийликтери бир адамдын же адамдар тобунун колунда болот.

  • Өкмөт эч бир шайлоо органдарынын алдында жоопкерчиликтүү эмес.

  • Экономикага мамлекет тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, мамлекеттик эмес менчиктердин бардыгы жоюлат.

  • Тоталитардык тартипте, коомдук турмуштун бардык областтарында: маданият, илим, билим, мамлекеттин ички, тышкы саясаттары бир максатка гана баш ийдирилет. Ошону менен бирге биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып, жеке адамдын турмушу көңүлгө алынбайт. Мисалы: Германияда фашизмдин максаты, улуттарды расалык немецтик мамлекетти түзүү идеясына бириктирүү болгон. Мурдагыф Советтер Союзунда болсо, адамдардын турмушу жана коомчулук, коммунисттик мамлекетти куруу идеясына баш ийдирилген болчу.

  • Тоталитардык мамлекеттерде саясий максаттар үчүн монополиялык партиялар түзүлөт. Тарыхта саясий партиялар бийликке келер алдында өздөрүнүн укуктук жана демократиялык идеяларын айтып. Кийин өз жарандарын ар кандай иш-аракеттери, башкача ой жүгүрткөндөрү үчүн куугунтукка алышып, коомчулукту өзүнө баш ийдиришкен. Мындай партия бийликке келүү менен мамлекеттеги жалгыз партия болуп, өлкөдө бийлик жүргүзүүдө башкы ролду ойнойт. Бул сыяктуу көрүнүштөр СССРде 1920-жылдан 1950-жылга чейин өкүм сүргөн. Сталиндин мезгилинде бүтүндөй бир элди репрессиялап, байыртан жашап келген жерплеринен айдап жиберишкен. (чечендер, немецтер, түрктөр) Аларга эл душманы деген күнөө коюлган.

Авторитардык режимдер – бул жеке адамдын же анча көп эмес адамдын тобунун башкаруусу. Ал латын тилинен алганда “бийлик” д.т. Бул тоталитардык жана демократиялык режимдердин ортосундагы абалды ээлеп, демократияга каршы бийлик жүргүзөт. Авторитардык режимде аткаруу бийлиги катуу өнүгөт. Өкүлчүлүк институттардын ролу чектелет.Ошону менен мамлекеттик бийлик элдерден баш ийүүчүлүктү жана аларды угушун талап кылат. Элдин ой-мүдөөсү эсепке алынбастан мамлекеттин чечимдери кабыл алынат.






Тема 14. Демократия түшүнүгү жана мазмуну


План:

  1. Демократия түшүгүнүн өзгөрүшү

  2. Демократиянын мүнөздүү белгилери

  3. Демократияга өтүү: үлгүлөрү, баскычтары, шарттары


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер демократия алардын түрлөрү, мааниси тууралуу билишет.

  2. Тарбиялык: саясатта, саясий коомдо, күнүмдүк жашоодо демократиялык баалуулуктарды маданияттуулук менен пайдаланууга тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: алдыңкы жана билимдүү коомдун мүчөсү катары КРда демократиялаштырууну талдоого көнүгүшөт.


Негизги түшүнүктөр: демократия, түз демократия, плебицитардык демократия, демократиялаштыруу, демократиялаштыруу “толкундары”, демократиялык транзит.


Алдын ала берилүүчү суроолор, мээ чабуулу:

  1. Силер демократияны кандай түшүнөсүңөр?

  2. Башкаруунун түрү катары демократия жөнүндө эмнени билесиңер?

  3. Биздин өлкөдө демократиянын белгилери кайсылар деп эсептейсиңер?

  4. Демократиянын белгилүү аныктамаларынын бири АКШнын президенти Авраам Линкольн тарабынан берилген (1809-1865) “Демократия – бул эл шайлаган элдин эл үчүн башкаруусу”, деп билдирген аныктама азыркы саясий тажрыйбага туура келеби?


Демократия: институттар, негиздер, баалуулуктар

Демократия түшүнүгү доордон доорго өзгөрүп келген. Антикалык доордо демократия терс сапаттар менен мүнөздөлүп, башкаруунун начар түрү катары эсептелип келген. Демократияны Платон демократияны бийлик маданиятсыз жана кедей адамдарга таандык болгон башкаруунун өзгөчө түрү катары караган. Демократияда бардыгы бирдей, баары тең башкарса болот, а бул башаламанлыкка алып келет деп айткан.

Демократия түшүнүгү эрте либерализмдин идеологдору Д.Локк менен Ш.Л.Монтескье инсан эркиндигин колдошуп, аны элдик эркиндиктин демократиялык негиздери жана жеке укуктарынын жардамы менен бийлик зомбулугунан коргоону жазып чыгышкан.Монтескье өкүлдүк демократияой-пикирин негиздеген. Бул жерде ал эл өз өкүлдөрүн кеңешке же сенатка шайлаган башкаруу түрүн түшүнгөн.

Демократия жөнүндөгү түшүнүктөрдүн өнүгүшүндөгү жаңы этап Француз революциясынан башталган. Мында жарандык коомдун институттарынын пайда болуусунун шарттарында башкаруучулар менен алардын кол алдындагылардын ортосундагы мамилелерди негиздөө муктаждыгы келип чыккандыгы менен байланышкан.

Демократия – грек сөзүнөн алынып “Элдин башкаруусу”, “элдин бийлиги” дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле бул түшүнүк эркиндик, адам укугу, элдик эркиндик сыяктуу баалуулуктарды киргизген коомдук түзүлүш мүдөөсү. Бийлик бутагы болуп эл эсептелген, алар кандайдыр бир мөөнөткө өз ыйгарым укуктарын тандалып алынган өкүлдөргө тапшырып жана алар аркылуу өз каалоолорун билдирип турушкан. Эл менен эл өкүлдөрүнүн ортосундагы мамиле эл өз өкүлдөрүнө тапшырган ыйгарым укуктардын тизмесин бекиткен конституция менен аныкталган.

Бирок, чыныгы демократия эч качан элдин бийлиги болбогондугун эстен чыгарбашыбыз керек, анткени ал мамлекет менен, демек зордук-зомбулук менен байланышкан.

Демократиянын түрлөрү.

Элдин башкаруусуна катышууга, бийлик иштерин кимдин кандай аткараарына жараша демократия түз, плебисцитардык жана өкүлдүк болуп бөлүнөт.

1.Түз демократия – жарандардын чечимдерди даярдоого, талкуулоого жана кабыл алуусуна түздөн-түз катышуусун шарттайт. Ал кабыл алынуучу чечимдер жөнөкөй жана атайын дасыгууну талап кылбай турган учурда, анча чоң эмес жамааттарда болушу мүмкүн. Түз демократия ишканаларда, уюмдарда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын деңгээлинде (мисалы айылдык, шаардык жыйындар жарандардын жашаган жериндеги чогулуштар) жүргүзүлүшү ыктымал.

2. Жарандардын бийлик жүргүзүүгө катышуусунун негизги каналы болуп плебисцитардык демократия эсептелет. Мында жарандардын чечим кабыл алуу жүрүшүнө тийгизе ала турган таасири чектелүү болот. Аларга президент, өкмөт тарабынан даярдалган мыйзам долбоорун же башка чечимдерди добуш берүү аркылуу колдоо же четке кагуу укугу берилген. Референдумдар жана сурамжылоолор сыяктуу жарандардын катышуу түрү башкаруунун ар кандай деңгээлодеринде кеңири пайдаланылат. Түз жана плбисцитардык айырмачылык дайыма эле жүргүзүлө бербейт.

3.Элдин саясий катышуусунун негизги түрү болуп өкүлдүк демократия болуп эсептелет. Анда жарандар бийлик мекемелерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүүчү жана мыйзам кабыл алуучу өз өкүлдөрүн шайлап алышат. Өкүлдүк демократияны ишке ашыруунун түрү болуп парламент эсептелет.

Демократиянын мүнөздүү белгилери:

-инсан укугу жана аларды конституциялык коргоо;

-эркин шайлоолор, кабыл алынуучу чечимдерге таасирин тийгизе алышат;

- кызыкчылыктардын өкүлчүлүгү, б.а. элдин эркин алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу билдирүү;

-көп партиялуулук тутумдун түзүлүш мүмкүндүгүн шарттаган саясий көп түрдүүлүк;

- мыйзамдын улуктугу негизинин иштеши;

- парламентаризм институтунун болушу, ал элдин эркин жар салууну камсыздоого чакырылган;

- бийликтин мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу деп бөлүнүшү. Бийлик бутактары бири-бирин тең салмактап турушат.

- көпчүлүк маалымат каражаттарынын эркиндиги. Мамлекеттиктен сырткары мамлекеттик эмес гезиттер, журналдар, теле-радиокомпаниялардын болушу. Эркин басма сөздүн болушу.

Сөздүн толук маанисинде демократия ар кандай уюмдарды түзүү түрү катары каралат, ал анын мүчөлөрүнүнү башкарууга бирдей катышуусуна жана чечимдерди кабыл алуусуна негизделет.

Студенттер арасында талкуу жүргүзүү

Демократиянын белгилүү аныктамаларынын бири АКШнын президенти Авраама Линкольн тарабынан берилген (1809-1865): “Демократия-бул эл шайлаган элдин эл үчүн башкаруусу”. Бул аныктама азыркы саясий тажрыйбага туура келеби?

Бир бийликтен бир бийликке мисалы тоталитардык бийликтен, авторитардык бийликке, андан демократиялык бийликке өтүү жүрүшүндөгү институционалдык кайра өзгөртүүлөрдү “саясий өтүү” деп түшүнөбүз.

Кыргыз Республикасында демократияга өтүү өзгөчөлүктөрү

Борбордук Азиядагы постсоветтик мамлекеттердеги рефоромаларды жүргүзүүнүн маңызы капитализмге өтүүдө эмес, дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин өзүнө алган жаңы, натыйжалуураак үлгүгө өтүү. Демократияга өтүү үчүн, салттуу коомдорду жаңы коомдорго айландырыш үчүн экономикалык, социомаданий, иделогиялык, тышкы саясий өбөлгөлөр керек. КРсы мурдагы Советтер Союзунун тутумунда туруп көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча (билим берүү, илим, искусство, адабият ж.б.) азыркы өнүккөн өлкөлөр менен атаандаша ала турган деңгээлде болчу. Совет коомунун өнүгүү механизмдери мурун мазмуну боюнча салттуу, түрү боюнча социалисттик (жамааттык) баалуулуктарга негизделген болчу.

Кыргыз Республикасы азыр демократияга өтүүнү өзгөртүү жүрүшү аркылуу ишке ашырууда. Ошондуктан өткөөл мезгилдеги коом коомду бириктире алуучу адеп-ахлактык-рухий баалуулуктар тутумуна муктаж болот. Постсоветитк коомдогу жаңы идеологияны издөө жөнүндөгү маселе мурдагы марксистик-лениндик идеология мамлекеттик идеология катары өнүгүүнүншарттарында өз күчүн жана маанисин жоготуп койгондон кийин пайда болду. Идеология – бул коомдогу жүрүп жаткан жүрүштөрдүн, ой-пикирлердин, көз-караштардын жыйындысынын социалдык чындыкк болгон руханий чагылышы.

Демократияга өтүүнүн баштапкы мезгилинде республикада радикалдык-демократиялык идеология басымдуулук кылган. Бул идеология өзүнө ишмерлер, жаңы буржуазия чөйрөсүндөгү жактоочуларды тартышы мүмкүн. Ал эми калктын негизги катмарынын жашоо деңгээли түшүп кеткенден кийин радикалдык-демократиялык идеология тез эле өз маанисин жоготту.

Социал-демократиялык идеология калктын кандайдыр бир колдоосуна ээ болушу мүмкүн., анткени ал калктын негизги бөлүгүн социалдык коргоонун механизмдерин, натыйжалуу тутумдарын түзүүнүн болжолдойт.

Либералдык идеологиянын таралышы кыйыныраак, анткени ал өткөөл мезгилдин коомунда жетишээрлик социалдык таяныч болбойт. “ортоңку катмар”, ишкерлер, “жаңы буржуази” түзүлүү мезгилинде болушат.Либерализм демократиялык жүрүшкө жардам берет. Ошондуктан жаңы идеологияны иштеп чыгуу узакка созулган татаал жүрүш.

Борбордук Азия өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргыз Республикасында демократияга өтүүнүн түрлөрү менен үлгүлөрүнүн өзгөчөлүгүн аныктоочу бир нече маданий-тарыхый себептерди бөлүп көрсөтөбүз.

  1. Экономикалык реформалар жана саясий кайра куруулар патриархалдык ыңгайды бир топ деңгээлде өзгөртүп койду, бирок ал дагы эле жашап жатат жана ал аң-сезимдин ойгонушуна, улуттук рухий байлыктын сакталышына негиз болуп калууда. Адамдын жүрүш-турушунун көндүм болуп калган жамааттык, “коомдоштук” өнөкөтү талкалана элек. Адам өзүн жамааттын, жамааттык бирикменин бөлүгү катары сезүүсүн улантууда.

  2. Улуттук аң-сезимдин ойгонушуна дин да көмөкчү болот. Борбордук Азия мамлекеттеринин ички турмушун, кандайдыр бир деңгээлде тышкы багыттанууларын жөнгө салып турган факторлордун бири ислам болуп кала берет. Исламдын мааниси сыяктуу эле мусулман салттарынын мааниси аймактагы мамлекеттердин саясий турмушунда улам барган сайын өсүүдө. Мусулман маданиятына болгон кызыгуу ойгонууда, мусулман дүйнөсү менен болгон байланыштар кеңейүүдө, мечиттердин көпчүлүк курулушу жүрүүдө. Ислам факторунун күчөшүнүн коомдун ал-абалы менен, тигил же бул саясий күчтөрдүн максаттары жана милдеттери менен аныкталуучу толук так себептери бар.

  3. Динге кайрылуу маданий салттар менен байланышкан. Ислам улуту баш коштурууга көмөк көрсөтөт деп эсептешет. Динге ишенгендер көп учурда динге таандуулукту улуттук менен аралаштырып жиберген учурлары кездешет жана диндик салттарды сактоону өзүнүн улуттук таандыгынын ажырагыс бөлүгү катары карашат. Азыр Кыргызстанда өздөрүн мусулманбыз деген адамдардын жалпы пайызы 64,4тү түзөт (50 жыл мурун мындайлар 40 пайыз болчу).

Кыргыз Республикасында, бүтүндөй Орто Азиядагыдай сыяктуу эле уруктардын, кландардын, жүздөрдүн, аймактык топтордун ортосундагы саясий жана социалдык милдеттерди бөлүштүрүүнүн тарыхый калыптанып калган салты мурдагыдай эле күчтүү.

Жаңылануунун азыркы этабында маданий-улуттук өнүктүрүүнүн эки варианты болушу мүмкүн. 1). Демократияга өтүү үчүн зарыл өз ара коопсуздукту камсыз кылууга, көп улуттуу коомдордо социалдык-саясий тутумдардын туруктуулугуна жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү мусулман жана европа маданияттарынын органикалык синтези; 2) Америкада аборигендердин маданиятын европалык маданият басып кеткендей диндердин жана маданияттардын бири экинчисин басып кетет. Ал эми Борбордук Азияда тескерисинче болушу ыктымал. Ошондуктан Кыргыз Республикасында коомду жаңылоо уруучулуктун өнүгүшү менен коштолот. Советтик тутум, өзүнүн 70 жылдык жашоосунда, башкаруунун бүтүндөй жазалап-тыюу салуу ыкмалары менен кыргыз коомчулугунда уруучулдугун жок кыла алган эмес. Азыркы кыргыз коому уруучулдуктун анык көрүнүштөрү менен элдик депутаттарды жана альтернативдик талапкерлердин ичинен эмгек жамааттарынын жетекчилерин шайлоо учурунда кездешти. Андан ары бул феномен азыркы КРнын коомдук турмушунун улам жаңы жактарын кучагына алуу менен мамлекеттүүлүктүн курулуш жүрүшүндө ачык көрүндү.


Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Демократия канчага бөлүнөт?

  2. Өкүлдүк демократияга мүнөздөмө бергиле.

  3. Коомду жаңылоо деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?

  4. Кыргызстандык коом демократиялык баалуулуктарды канчалык деңгээлде колдонууда деп ойлойсуңар?


Тема 15. Заманбап жашоодогу илим жана билим

Теманын планы:

  1. Коомдо илим менен билимдин мааниси жана ролу.

  2. КРда илим-билимдин өнүгүшү

Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер илим, билимдин ролу тууралуу кенен маалыматарга ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер белгилүү, так максат коюга жана ага жетүүгө аракеттенүүгө үйрөнүшөт.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер өз билимин өркүндөтүү аркылуу интеллектин жогорулатууга, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көнүгүшөт.


Негизги түшүнүктөр: билим, илим, окуу, өз алдынча билим алуу.

Билим, илим коомдун эң бир негизги руханий маданиятынын жогорку формаларынын бири болуп эсептелет. Ал эми аны өнүктүрүү адам баласынын жашоо ишмердүүлүгүнүн бардык сферасында (материалдык өндүрүштө, социалдык-экономикалык мамилелерде, руханий жашоодо) жаңыртууда маанилүү фактор болуп калат. Илимде адам жашоосу үчүн иликтенип изилденген маселелер жыйынтыгында практикалык областка өтөт.

Бүгүнкү күндө жер шарынын жашоочуларынын окуй жана жаза албаган адамдарынын саны бир миллиардды түзөт. Бирок окууга жана жазууга умтулуунун жүрүшү акырындап бул көрсөткүчтү азайтууга баратат. Заманбап талаптарга жооп берүү максатта азыр көп мектептер, орто жана жогорку окуу жайлары дегеле билим берүү системасын өз алдыларына жаңылануунун үстүндө реформаларды иштеп чыгышууда. Билимге ээ болуу азыркы учурда эң бир маанилүү баалуулуктарга айланган. Анткени адамдардын баары билимсиз болсо мындан ары өнүгүүнүн өзү болбой тургандыгын жакшы билишет.

Кыргыз Республикасында да билим алуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана аны уюштуруу боюнча бир топ алгылыктуу иштер алып барылууда. Атайын теле каналда “БилимТВ” канал ачылып, андагы көрсөтүлүүчү билимдер, окуулар мамлекеттик билим берүү программаларынын негизинде даярдалууда. Аталган телеканалда алдыңкы, тажрыйбалуу мугалимдер окутуунун жаңы, интерактивдүү ыкмалары менен сабак өтүшөт.

Интерактивдүү – бул англис тилинен которгондо “өз ара аракетте болуу” дегенди билдирет. Интерактивдүү ыкма менен окутуу баарынан мурда бул окуу процессинде өз ара байланышта болуу жана түгөйлөрдүн же топтордун өз ара аракеттениши менен биргеликте кызматташы болуп эсептелет. Окутуунун интерактивдүү методу деген терминдин өзү педагогикада 20-кылымдын 80-жылдары пайда болгон. Советтик педагогикада ал “кызматташтык педагогикасы” деп айтылган. Интерактивдүү методдор мугалим менен окуучунун жана окуучу менен окуучулардын ортосундагы өз ара байланыштарын камсыз кылат. Ошондой эле окуу процессинде окуучулардын өз алдынча таанып билүү ишмердүүлүгүн жана биргелешип иштөө көндүмдөрүн өнүктүрөт. Натыйжада окуучулар: түгөй менен опто иштей билүү, проблеманы көрүп чече билүү, бирге иштөөдө толеранттуулукту көрсөтө билүү, бири-бирин угу жана сыйлоону үйрөнүшөт.

Билим берүүнү өркүндөтүү боюнча эл аралык программалар, түрдүү долбоорлор иштейт. Бул программалардын алкагында Кыргызстан жаштары чет мамлекеттерден билим алып келишүүдө. Мында чет өлкөлөрдүн билими, маданияты, дүйнө таанымы, тили менен жакындан таанышып, үйрөнүшөт. Ошол эле учурда алар кыргыз элинин маданиятын, каада – салттарын жайылтышат. Кандайдыр бир максатка жетүүдө өз алдынча билим алуу, изденүү да абдан мааниге ээ. Өз алдынча билим алуу дегенибиз – бул өзүн-өзү тарбиялоо каражаттарынын бири. Мында керектүү маселени окутуучудан сурабастан мурун алган билимдерин тереңдетүүгө, кеңейтүүгө жана өздөштүрүүгө өбөлгө болот. Өз алдынча билим алуунун нгатыйжасында зор ийгиликтерге жетишүүгө боло тургандыгын бир топ инсандар өз жашоосунда далилдешкен. Мисалы, улу жазуучу Чыңгыз Айтматов кесиби айыл чарба багытында болгону менен студент кезинен адабиятка кызыгуусу болуп аны өз алдынча өнкүтүргөн жана натыйжада залкар жазуучу болуп чыккан. Анын чыгармалары дүйнөнүн дээрлик баарында которулуп сүйүлүп окулган. Белгилүү акын Жолон Мамытов да айыл чарба багытындагы адис болгону менен акын болуп чыкты. Демек адам ар тараптуу өнүүгүүгө абдан жөндөмдүү экендигин байыртадан эле көрсөтүп келген. Ошондой эле билим алуунун, изденүүнүн эч качан белгиленген күнүн болбостугун жана эч качан кеч эместигин бардык жаш муундар да кары муундар да билишет.

Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты дүйнөлүк билим берүүнүн талаптарына жооп береби?

  2. Кыргызстан жаштарын кызыктырган билимдер кайсылар болууда?

  3. Материалдык байлыкка ишенүү менен билимсиз жашоого болобу?

  4. Азыркы күндө жаштар кайсы компетенттүүлүктөргө ээ болушу керек?


Тема 16. Үй-бүлө жана коом

Теманын планы:

  1. Үй-бүлө баалуулуктары

  2. Үй-бүлөнүн коомдогу ролу


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: үй-бүлө жана үй-бүлөнүн коомго тийгизген оң жана терс таасирлери тууралуу билишет.

  2. Тарбиялык: боорукер, гумандуу инсан болууга тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер үй-бүлө баалуулуктарын сиңирүүгө көнүгүшөт.


Иш-аракети конкреттүү коомдук функцияларды аткарууга багытталган адамдардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топтому коомдук институт деп аталып, ага үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, саламаттыкты сактоо кирет. Ушул коомдук институтка кирген үй-бүлөнүн адам жашоосунда эң бир маанилүү ролду ойнойт. Ар кандай коомдук түзүлүштө үй-бүлө өзүнүн милдеттери жана социалдык ролу боюнча айырмаланып турат. Үй-бүлөлөр турмуштун зарылчылыгынан улам калыптанган баалуулуктардын натыйжасында өнүгүп келген. Байыркы доордон калыптанып, үй-бүлөнү чыңдоо үчүн муундан муунга берилип келген баалуулуктардын жыйындысы. Үй-бүлөлүк баалуулуктарга биринчи кезекте бүлө күтө турган аял менен эркектин бири-бирине болгон таза сүйүүсү, өз ара сыйлашуу, никедеги туруктуулук керек. Ошондой эле үй-бүлөнүн ынтымактыгы, бүлөнүн жакшы жашоосу үчүн натыйжалуу биргеликте эмгектенүү үй-бүлөнүн көптөгөн тоскоолдуктарды жеңип өтүүсүнө өбөлгө болот. Ар бир эле элде илгертеден калыптанып өнүгүп келген салттар бар. Салттар үй-бүлө курууга өтө жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырат.

Азыр коомдун өнүгүшү менен үй-бүлөлөр да эволюциялык өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Эң башкысы мурдагы көп муундан турган үй-бүлөлөрдү, эми эки муундан турган үй-бүлөлөр сүрүп чыгарууда. Батыш Европада Америка Кошмо Штаттарында, Россияда эки муундан турган үй-бүлөлөр бардык үй-бүлөлөрдүн 80пайызын түзөт. Ал эми Кыргызстанда жана коңшулаш Казакстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Тажикстанда чоң үй-бүлөлөр мурунтан эле басымдуулук кылып келген. Бул аймактарда үй-бүлөлүк нике туруктуу жана туугандык мамилелер абдан бекем болгон. Бирок бүгүнкү ааламдашуунун алкагында аталган өлкөлөрдө да үй-бүлө институттарында бир топ өзгөрүүлөр пайда болууда. Биринчи кезекте никеге туруунун баалуулугунун жоголуп бараткандыгы байкалууда. Бул көрүнүштүн өзү коомдо анын ар бир мүчөсүнүн жүрүм-турум эрежелеринин бузулушуна, үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоголушуна алып келүүдө. Дайыма үйдүн куту аталып келген аялзатынын коомдук эмгекке тартылышы үй-бүлөдөгү аял менен эркектин конкуренциясына, тирешүүсүнө алып келүүдө. Материалдык байлык үстөмдүк кылып үй-бүлөлүк баалуулуктар артка сүрүлүүдө. Дүйнөнүн ар кайсы региондорунда болуп жаткан коомдогу мамилелер: экономикалык кризис, социалдык жана саясий туруксуздук, адамдардын социалдык катрмарларга жиктелиши үй-бүлөлүк баалуулуктарга терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада никеге тургандардын ажырашуусу көбөйгөн.

Азыркы мезгилде дүйнөдө жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн маселелерине төмөндөгүлөр кирет.

-Балдар менен ата-энелердин баарлашуусу сейрек боло баштады. Бул көрүнүш ортодогу ынтымактыкты, өз ара түшүнүүчүлүктү, боорукердик, жакшы көрүү, жардамдашуу, колдоо көрсөтүү сезимдерин жоготууда.

- Никеге турбай жашагандардын саны арбып, натыйжада никесиз балдардын саны көбөйдү. Натыйжада никенин ыйыктыгы тепселип, никесиз төрөлгөн балдардын келечеги, тарбиясы алдыда күмөн жаратууда.

-нике, баланы кароо жоопкерчилигин сезбей кеткен атанын айынан энелер жалгыз балдарын багууда.

-өлкөдө болуп жаткан экономикалык, социалдык жагдайларды себеп кылуу менен бир же эки баладан турган үй-бүлөлөрдүн саны артты. Ушундай эле себептерди коюу менен ата-эне тирүү туруп жетим калган кароосуз калган балдардын саны көбөйдү.

Бул маселелер көп мамлекеттерде анын ичинде Кыргызстанда да болуп жатат. Андыктан үй-бүлө институтун бекемдөө үчүн ата-бабадан келе жаткан салттарды кайрадан жандандыруу менен айкалыштыруу аракеттери көрүлүүдө. Жалпы билим берүүчү мектептерде адам жана коом предметинде үй-бүлө бекемдиги, бүлөдө аялдын эркектин ролу, баланы тарбиялоо тууралуу атайын темалар камтылып сабактарды өткөрүү колго алынды. Кароосуз калган балдарга камкордук көрүү үчүн үй-бүлөлүк балдар үйү, мамлекеттик балдар үйлөрү курулган. Ал эми бала оорулуу болсо ага камкордук көрүү үчүн ата-эненин бирине акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсү берилет. Акыркы мезгилде баласынын айынан эмгектене албаган ата-энелер үчүн атайын пенсия, пособиелер чегерилген. Көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөнөт.

Бекем, ынтымактуу үй-бүлө ар-намыстуу, билимдүү коомдун түзүлүшүнө алып келет. Анткени ар бир жаңы муундун алгачкы тарбиясы адегенде үй-бүлөдөн башталат. Үй-бүлө коомдун баштапкы уюму катары пайда болгондон бери тарбиялоонун бирден бир фактору болуп келген. Кул ээлөөчүлүк, феодалдык коомдордо балдар негизинен үй-бүлөдө гана тарбияланып келген. Коомдук таптык сословиелик мүнөзү ар бир социалдык топтордогу үй-бүлө тарбиясыннын мазмунун жана багытын аныктаган. Үй-бүлөдө тарбиялоонун кылымдарды карыткан тажрыйбалары үй-бүлөнүн балдарды тарбиялоодогу, турмушка, эмгекке, белгилүү коомдук мамилелерге даярдоодогу ролу жөнүндөгү стихиялык педагогикалык көз карашка айланган. Тилекке каршы учурда баласына тарбия бере албаган ата-энелер көп. Мындай көрүнүштүн өзү коом үчүн да чоң кайгы алып келет.


Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Эмне үчүн көп муундуу үй-бүлөлөр азайып жатат? Себеби эмнеде деп ойлойсуңар?

  2. Азыркы мезгилдеги үй-бүлө маселелеринен эмнени түшүндүңөр?

  3. Үй-бүлө баалуулуктары эмнелерден куралат?

  4. Мыкты билимдүү, заманбап коомдун түзүлүшүнө үй-бүлөнүн тийгизген таасири канчалык деңгээлде?


Тема 17. Жарандык коомдун институттары


План: Жарандык коом жана саясий бийлик, алардын өз ар иш-аракети

  1. Жарандык коомду институтташтыруу өзгөчөлүктөрү

  2. Азыркы Кыргызстандагы партиялар жана саясий кыймылдар жана алардын жарандык коомду түзүүдөгү мааниси


Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер жарандык оомдун институттары жөнүндө билимдерге ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студент коомдо өзүн алып жүрүүнүн адебине тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: саясат жаатында жеке максат-талаптарын коом менен айкалыштары билүүгө көнүгүшөт.


Негизги түшүнүктөр: жарандык коом, саясий партиялар, саясий кыймылдар, ӨЭУ, КМК.


“Жарандык коом түшүнүгү – Батыш Европада мыйзамдар менен укуктук эрежелерде көрүнгөн, мамлекет менен жарандын ортосундагы коомдук келишимдин жыйынтыгы катарында пайда болгон. Жарандык коомду мүнөздөөдө баарынан мурун анын аныкталышына көңүл буруу керек. Жарандык коомду ачык негизде иштеген жана өз ишмердигинде мамлекеттен көз каранды эмес ыктыярдуу ассоциациалардын, топтордун жана жарандардын союзунун жыйындысы катары баалоо анын мисалдарынын бири болушу мүмкүн. Б.а. жарандык комм катары мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу чөйрөлөрүнө кирбеген институттардын жана бирикмелердин баарын түшүнүүгө болот. Ошентип жарандык коомго коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялар, профсоюздар, диний коомдор, улуттук маданий борболр, КМК ж.б. киргизилиши мүмкүн.

Жарандык коомду түзүү өзгөчөлүктөрү ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүү. Мисалы Батыш өлкөлөрүндө жарандык коомдун негизин жаран менен жеке адамдын жеке эркиндик негиздери эсептелсе, ал эми Евразия өлкөлөрүндө алар көпчүлүк учурда топтук (туугандык) кызыкчылыктарды коргоо жана жамааттык бирдик негиздеринде курулат. Кыргызстандын мисалы да буга абдан жакын.

СССР тараардын алдында өздөрүнүн көз караштарын жигердүү коргоого умтулушкан калктын ар кандай топторунун коомдук жигердүүлүгү абдан өсүп кеткен. Өз кезегинде, бул республикалар эгемендикке жетишкенден кийин, жарандык коомдун институттарын түзүүгө каржылык жана уюштуруучулук жардам көрсөткөн эл аралык корлордун ишмердиги абдан күчөгөн. Бул көрүнүштөрдүн дал келиши, 1990-жылдардын биринчи жарымында СССРдин мурдагы өлкөлөрүндө ар кандай маселелерди чечкен өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын (ӨЭУ жана КЭУ) көп саны пайда болот.Калктын жарандык жигердүүлүгү абдан маанилүү мүнөздө болгон Кыргызстан да бул көрүнүщтөрдөн четте калган жок.

Кыргызстанда 2008-жылы 23 миң коммерциялык эмес уюмдар, 104 саясий партиялар катталган. Мындан сырткары Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы, ар түрдүү диний коомдор жана 300 көз каранды эмес КМК иштейт. Бул жагынан алганда Кыргызстан Борбордук Азиянын башка элдери менен салыштыра келгенде жарандык эркиндик жана калктын өзүн өзү уюштуруу жана жарандык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүндүктөрү боюнча жакшы мисал болуп бере алат. Ошол эле мезгилде өнүккөн демократиянын окшош түзүлүштөрү үлгү болуп бере алган бул институттар, аларды түзүү учурунда коюлган милдеттерди жана маселелерди дайым эле аткарууга жөндөмсүз болуп чыга келет.

Жарандык коомду институтташтыруунун өзгөчөлүктөрү

Жеке менчиктүү, базар экономикасы бар өлкөлөрдө көптөгөн юридикалык тараптардын баарын үч секторго бөлүү кабыл алынган.

Биринчи сектор мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарды бириктирип турат, б.а. мүлктөрү мамлекеттик муниципалдык менчикте турган уюмдарды бириктирет. Экинчи сектор – өздөрүнүн ишмердигинин негизги максаты катары киреше табууну көздөгөн жеке коммерциялык уюмдар, алардын мүлктөрү мамлекеттик же муниципалдык менчиктики эмес. Үчүнчү – жеке (мамлекеттик эмес) коомерциялык эмес уюмдар. Үчүнчү сектордун биринчи айырмалуу белгиси, алар өз ишмердигинин негизги максаты катары киреше табууну көздөшпөйт жана алынган кирешени өз катышуучуларынын ичинде бөлүштүрүшпөйт. Экинчи айырмалуу белги – бул уюмдардын мүлктөрү мамлекеттик же муниципалдык менчиктерден эмес. Көп учурда жогоруда аталган 3 секторду мамлекеттик, коммерциялык жана коммерциялык эмес деп атап коюшат.

Кыргыз Республикасынын жарандык коомунун түзүлүшүн төмөндөгүлөр көрсөтөт:

  • Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугу

  • КРнын ӨЭУдары

  • Саясий партиялар, коомдук-саясий кыймылдар

  • Жарандардын кесиптик, чыграмчылык, аялдардын, жаштардын, спорттук, диний бирикмелери

  • Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мекемелери (АКК, кичи райондордун кеңештери)

  • Жергиликтүү коомчулуктардын салттуу түзүлүштөрү (жамааттар, махалля, кеңештер жана аксакалардар соту, курултайлар ж.б.у.с.)

Азыркы жана Кыргызстандагы партиялар жана саясий кыймылдар, жарандык коомду калыптандыруудагы алардын мааниси

Кыргызстандагы партиялык сектордун өнүгүшү СССРдин мурунку өлкөлөрүндө болуп өткөн жүрүштөргө көп жагынан окшошуп кетет. Ошол эле мезгилде аны жогорку күч кыймылдык жана алар менен байланыштагы өзгөрүүлөрдүн ыкчамдуулугу айырмалап турат.

Башка КМШ мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстандагы саясий партиялар жарандардын коомдук бирикмелеринен жана кыймылдарынан өсүп чыгышты. 1980-жылдардын экинчи жарымында коммунисттик партиянын ачык эле бошоңдошу жана анын бийликке болгон монополиясын акырындык менен жогото башташы байкалган. Бул коомдук-саясий турмуштун жандануусун жана биздин республиканын өнүгүшүнө альтернативдүү көз караштардын пайда болуусунун натыйжасында болду. Муну менен улуттук кайра жаралуу жана демократиялаштырууга умтулуулар жүрүшү менен тыгыз байланышкан. Натыйжада бул мезгилде бара-бара партияларга өсүп жеткен. (мисалы, Кыргызстандын демократиялык кыймыл) улуттук-демократиялык кыймылдар үстөммдүк кылып турган. Алардын иш-аракеттеринин ар кандай баалангандыгына карабастан, дал мына ушул партиялар Кыргызстандагы советтик-партиялык тутумду таратууга чоң салым кошкондугун белгилеп кетүү керек. Ошол эле мезгилде, бул дал мына ошол жаш активисттер эски жетекчиликти бийликтен четтетүүгө чындап детише алган 1990-жылдын октябрында болуп өтөкөн биринчи президенттик шайлоолордун жүрүшүндө ачык көрүндү.

Кыргызстанда көп партиялуу секторду түзүү тикеден тике СССР тараар алдында башталат. Жыйынтыгында 1991-жылы Кыргызстанда 60-70ге чукул партия катталган. Кийинчерээк, 1995-жылга алардын саны 12ге кыскарат, анын себептери алардын айрымдарынын биригишүү жана ирилештирүү багыттары менен түшүндүрүүгө болот.

Алардын ичинде аныктоочу милдетти “Асаба”, “Эркин Кыргызстан”, “Эркиндик”, КДК, Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы жана башка партиялар ойногон. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Коммунисттик партиясы да катардагы партиялардын бири катары ишмердигин уланткан. 2003-жылга партиялардын саны 32ге жеткен. 2005-жылы март айынын акырында бул сан 46га, 2008-2009-жылдары алардын саны 104 болот. Мындай чукул өсүш эки себеп менен байланышат. Биринчиси 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар менен байланышкан калктын жарандык жигердүүлүгүнүн чукул өсүшү өз милдетин ойносо, экинчи жагынан калктын саясий жигердүү бөлүгүнүн иштеп жаткан партиялардын ишмердигине болгон канааттанбастык абалы ачык көрүнөт жана жаңы партияларды түзүүгө мажбур кылат.

Көптөгөн партиялардын программалык көрсөтмөлөрүнүн так эместиги, шайлоочулардын алардын саясий көз караштарын жакшы түшүнө албастыгына, азыркы күнгө чейин өздөрүнүн симпатияларында жана антипатияларында алардын лидерлерине карап мамиле жасаштарына алып келди. Мына ушулар айрым эксперттердин Кыргызстандагы партияларды оңчул, солчул жана борборчул деп, оппозициячыл жана бийлик партиясы деп салттык бөлүштөрүнө гана эмес, ошондой эле түндүктүн жана түштүктүн партиялары деп бөлүштүрүүсүнө да негиз болуп берет. Бүгүнкү күнгө болгон мындай жагдай обьективдүү түрдө Кыргызстандын жаңы түрдөгү саясий лидерлерин жана жалпы улуттук партияларды түзүү жолундагы башкы тоскоолдуктардан болуп эсептелет. Ошону менен бирге Кыргызстандагы жарандык коомду түзүүдөгү алардын мүмкүн болгон оң мааниси бир кыйла эле төмөндөп калат. Бул себеп социалдык-экономикалык оор абал менен бирдикте катардагы жарандардын саясий жигердүүлүгүнүн олуттуу чектегигичи катары кызмат өтөйт.


Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Жарандык коомдун түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөр кайсылар?

  2. Кыргызстандык жарандык коомду мүнөздөп бергиле.

  3. Саясий партиялардын мүдөөлөрү эмнеде?

  4. Кыргызстан жарандарынын саясий партияларга болгон ишеними ар убак акталабы?

  5. Кыргызстандын саясий лидерлеринин баарын чыныгы саясатчылар деп атоого болобу?


Тема 18. Коомдогу адептик баалуулуктар.

План:

  1. Адептик баалуулуктар түшүнүгү

  2. Намыс жана абийир

  3. Гумандуулук

Теманын максаттары:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер адептүүлүк баалуулуктары анын касиеттери тууралуу терең түшүнүк алышат.

  2. Тарбиялык: студенттер ар намыстуу, гумандуу болууга тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: эркин ой жүргүзүү, таанып билүү, салыштыра билүү жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүшөт.


Негизги түшүнүктөр: адеп, намыс, абийир, акыйкаттык, туруктуулук, гумандуулук.


Адамзат өзүнүн миңдеген жылдарга созулган тарыхында коомдук турмушту өнүктүрүү үчүн коомдо жашоонун эрежелерин калыптандырган. Анын натыйжасында адамзат өзүн сактап, адамзат коомунун өнүгүшүн камсыз кылган адептик эрежелердин топтомун пайда кылган. Адамзаттын коому адептүүлүктүн натыйжасында гана сакталып, өнүгүп келген. Анткени адамдар байыркы доорлордо эле өздөрүнүн иш-аракеттеринин натыйжасында жакшы жана жаман жактарын айырмалап жакшы сапаттарды колдоп, жаман сапаттардан арылууга аракет жасап келишкен. Азыркы күндөгү ар-намыс, акыйкаттык, парз, уяттуулук деген сөздөр адептүүлүктүн баалуулуктарына кирет. Адептүүлүк бул – адамдын жашоосундагы жана ишмердүүлүгүндөгү адамзатка тиешелүү эрежелер менен талаптардын топтому. Адептик нормаларга: ар-намыс, жакшылык, сүйүү, достук, парз, абийир, чынчылдык, тартиптүүлүк, берилгендик, өз ара жардамдашуу, гумандуулук, улууларды сыйлоо, балдарды сүйүү ж.б. касиеттер кирет.

Намыс жана абийир. Намыс – бул адам баласынын эң жогорку сапаты. Намыс эр жүрөк, кадыр-баркын бийик сактаган, ата-салтын даңктаган адамдарга тиешелүү сапаттар болуп эсептелет. Илгертеден кыргыз элинин акылмандары: “Байлыкты жоготуу-аз жоготуу, намысты жоготуу-көп жоготуу, абийирди жоготуу-баарын жоготуу” деп айтып келишкен. Демек ар-намыс, абийир адам баласынын жашоосунда адам болуп жашоосунда эң биринчи орунда турат. Намыс – адамдын жүрүм турумун, жасаган аракетин баалай турган маанилүү касиет. Абийир ар-намыс менен бирге жүргөн түшүнүк. Абийир – бардык адамдын дээрине бүткөн аруу, таза сезим. Ал ар бир адамдын акыл-эсине, түшүнүгүнө, жүрүм-турум адебине жараша ар түрдүү мүнөздө көрүнөт.

Гумандуулук. Гумандуулук адамдарга гана тиешелүү улуу касиет. Байыркы римдиктер маданияттуу адамдарды адамгерчиликтүү, гумандуу деп эсептешип, маданиятсыз адамдарды “варварлар” деп аташкан. Байыркы рим чечни Цицерон гумандуулукту адамгерчилик сапаттан бөлүп караган. Ал адамдын өзүн тарбиялап, жогорку маданиятка жетишип, адамдын адеп-абийири, ар-намысты бийик тутушун гумандуулук деп эсептеген. Орто кылымдарда гуманизм дин жана чиркөөгө каршы чыгып, адамдын эркиндиги менен укуктарын коргоого багытталган коомдук кыймылга айланган. Кайра жаралуу доорунда гуманизм гүлдөп өнүгүп, дүйнөлүк маданияттын өзгөчө тармагы болуп калган.

Жаңы доордун башында неогуманизм пайда болуп, адамзат баарынан кымбат, баарынан бийик деген ишеним болгон. Капитализмдин шартында адамдардын адамдарды эзүүсү күч алат. Адамдардын укугу тепселип эркиндиги чектелет. Мындай мезгилде гумандуулук күч алат, жакшылыкка чакырат. Азыркы ааламдашуу доорунда гуманизм адам коомундагы жогорку баалуулук катары эсептелет.анын адамдарды өз ара ынтымакка, достукка бири бирин урматтоого, жардамдашууга чакырган идеялары дүйнөдөгү адамзаттын баарына жагат. Боорукердик сезим гумандуулуктун башаты болуп эсептелет. Адамгерчилик – бул бир адамдын экинчи бир адамга, анын ким экенине карабай жасаган жакшы мамилеси, жардамы, сыйы жана колдоосу. Адамгерчилик адамдардын өз ара мамилелери болуп, андагы адептик сапаттар ак пейилдикти, адамдарды урматтоочулукту жана боорукерликти камтыйт. Кайрымдуулук. Коомубузда меценаттар (колдоочулар) азыр да мурда да болуп келген. Алар өздөрүнө таандык байлыгынын эсебинен искусствону, илимди, ооруканаларды жана башка обьекттерди куруп, өнүктүрүүгө жумшашкан. Адамгерчилик сапаттары:

  • Кең пейилдүүлүк (пейили кенен, башкаларга болсун деген, ач көздүк ички жан дүйнөсүндө жашабаган инсан);

  • Кайрымдуулук (кайрымдуулук иштеринде адамдын бере турган жардамынын көлөмү эсептелбейт. Аны берип жаткан адам да, алып жаткан адам да белгисиз бойдон калат. Кайрымдуулук колко-кадыры, токо-наалаты, милдет-сапкысы жок, ак дилден жасалганда гана чыныгы маңызга ээ болот);

  • Адилеттик (инсандын ар бир адамга карата адилеттүүлүк менен мамиле жасай алышы);

  • Гумандуулук (адамдарды сүйуү жана урматтоо. гумандуулук биринчи кезекте боорукердик менен башкалардын кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чейин баруучулуктан байкалат);

  • Боорукерлик (кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жакырларга, оорулууларга көңңл дайыма көңүл буруп, жакындан жардам бере алган адам);

  • Сабырдуулук (жашоодо кандай гана ситуациялар болбосун өзүн бекем кармап жоготпогон сабырдуулук менен иш бүтүрө алган инсан) ;

  • Берешендик (ач көз эмес, өзүндө барды башкалар менен бөлүшө алган адам);

  • Эрктүүлүк (бул адамдын көздөгөн максаттарына жетишүүсүнө таасир этүүчү сапаттар);

  • Калыстык (жашоодо жүз берген окуяларга андагы адамдарга калыстык менен карай алган адамдагы оң сапат);

  • Чыдамкайлык (максатка жетүү үчүн болгон адамдагы эрктин чыдамкайлуулугу).


Текшерүүгө карата суроолор:

1.Гумандуулук менен кайрымдуулуктун айырмасы эмнде?

2.Адамдар эмне үчүн кайрымдуулук иштерин жүргүзүшөт?

3.Эрк адамга ийгиликтерди алып берүүнүн ачкычы боло алабы?


Тема 19. Жарандык жигердүүлүк (активдүүлүк) жана саясий катышуу


План:

  1. Жарандык жигердүүлүк түшүнүгү

  2. Жарандык жигердүүлүктүн максаттары, түрлөрү, кепилдиктери жана шарттары

  3. Жарандык жигердүүлүктү көрсөтүүнүн зарылдыгы


Лекциянын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер жарандык жигердүүлүк жөнүндө түшүнүк алышат.

  2. Тарбиялык: студенттер коомдо өзүн туура алып журүү талаптарына баш ийүүгө тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттер жарандык активдүүлүктү түрдүү маселелерде туура көрсөтүүгө көнүгүшөт.

Негизги түшүнүктөр: жаран, жарандык жигердүүлүк (активдүүлүк), кепилдиктер, жарандык коом.

Теманын алкагында студенттер жарандык жигердүүлүктүн маңызы эмнеде экендигин, анын түрлөрүн, кепилдиктерин, шарттарын түшүнүү менен, Саясий катышуунун мүдөөлөрүн жана түрлөрүн аныкташат. Конкреттүү кыйчалыш абалда жарандык жигердүүлүктү пландай билүүгө көнүгүшөт.

1.Жарандык жигердүүлүк – бул эркин инсандардын өздөрүнүн экономикалык, социалдык, кесиптик, маданий, адеп-ахлактык, руханий, корпоративдик, үй-бүлөлүк, диний жана башка кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталган жекече жана жамааттык ишмердиги. Жарандык жигердүүлүк акыл-эс, абийир, адилеттүүлүк, эркиндик, коопсуздук, менчик сыяктуу жалпы таанылган баалуулуктарды аңдап билүүгө негизделет.

Жарандык жигердүүлүк жарандык коомдо эң толук ачылат. Аны шарттаган төмөнкүдөй бир катар факторлорду айырмалап көрсөтүүгө болот.

  1. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сөзсүз таанылышы, камсыздалышы жана корголушу;

  2. Жалпынын мыйзам алдында жана сот алдындагы теңдиги, инсандын юридикалык жактан ишенимдүү корголушу;

  3. Экономикалык эркиндик, менчиктин көп түрдүүлүгү, базар мамилелери;

  4. Сөз жана басма сөз эркиндиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгы;

  5. Саясий жана идеологиялык плюрализм, ачык иш жүргүзгөн оппозициянын бар болушу;

  6. Бийликтин демократиялуулугу;

  7. Бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшүнө жана өз ара карым-катышына негизделген укуктук мамлекет;

  8. Мамлекеттин жарандарынын жеке турмушуна, өз ара милдеттенмелерине жана жоопкерчилигине кийлигишпөөчүлүгү;

  9. Социалдык шериктештик жана улуттук ынтымак;

  10. Адамдардын татыктуу турмушун камсыз кылуучу натыйжалуу жүргүзүлгөн социалдык саясат.

Өз кезегинде жарандык жигердүүлүк жарандык коомду өзгөртүүгө, демократиялык, укуктук, социалдык жана динсиз мамлекетти түзүп, өнүктүрүүгө багытталган. Жарандык жигердүүлүк адам укуктары менен эрикндиктерине, мыйзамга, мамлекетке карата сый-урматты күчөтүүгө, коомдо демократиянын, гуманизмдин, тең укуктуулуктун, адеп-ахлактын, сабырдуулуктун негиздерин, маданий баалуулуктарды жана акыйкат идеяларын жайылтууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле мамлекеттин экономикалык, социалдык жана руханий мамилелерине ашкере көп кийлигишүүсүнө, өкүмчүл жана тоталитардык режимдерди орнотууга, конституциялизмдин бузулушуна бөгөт коет.

Жарандык жигердүүлүктүн жаматтык субьектилери – саясий партиялар, коомдук бирикмелер, кайрымдуулук фондулары, кесиптик кошундар, чыгармачыл биримдиктер, диний жамааттар, маданий коомдор, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар менен кыймылдар.

2.Саясий жарандын катардагы катышуучуларынын мүдөөлөрүн иликтеген көпчүлүк изилдөөлөрдүн жыйынтыгында саясий катышуу мүдөөсүнүн төмөнкүдөй негизги түрлөрү болоору аныкталган.

Алар:

  1. Саясатка ишмердик чөйрөсүнө катышуунун жактыргандыгы жана кызыккандыгына байланыштуу катышуу мүдөөсү (кээ бир адамдарды саясат алектенүү чөйрөсү катары эле кызыктырат);

  2. Таанып билүү мүдөөсү (саясий тутумду иликтөө аркылуу адам дүйнөнүн туруктуу көрүнүшүн элестетет);

  3. Адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүү мүдөөсү;

  4. Идеологиялык мүдөөлөр (бул адамдын өз баалуулуктарынын, идеялык көз карашатарынын саясий тутумдун идеологиялык баалуулуктары менен дал келишине негизделген туруктуу мүдөөлөр);

  5. Дүйнөнү өзгөртүү мүдөөсү (бул чындыктагы дүйнөнүн жетик эместигин түшүнүү жана аны жакшыртууга, өзгөртүүгө умтулуу менен байланышкан абдан күчтүү мүдөөлөр);

  6. Салттуу мүдөөлөр (өтө көп учурда адамдар өздөрү жашаган жерде, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын арасында көнүмүшкө айлангандыгы үчүн эле саясатка катышат);

  7. Пайдакечтик мүдөөлөрү (кээ бир адамдар үчүн саясат менен алектенүү – шайлоо алдындагы баракчаларды ар жерге чаптап чыгуудан баштап, партиялык кызматкердин ордун ээлөөгө чейинки иш-аракеттерден акча табуу ыкмасы гана);

  8. Жалган мүдөөлөр (бул ар кандай саясий тутумдагы үгүт аркылуу калыптануучу жалган мүдөөлөр. Мисалы: “Мекен үчүн, Сталин үчүн!)

Ар түрдүү мүдөөлөр саясий катышуунун ар кыл түрлөрүнө түрткү берет. Демейде саясий катышуунун ыкчам жана ыкшоо түрлөрүн пайдаланышат. Жигердүү катышуунун бештен кем эмес негизги варианттары бар. Биринчиден, бул саясий тутумдун, анын мекемелеринин жана алардын өкүлдөрүнүн түрткүлөрүнө карата, инсандын жекече иштиктүүлүгүнө байланышпаган эң жөнөкөй түрдөгү жооп мамилеси. Ороюраак салыштырсак, бул көрүүчүнү театрдагы же телевизордон кээ бир жаңылыктарды кабылдагандагы жооп мамилеси. Экинчиден, бул – өз ыйгарым укуктарын өткөрүп бере турууга байланышкан иш-аракеттерге катышуу. Мунун эң таасын мисалы – шайлоодогу жүрүм-турум. Үчүнчүдөн, саясий уюмдардын ишмердигине жекече катышуу, саясий уюмдардын чогулуштарына жана башка иш-чараларына баруу. Төртүнчүдөн, бир жолку тапшырмаларды эмес, саясий тутумдун институттарынын же ага оппозиция болгон институттардын алкагында партиялык дайымкы милдеттерди аткаруу. Бешинчиден, тикелей иш-аракет – жолдоштору менен бирге митингге чыгуу, тосмолорду курууга жардамдашуу, саясий кагылышууларга катышуу.

Жарандык жигердүүлүктү көрсөтүүнүн зарылдыгы – бул ар бир инсандын коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө таасир тийгизет. Ошондой эле бул ар бир жарандын парзы.

Текшерүүгө карата суроолор:

  1. Жарандык жигердүүлүк деген эмне?

  2. Жарандык жигердүүлүк кайсы убактарда көрсөтүлөт?

  3. Жарандык жигердүүлүктү көрсөтүүнүн түпкү зарылдыгы эмнеде турат?

  4. Жарандык жигердүүлүктү шарттаган факторлорду атагыла.


Тема: 20. КРдин улуттар аралык мамилелердин азыркы абалы. Улуттук азчылык.

План: 1. Кыргызстандын улуттук-этникалык курамы

2. Улуттар аралык мамилелердин абалы

3. Улуттук азчылыктардын укугун коргоо боюнча мамлекеттин саясаты

Теманын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: студенттер улуттар аралык мамилелер, улуттук-этникалык курам тууралуу түшүнүктөргө ээ болушат.

  2. Тарбиялык: студенттер башка улуттар менен ынтымактыкта жашоого, алардын улуттук баалуулуктарын сыйлоого тарбияланышат.

  3. Өнүктүрүүчүлүк: студенттердин башка улуттун өкүлдөрү менен биргеликте мекенди коргоо, сыйлоо сезимдери өнүгөт.

Негизги түшүнүктөр: улут, улуттук азчылык, улуттук-этникалык курам, түпкү калк.

2007-жылда жарык көргөн Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы боюнча республикада 90 дон ашуун улуттук топтордун бардыгы белгиленген. Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы түрк тилдүү улуттардын бири, өлкөнүн түпкү калкы болуп эсептелет. 1897-жылдагы эл каттоонун маалыматтар боюнча Кыргызстандын аймагында 600 миң адам жашаган. Кыргыздар көбүнчө Нарын аймагында, Ысык-К\лдън батыш тарабында, Талас, Чъй облустарынын чыгыш жактарында жашашкан.

Кыргызстандын аймагына орустардын көчүп келүүсүнүн биринчи этабы Столыпин реформасынын учурунда 19-кылымдын экинчи жарымында башталган. Орустар негизинен Кыргызстандын түндүгүндө жайгашкан. Кыргызстандын түштүгүнө жайгаштыруу 1893-жылдан башталган. Советтик интернационалдаштыруу жана индустриалдаштыруу саясатына ылайык 20-кылымдын 50-жылдарында орустарды көчүрүп келүүнүн экинчи этабы башталат.Негизинен алар шаарларда, өзгөчө Бишкекте, Чүй облсунунун аймактарында, Ысык-Көл облусунун чыгыш жактарында жайгашашат. Орустар менен кошо Кыргызстандын аймагына украиндер да көчүп келе баштаган. Алардын көпчүлүгү Россиянын чет жактарынан, ошондой эле Украинанын Полтава областынан көчүп келишкен.

Татарлар Кыргызстанга 19 кылымдын башынан келе баштаган. Алар агартуу, билим берүү жана дин ишмердигин жигердүү жүргүзүшөт. Татарлардын активдүү, билимдүү өкүлдөрү өлкөдө жаңы усулдагы “жадид” мектептерди ачышкан. Мында география, арифметика, черчения деген предметтер киргизилген.

Кокон хандыгы пайда болгого чейин эле Фергана өрөөнүндө анын түштүк-батыш тарабында өзбектер жашап турушкан. Алардын түпкү теги түрк тилдүү элдердин катарына кирет.Өзбектердин чогуу жашаган аймактары болуп басымдуу түрдө өлкөнүн түштүк тарабы эсептелет. Кыргыздардан кийинки эле калктын басымдуу бөлүгүн азыркы күндө өзбек калкы түзөт.

Дунгандар 19-кылымдын аягында, 1877-1878-жж. Цинь козголоңуна катышкандыгы үчүн кытай бийлигинин куугунтуктоосунун айынан көчүп келишкен. Алардын көпчүлүгү азыр Кыргызстандын түндүк аймактарында жашашат. Дээрлик дыйканчылыкты мыкты өнүктүргөн элдерден болушат.

Уйгурлардын көчүп келүүсүнүн биринчи агымы 20-кылымдын 20-жылдарына, ал эми экинчи агымы 50-жылдарга туура келет. Ушул мезгилде Кытайда көптөгөн уйгурларды мекенинен көчүп кетүүгө аргасыз кылган “маданий революция” болуп өтөт.

Казактар болсо эчен кылымдардан бери кыргыздар менен коңшулаш жашаган калк. Республикалардын өз ара аймактык административдик бөлүнүүлөрүнө чейин алар биргеликте эле жашап турушкан. Алардын кыргызстанга каптап кириши жамаатташтыруу жана ачкачылык учуруна, 20-жылдарга туура келет.40-жылдардагы сталиндик көпчүлүк айдап жиберүүлөрдүн жыйынтыгында, кыргызстандын аймагына еврейлер, немецтер, чечендер, ингуштар, карачайлар, крым татарлары жана башка элдер көчүп келишет.

2008-жылдын маалыматтары боюнча азыркы күндө Кыргызстанда жашаган көп сандуу этнос – кыргыздар (62,2%), андан кийин өзбектер (14,5%), орустар (8,7%) ти түзөт. Кыргыз Республикасынын эгемендик жылдарынын ар кайсы мезгилинде негизги улуттук топтордун өз ара мамилеси өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болду.

Кыргыз Республикасынын калкынын улуттук топтор боюнча бөлүнүшү (% көрсөткүч менен).

Улуттар

1970-.

1979-ж.

1989-ж.

1999-ж.

2007-ж.

2008-ж.

Кыргыздар

43,8

47,8

52,3

64,9

68,9

69,2

орустар

29,2

25,9

21,5

12,0

9,1

8,7

өзбектер

11,3

12,0

12,9

13,8

14,4

14,5


Таблицадан көрүнүп тургандай, 20-кылымдын 50-жылдарынан баштап, Кыргыз Республикасындагы орустардын сандык курамы акырындык менен азя баштайт. 1989-жылы жүргүзүлгөн эл каттоо учурунда калктын жалпы санындагы орустардын үлүшү 21,5% чейин азайган. Бул мезгилдеги кыргыз жана өзбек улуттук топторунун сандык курамы көбңүү багытында болгон.

Кыргыз Республикасындагы миграция маселеси 80-жылдарынан аягында биринчи ирет пайда болгон. Бул мезгилде Кыргыз Республикасын кошуп, Советтер Союзунун бардык мурдагы республикаларында, социалдык-экономикалык маселелердин, көп учурда турмуштук улутчулдугун терс түрүндө көрүнгөн улуттук аң-сезимдин өсүшү, о.э. катуу түрдөгү улуттар аралык кагылышуулардын күчөшү туура келет. Мисалы: 1990-жылы жайында Ош шаарында болгон окуялар. Миграция боюнча Департаменттин маалыматтары боюнча, 1990-2001-жылдарда Кыргыз Республикасынан калктын кетүүсү 450 миң адамды түзгөн. Орус калкынын миграциялык ыкчамдыгы өтө жогору болгон.

2.Улуттар аралык мамилелердин абалы

Улуттар аралык мамилелер өзүнө түпкү улут менен улуттук азчылыктын, улуттук топтордун ортосундагы мамилелерди камтып турат. Улуттар аралык мамилелерде өзгөчө мааниге ээ улуттар аралык эрежелер жана улуттук стереотиптер ээ болот. Улуттар аралык мамилелердин мүнөзү достук маанайда, бейтарап же чыр-чатактуу болушу ыктымал. Бул социалдык-саясий абалга, экономикалык өнүгүшкө, тарыхый өткөнгө, маданий-турмуштук шарттарга, түздөн-түз жана так кырдаалга же мамилелешүүгө кызыкдарлыкка байланыштуу.

Кыргыз Республикасындагы 90-жылдардын башындагы улуттар аралык кырдаал “өтө көп кырдуулуг, динамикасы жана карама-каршылыктуулуг менен” мүнөздөлөт. Улуттар аралык мамилелердин бузулушу социалдык-экономикалык саясий жана жадагалса психологиялык мамилелердин таасири астында адам турмушунун бардык чөйрөлөрүндөгү каатчылык көрүнүштөрдүн фонунда жүрүп өттү.

Миграциялык маанайга жана улуттук топтордун өз ара иш-аракетине 1990-жылдагы Оштогу улуттар аралык чыр-чатак окуялары чоң таасир тийгизди. 1991-жылы Ош аймагындагы улуттар аралык чыңалуцу абалын жана деңгээлин тактоо боюнча социалдык изилдөө – эксперттик сурамжылоо жүргүзүлгөн. Талдоонун жыйынтыгында “трагедиялык окуялардан бир жылдан кийинки улуттар аралык мамилелердин татаалдык” фактысы белгиленген. Бул окуялардын социалдык фону “экономикадагы каатчылык көрүнүштөр, баанын өсүшү, инфляция, жумушсуздук, керектөө базарынын талкаланышы, жашоо сапатынын жалпы начарлашы” болгон.

1992-жылдан баштап, улуттар аралык чыңалуунун төмөндөшү, улуттук чөйрөнүн гармондошуусу жана орус тилдүү калктын миграциялык агымынын азайышы байкалат. Азыркы мезгилде улуттар аралык өз ара мамилелердин гармондошуусуна карабастан айрым бир жактарда окуялардын белгилүү бир өнүгүшү чыр-чатактарга алып келүүчү кандайдыр бир чыңалуу катары дагы эле сакталып турат. Мисалы: 2006-жылдын башында Чүй областынын Искра айылында көптөгөн коомдук жана мамлекеттик ишмерлер тарабынан улуттар аралык чыр-чатак катары аталган жаңжал чыгып кетти. Айылдын компьютердик залдарынын биринде болгон дунган жана кыргыз улутундагы жаштардын ортосундагы мушташ көпчүлүк баш аламандыкка алып келди. Натыйжада бир нече адам оордугу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. 7 үй өрттөлүп жиберилген, 15 үй талкаланган, 115 дунгандын үйүнүн айнектери сынган.

Улуттар аралык мамилелерди изилдөөчүлөр төмөндөгүдөй жалпы жыйынтыкка келишкен. Кыргыз Республикасынын эгемендик жылдарындагы тутумдук өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында улуттук өз ара иш-аракеттер үчүн мейкиндик азайган жана белгилүү бир шарттарда чыр-чатактык күчкө айланып кетүү жөндөмү бар улуттук чыр-чатактык деңгээл көбөйгөн.

  1. Улуттук азчылыктардын укугун коргоо боюнча мамлекеттин саясаты

Көптөгөн изилдөөчүлөр эркин кыргыз мамлекетинин улуттук саясатынын өч этабын бөлүп көрсөтүшөт: эгемендүүлүктүн баштапкы бир нече жылы, “Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз” деген ураандын алдындагы президент Аскар акаевдин саясатынын мезгили жана 2005-жылдын 24-мартынан кийин башталган азыркы учур.Биринчи этап, эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки алгачкы 2-3жылга уланган кыргыз улутчулдугунун деңгээлинин жогорулашы менен мүнөздөлөт.”Түпкү улуттун жарандары” жана “түпкү эмес улуттун жарандары”, “улуттук азчылык”, “диаспоралар” ж.б. аныктоолор пайда болгон.

Кыскача сөздүк

Адам – коомдун, үй-бүлөнүн жана улуттун ажырагыс бөлүгү, адам жана коом бири-бирин колдоп, бири-бирин байытып турат.

Акыл – интеллектуалдык ишке болгон жөндөмдүүлүк

Аң-сезим – адам баласынын сезиминде орун алган жагдайлардын сырткы жана ички туюмдары менен аңдап билиши.

Баарлашуу – адамдардын тил аркылуу сүйлөшүүсү

Байланыш – адамдардын достук же өз ара иштери боюнча байланышы.

Байлык – бул турак-жай, ден-соолук, үй-бүлө, китеп, музыка, жаңы нерселерге болгон мүмкүнчүлүк.

Бакыт – адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, олуттуу каалоолору, максаттары ишке ашып, өзү басып өткөн жолго, өз турмушуна ыраазы болушун билдирген этикалык түшүнүк.

Бийлик – адам коому менен пайда болгон мекемелери, куралдуу күчтөрү, чалгындоочу органдары бар башкаруучу күч.

Билим – адамдын акыл-эси, илим, адам баласына ыйгарылган өзгөчө бир дөөлөт.

Герб – уруунун, шаардын жана мамлекеттин расмий белгиси. Мамлекеттик документтерге, мөөрлөргө, тыйындарга, желектерге элеси түшүрүлөт.

Гимн – салтанаттуу ыр.

Жакшылык – кыргыздын салттуу турмушундагы кубанычтуу окуя, адамдарга жардам берүү, аларды коргоо, көңүлүн табуу.

Жакырчылык – бул материалдык жактан жетиштүү камсыз болбогон адамдардын абалы.

Жаран – бир өлкөдө туруктуу жашап, анын мыйзамдарына баш ийген жана укуктарга жана милдеттерге ээ болгон адам.

Жарандык коом – коомдук турмуштун адамдар өздөрүнүн жекече максаттары менен керектөөлөрүнө жараша өз алдынча карым-катнашта болгон чөйрөсү.

Жөндөмдүүлүк – белгилүү бир иштерди ийгиликтүү аткарууда инсандын жеке өзгөчөлүгү.

Ийгилик - кайсы бир иште же билим алууда чоң жетишкендиктер

Инсан – өзүнө тиешелүү интеллектуалдык,эмоциялык, эрктик жекече белгилери жана сапаттары бар адам. Адамды коомдун мүчөсү же калктын бөлүгү катары мүнөздөөчү социалдык маанилүү белгилердин туруктуу системасы.

Инстинкт – жаныбарлардын түпкү тегинен бери мурасталып келген негизги жүрүм-туруму.

Кайрымдуулук – жакшылык кылуу, жардамга муктаж болгон адамдарга көмөк көрсөтүү, коомдун жыргалчылыгы үчүн пайдалуу иш кылуу.

Камкордук – балдарга жана карыларга карата мээримдүүлүк менен кам көрүү, аларды материалдык жактан камсыз кылуу, колдоо, кубаттоо.

Кодекс – коомдук мамилелердин кайсы бир тарамын дааналата же түздөн-түз жөнгө салуучу укуктук ченемдердин баарын же негизги бөлүгүн камтыган мыйзам.

Конвенция – кайсы бир атайын маселе боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон эл аралык келишим же макулдашуу. Пактылар менен Конвенциялар кабыл алынып, кол коюлгандан кийин эмес, көрсөтхлгөн сандагы мамлекеттер аларды ратификациялагандан (бекиткенден) кийин гана күчүнө кирет. Пактылар менен Конвенцияларга катышуучу мамлекеттер бул эл аралык документтерде камтыган милдеттенмелерди моюнга алышат, аларды катуу сактоого,аткарууга тийиш.

Конституция – мамлекеттин негизги мыйзамы.

Коом – адам болмушунун мейкиндикте жайгашкан жана убакыт боюнча өнүгүп туруучу чөйрөсү, анын жашоосу менен ишмердүүлүгүнүн өндүрмөсү.

Кыялдануу – үмүт менен көздөгөн максатка жетүү үчүн умтулуу.

Лидер – көндүрүү же жекече өрнөк көрсөтүү жолу менен башкаларды ээрчите алган, өзүнүн же бүтүндөй топтун максатын көздөп, топко таасир эте алган адам.

Маанай – көңүлдөн ылдый турган, убактысы кыйла аз болгон, учурга гана тийиштүү болгон жагдай.

Мамлекет – белгилүү бир аймактын чегинде калктан чогулуучу салыктын негизинде иштеген бийлик органдары жана жалпыга тиешелүү укуктук ченемдери бар калктын уюшулган бирикмеси.

Мекенчил - өз Ата-Мекенине, элине берилген, аларды чексиз сүйгөн жана өз Ата-Мекени үчүн ар кандай баатырдыкка жана мекен үчүн курман болууга даяр турган адам.

Мекенчилдик – өз Ата-Мекенин, элин сүйүү.

Меценаттар – (колдоочулар) өзүнүн байлыгынын бир бөлүгүн коомго, башка адамдарга да жашоосун жакшыртуу үчүн, искусствону жана илимди өнүктүрүү үчүн жумшаган бай адамдар.

Мораль – адеп ахлак, коомдук аң-сезимдин бир формасы, коомдук турмуштун эч бир мейкиндигин калтырбай адамдардын жүрүм-турумун теске салуу функциясын аткаруучу социалдык институт.

Мыйзам – мамлекеттик жана коомдук турмуштагы эң маанилүү маселелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдик акт.

Мүнөз – адамдардын башка адамдарга карата иш-аракетин, мамилесин аныктаган сапаттарынын жыйындысы.

Окуу – билимди, жөндөмдүүлүктү жана өнөрдү өздөштүрүүдөгү адамдын ишмердиги.

Обьективдүү – калыс, туура.

Өз алдынчалык – өспүрүмдүн белгисиз ишти аткарууда өзүнүн күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ишеничи.

Өмүр – бул кайра кайтарылбай турган, сени жашоодон алып чыгып бараткан убакыт.

Өнөр – чыгармачыл шыкты жана көркөмдүктү жараткан руханий ишмердүүлүктүн бир түрү.

Руханий дүйнө – адамдын ички дүйнөсү, анын сезими жана ой жүгүртүүсү.

Ресурстар – баалуулуктар, запастар, мүмкүнчүлүктөр.

Сезим – тирүү жандын сезүүсырткы таасирди кабыл алуусу, кимдир бирөөгө мамилесин билдирген адамдын ички абалы.

Социалдык топ – белгилүү бир тарыхый коомдун чегинде калыптанып, жалпы кызыкчылыкка, дөөлөткө жана жүрүм-турумга ээ болгон адамдардын тобу.

Социалдык нормалар – жеке адам менен топтун белгилүү социалдык бүтүндүккө баш ийүүсүн шарттаган тарыхый же башка жол менен калыптанган иш-аракеттердин үлгүсү.

Социалдашуу – коомдук, адамды коомдун толук укуктуу мүчөсүнө айландыруучу билимдердин, нормалардын жана баалуулуктардын белгилүү системасын өздөштүрүү процесси.

Толеранттуулук - сабырдуулук адамдардын башкача болуу укугун, алардын бөлөкчө экендигин таануу.

Таанып билүү – адамдын билим алуу процесси.

Туу – мамлекеттин, аскер бөлүгүнүн, бирикменин, кандайдыр бир уюмдун символу.

Улут – белгилүү бир аймакты жердеп, чарбалык жана маданий жактан байланышкан бири-биринен тили, маданияты менен айырмаланган,биргелешип жашашкан адамдардын тобу.

Үй-бүлө – баланын таалим-тарбия алган эң алгачкы уясы. Тууганчылык мамилелерге жана никеге негизделген, заманбап түшүнүгүндө жакын туугандардын топтолуп жашаган тайпасы.

Чыгармачылык – мурда болбогон жаңы сапаттагы материалдык жана руханий баалуулуктарды жаратуучу инсандын иш-аракеттери.

Эл – тарыхый жалпылык.

Эмгек – билимди жана чеберчилик жөндөмдүүлүктү талап кылган адамдын максаттуу аракети. Анын натыйжасында киши табиятты згөртүп, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт. Адамдын же коомдун муктаждыгын канааттандырган адамдын жасаган кызматы.

Эмоция, толкундануу – ошол учурдагы маанайы менен байланышкан адамдын ички абалы.

Эрктүүлүк – бул адамдын көздөгөн максаттарына жетишүүсүнө таасир этүүчү сапаттар.





Студенттердин өз алдынча иштөөлөрү үчүн темалардын суроолору

  1. Адам, индивид, инсан.

  2. Башка адамдардан өзгөчөлөнгөн инсан болушу үчүн атайын шарттар жаралыш керекпи?

  3. Заманбап адамдын типтүү белгилерин мүнөздөп бергиле.

  4. Адамдагы темпераменттин типтери жыл өткөн сайын өзгөрүшү мүмкүнбү?

  5. Коом жана коомдук мамилелер

  6. Коом сөзү кең жана тар мааниде кандай түшүндүрүлөт?

  7. Жаратылыш менен коомдун өз ара байланышы кандай?

  8. Коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн негизги сферасы кандай?

  9. Коомдук мамилелер деген түшүнүктүн алдында эмнелерди билебиз?

  10. Коомду кандай илимдер изилдейт?

  11. Адам жана коом жөнүндө байыркы ойчулдардын ой-пикирлери тууралуу билесиңерби? Баяндап бергиле.

  12. Платон

  13. Аристотель

  14. Алгачкы коомдо мифтер кандай роль ойногон?

  15. Буддизим

  16. Ислам

  17. Христианчылык

  18. Коомдун экономикалык өнүгүүсү

  19. Өндүрүштүн каражаттары

  20. Менчик. Менчиктин формалары

  21. Экономика жөнүндө орто кылымдагы жана азыркы заманбап мезгилдеги түшүнүктөр

  22. Кыргызстандагы рыноктук мамилелер

  23. Рыноктук мамилелерге өтүүнүнбашкы шарттары

  24. Цивилизация түшүнүгү

  25. Класстар жана страттар

  26. Коомдун саясий жашоосу

  27. Инсандын социалдык статусу

  28. Саясат деген эмне?

  29. Саясий институттар

  30. Саясий партиялар

  31. Саясий маданият. Демократиялык эрежелер

  32. Авторитардык режим

  33. Бийликтин үч булагы

  34. Демократия деген эмне?

  35. Коомдун руханий жашоосу

  36. Маданият деген эмне?

  37. Материалдык маданият руханий маданияттан эмнеси менен айырмаланат?

  38. Заманбап дүйнөдөгү илим жана билим

  39. Билим деген эмне?

  40. Диндин адамга тийгизген таасири

  41. Заманбап дүйнөдө глобалдуу экологиялык проблемалар

  42. Бүгүнкү күндө социалдык, экономикалык, саясий жана башка проблемалар

  43. Диндин Кыргызстанда кыйыр түрдө тийгизген таасири

  44. Жарандык активдүүлүк

  45. Улуттук азчылык

  46. Улуттук баалуулуктар

  47. Адамдык баалуулуктар

  48. Жарандык коомдун институттары

Студенттердин билимин текшерүүгө карата түзүлгөн тесттер.

  1. Өзүнүн оюн айтуу мүмүкүнчүлүгү -бул

Возможность высказывать своё мнение – это:

1) ответственность, жоопкерчилик
2) свобода, эркиндик      +
3) необходимость, зарылчылык
4) долг, карыз

2. Адамга жалпы мүнөздөмө берүүдө кандай термин аталат?

Какой термин является самой общей характеристикой человека?

1) индивид, индивид+
2) гражданин, жаран
3) индивидуальность, индивидуалдуулук
4) личность, инсан

 3. Коомдук жашоонун негизги сферасына кирет:

К основным сферам общественной жизни относится:

1) материальное производство, материалдык өндүрүш
2) экономика, экономика +
3) конституционное право, конституциялык укук
4) государство, мамлекет

4. “Личность” түшүнүгү мүнөздөлөт:

Понятие «личность» характеризуют:

1) биологические потребности, биологиялык керектөөлөр
2) сознательные цели, +
3)физиологические особенности, физиологиялык өзгөчөлүктөр
4) природные задатки,

5. Коомдун руханий жашоосунун сферасына кирбейт

К духовной сфере жизни общества не относится:

1) искусство, искусство
2) наука, илим
3) семья, үй-бүлө    +
4) мораль, мораль

  1. Определение: «Совокупность идей, взглядов, теорий, а также чувств, привычек и нравов определённой социальной общности или группы» относится к понятию

Белгилүү бир социалдык коомдун же топтун адеп-ахлагынын, көндүмдөрүнүн, теорияларынын, көз караштарынын, идеяларынын жыйындысы бул-

  А) общественное сознание, коомдук аң-сезим+             Б) общество, коом

   В) обыденное сознание, күнүмдүк сезим                Г)  идеология, идеология

  1. Самат — высокий, худощавый, с красивыми чертами лица, мужественный, расчётливый, медлительный и осторожный. Всё это характеризует Самата как

Самат боюу узун, арык, кайраттуу, үнөмчүл, шамдагай эмес, сак. Бул мүнөздөмө Саматтын ___ мүнөздөйт.

 А) личность, инсандыгын    Б) гражданина, жарандыгын

  В)  индивидуальность, индивидуалдуулугун+   Г) профессионала, кесипкөйлүгүн

  1. В обществе распространена автоматизация производства, успешно осуществляется компьютеризация. Какая дополнительная информация позволит сделать вывод, что общество— постиндустриальное?

Коомдо өндүрүштү автоматташтыруу кеңири жайылып, компьютерлештирүү ийгиликтүү ишке ашырылууда. Дагы кандай кошумча информация “коом постиндустриялдык” деген бүтүмгө алып келет?

 А) основной продукт производства — промышленные изделия, өндүрүштүн негизги продуктусу өнөр жайларда даярдалган буюмдар

 Б)  основной фактор производства — знания, өндүрүштүн негизги фактору – билим+

  В) широкое применение механизмов, технологий, технологияны, механизмдерди кеңири колдонуу

  Г)  классовое деление общества, коомдун класстарга бөлүнүүсү

  1. Какой признак характеризует традиционное общество?

Салттуу коомду кандай белгилер мүнөздөйт?

А)  интенсивная урбанизация, интенсивдүү урбанизация  

Б) преобладание приписанного социального статуса, жазылып калган коомдук социалдык статустун үстөмдүк кылуусу +

 В) высокая социальная мобильность, жогорку деңгээлдеги социалдык мобилдүүлүк      

Г) рост уровня потребления, керектөөнүн деңгээлинин өсүшү

  1. К осмысленным побудителям деятельности человека относятся

Адамдын ишмердүүлүгүнүн маанилүү коргоочусу

 А) привычки, адаттар    Б) влечения, кызыгуу  

В)  мотивы, мотивдер+    Г) эмоции, эмоциялар

6. Верны ли следующие суждения о сходстве и различии человека и животного?

    1. Муравьи и другие «социальные» животные трудятся так же, как и люди.

     2. Все особи животных, в отличие от людей, всегда действуют согласно генетической программе.

Төмөндөгү адамдын жана жаныбарлардын окшоштугу жана айырмачылыгы жөнүндөгү түшүнүк (пикир-ой) туурабы?

1.кумурскалар жана башка “социалдык” жаныбарлар адамдардай эле эмгектенишет.

2.бардык жаныбарлардын жашоо организми адамдардан айырмаланып генетикалык программага ылайык кыймылдашат, аракеттенишет.

а) верно только 1, туурасы 1     б) верно только 2, туурасы 2  +

   в)  верны оба суждения, эки ой тең туура      г) оба суждения неверны, эки ой тең туура эмес

7.Основа человеческого существования — это

Адамдын жашоосунун негизи - бул

А) дружба, достук   Б) любовь, сүйүү    В) потребительство, керектөөчүлүк   Г) деятельность, ишмердүүлүк+

8. Какая характеристика не подходит для традиционного общества:

Кайсыл мүнөздөмө салттуу коомго туура келбейт?

А)  низкий уровень социальной мобильности, социалдык мобилдүүлүктүн төмөнкү деңгээли

Б) господство религии, обычаев и традиций, религиянын, салт-санаанын үстөмдүк кылышы

В) аграрный характер экономики, экономиканын агрардык мүнөзү

Г) глобализация жизни, жашоонун глобалдашуусу+

9. Нужда человека, в чем либо, это:

Адамдын кандайдыр бир нерсеге болгон муктаждыгы – бул:

А) способности, жөндөмдүүлүк    Б) деятельность, ишмердүүлүк   В) потребности, керектөөлөр +  Г) интерес, кызыкчылык   Д) ценности, баалуулуктар

10. Характерной чертой постиндустриального общества является:

Постиндустриалдык коомдун мүнөздөмөсү болуп эмне саналат?

А) расширение промышленного производства, өнөр жай өндүрүшүнүн кеңейүүсү

Б) замедление темпов развития, өсүү темпинин жайлашы

В) создание массовой культуры, массалык маданияттын түзүлүүсү+

Г) использование компьютерных технологий, компьютердик технологиянын колдонулушу

11. Возникновение транснациональных корпораций в современном обществе, развитие международной торговли служат проявлением тенденции:

Заманбап коомдогу транснационалдуу корпорациялардын пайда болушу, эл аралык сатыктын өнүгүүсү кандай тенденциялардын пайда болуусуна түрткү болот?

А) модернизации, модернизациялоо    Б) глобализации, глобалдашуу 

В) демократизации, демократиялаштыруу     Г) информатизации, маалыматташтыруу+

12. Переход к постиндустриальному обществу характеризуется:

Постиндустриялык коомго өтүү эмне менен мүнөздөлөт?

 А) формированием рыночной экономики, базар экономикасынын калыптануусу менен

 Б) ограничением социальной мобильности, коомдукк мобилдүүлүктүн чектелүүсү менен+

 В) развитием средств массовой коммуникации, массалык-маалымат каражаттарынын өнүгүүсү менен

 Г) организацией фабричного производства, фабрикалык өндүрүштүн уюштурулушу менен

13. Верны ли следующие суждения о процессе глобализации?

Глобалдаштыруунун процесси жөнүндөгү төмөнкү ой-пикир туурабы?

 1. развитие массовых коммуникаций делает современный мир более целостным. массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү бүгүнкү дүйнөнү дагы да бирдиктүү кылат

 2.все глобальные проблемы являются следствием экономической интеграции.

бардык глобалдуу көйгөйлөр экономикалык интеграциянын натыйжасы

а) верно только  1, туурасы 1        б) верно только 2 , туурасы бир гана 2     в) оба верны суждения, экөө тең туура +      г) оба суждения неверны, экөө тең туура эмес

14. Общественный прогресс выражается в:

Коомдук өнүгүү төмөнкүдө түшүндүрүлөт:

 А) поступательном развитии общества, коомдун алдыга умтулган өнүгүүсүндө       

Б) связях общества и природы, коом менен табияттын байланышында

 В) устойчивости форм общественной жизни, коомдук жашоонун туруктуу формасында

 Г) системном устройстве общества, коомдун системалуу түзүлүшүндө

15.  При переходе от традиционного общества к индустриальному:

Салттуу коомдон индустриалдык коомго өтүүдө эмне өзгөрдү?

А) упрочилось преобладание сельского хозяйства над промышленностью, айыл чарбасынын өнөр жайын ээлеп алуу бекемделди

Б) возросло значение науки и образования, илимдин жана билимдин мааниси өстү

В) усилились сословные различия, катмардык айырмалануу күчөдү

Г) возросло значение коллективистских ценностей в противовес ценностям индивидуальной свободы, жеке эркиндиктин баалуулуктарына каршы коллективдик баалуулуктардын мааниси өстү

16. Что из перечисленного характеризует современное западное общество?

Төмөндөгү саналгандардын кайсынысы заманбап батыш коомун мүнөздөйт?

А) аграрный тип общества, коомдун агрардык тиби

Б) неразвитость институтов частной собственности, жеке менчик институттардын өнүкпөгөндүгү

В) особая ценность человеческой индивидуальности, адамдык индивидуалдуулуктун өзгөчө баалуулугу

Г) преобладание коллективных форм сознания, аң-сезимдин жамааттык формасынын басымдуулугу

17. В основе цивилизационного подхода к изучению общества:

Коомду үйрөнүүдө цивилизациялык мамиленин негизинде:

А) выделение общего, жалпылыктын бөлүнүп чыгуусу            

Б) выделение особенного, өзгөчөлүктүн бөлүнүп чыгышы

В) развитие разума,   акылдын өнүгүүсү     Г) развитие нравственности, адеп-ахлактын өнүгүүсү

18. Ниже приведен ряд терминов. Все они, за исключением двух, относятся к индустриальному обществу. Найдите два термина, выпадающих из общего ряда, и запишите цифры под которыми они указаны.

Төмөндөгү терминдердин арасынан индустриалдык коомго тиешелүү болбогон 2 терминдерди белгилегиле

А). Массовая культура, права человека, массалык маданият, адам укугу

Б)Частная собственность,  Касты, жеке менчик, касталар *

В). Технология, Община, технология, жамаат.

Г) Закон, Экологический кризис, мыйзам, экологиялык кризис

Тесттин ачкычы «Адам жана коом»

Вариант № 1

 1- А   2- В     3- Б   4-  Б   5- В        6- 2      7-   Г   8-  Общества    9-   Г    10- В

11- Г      12-  Б      13- В       14- 1     15-  А    16-  Б    17-   В   18- Б      



Суроолор Вариант № 2

  1. Человек, согласно современным представлениям, есть существо

Адам заманбап түшүнүктө:

 А)  духовное, руханий   Б) социальное, социалдык   В) биологическое, биологиялык    Г) биосоциальное, биосоциалдык

  1. Быстрее население увеличивается в менее развитых странах Юго-Восточной Азии, Африки и Латинской Америки, что резко обостряет в них проблемы жилья, образования, медицинского обслуживания и, в первую очередь, продовольствия. По подсчётам специалистов в будущем именно в этих странах будет жить свыше 80% населения мира. С другой стороны, в ряде стран и регионов мира, в том числе в Западной Европе и в России, наблюдается угрожающее уменьшение численности населения и его значительное старение. Эта ситуация свидетельствует о наличии глобальной проблемы

Анча өнүкпөгөн түштүк-чыгыш Азия, Африка жана Латын-Америка өлкөлөрүндө калктын саны өсүүдө. Натыйжада бул өлкөлөрдө турак-жай, тамак-аш көйгөйү күч алат.Адистердин айтуусунда келечекте дүйнөнүн 80 пайыз калкы ушул өлкөлөрдө жашап калат. Ал эми түндүк Европа , Россияда калктын санынын азаюусу байкалат. Мындай кырдаал кандай глобалдуу күйгүйдөн кабар берет?

 А) войны и мира, согуш жана тынчтыкт  Б)  экономической, экономикалык   В) демографической, демографиялык   Г)  энергетической, энергетикалык

  1. В обществе В. преобладает сельское население, идеалом которого является соблюдение обычаев и благочестие. Накопления незначительны и расходуются не на производство, а на потребление. Господствует государственная собственность. К какому типу относится общество В.?

Коомдо айыл жергесинин калкы салт-санааны, такыбалыкты идеал тутушат. Киреше өндүрүшкө эмес колдонууга сарпталат. Мамлекеттик менчик басымдуулук кылат. Анда бул коом кайсы типке кирет?

 А) постиндустриальному, постиндустриалдык          Б) индустриальному, индустриалдык

 В) традиционному, салттык                    Г) информационному, маалыматтык

  1. Петровские преобразования XVIII в. являются примером

18 кылымдагы Петровдук кайра түзүү эмненин үлгүсү?

А)  стагнации, стагнациянын (токтолууну)  Б) контрреформы, контрреформанын    В)  эволюции , эволюциянын    Г) модернизации, модернизациянын (өркүндөтүү)

5. Определение: «Направленное развитие, для которого характерен переход от низшего к высшему, от менее совершенного к более совершенному» относится к понятию

Өнүгүүгө багытталган төмөндөн жогоруга, жакшыдан мыктыга өтүү процесси –бул:

 А)  стагнация, стагнация (токтолуу)  Б)  прогресс, өнүгүү   В)  регресс, төмөндөө    Г) модернизация, модернизация (өркүндөтүү)

  1. Верны ли следующие суждения об индустриальном обществе?

Төмөндөгү индустриалдык коом жөнүндөгү ой туурабы?

1. Для индустриального общества в экономическом отношении характерны машинное производство, конвейер, стандартизация, научная организация труда. Индустриалдык коомго экономикалык мамиледемашиналык өндүрүштүк, конвейер, стандартизация,эмгектин илимий уюшулушу мүнөздүү

2. Для индустриального общества в политическом отношении характерен деспотический режим., индустриалдык коомго саясаттык мамиледе деспоттук режим мүнөздүү

 1) верно только А, туурасы 1       2) верно только Б, туурасы бир гана 2       3) верны оба суждения, экөө тең туура    4) оба суждения неверны, экөө тең туура эмес

  1. Индустриальное общество отличается от традиционного тем, что:

Индустриалдык коом салттык коомдон эмнеси менен айырмаланат?

А) в нём существует жесткое разделение людей на классы, касты, анда адамдар класска, касталарга катуу бөлүнөт

Б) в нём отсутствуют социальные конфликты, анда социалдык конфликттер болбойт

В) в нём господствуют общинные принципы социальной жизни, анда социалдык жашоонун жамааттык принциптери басымдуулук кылат

Г) центрами социально-экономической жизни становятся промышленные предприятия, социалдык-экономикалык жашоонун негизин өндүрүштүк ишканалар түзөт.

9. Разделение ремесла и сельского хозяйства, произошедшее в древности, свидетельствует о:

Байыркы мезгилдеги кол өнөрчүлүктүн жана айыл-чарбасынын бөлүнүшү эмнеден кабар берет?

А) научно-техническая революции, илимий-техникалык революциядан       Б) социальной реформе, социалдык реформадан

В) общественном прогрессе, коомдук прогресстен         Г) регресс общества, коомдук регресстен

10. Понятие «элемент», «структура», «взаимосвязь» используется при рассмотрении

      общества как:

коомду карап жатканда “элемент”, “стурктура”, “өз ара байланыш” деген түшүнүктөр кандай пайдаланылат?

 А) среды обитания человека, адамдын жашоо чөйрөсү

  Б) динамической системы, динамикалык система

 В) целостной системы, бирдиктүү    Г) выделившейся части материального мира, материалдык дүйнөнүн бөлүгү

11. Традиционное общество в отличие от индустриального:

Салттык коомдун индустриалдык коомдон айырмасы

А) имеет классовую стратификацию, класстык стратификациясы бар                       Б) является открытым, ачык-айкын

В) базируется на религиозном мировоззрении, диний-көз карашта негизделет      

 Г) поддерживает науку как социальный институт, илимди социалдык институт катары карайт

12. Что способствует процессу глобализации в современном мире?

Азыркы дүйнөдө глобализация процессине эмне түрткү болот?

А) развитие средств транспорта и связи, байланыш жана транспорт каражаттарынын өнүгүүсү      Б) рос численности среднего класса, орто класстагылардын санынын өсүшү

В) развитие сферы услуг, кызмат көрсөтүү сферасынын өнүгүшү        

Г) углубление социальной дифференциации, социалдык дифференциациянын тереңдеши

13. Какой признак относится к индустриальному обществу?

Индустриалдык коомго кандай белгилер тиешелүү?

А) ведущая роль сельского хозяйства, айыл чарбасынын жетектөөчү ролу Б) преобладание промышленности, өнөр жайдын басымдуулук кылышы      

В) слабый уровень разделения труда, эмгектин бөлүнүүсүнүн алсыз деңгээли        Г) решающее значение сферы услуг в экономике, экономикадагы кызмат көрсөтүү сферасынын чечүүчү мааниси

14. Верны ли следующие суждения об общественном прогрессе?

Коомдук прогресс жөнүндөгү төмөндөгү пикир туурабы?

 1) одним из критериев общественного прогресса является устойчивый экономический рост большинства государств в современном мире, коомдук прогресстин критерийлеринин бири бүгүнкү дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттердин туруктуу экономикалык өсүүсү

 2) наиболее очевидны последствия общественного прогресса в сфере материального производства, коомдук прогресстин натыйжасы материалдык өндүрүштүн сферасында көбүрөөк болгону талашсыз

 а) верно только 1, туурасы 1     б) верно только 2, туурасы бир гана 2       в) верны оба суждения, экөө тең туура        г) оба суждения неверны, экөө тең туура эмес

15. Реформа в отличие от революции:

Реформанын революциядан айырмасы:

 А) носит всеобъемлющий характер, бардыгын ичине камтып алуучу мүнөздү алып жүрөт

 Б) является формой социальной динамики, социалдык динамиканын формасы

 В) проводится, как правило, по инициативе сверху, эрежеге ылайык жогорку жактын демилгеси менен өткөрүлөт

 Г) приводит к глубоким изменениям в общественной жизни, коомдук жашоодо чоң өзгөрүүлөргө алып келет.

16. Понятие «развитие», «взаимодействие элементов» характеризуют общество как:

“Өнүгүү элементтердин өз ара байланышы” деген түшүнүктөр коомду кандай мүнөздөйт?

А) динамичную систему, динамикалык системаны

Б) часть природы, табияттын бөлүгү катары

В) весь окружающий материальный мир, бардык курчап турган материалдык дүйнө

Г) взаимодействие людей в социальных группах., социалдык группалардагы адамдардын өз ара катышы

17. Быстрый скачкообразный переход от одного общественно-политического строя к другому называется

Бир коомдук саясаттык түзүмдөн башкага тездик менен өтүү эмне деп аталат?

А) прогрессом, прогресс   Б) революцией, революция     В) эволюцией, эволюция      Г) регрессом, регресс

18. Верны ли следующие суждения об общественном прогрессе?

Коомдук прогресс жөнүндөгү төмөндөгү пикир туурабы?

1. Прогресс в одной области общественной жизни может сопровождаться регрессом в другой.

Коомдук жашоонун бир аймагындагы прогресс башка аймактагы регресс менен коштолушу мүмкүн

2. Общественный прогресс графически можно изобразить в виде восходящей изломанной линии.

Коомдук прогрессти көтөрүлүп келе жаткан ийри-буйру сызыкка окшош деп элестетсек болот

а)  верно только 1 , туурасы 1,         б) верно только 2, туурасы 2     в) верны оба суждения, экңң тең туура        гоба суждения неверны, экөө тең туура эмес

Вариант № 2тесттин ачкычы

1- Г  2- В     3-  В  4-  Г    5- Б       6-   1    7-   Г      8- духовные (духтук)  

  9- В      10-  В

11-  В     12-   А       13- Б     14-  3    15-  В    16-  А    17- Б      18-  3    19- 1,4,5

  1. В узком смысле слова общество это:

Коом тар мааниде – бул:
а) способ отношения человека к внешнему миру, адам баласынын сырткы дүйнөгө болгон мамилесинин жолу
б) определённый этап исторического развития человечества, адамзатынын өнүгүү тарыхындагы белгилүү этап +
в) совокупность элементов живой и неживой природы, тирүү жана жансыз табияттын элементтеринин жыйындысы

5. Традиционное общество характеризует этот признак:

Салттык коомду төмөндөгүлөрдүн кайсынысы мүнөздөйт?
а) рост уровня потребления, керектөөнүн деңгээлинин жогорулашы
б) интенсивная урбанизация, интенсивдүү урбанизация
в) преобладание приписанного социального статуса, кошумча социалдык статуска ээ болуу +

8. Что есть основа человеческого существования:

Адам жашоосунун негизи:
а) деятельность, ишмердүүлүк +
б) потребительство, керектөөчүлүк
в) дружба, достук

9. Типы общества. Выберите неправильный ответ
Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы коомдун тибине кирбейт? Туура эмес жоопту тандагыла
а) традиционные, салттык
б) индустриальное, индустриалдык
в) технологические, технологиялык +

10. Какая из характеристик не подойдёт для традиционного общества:

Төмөндөгү мүнөздөмөлөрдүн кайсынысы салттык коомго туура келбейт?
а) низкий уровень социальной мобильности,социалдык мобилдүүлүктүн төмөн деңгээли
б) глобализация жизни, жашоонун глобалдашуусу +
в) господство религии, обычаев и традиций, каада-салттардын, религиянын үстөмдүгү

11. Как называется нужда человека в чем-либо:

Адамдын бир нерсеге болгон муктаждыгы:
а) потребности, керектөөчүлүк +
б) способности, жөндөмдүүлүк
в) ценности, баалуулуктар

12. Что является характерной чертой постиндустриального общества:

Постиндустриалдык коомго тиешелүү мүнөздөмө
а) создание массовой культуры, массалык маданияттын түзүлүшү
б) использование компьютерных технологий, компьютердик технологиянын колдонулушу +
в) замедление темпов развития, өнүгүү темпинин акырындоосу

14. Чем можно охарактеризовать переход к постиндустриальному обществу:

Постиндустриялык коомго өтүүнү эмне менен мүнөздөсөк болот?
а) организацией фабричного производства, фабрикалык өндүрүштүн уюшулушу
б) формированием рыночной экономики, рыноктук экономиканын калыптануусу
в) развитием средств массовой коммуникации, массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү +

16. В чём можно выразить общественный прогресс:

Коомдук өнүгүүнүн эмне менен көрсөтөбүз?
а) устойчивости форм общественной жизни, коомдук жашоонун формаларынын туруктуулугу
б) системном устройстве общества, коомдун системдүү түзүлүшү
в) поступательном развитии общества, коомдун алга умтулган өнүгүүсү +

17. Во время перехода от традиционного общества к индустриальному: калтырабыз бул суроону

18. Выберите вариант, который характеризует современное западное общество:

Заманбап батыш коомун мүнөздөгөн вариантты белгилегиле
а) преобладание коллективных форм сознания, аң-сезимдүү жамааттык формалардын үстөмдүк кылуусу
б) особая ценность человеческой индивидуальности, адамдык индивидуалдуулуктун өзгөчө баалуулугу +
в) аграрный тип общества, коомдун аградык тиби

19. Что лежит в основе цивилизационного подхода к изучению общества:

Коомду окуп үйрөнүүдө цивилизациялык мамиленин негизинде эмне жатат?
а) выделение особенного, өзгөчөлүктүн бөлүнүүсү +
б) выделение общего, жалпылыктын бөлүнүүсү
в) развитие разума, акылдын өсүшү

20. Согласно современным представлениям, человек есть существо:

Адам заманбап түшүнүктө:
а) социальное, социалдык
б) духовное, руханий
в) биосоциальное, биосоциалдык +

26. Чем отличается индустриальное общество от традиционного:

Индустриалдык коом салттык коомдон эмнеси менен айырмаланат?
а) в нём отсутствуют социальные конфликты, анда социалдык конфликттер болбойт
б) в нём существует жесткое разделение людей на классы, касты, анда адамдар класстарга, касталарга бөлүнөт
в) центрами социально-экономической жизни становятся промышленные предприятия, социалдык-экономикалык жашоонун борборунда өндүрүштүк ишканалар болот +

27. Выберите неправильный ответ:
Потребности бывают:

Төмөндөгү жооптордун кайсынысы керектөөнүн тибине кирбейт?
а) научные, илимий +
б) естественные, табигый
в) социальные, социалдык

28. О чём свидетельствует разделение ремесла и сельского хозяйства, которое произошло в древности:

Байыркы мезгилдеги кол өнөрчүлүк жана айыл чарбасы эмнеден кабар берет?
а) это регресс общества, коомдун төмөндөшүнөн
б) об общественном прогрессе, коомдун өнүгүшүнөн +
в) о социальной реформе, социалдык реформадан

29. Чем отличается традиционное общество от индустриального:

Салттык коом индустриалдык коомдон эмнеси менен айырмаланат?
а) оно является открытым, ал ачык-айкын болот
б) оно имеет классовую стратификацию, ал класстык стратификацияга ээ
в) оно базируется на религиозном мировоззрении, ал диний көз карашта негизделет +

30. Процессу глобализации в современном мире способствует:

Заманбап дүйнөдө глобалдашуу процессине эмне түрткү болот?
а) развитие средств транспорта и связи, транспорт жана байланыш каражаттарынын өнүгүүсү +
б) слабый уровень разделения труда, эмгектин бөлүнүшүнүн пассивдүү деңгээли
в) углубление социальной дифференциации, социалдык дифференциациянын тереңдеши

3.К основным сферам общественной жизни относится:

Коомдук жашоонун негизги сферасына кирет:

1) материальное производство, материалдык өндүрүш
2) экономика, экономика +
3) конституционное право, конституциялык укук
4) государство, мамлекет














1 Компетенция – кандайдыр бир тармакта эмгектин натыйжалуу болуусу үчүн мааниге ээ болгон ишмердүүлүк. Термин латын тилинен алынып “competete – ээ болуу, шайкеш келүү, туура келүү” деген маанини билдирет. Термин эки мааниге ээ. Биринчиси адамдын же кайсы бир мекеменин ыйгарым укуктары. Экинчиси таанып билүүгө, тажрыйбага ээ болгон адамдардын суроолору. Билим берүү чөйрөсүндө бул терминдин экинчи мааниси өзгөчө орунду ээлейт. Анткени тажрыйбага ээ болуу, баш аламандык учурунда аракеттене билүү жөндөмдүүлүгү сыяктуу сапаттар, окутуучунун сабагында ишке аша турган студенттердеги компетенттик мамиленин калыптанышына мүмкүндүк берет.


2 Компетенттүүлүк – эффективдүү өздөштүрүлгөн стратегиянын эсебинен чыгармачылыкты ийгиликтүү камсыз кылган интерактивдүү адам ресурсу. Ошондой эле өз оюн, бир нерсеге баа берүүсүн, ой толгоосун кесиптик сабаттуулук менен айтып берүүгө мүмкүнчүлүк берген билим, билгичтиктерге көндүмдөргө жана турмуштук тажрыйбаларга ээ болуу болуп эсептелет. Кесиптик чөйрөдөгү ар кандай кырдаалдарда көрсөтүлгөн комплексти колдоно билүү жөндөмдүүлүгү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!