СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адабият жан дуйнонун азыгы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адабият- жан дүйнөнүн азыгы

Просмотр содержимого документа
«Адабият жан дуйнонун азыгы»









Адабият- жан дүйнө азыгы



















  1. Саламдашуу



  1. Ойлон, изден, тап. Ар бир топко бештен суроо берилет,жообун жазышат. 3 мин.(Көрүүчүлөргө слайд көрсөтүлөт)

  1. Автордук чыгармалар 3 мин.



  1. Драмалык чыгармалар 5 мин.



  1. Көөнө сөздөр 4мин. (Ар бир топко бештен сөз берилет)



  1. Айтыш



  1. Поэзия кечеси (Мында чыгарманын авторун айтам, окуучулар чыгарманы жатка айтышат.)



  1. Китептер дүйнөсүнө саякат ( Эки класс окуган китептерин топтошот, калыстардын берген суроолоруна жооп беришет)









  1. Саламдашуу:

7а класс

Тарбияга дилгир биз

Тартиби бар балдарбыз

Арбын билим алууга

Ар бирибиз куштарбыз



Жүрөгүндө туйлаган кыргыз каны

Өзөгүндө ойногон кыргыз каны

Төрөлгөндө оозанган Манас менен

Айтып келдим 7адан саламды

Хор: Саламды айтып ыр менен

Сунамын сизге гүл менен

Кутмандуу кыргыз элиме

Ийилип салам мен берем

Билбегенди билгизген

Мээге сезим киргизген

Ак булуттун үстүндө

Айга жакын жүргүзгөн

Китеп менин акылым

Китеп менин жакыным

Оку,оку деп айткан

Окуу жайын көп айткан.

Айлана теребел салтанат

Мына эми кечебиз башталат

Илимге жаңыдан кол сунган

Бактылуу жаштарбыз жаш канат

Урааны: Биз билимдүу балдарбыз

Бийикти көздөй учабыз

7б класс

Таңдап туруп баалуу сөздөрдү

Кеңеш алып туура жактара

Келтирбейли ката бул турмушта

Сактайлычы китептерди таптаза



Салам, салам, салам айтабыз

Саламдашкан аруу балдарбыз

Тынчтык тилеп дайыма

Гүлдөп өскүн бул турмушта

Куш келипсиз бүгүнкү китеп майрамга

Хор: Түгөнбөс акыл мүрөгү

Илимдин ушул жүрөгү

Жан досубуз китепти

Ардактайлы сүйөлү

Мага кымбат менин ыйык китебим

Талыкпастан сени окуп келемин

Сенден алып илим менен билимди

Келечекте чоң билимге жетемин

Урааны:

......................................................................

  1. Ойлон,изден,тап.

7а класс

1.Адабият китебинин Киришүү бөлүгүндө

Жусуп Баласагындын кайсыл сөзү берилген?

-Акындын сөзу чынчыл болсо гана,

Ар убак бере алмакчы пайда сага.

2. Ч.Айтматов китеп жөнүндө эмне деп айткан?

- Китеп адамдардын рухий байланышындагы көнөрбөс көрөнгөнүн бири,ал эми адамдарды өз башатына баш багууга, жан-дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө , учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка серп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп- адамдарды байланыштырат.

3.”Эрте келген турналар” повестиндеги Ак-Сай десанттары кимдер?

- Султанмурат,Анатай,Эркинбек,Эргеш,Кубаткул.

4.”Ак кылкаптан тон албайм” кимдин чыгармасы?

-Барпы Алыкул уулу

5.Адабият китебине Т.Сатылгановдун кайсыл чыгармалары берилген?

-“Насыят”, ”Санат”

7б класс

1.Кыргыз адабият китебинин авторлору кимдер?

-Бексултан Алымов, Абдыкерим Муратов



2. Китеп жөнүндө М.Горький эмне деп айткан?

- Китепти сүйгүлө,ал силердин жашоо-тиричилигиңерди жеңилдетип,адамдарды сүйүүгө,өзүңдү-өзүң урматтоого жардам берет,дүйнөгө,адамдарга карата оюңарды жана жүрөгүңөрдү эргитип,көңүлүңөрдү кушубак кылат.

3.Үйгө кирсем “от жок” дейт,

Эшикке чыксам “мал бак” дейт-кимдин чыгармасы?

-Барпы Алыкулов

4.”Адам болгум келет” повестинин каарымандары кимдер?

-Асылбек, Зуура........................................................................

5. А.Токомбаевдин “Жараланган жүрөк” чыгармасында кайсыл окуя сүрөттөлөт?

- 16-жылкы Үркүн

3.Автордук чыгарма

7а класс

Арстанбек кызы Перизат “Апа”

Апамсың алдейлеп өстүргөнсүн

Билемин максат менен чоңойтконсуң

Айтчы мага кызматыңды аткарайын

Бой жеттим жарасам дейм керегиңе

Жылдыздар тээ асманда жымыңдашат

Туптунук апакеме суктанышат

Ыйласак чыдап эми бизди баксаң

Буйруса сени дагы балаң багат

Жүзүңдөн уялаган күндүн нуру

Ааламдагы эн сулуу апакемсиз

Пенде эмес жарыктык айта албайт

Сизге болгон урматым,сүйүум чексиз

Ыр жазам мен апам үчүн

Ак сүтүн берген адам үчүн

Ар дайым аман жүрө бер

Асылым менин апакем.

7б класс

Муктарбек кызы Гулиза “ Мекеним”

Таптаза булагыңдан даам таттым

Таптаза көңүлдөрдү сонун таптым

Түбөлүк оорун ээлеп кучагыңдан

Үйрөнүп жашоо жолун,көңүл ачтым

Башкалардан артыгыраак эркелеттиң

Ар дайым ардактадың мээрим төктүң

Дос күтүп,теңтуш таап билим алып

Жашоонун жакшы жагын билим өстүм

Бактымды энчиледиң кенен бердиң

Багында ойноп-күл деп эмгекчи элдин

Абаңдан терең жетеп дем алайын

Бийикке эркин куштай көкөлөйүн

Мекен үчүн арстандай жүрөктүүмүн

Сан колдой жалтанбаган билектүүмүн

Сынбасын бекеринен жарты ташың

Садагаң мен болоюн керектүүмүн.



4.Драмалык чыгармалар

7а класс

Жалил Садыков “Манастын уулу Семетей”

Сарытаз-Алтынай

Семетей-Курманбек

Жигиттер-Сейил,Талант,Айкөкүл

7б класс

Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры”

.............................................................

5.Көөнө сөздөр

7а класс

Ак тасма-эчкинин ийленген терисинен кесилген кайыш

Чидер-атты үч буттап тушоого ылайыкталып кайыштан жасалган тушамыш

Төө таман- көп басканда арыбаган,чарчабаган деген мааниде

Чоюн баш-уруп жыгуу үчүн уютулуп жасалган курал

Үкөк- тамак-аш салуучу сандыкча

7б класс

Доолбас-тегерек кылып ийленген тактайча алкактын бир бетине,көбүнчө төө териси капталып,согушта,аңчылыкта колдонулуучу барабан

Жамбы-акча бирдиги,туюк формасында уютулган күмүш же алтын

Ком-төөгө жүк артуу үчүн өркөчүнө,белине орой таңылган кабат-кабат кийиз,же башка калың нерсе,чом

Кумган-суу куюу үчүн ылайыкталган ичи көңдөй жез,чоюн идиш

Албарс-таза болоттон жасалган өтө курч курал







6.Айтыш

7а класс

“Жеңижок менен Эсенамандын айтышы”

Жеңижок-Гүлайым

Эсенаман-Курманбек

7б класс......................................................................................

7.Поэзия кечеси

7а класс

Б.Алыкулов “Сүйлөш үчүн тил керек”

Сүйлөш үчүн тил керек

Ырдаш үчүн үн керек

Сөздү сөзгө кынай бил

Маш зергердей чегелеп

7бкласс

Осмонкул Бөлөбалаев “Уялам”

Коомдук мүлккө кол салып

Жеп ичкенден уялам

Түгөнмөк беле алгандан

Деп ичкенден уялам





7а класс

Алыкул Осмонов “Буудай сапыруу”

Эртен майрам-күн жетинчи ноябрь

Ырдоо керек майрам күну баары бир

Мезгил чукул тегирменге баралы

Мейман келет,ак нан керек, муну бил

7бкласс

Турар Кожомбердиев “Апа”

Сен жөнүңдө баштаарымда ыр ырдап

Сөздөр жайнап,чегирткедей чырылдап

Сөздөр чууруп,кумурскадай капташып

Жылдыз сымал бийиктерден жымыңдап

7а класс

Омор Султанов “Кош,Ысык-Көл”

Кош,Ысык-Көл,жолугушуу алдыда

Кош,толкундар,силер да аман калгыла

Көрүңбөгөн бир бөксөрүү,бирде өксүү

Энчиленген биздин кербез тагдырга







7бкласс

Муса Жалил “Белегим”

Кайтып барсак гүлдөр ичине

Гүлдөп өткөн ачык күндөрүм

Досум сага белек кылам мен

Мекенимдин жыттуу гүлдөрүн

8.Китептер дуйнөсүнө саякат.



Китепсиз билим болбос

Китепсиз акыл болбос

Китеп-бул адаштырбас

Кеңешчи,акыл жолдош




11


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!