Жагымдуу маанай
Ачык сабак
Тема:
«Тууранды сѳздѳр»
Мугалим: Мүзүралиева Зарима Алмазбековна
7-класс
САБАКТЫН МАКСАТЫ
Билим берүүчүлүк :
Окуучулардын интеллектуалдык жана окуу сабаттуулуктарын калыптандыруу жана тууранды сѳздѳрдүн сѳз түркүмү катары окуп үйрѳнүшѳт, тексттен тууранды сѳздѳрду маанисине жана түзүлушүнѳ карата бѳлүп алышат .
Ѳнүктүрүүчүлүк:
Түшүнүү, колдонуу, ой жүгүртүү жана реакция кылуу кѳндүмдѳрү артат;
биргелешип топтордо иштѳѳ жѳндѳмдүулүктѳрү ѳнүгѳт .
Тарбиялык:
Орфографиялык эрежелерге ылайык сабаттуу жазып, пикирин далилдей билүүгѳ багыт алышат.
Эрежеси:
Жандуу жана жансыз заттардан чыккан үндү, табышты, добушту, кыймылды, элести, кѳрүнүштү туурап, окшоштуруп кѳрсѳткѳн сѳздѳр тууранды сѳздѳр деп аталат
1. «Кармасам сабы дагы шылк – шулк этип Карачы ,
Каптап калган кочкул датты»;
«Дыңдарды күрөктөдүм тереңдетип Жыргады, Жымыңдады жылт – жулт этип». (Күрөк)
2. «Кыш келатат кыяда. Сынык канат балапан чыйп - чуйп этет уяда».
3. «Тепсесең чыйп ! этет,
Балапандын үнүндөй». (Балапан кар);
Тууранды сѳздѳр морфологиялык, фонетикалык жана синтаксистик жактан да башка сѳз түркүмүнѳн айырмаланып турат. Ѳз алдынча турганда лексикалык маани бербейт, алардын мааниси добушту угулгандай, кѳрүнгѳн элести кѳрүнгѳндѳй туурап берүүсү менен байланыштуу. Ошондуктан алар ѳзгѳчѳ сѳз түркүмү деп аталат.
Тууранды сѳздѳрдүн бѳлүнүшү
Түзүлүшүнѳ карай
Маанисине карай
1. Табыш тууранды сѳз
1. Жѳнѳкѳй тууранды сѳз
2. Татаал тууранды сѳз
2. Элес тууранды сѳз
Табыш тууранды сѳздѳр - жандуу жана жансыз заттардын үнүн, табышын, добушун тууроо ирээтинде айтылган сѳздѳр.
М.: тарс, мѳѳ, маа, шака-шука, чуру-чуу ж.б.
Элестүү же элес тууранды сѳздѳр кыймыл аракеттин же заттардын сырткы кѳрүнүшүн, кыймылын элесин билдирген сѳздѳр.
М.: жал-жал, шып, мѳлт, селт ж.б.
Жѳнѳкѳй тууранды сѳздѳр бир гана сѳздѳн турат.
М.: «Суу кепичи шалп! этет.
Турбай бутка илинип».
«Шакабалап колду чаап токтоткончо
Шак эттире жаакка чапкан жакшы»
Татаал тууранды сѳздѳр эки же андан кѳп түгѳйлѳрдѳн турат
М.: «Күлүп туруп эти гана ыйлаган,
Теңтушуна кыт-кыт күлгѳн баладай.»
Не чегирткеби, не бир «ырчы» жандыкпы?
«чыр-чур», «ыз-быз» тынбайт.
Эс алуу мүнѳтү
КЫЛЫМ КАРЫТАР БИР КYН
Какшыган жыбыт коңулунан, ыраңы учкан жылга боорунан жем издеп чабытташ оңой кашкѳйлүк эмес. Жер макулуктарын баш айланта чаташтырып, кыйма- чийме жѳрмѳлѳгѳн издерин кууп шимшилеп, кээде сары чычкандын мурун кытыгылаган жыттуу ийинин тытмалап, кээде береги суу жеген аңдын саландаган кабагы астынан кош аяк секирип чыга калабы, анда эле тап жылдырбай бырпырата баса калсам деп кемер колтугунан кѳзү ѳтүп жер боортоктоп жата калып, алдагайдан жортуп чыккан ач түлкү бет алдыдагы темир жолду кѳздѳй ашыкпастан, бурулбастан жойлоп баратты. Тетиги ээн талаа бетиндеги бозомук жалдын үстүдѳ созулгандан созулган кара сызык темир жол азгырып да, сестентип да турат. Ошо жол менен күркүрѳп-шаркырап, кѳшүлүп жаткан жерди оор солкулдатып, биресе бур тарапка, биресе тиги тарапка поезд ѳтүп турат, ѳткѳн сайын каңылжаарды каңырсыткан сасык жыттуу күйүк түтүндү айдарым жел талаа бетине бүркүп алып учат. Кечке жуук түлкү зым карагайдан оолагырак бир аңдын ичинен кирип, бийик ѳскѳн калың аткулакты аралай сойлоду да, ийрилип куйкуп сары токоч болуп жатып алды. Аткулактын кочкул кызыл болуп бышкан уруктары үстүнѳ себеленип, тѳмѳнтѳн соккон желге куураган жалбырактар шуудураса дирт эте кулак түрүп, түлкү түн кирерин күттү. Зым карагайлар бир калыпта зыңылдайт. Түлкү андан коркпойт. Карагайлар каккан орундарында какайып, кубалай албасын билет
Бу түлкү ушул тарапка ачкалыктан аргасы түгѳнгѳн кездерде гана келчү, болбосо суутуп коюппу…
Поезд ѳтпѳй калган ара-чолодо талаа бети кулак-мурун кескендей, кѳчкү жүрүп кеткендей ың-жың тунжурап турат.
Түлкү четтеги караңгыга боюн таштады, кылчак-кылчак каранып, жер менен жер болуп качып жѳнѳдү. Булгактаган оттору бар тиги шумдук куйругу кѳпкѳ үзүлбѳй дѳңгѳлѳктѳрү шака-шак, күркүрѳйт да шаркырайт. Түлкү байыр алган жеринен улам тура чуркап, качкан бойдон кетти…
Жооптору жана баалоо критерийлери.
1. Ишмердүүлүгү: Текстти анализдѳѳ
Тексттин форматы: Туташ текст
Контекст: жеке
Тѳмѳнкү жооптор толук кабыл алынат.
А) Ач түлкү жѳнүндѳ (1 балл)
Жооп кабыл алынбайт: Туура эмес берилген башка жооптор.
2. Ишмердүүлүк: Маалыматты анализдѳѳ
Тексттин форматы: туташ текст
Контекст: жеке
Жооп толугу менен кабыл алынат:
Куурап калган тоо этегинен, эч нерсеси жок боз талаадан жем издеш оңой
ѳжѳрлүк эмес. (2 балл)
Жооп жарым-жартылай кабыл алынат:
М: Ач түлкү ээн кагыраган жерден жем таап, курсагын тойгузуш оор экенин
назарга алган. (1 балл)
Жооп кабыл алынбайт: Эгер жооп жеткиликтүү эмес же түшүнүксүз болсо.
3. Ишмердүүлүк: Тексттин мазмунун талдоо.
Тексттин форматы: Туташ текст.
Контекст: жеке
Жооп толугу менен кабыл алынат: Эгер окуучу Ооба/ Жок/ Ооба / Жок деген тартипте берилген 4 жоопту туура берсе, жооп толугу менен кабыл алынат. (2 балл)
Жооп жарым- жартылай кабыл алынат: Эгер окуучу Ооба/ Жок/Ооба деген тартипте берилген 3 жоопту туура берсе, жооп жарым-жартылай кабыл алынат. (1 балл)
Жооп кабыл алынбайт: Туура эмес берилген башка жооптор.
4Ишмердүүлүк : Маалыматты издѳѳ, табуу жана жазуу.
Тексттин форматы: Туташ текст.
Контекст: жеке
Жооп толугу менен кабыл алынат: Тууранды сѳздѳрдү таап, жазса. (1 балл)
Жооп кабыл алынбайт: Туура эмес берилген башка жооптор.