СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак физика 8-класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак физика 8-класс»

Сабактын темасы: Жылуулук кубулуштары бөлүмүндөгү жылуулук саны жана заттардын салыштырма жылуулук сыйымдуулугуна маселе иштөө.

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Окуучулардын жылуулук саны жана заттардын салыштырма жылуулук сыйымдуулуктары боюнча алган билимдерин бекемдөө.

2.Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү.

3. Тарбиялык: Окуучуну ыкчам ой жүгуртүүгө көндүрүү,чынчылдыкка,башкалардын оюн сыйлоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Плакаттар, термометр, фольга, карточкалар.

Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы.

Уюштуруу : саламдашуу ,жаркын маанай тузүү.

Ар бирибизге жагымдуу маанай түзүү үчүн физикалык чоңдуктарды колдонуп каалоо айтабыз.

Мен силерге бактылуу, күчтүү балалык каалайм!

Кайталоо:

  1. Жашылча жемиштерди туздоодо кайсы физикалык кубулуш колдонулат ( Диффузия)

  2. Бул сүрөттөрдө жылуулук берүүнун кайсы түрү көргөзүлгөн (Конвекция)

  3. Газ кеңейүүдө аткарылган жумуштун формуласы ( A= P · ^ V)

  4. 2,28 кДж , Джоуль менен туюнткула (2280 Дж)

  5. 3 литрдик банкадагы газды 10 литрлик банкага куюшту. Газдын көлөмүнүн өзгөрүшүн тапкыла ( ^V=V2-V1), жообу: (7 л)

Бүгункү сабакта биз силер менен “ Билим” деп аталган эң бийик чокуга саякатка чыгып келебиз. Биздин максат “ Жылуулук кубулушу” туусун аталган эң бийик чокуга жеткирүү. Бирок.” Билимде даңгыраган кенен жол жок, анын таштактуу аска жолу менен тырмышып, чарчабастан, талыкпай жүруп, отурган адам ганаанын жаркыраган чокусуна жете алат” деп Д.И. Менделеев айткандай биз билим чокусуна оңой жете албайбыз. Ал чокуга жеткичекти бир нече ашууларды ашабыз.

  1. Ой жүгүртүү

  2. Формулалар

  3. Карагайлар

  4. Эксперименттер

Бул ашуулардын ар биринин тапшырмалары бар. Эгер силер ал тапшырмаларды аткарып кетсеңер ал ашуудан өтө аласыңар. Саякатка чыгууда силер эки топко бөлунөсүңөр, тапшырмадагы суроолорго кезектештп жооп бересиңер.

Анда эмесе саякатты баштадык. Алдыда” Ой жүгүртүү “ашуусу турат.Бул ашууну ашуу үчүн группалар төмөнкү тапшырманы аткарыш керек:Ар бир группа сөздөрдүн тизмеси бар карточка алышат. Бул тизмеде кайсы сөз ашыкча? Эмне үчүн?

1-группа

  1. Кар ээриди, отун күйүп жатат, чымчык учуп баратат, меш ысыды.

  2. Градус, мензурка,термометр,динамометр.

  3. Ньютон, Галилей, Джоуль,Ватт,Герц.

  4. Жылуулук өткөрүмдүүлүк, конвекция,масса,нурдануу

2-группа

1.Топ томолонду, кеме сүзуп бара жатат,үтүк ысыды,жаандын тамчылары түшуп жатат.

2. Жылуулук саны, жол, жыштык, секунда, күч.

3. Катуу, суюк, ыссык апта, газ.

4. Секунда, метр, Герц, ылдамдык, Ньютон.



2.”Формулалар “ ашуусу

Ошентип” Ой жүгүртүү” ашуусу артта калды, эми алдыда.”Формулалар” ашуусу туурат. Ал ашуудагы тапшырманы аткарууда эстафеталык оюнду колдонобуз. Ар бир группага формулалар жазылган барак берилет. Окуучулар кезеги менен ал формуладагы тегерекченин ичине жетишпеген чоңдукту жазышат.Берилген чоңдуктардын СИ системадагы бирдиктерин дагы табышат.



3.”Карагайлар” ашуусу.

Бул ашууну ашууда эсеп чыгарып алган баа менен ошончо жылдызча алып алдыдагы балатыны кооздоп өтөбүз. Ар бир командага маселелер жазылган карточкалар таркатылат. Доскага да чыгарабыз.катасын ар бир группа табат.

1.Төмөнкүлөрдү ысытуу үчүн зарыл болгон жылуулук санын эсептеп чыккыла:

А) Массасы 50 г болгон алюминий кашыкты 200С дан 900С ге

Б) Массасы 2т болгон кирпич мешти 100С дан 600С ге чейин ысытышты.

2-маселе

2 кг сууга 50,4 кДж жылуулук бергенде,ал канчалык градуска ысыйт? Суунун салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 4200 Дж кг·0С.

3- маселе

Жез кесегинин 400С ысытуу үчүн 38кДж жылуулук саны талап кылынды. Эгерде жездин салыштырма жылуулук сыйымдуулугу 380 Дж кг·0С болсо кесектин массасы канча?

4. Эксперименттер

Эми биздин алдыбызда эксперименттер деген ашуу калды. Эки термометр алабыз бирин кара материал, экинчисин ак материал менен шаригин ороп бир моментте күйгузулгөн лампанынастына жайгаштырабыз. Термометрдин көрсөтүүсү кандай болот? Эмне үчүн? Түшүндүргүлө.

Бышыктоо : балдар тапшырманы эң жакшы аткардыңар. Силер “Жылуулук кубулуштары “ туусун, көптөгөн суроолорго жооп берүү менен бирге “Билим “ деп аталган эң бийик чокуга жеткирдиңер. Аны мене бирдикте силердин физикалык билимиңер жылуулук кубулуштарын камтыган түшүнүктөр, чондуктар менен толукталды.

Суроолор:

  1. Эмне үчүн ысытылган тетиктер абага караганда сууда бат муздайт? (суунун жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору)

  2. Кышынды бут кандай бут кийимде үшүйт? Кененденби же тар бут кийимденби? Эмне үчүн? (тар бут кийимде бут бат үшүйт. Бут кийим кенен болгондо ортодо аба көбүрөөк, аба жылуулукту начар өткөрөт)

  3. Тон жылытабы? ( тон жылытпайт, ал денедеги жылуулукту чыгарбайт)

  4. Эмнеге стаканга кайнак суу куярда кашык салышат? (Суунун жылуулугу кашыкка өтүп, тез муздайт)

Билимин баалоо:

Үйгө тапшырма: 600 г металлды 100С дан 600С ге чейин ысытуу үчүн 13,8 кДж жылуулук саны талап кылынды. Металлдын салыштырма жылуулук сыйымдуулугу кандай?



























№35 Ж.Чаргынов атындагы орто билим берүү мектеби



АЧЫК САБАК









Тема: Архимед күчү. Архимед күчүн эсептөө жолу.











Мугалим : Исмаилова Н.О



Сабактын темасы: Архимед күчү. Архимед күчүн эсептөө жолу.

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Архимед жана Архимед күчү жөнүндө маалымат берүү.

2.Өнүктүрүүчүлүк: Архимед законун түшундүрүү.

3. Тарбиялык: Окуучуну ыкчам ой жүгуртүүгө көндүрүү,чынчылдыкка,башкалардын оюн сыйлоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Плакаттар, динамометр, жүк, тараза, карточкалар.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу моменти.

  • Кайталоо.

  • Жаңы тема.

  • Бышыктоо.

  • Баалоо.

  • Тапшырма берүү

Жаркын маанай түзүү.

Балдар биз болсо физика сабагында жаратылышты таанып билүү жөнүндө сөз кылабыз. Бирок физикалык кубулуштарды окуп үйронүүдөн мурда, келгиле өзубүзгө байкоо жүргүзүп алалы. Биз курчап турган чөйрөнү кантип кабыл алабыз, “сүрөтчүлөр” катарыбы же “ойчулдар” катарыбы? Мыны ушуну аныктап алалы.

  1. Колуңарды кайчылаштырып көкүрөгүңөргө койгула. Кайсы колуңар өйдө жакта жайланышып калды?Жыйынтыгын жазгыла.

  2. Силер кандайдыр бир конкурста күйөрмандардын ролун аткарып кол чаап жатасыңар. Кана кол чабабыз.Кайсы колуңардын алаканы өйдө жакта жайланышып калды. Жыйынтыгын жазгыла.

  3. Колуңардын манжаларын бири-бирине кайчылатып киргизгиле. Кайсы колуңардын баш бармагы өйдө жакта жайланышып калды. Жыйынтыгын жазгыла.

Оң, оң, оң ойчулдар тибине, сол, сол, сол сүрөтчүлөр тибине кирет. Демек, силердин коллективде ойчулдар жана бир нече сүрөтчүлөр бар экен, ал эми аралаш жооп бергендер гармониялык өнүккөн инсандар экенсиңер. Эми сырткы чөйрөнү таанып билүүгө өтөлү.



Кайталоо: 1. Атмосфера деген сөз эмнени түшүндүрөт?

2. Атмосфера басымын өлчөөчү кандай куралдарды билесиңер?

3. Торричелли тажрыйбасын түшүндүргүлө.

Жаңы тема: Архимед күчү. Архимед күчүн эсептөө жолу.

Балдар силер сүрөтто көрүп турган кишибиз бир эле учурда физик, математик, астроном, инженер, ойлоп тауучу көп кырдуу дүйнөгө белгилүү физик Архимед тууралуу болмокчу.

Архимед ошол кездеги Грециянын колониясы болгон Сицилиядагы Сиракуза шаарында б.з.ч. 287-жылы туулган. Архимеддин атасы Фидий Сиракузанын падышасы Гиерондун жакын тууганы эле.

Балдар Архимеддин туулуп өскөн жерин картадан тапкылачы?

Сүрөттүн чаптайбыз.( Архимеддин)

Туура эмес формадагы нерсенин көлөмүн аныктоодо балдар, Архимедке карата айтылган болгон уламышка көңүл бөлөлү. Күндөрдү биринде Сиракуз падышасы Гиерон Архимедди чакырып алып алтындан жасалган таажыны көрсөтүп таза алтындан жасалганбы? Же кошулмасы барбы? Деген суроо менен аны аныктоого буйрук берет. Таажыны жасаган устанын ак ниет менен иштегенин текшерүү максатында. Архимед кандайдыр бир бөлүк алтындын ошондой эле көлөмдөгү суудан 19,3 эсе оор экендигин тапкан. Бул болсо алтындын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан 19,3 эсе чоң дегенди билгизет. Таажынын таза алтындан же кошулмадан жасалгандыгын аныктоо үчүн таажынын тыгыздыгын аныктоо керек болду.Таажынын тыгыздыгын аныктоо үчүн, таажынын массасын жана ал ээлеген көлөмдү аныктоо керек болду. Бирок баардык кыйынчылык таажынын көлөмүн аныктоодо. Себеби: таажынын сырткы көрүнүшү татаал формада болгондуктан анын көлөмүн аныктоо бир канча кыйынчылыкты туудурган. Бир күнү ой баскан Архимед мончодо суу толтурулган ваннага түшүп жатып андан суунун төгүлүшүнө көңүл бурат. Мына ошондо Архимед сүйүнгөнүнөн эшике чыгып, “Эврика!”,”Эврика!” “Таптым!” –деп кыйкырып жиберет. Бул ачылыш туура эмес формадагы нерселердин көлөмүн аныктоого мүмкүндүк берген. Башкача айтканда легендада таажы жасалган заттын тыгыздыгы таза алтындын тыгыздыгынан кичине экендиги айтылып, устанын айыбы ачылып калат.Бул ачылыш менен илимде эң чоң ачылыш болот. Бул ачылыштын мазмунуна токтололу, тажрыйбаны аныктоо үчүн Архимеддин тажрыйбасын көрөлү: Динамометрге сууга чөгө турган кандайдыр бир телону илип анын оордугун өлчөйлү, андан кийин аны суусу бар идишке түшүрөлү, суусу бар идишке түшүргөндө динамометрдин көрсөтүүсү өзгөрдү.(азайды) Пружинанын серпилгичтүүлүк күчү менен оордук күчүнөн башка суюктук тарабынан нерсени жогору көздөй түртүү күчү аракет этет. Ал күч түртүү күчү деп аталат. Анын синоними Архимед күчү.

Fтүрт = FА = FООР - F болот.

Суюктукка же газга чөгөрүлгөн нерселерге суюктук же газ тарабынан төмөнтөн жогору багытталган түртүү күчү аракет этет. Бул күч Архимед күчү деп аталат.Анын формуласы:



FА - Архимед күчү.

p-суюктуктун тыгыздыгы

V- нерсенин көлөмү

Архимед күчү суюктуктун тыгыздыгынан жана нерсенин көлөмүнөн көз каранды.

Демек, суюктукка толук матырылган нерсе өз көлөмүнө барабар көлөмдөгү сууну сүруп чыгарат. Архимед жасаган ачылыштын негизги себеби ушунда.

Суюктукка матырылган нерсеге карама-каршы багытталган эки күч аракет этет. Алар: төмөн көздөй багытталган оордук күчү жана жогору көздөй багытталган Архимед күчү.

Бышыктоо: Маселе №120Л

Көлөмү 0,28 м3 болгон кирпичти сууга салышты. Ага карата аткарылган күчтүн чоңдугун тапкыла.

Берилди

Формула

Чыгаруу

V = 0,28 м3

Pсуу = 1000 кг/м3

g = 9,8 м/с2


FА=?






FА = 1000 кг/м3·9,8 м/с2· 0,28 м3= 2744 Н



Жообу: 2744 Н



Билимин баалоо:

Үйгө тапшырма: жаңы китеп 21-көнүгүү.3- маселе

















































№35 Ж.Чаргынов атындагы орто билим берүү мектеби



Класстан тышкаркы иш.



«БИЛИМ ТАЙМАШ» СЫНАГЫ

7- класстар учун

Мугалим : Исмаилова Н.О



Сабактын максаты:

Окуучулардын физикадан алган билимдерин текшерүү.Окуучулардын таанып билүүсүнө эмоциянын таасирин байкоо, окуучулардын физикага болгон кызыгуусун арттыруу, активдүүлүгүн жогорулатуу.

Сынак торт турдан турат. 7-класстын окуучулары катышат.

1-тур. Ар бир топ суроолорго жооп берүү менен упай топтошот.

1.Бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүнүн мыйзамын ачкан англия окумуштуусу ким?

А) Архимед Б) Ньютон В) Галилей Г) Паскаль

2. Жол менен которулуштун айырмасы эмнеде?

А) Жол дайыма которулуштан кичине

Б) Жол вектордук чоңдук, которулуш болсо скалярдык чоңдук

В) Жол менен которулуштун айырмасы жок.

Г) Жол скалярдык чоңдук, ал эми которулуш вектордук чоңдук

3.Физиканын механика бөлүмүнүн бөлүктөрүн атагыла?

А) Кинематика жана статика

Б) Статика жана динамика

В)Кинематика, динамика жана статика

Г) Кинематика жана динамика

4. Материялык чекиттин маңыздуу белгиси кайсы?

А) Нерсенин түсү эске алынбайт

Б) Нерсенин аты айтылбайт

В) Нерсенин өлчөмү эске алынбайт

Г) Нерсенин затты эске алынбайт

5. Инерция эмнени түшүндүрөт?

А) Чоңдук Б) Кубулуш В) Бирдик Г) Курал

6.Тоонун чокусуна көтөрүлгөндө атмосфералык басым кандайча өзгөрөт?

А) Өзгөрбөйт Б) Азаят В) Көбөйөт Г) Нөлгө барабар

7. Физика илими канча бөлүмдөн турат?

А) 4 Б) 6 В) 3 Г) 5

8.Механикада эки чекитти туташтуруучу чоңдук.

А) Жол Б) Которулуш В) Траектория Г) Узундук

9. Физиктердин арасынан алгачкылардан болуп Нобель сыйлыгын алган окумуштуу.

А) Ньютон Б) Эйнштейн В) Рентген Г) Архимед

10. Импульстун бирдиги.

А) Ньютон – Н Б) Секунд – с В) кг • м / с Г) Метр - м

11. Паскаль Блез кайсы өлкөнүн окумуштуусу.

А) Англия Б) Италия В) Франция Г) Германия

12.Грек тилине которгондо « курал жарак » же « машина » дегенди түшүндүрөт.

А) Статика Б) Механика В) Динамика Г) Энергия

13. Оордук күчү эмнеге аракет жасайт?

А) Таянычка Б) Асмага В) Нерсеге Г) Эч нерсеге

14. Инерция түшүнүгүн киргизген окумуштуу

А) Ампер Б) Ньютон В) Галилей Г) Торричели

15.Ааламда эң чоң ылдамдык эмненин ылдамдыгы?

А) Ракетанын Б) Электр тогунун В) Самолёттун Г) Жарыктын

16.Жердин тартуу күчүнүн таасиринде таянычка же асмага аракет этүүчү күч эмне?

А) Оордук күчү Б) Салмак В) Сүрүлүү күчү Г) Серпилгичтүүлүк күчү

17. Эмне үчүн 1 литр банкага 1400 грамм бал батат?

А) бал оор болгону үчүн Б) балдын тыгыздыгы суунукунан чоң болгондугу үчүн

В) балдын тыгыздыгы суунукунан кичине болгондугу үчүн

18.Жарык кубулуштарын окутуучу физиканын бөлүмү ......

А) Механика Б) Электр бөлүмү В) Оптика Г) Квант физикасы

19. Биринчи аял космонавт ким?

А) Мария Кюри Б) Ирен Кюри В) Андре Мари Ампер Г) Валентина Терешкова

20. « Фюзис» деген сөздү орус тилинде « Физика» деп колдонгон орус окумуштуусу.

А) А.С.Попов Б) В.И.Ленин В) М.В.Ломоносов Г) Д.И.Менделеев

2-тур
Категория тандоо

  1. Чоңдуктар

1) Динамометр менен өлчөнүүчү чоңдук.

2) Тараза менен өлчөнүүчү чоңдук.

3) Спидометр менен өлчөнүүчү чоңдук.

4) Көлөм бирдигиндеги заттын массасын мүнөздөөчү физикалык чоңдук.

5) Механикалык кыймылдын сандык ченин мүнөздөөчү физикалык чоңдук.

2.Окумуштуулар

1. « Жаратылыштагы баардык заттар, эң майда бөлүкчөлөрдөн турат» деп айткан грек окумуштуусу.

2. Англиялык физик, математик. Механиканын негизги закондорун ачкан.

3. Атмосфералык басымды өлчөгөн, Италиялык окумуштуу.

4. Астрономиялык изилдөөлөргө биринчи болуп телескопту колдонгон окумуштуу.

5. Таап чыгып түртүү күчүн,

суюктук менен газдардан.

«Эврика!»-деп чуркап чыгып жар салган окумуштуу.

3.Бирдиктер

1.Ылдамдануунун бирдиги. 2. Ылдамдыктын бирдиги.

3. Жумуштун бирдиги 4. Энергиянын бирдиги. 5. Өтүлгөн жолдун бирдиги.

4. Закондор

1.F=m·a

2. m1•V1+m2•V2 = m1•V11+m2•V21

3. F1= -F2

4. FA=p·g·V

5. Ньютондун биринчи закону.





5.Физикалык маанидеги макал-лакаптар.

1. Баш иштебесе, буттун шору.

2. Шибегени капка ката албайсың.

3. Алма сабагынан алыс түшпөйт.

4. Аракети көп, берекети жок.

5. Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт.

6. Физикалык табышмактар

1.Абадагы кош жолу,

Кабар берип иш кылат.

Алыскыны заматта,

Сүйлөштүрүп тындырат



2.Бурганына көнбөгөн,

Жалгыз багыт билгени.

Өзү бирок көрбөйт да,

Жол көрсөтөт дүйнөнү



3. Түн кирсе жарыгын чачат,

Күн чыкса өчкүчө шашат.



4. Эки булут жакындап,

Сүзүшүшсө не болот.

Алар алган заряддан,

Тарс жарылып күйөт от.



5. Буту темирден жасалган,

Электрден күч алган.

Тепсесе кийим кечени,

Көркүнө чыгып жаңырган.

3- тур

Формулалар эстафетасы

1.V= 1. A=F· S

2.P= 2.P=m· g

3. F= m ·g 3. F=-k ·x

4 . P=m · g 4.

5

.F= µ· P 5. S= V· t

4- тур
Маселе чыгаруу

  1. 200Па басымды кПа аркылуу туюнткула.



  1. 3 кН күчтү Ньютон аркылуу туюнткула.



  1. 3 м/с ылдамдык менен чуркап бара жаткан баланын импульсун аныктагыла. Баланын массасы 40 кг.





  1. Массасы 0,01 кг ок горизонталь багытта 200 м/с ылдамдык менен учуп бара жатат. Анын импульсун аныктагыла.



Конкурстун аягында: 7А- класс женишке жетишти, активдуу катышкан окуучуларга грамоталар ыйгарылды






































































































































































Скачать

© 2023 84 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!