СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачуу-душман, акыл-дос

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачуу-душман, акыл-дос»

№ 40 «Кулду» орто мектеби  Класстык саат 7-класс  Класс жетекчи: Ахматова Асылкан Ачуу –душман  Акыл –дос.

40 «Кулду» орто мектеби

Класстык саат

7-класс

Класс жетекчи: Ахматова Асылкан

Ачуу –душман

Акыл –дос.

Сабактын максаты:  Ыксыз ачуулануу адамга жакшылык алып келбейт. Ачууну сабырдуулук менен кетирүү керек. Жаалдуу адамдын душманы көбөйүп,сүйлөшүүдөн качып турушат. Окуучулар ачууга алдырбай, акылдуулук менен ойлонуп иш жүргүзүү керек экендигин үйрөнүшөт. Элдик жомоктордун мисалында акылдуулукка тарбияланышат.

Сабактын максаты:

Ыксыз ачуулануу адамга жакшылык алып келбейт. Ачууну сабырдуулук менен кетирүү керек. Жаалдуу адамдын душманы көбөйүп,сүйлөшүүдөн качып турушат. Окуучулар ачууга алдырбай, акылдуулук менен ойлонуп иш жүргүзүү керек экендигин үйрөнүшөт. Элдик жомоктордун мисалында

акылдуулукка тарбияланышат.

Балдар, колубузга ак кагазды алабыз да «ачуулуу адамдын» бет түзүлүшүн тартабыз

Балдар, колубузга ак кагазды алабыз да «ачуулуу адамдын» бет түзүлүшүн тартабыз

Ачуулануу, урушуу – адамдагы тескери сапаттардын бири. Терс сезимге күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Тилекке каршы, жашоо-тиричиликте адам турмушу сыдыргыга салгандай тегиз, ойдогудай оң тараптуу,бир жактуу боло бербейт.

Ачуулануу, урушуу – адамдагы тескери сапаттардын бири. Терс сезимге

күтүүсүздөн жеңдирип жиберүүчүлүк. Тилекке каршы, жашоо-тиричиликте адам

турмушу сыдыргыга салгандай тегиз, ойдогудай оң тараптуу,бир жактуу боло

бербейт.

Кайгы-капа, кээ бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүүгө, өзүн токтото албай кетүүчүлүккө алып келет. Арийне, “Бир колуңдун ачуусун бир колуң менен бас” - дегендей көпчүлүк адамдар кайрадан өзүн колго алып, сезимин башкара билүүгө жөндөмдүү келет. Ал эми айрым адамдар “Мен төрөлгөндөн эле ушундаймын”, “Мени ушундай жаратып койсо эмне кылайын” дегендей пикирлерде.

Кайгы-капа, кээ бир иштерге туталануу, кейип-кепчүүнүн акыры ачууга жеңдирүүгө, өзүн токтото албай кетүүчүлүккө алып келет. Арийне, “Бир колуңдун

ачуусун бир колуң менен бас” - дегендей көпчүлүк адамдар кайрадан өзүн колго алып, сезимин башкара билүүгө жөндөмдүү келет. Ал эми айрым адамдар “Мен төрөлгөндөн эле ушундаймын”, “Мени ушундай жаратып койсо эмне кылайын” дегендей

пикирлерде.

Урматтуу окуучум, Сулайман пайгамбар да минтип айткан экен: “Ачуусу чукулдук – акылсыздыктын белгиси”, же “Сабырдуу болуу – ачууну басат, кечиримдүү болуу – адамдын кадырына кадыр кошот”. Демек, адамдын өзүн-өзү кармай билүүсү, айланадагыларга астейдил, алпейим мамиле жасоо - бул башкы талаптардан экендигин да түшүнүү абзел.

Урматтуу окуучум, Сулайман пайгамбар да минтип айткан экен: “Ачуусу чукулдук – акылсыздыктын белгиси”, же “Сабырдуу болуу – ачууну басат, кечиримдүү болуу – адамдын кадырына кадыр кошот”. Демек, адамдын өзүн-өзү кармай билүүсү, айланадагыларга астейдил, алпейим мамиле жасоо - бул башкы талаптардан экендигин да түшүнүү абзел.

Ачууга алдыруу, чорт кыял, бетке чапма мүнөз бул адамдын кулк-мүнөзүндөгү терс сапат эле эмес, дегеле мындай адамдын акыл-эси да тайкы болорун тастыктап турат. Бул жагдайга байланыштуу кыргыз элинде “Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош” - деген таамай сөз айтылат. Себеби эч бир ишти ач кыйкырык, куу сүрөөн менен майнаптуу, үзүрлүү бүтүрүү мүмкүн эмес. Тескерисинче токтоолук менен, акылга салып иш кылуу, өзүн-өзү кармана билүү гана ар бир иштин ийгилигине дайым өбөлгө экендиги калетсиз.

Ачууга алдыруу, чорт кыял, бетке чапма мүнөз бул адамдын кулк-мүнөзүндөгү терс сапат эле эмес, дегеле мындай адамдын акыл-эси да тайкы болорун тастыктап турат. Бул жагдайга байланыштуу кыргыз элинде “Ачуу душман, акыл дос, акылыңа акыл кош” - деген таамай сөз айтылат. Себеби эч бир ишти ач кыйкырык, куу сүрөөн менен майнаптуу, үзүрлүү бүтүрүү мүмкүн эмес. Тескерисинче токтоолук менен, акылга салып иш кылуу, өзүн-өзү кармана билүү гана ар бир иштин ийгилигине дайым өбөлгө экендиги калетсиз.

Адамдагы терс мамиле, осол сезимдер дээрлик орой-одоно кыял, жагымсыз жүрүм-турум менен коштоло тургандыгы белгилүү. Ал эми ачууга жеңдирип, адам өзүн башкара албай калганда ал ыплас сөздөрдү, орунсуз салыштырууларды өтө көп колдонуп, ошонун жардамы менен көксөөсүн суутууга аракеттенет. Арийне, мындай осол мамиле дал ошондой эле жоопту жаратып, адам көңүлүндө өчпөс из, кетпес так калтырат.

Адамдагы терс мамиле, осол сезимдер дээрлик орой-одоно кыял, жагымсыз жүрүм-турум менен коштоло тургандыгы белгилүү. Ал эми ачууга жеңдирип, адам

өзүн башкара албай калганда ал ыплас сөздөрдү, орунсуз салыштырууларды өтө көп колдонуп, ошонун жардамы менен көксөөсүн суутууга аракеттенет. Арийне, мындай

осол мамиле дал ошондой эле жоопту жаратып, адам көңүлүндө өчпөс из, кетпес так калтырат.

Адилет увазир Иран шахтарынын биринин Абдулла аттуу бир акылдуу увазири бар эле. Ал бир жылга чейин падышанын кашына келбей, башка иштер менен алек болуп калды. Ушул мөөнөт ичинде калк арасында ыдыроо башталган эле.

Адилет увазир

Иран шахтарынын биринин Абдулла аттуу бир акылдуу увазири бар эле. Ал бир жылга чейин падышанын кашына келбей, башка иштер менен алек болуп калды.

Ушул мөөнөт ичинде калк арасында ыдыроо башталган эле.

. Туптуура бир жылдан кийин Абдулла падышанын алдына бара жаткан учурда жолдон аны көпчүлүк эл токтотуп, ороп калды. Калк ичинен бир адам жүгүрүп келип, увазирдин сакалынан кармап силкти. Калайык ал адамдын колунан увазирди куткарып алды. Увазир өзүн токтотуп, ачуусун араң басты. Падышанын алдына келээри менен увазир андан калайыктын тилегенин аткарууну, өзүнө адепсиздик көрсөткөн баягы адамга жаза бербөөнү өтүндү.

.

Туптуура бир жылдан кийин Абдулла падышанын алдына бара жаткан учурда жолдон аны көпчүлүк эл токтотуп, ороп калды. Калк ичинен бир адам жүгүрүп келип, увазирдин сакалынан кармап силкти. Калайык ал адамдын колунан увазирди куткарып алды. Увазир өзүн токтотуп, ачуусун араң басты. Падышанын алдына келээри менен увазир андан калайыктын тилегенин аткарууну, өзүнө адепсиздик көрсөткөн баягы адамга жаза бербөөнү өтүндү.

 Эртеси күнү эртелеп Абулланын алдына бир соодагер дүкөнчү кирип келди. Увазир андан эмне иш менен келгендигин сурады эле, соодагер токтолбой туруп жооп берди:  -Кечээ күнү сиздин сакалыңызды жулмалап азар берген адамдын ким экендигин айтканы келдим. Ал менин кошунам, аты Садык. Сиз аны чакырып жаза бериңиз.  Абдулла соодагерди чыгарып жиберди дагы бир кызматчысына Садыкты алып келүүнү буюрду. Садык катуу коркуп, өңү-түсү жууган чүпүрөктөй кумсарган абалда увазирдин алдына келди. Анын аягына жыгылып кечирим сурады. Абдулла Садыкты сүйөп ордунан тургузуп, анын көңүлүн жубата, мындай деди:

Эртеси күнү эртелеп Абулланын алдына бир соодагер дүкөнчү кирип келди. Увазир андан эмне иш менен келгендигин сурады эле, соодагер токтолбой туруп жооп берди:

-Кечээ күнү сиздин сакалыңызды жулмалап азар берген адамдын ким экендигин айтканы келдим. Ал менин кошунам, аты Садык. Сиз аны чакырып жаза бериңиз.

Абдулла соодагерди чыгарып жиберди дагы бир кызматчысына Садыкты алып келүүнү буюрду. Садык катуу коркуп, өңү-түсү жууган чүпүрөктөй кумсарган абалда увазирдин алдына келди. Анын аягына жыгылып кечирим сурады. Абдулла Садыкты сүйөп ордунан тургузуп, анын көңүлүн жубата, мындай деди:

  -Мен сени жазалоо үчүн эмес, соодагер кошунаңдын жарабаган адам экендигинен кабардар кылуу үчүн чакырдым. Сенин соодагер кошунаң чагымчы, жалаакор адам экен. Менин жаныма келип сенин үстүңдөн чагымчылык кылды. Бар үйүңө кете бергин дагы, өзүңө этият болгун. Чагымчы, жалаакор кошунаңдан сактангын.

-Мен сени жазалоо үчүн эмес, соодагер кошунаңдын жарабаган адам экендигинен кабардар кылуу үчүн чакырдым. Сенин соодагер кошунаң чагымчы, жалаакор адам экен. Менин жаныма келип сенин үстүңдөн чагымчылык кылды. Бар үйүңө кете бергин дагы, өзүңө этият болгун. Чагымчы, жалаакор кошунаңдан сактангын.

Силерде акылыңарды пайдаланып чечкен окуялар болгонбу? Ачуулуу адамдын келбетин сүрөттөп бергиле?  Адилеттүү вазир кандай адам экен? Бүгүнкү темадан өзүңөргө эмнени алдыңар?

Силерде акылыңарды пайдаланып чечкен окуялар болгонбу?

Ачуулуу адамдын келбетин сүрөттөп бергиле?

Адилеттүү вазир кандай адам экен?

Бүгүнкү темадан өзүңөргө эмнени алдыңар?

 Үйгө тапшырма: Макал жаттоо Саламатта калгыла

Үйгө тапшырма: Макал жаттоо

Саламатта калгыла


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!