СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аалам алпы айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

ААЛАМ АЛПЫ АЙТМАТОВ 

Просмотр содержимого документа
«Аалам алпы айтматов»

ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ

Кыргыздын Чолпон жылдызы,

Маңдайга бүткөн ырысы.

Дүйнөгө элин тааныткан,

Кыргыздын ушул Чыңгызы.

Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер, окуучулар биз бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовго арналган Аалам алпы-Айтматов аттуу адабий концерттик программабызды ачык деп жарыялайбыз.Жазуучу 1928-жылы дал ушул күнү 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. Жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл 91 жашка чыкмак.

Акындар бизге мурас ачып кеткен.

Накыл сөз санат ырын чачып кеткен,

Турмушка сабак алчу бул саптарды,

Окуучу көркөм айтат азыр четтен.

Сиздерге Ч.Айтматовго арналган ыр саптарынан көркөм айтып беришет.

Окшотом бийик аскага,

Бөлүнүп турган башкача.

Дагы эле жетпей тургансыйт,

Канчалык мактап турса да.

Эң терең экен билими,

Таңдантып турган кишини.

Таланты укмуш киши экен,

Тамшанткан улуу кичүүнү.

Кыргыздын Ала-Тоосунан.

Чыкканды дүйнө окуган,

Аябай бийик көрүнөт,

Өтө эле бийик чокудан.

Дүйнөдө жашайт көп улут.

Көңүлү бүтүн бурулуп,

Өтө эле сейрек кездешкен,

Чыңгызда турат улуулук.

Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,

Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.

Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,

Аттиң арман жетпейт сизге үнүбүз.

Ушул жылы 91ге толмоксуз,

Кыргыздардын сый-төрүндө болмоксуз.

Аткарам деп көздөп койгон иштерди,

Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз.

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз.

Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз,

Окуганда сиз жараткан китепти

Жүрөк эргип жазылчу эле жарпыбыз.

Туу чокусун багындырып алдыңыз.

Кыргыз туусун желбиретип салдыңыз,

Кыргыз үчүн абийир-атак жаратып,

Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз.

Кезекти 7-класстардын аткаруусунда "Камбаркан" күүсүнө берсек

Нускалуу санат жактардан.

Кыргыздын насаат саптардан,

Учкул сөздү айтышат,

Айтматов жазган саптардан.

Кезекти Айтматов жазып калтырган учкул сөздөргө беребиз.

Дос кыйынчылыкта билинет дешет, менимче бактылуу кезиңде да билинет.

Адамга эң кыйын күн сайын адам болуу.

Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.

Миңдегн адамдардын арасында да сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың.

Тил улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы, жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

Кезекти 7-9-10-11-класстардын аткаруусунда Ч. Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүш аткарышат.

Окушат аны көп тилде.

Теңебей башка эч кимге.

Көп убак өтөөр арадан,

Чыңгызга бирөө жеткиче.

Кезекти Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү айтышат.

Жашоону шаңга бөлөп кыз бийлесин.

Ал кыздын талантына көз тийбесин,

Өмүрдү шаңга салган бий өнөрү,

Жашасын кыргыз бийи түбөлүккө.

6-класстын окуучулары бийлешет.

Айтматовдун Ак кеме повестиндеги Нургазынын образын 6-класстын окуучусу Эржигитов Мусурманкул аткарып берет.

Иш чаранын максаты кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы жана көркөм адабияттын шедеври болгон Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы адеп ыйман жана маданият маселелеринин таалим-тарбиялык маанисин ачуу аркылуу балдардын көмүскөдө калган таланттарын өркүндөтүп эл алдына алып чыгуу, жана бул өзөктүү темалардан күнүмдүк жашоо үчүн азык алып, турмушта пайдалана билүү. Эли-жерин сүйгөн патриоттуулукка тарбиялоо. Маданияттуулуктун үлгүлөрүн өздөштүрүү.

Урматтуу мугалимдер жана окуучулар биздин бүгүнкү Аалам алпы-Айтматов аталышындагы концерттик программабыз соңуна чыгып отурат. Анда эмесе биздин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдурахманова Гулчехра эжекебизге сөз берсек.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат. Кош келипсиздер.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!