9 – класстар үчүн кыргыз тилинен түзүлгөн календарлык – тематикалык план.
№ | Материалдын мазмуну | Сааты | Аткаруу мөөнөтү | Максаты | Сабактын тиби, формасы | Үй тапшырмасы | Эскертүү |
| 1 - чейрек | 18 | | | | | |
1. | Кыргыз тилинин түрк тилдеринин ичинен алган орду. | 1 | | | | | |
2. | Эркин сөз айкаштарынын түрлөрү. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү, алардын ар бирине мүнөздүү болгон грамматиклык белгилери. | 1 | | Өткөн жылдагы материалдарды кайталашат,бышыкташат,эске салышат. | Карточкалар | | |
3. | Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнүн ар бирине мүнөздүү болгон грамматикалык белгилери. | 1 | | 8 – класста алган билимдерин бышыктоо. | | | |
4. | Сүйлөмдүн бир өӊчөй мүчөлөрү, алардагы жалпылагыч сөздөр жана аларга коюлуучу тыныш белгилер. | 1 | | Кайталоо | | | |
5. | Текст, анын мүнөздүү белгилери боюнча билимдерди системалаштыруу жана жалпылаштыруу. | 1 | | Тексттин мүнөздүү белгилери боюнча маалымат алышат. | | | |
6. | Текст боюнча машыгуу иштери. | 2 | | Тексттер кептин кайсы түрлөрүнө кирери боюнча аныктап,алардын ар биринин мүнөздүү белгилерине карата далилдешет. | | | |
7. | Кептин түрлөрү. Кептин түрлөрү боюнча билимдерин системалаштыруу жана жалпылаштыруу. | 1 | | Кептин кайсы түрлөрү экенин мүнөздүү белгилери боюнча аныкташат. | | | |
8. | Кептин түрлөрү менен кептин стилдеринин карым – катнашы баяндоо,сүрөтөөнүн көркөм стиль менен карым – катнашы. | 1 | | Кептин түрлөрү менен кептин стилдеринин ортосундагы айырмачылыктарды өздөштүрүшөт. | | | |
9. | Кептин түрлөрү боюнча машыгуу иштери. | 1 | | Даяр тексттин кептин кайсы түрүндө,кандай стилде берилгендигин далилдешет. | | | |
10. | Кептин стилдери. Публицистикалык стилдин башка тсилдерден өзгөчөлүгү (тереӊдетип,кеӊейтип кайталоо) | 1 | | Публицистикалык стилдин өзүнө гана мүнөздүү белгилерин аныкташат. | | | |
11. | Расмий иштиктүү стиль,анын мүнөздүү белгилери: колдонулуш милдеттери, кептин берилиш өзгөчөлүктөрү,колдонулган тил каражаттары, | 1 | | Расмий – иштиктүү стилге мүнөздүү тил каражаттары жөнүндө маалымат алышат. | | | |
12. | Расмий эмес иш кагаздары боюнча өтүлгөндөрдү тереӊдетүү жана алардын татаал түрлөрүн (мүнөздөмө,токтом,отчет) өздөштүрүү. | 1 | | Иш кагаздарын жүргүзүүдө кандай талаптар аткарыла тургандыгы тууралуу билишет. | | | |
13. | Расмий иш кагаздар:мыйзам ,указ,буйрук. | 1 | | Расмий иш кагаздарына негизинен мамлекеттик масштабтагы, мамлекеттер аралык жүргүзүлүүчү документтер кирер билишет. | | | |
14. | Илимий стилде аткарылуучу практикалык иштерге мүнөздөмө. Тезис. | 1 | | Чыгармада айтылган ойлордун кыскартылып берилген негизги мазмуну, түпкү пикири тезис экендигин билишет. | | | |
15. | Доклад. | 1 | | Белгилүү бир тема же маанилүү маселелерге байланыштуу көпчүлүктүн алдында айтылуучу баяндама доклад экендигин билишет. | | | |
16. | Кептин стилдери жана машыгуу иштери. | 1 | | Практикалык иштер. | | | |
17. | Чейректик жат жазуу. | 1 | | Жыйынтыктоо. | | | |
| 2 – чейрек. | | | | | | |
1. | Сүйлөмдүн обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрү тууралуу түшүнүк. | 1 | | Обочолонгон түшүндүрмө мүчөнүн түрлөрүн окуп үйрөнүү менен окуучу таза,так,көркөм сүйлөй билүүгө үйрөнөт. | | | |
2. | Обочолонгон түшүндүрмө мүчөнүн түрлөрү: түшүндүрмө ээ; түшүндүрмө аныктооч; түшүндүрмө баяндооч; түшүндүрмө толуктоо; түшүндүрмө бышыктооч. | 1 | | Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн тыныш белгилери тууралуу маалымат алышат. | | | |
3. | Кеп маданияты.Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн кептин ар түрдүү стилдерине мүнөздүүлүгү. | 1 | | Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөр илимий стилде активдүү колдонуларын билишет. | | | |
4. | Үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштары. | 1 | | Кайталоо. | | | |
5. | Обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөр боюнча талдоо. | 1 | | Практикалык иштер. | | | |
6. | Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр. Каратма сөз. | 1 | | Каратма сөздүн милдетин аткаруучу сөздөр,сөз тизмектери жана алардын маанилери жөнүндө билишет. | | | |
7. | Каратма сөздүн сүйлөмдө алган орду жана ага карата коюлуучу тыныш белгилер. | 1 | | Каратма сөздүн тыныш белгилери тереӊдетип өздөштүрүшөт. | | | |
8. | Киринди сөз, киринди сөздүн маанилери. | 1 | | Киринди сөз жана киринди сүйлөмдүн маанисин.аныкташат. | | | |
9. | Кеп маданияты. | 1 | | Стилдин ар башка түрлөрүндө каратма сөздүн колдонулушун, интонациясын өздөштүрүшөт. | | | |
10. | Киринди сөздөрдүн интонациясы. | 1 | | Киринди сөздөрдүн кептин илимий стилинде активдүү колдонулушу боюнча маалымат алышат. | | | |
11. | Сырдык сөздүн сүйлөмгө мүчө боло албаган башка сөздөрдүн коштоосу менен айтылышы, сүйлөмдө кайталанып колдошулушу.анын стилдик мааниси. | 1 | | Айтуучунун сүйлөмдөгү ойго карата ички сезимин, ички мамилесин кабарлоочу сөздөр сырдык сөздөр экендигин билишет. | | | |
12. | Үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштары. | 1 | | Каталар үстүндө иштөө. | | | |
13. | Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр боюнча талдоо жүргүзүү. | 1 | | Практикалык иштер. | | | |
14. | Атоочтук түрмөк,анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. | 1 | | Атоочтук түрмөктүн синтаксистик милдеттерин аныкташат. | | | |
15. | Чакчыл түрмөк.Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. | 1 | | Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду жана ага байланыштуу коюлуучу тыныш белгилерин тереӊдетип үйрөнүшөт. | | | |
16. | Кеп маданияты. | 1 | | Атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн, негизинен кептин бардык стилдерге орток тиешелүүлүгүн өздөштүрүшөт. | | | |
17. | Синтаксистик татаал түрмөктөр боюнча талдоо. | 1 | | Практикалык иштер. | | | |
18. | Чейректик жат жазуу. | 1 | | Кайталоо. | | | |