8-класстар үчүн
Кыргызстан тарыхы сабагынан
I чейрекке карата
тесттик тапшырмалар
1. Кокон хандыгы Кыргызстандын түштүгүн кайсыл жылдар аралыгында каратат?
А) 1765 – 1825-жж; Б) 1762 – 1821-жж; В) 1764 – 1824-жж. Г) 1763 – 1833-жж;
2. Кокон аскерлерине каршы күрөшкөн моңолдор уруусунун айтылуу бийи ким болгон?
А) Нарбото бий; Б) Арзымат бий; В) Ажы бий; Г) Черикчи бий;
3. Төмөндө көрсөтүлгөндүн кайсынысы туура:
А) Темиржан бий – адыгине уруусунун башчысы; Б) Маматкул бий – моңолдор уруусунун башчысы;
В) Ажы бий – сарыбагыш уруусунун башчысы; Г) Нарбото бий – кушчу уруусунун башчысы;
4. Кокон хандыгы Түндүк Кыргызстанды каратууну кайсыл аймактан баштаган?
А) Ысык-Көлдөн; Б) Чүйдөн; В) Таластан; Г) Нарындан;
5. Бишкек чеби качан курулган?
А) 1821-жылы; Б) 1823-жылы; В) 1825-жылы; Г) 1827-жылы;
6. 1822-жылы Таразда курулган чепти аныктагыла.
А) Олуя-Ата чеби; Б) Чалдыбар чеби; В) Мерке чеби; Г) Куртка чеби;
7. Мөмө-жемиш багы бар багбандар менен жашылча эккендерге салынуучу салыгы.
А) Танап-пулу; Б) Үшүр; В) Хараж; Г) Түндүк-зекет;
8. Жандык малдан алынуучу салыктын түрү эмне деп аталган?
А) Алал-зекет; Б) Хараж; В) Түндүк зекет; Г) Танап-пулу;
9. Кокон хандыгында кимдин тушунда салыктын түрү 20дан ашып кеткен?
А) Омор хандын; Б) Кудаяр хандын; В) Шералы хандын; Г) Полот хандын;
10. Циндик баскынчылардын чыгыш Түркстанга жасаган жоортулу кайсыл мезгилде болгон?
А) 1754 – 1757-жж; Б) 1757 – 1761-жж; В) 1758 – 1764-жж; Г) 1757 – 1760-жж;
11. Кытай баскынчылары Жунганрияны ээлегенден кийин “Синьцзян” аталышын берген. Сөздүн маанисин чечмелегиле.
А) Багынбас, баатыр эл; Б) Укмуштай кооз өрөөн;В) Жаңы жер, жаңы чек;Г) Жаңы Мекен;
12 Цин-Маньчжур үстөмдүгүнө каршы Зия ад-Диндин жетекчилиги астындагы көтөрүлүш качан болгон?
А) 1814 – 1816-жж Б) 1818 – 1820-жж; В) 1816 – 1818-жж; Г) 1812 – 1814-жж;
13. Жаангер Кожонун көтөрүлүшү XIX к. кайсыл жылдары болгон?
А) 10-жж; Б) 20-жж; В) 30-жж; Г) 40-жж;
14. Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштү жетектеген айтылуу Атантай жана Тайлак баатырлар кайсыл уруудан болулкан?
А) Бугу; Б) Сарыбагыш ) Солто; Г) Саяк;
15. 1832-жылы Нарын өрөөнүндө Кокон хандыгы тарабынан курулган чеп эмне деп аталат?
А) Олуя-Ата чеби; Б) Чалдыбар чеби; В) Мерке чеби; Г) Куртка чеби;
16. Мусулманкул жетектеген Кокон аскерлери кайсыл аймактын көтөрүлүшчүлөрүнө каршы багытталган?
А) Чүй, Нарын Б) Чүй, Талас В) Ош, Өзгөн; Г) Нарын, Ысык-Көл
17. Кокон хандыгы кайсыл жылдарда Өкүм сүргөн?
А) 1709 – 1876-жж; Б) 1715 – 1886-жж; В) 1719 – 1886-жж; Г) 1725 – 1896-жж;
18. Кокон хандыгынын акыркы ханы ким болгон?
А) Омор хан; Б) Кудаяр хан; В) Шералы хан; Г) Полот хан;
19. Түндүк кыргыз урууларынын башын бириктирип өз алдынча мамлекет түзүүнү көздөгөн феодал ким болгон?
А) Ормон хан; Б) Полот хан; В) Алымбек датка Г) Боромбай;
20. Орусияга биригнүүнү көздөгөн алгачкы кыргыз элчилиги кыргыздардын кайсыл уруулары жиберишкен?
А) Бугу, сарыбагыш; Б) Саяк солто; В) Черик, кушчу; Г) Мундуз, кытай;
8-класстар үчүн
Кыргызстан тарыхы сабагынан
I чейрекке карата
Тесттик тапшырмалардын жооптору
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
Б | В | Г | Б | В | А | А | А | Б | Г | В | А | Б | Г | Г | В | А | Г | А | |