СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

5-март ак калпак күнүнө карата иш-чара

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«5-март ак калпак күнүнө карата иш-чара»

5-март “Ак калпак” күнүнө карата “АК КАЛПАК АЛА-ТООНУН СИМВОЛУ”

Иш-чара



  • Кыргыз Республикасынын гимни ырдалат;

  • Кириш сөз, саламдашуу (мугалим)

  • ак калпак тарыхы, философиялык мааниси, түрлөрү боюнча

1.Хор. “Ошол да тоолук кыргызбы?” аттуу ыр менен.

2. Кыргыз элибизди, ак калпагыбызды даңазалаган көркөм саптар балдардын айтуусунда.

3.Обондуу ыр, “Кыргызымдын кыраандары”.

4. Бий Калпагым, (Аман Кармышаков),Ак калпагым(Улар Узакбаев)





Ак калпак - Ала-Тоонун символу



Мугалим: Саламатсыздарбы ардактуу эже-агайлар, кымбаттуу балдар! 2011-жылдын 5-мартынан баштап ушул күндү кыргыз журту Ак калпак күнү деп белгилеп келебиз. . Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Биз да бугун саамалыктан артта калбай Ак калпак күнүн белгилеп жаткан учурубуз, баарыныздарды АК КАЛПАК күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!!!

Мугалим: Акын агайыбыз Байдылда Сарногоевдин ыр саптары менен сөзүбүздү баштамакчыбыз:

“Улутчул дешет билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн...

Кызыл эт кезден торолтуп,

Кыялым көккө күүлөөгөн,

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”.

Мугалим: Ооба, биз КЫРГЫЗ деген улуу элдин урпактарыбыз жана КЫРГЫЗ болуп төрөлгөнүбүзгө сыймыктанабыз! Мына бүгүнкү саамалыкта ата-бабабыздан мурас катары келе кыргыз элинин ыйык баш кийими, ак калпагы тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Кыргыз калпагы жашоо тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпактын актыгы анын аруулугун, тазалыгын символдоштуруу менен акылдыгын тунуктугун сездирет.

Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5 март калпак куну байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.




Ак калпак тарыхы.
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.

Жылда Ак калпак куну Республикабызда, өгөчө Бишкек шаарында, майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флэшмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү калпак кийишет.

КАЛПАК ТҮРЛӨРҮ

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу.
Кыргыз элде баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.

Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, омурлук жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти "аа бойдок экен" же "жар издеп жургон экен" деп билишкен.

Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлу-жайлу болгондо кыюуусу кара калпак башынан тушкон эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-булосу бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, омурлук жары жашоодон отуп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.

Эр-жигиттин кадыры которулуп, калк башында турууга кучу жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган амдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен.

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жөнөкөй элден айырмаланып, төбөсү шуншуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган. Оюмдардын мааниси
Жаш балага колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, жаман көздөн сактасын деп карганын тырмагын, акыл-ою таза болсун деп булак жана башка ушул сыяктуу оюм менен калпагын көркөмдөшкөн. Ушуга байланыштуу оюмдардын аталыштары ага жараша болгон.

Эр-жигит аң уулоо менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, бүркүт, аркар оюмдарын түшүргөн.

Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, бүркүт сыяктуу оюусу бар калпактар башынан түшкөн эмес.

Калпактын түзүлүшү.
Калапак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.

Дагы бир ой-толгоо, калпактын төрт талаасы биригип кыргыздын Мекени Ала-оону чагылдырат. Ата-журтубуздун символу десек боолот. Нукура ак кийизден жасалган жасалышы аруулуктун, ыйыктынтын дагы бир белгиси.

Ооба, калпак кыргыздын байыркы баш кийими. Аны кийип жүргөн адам, ата-бабаларыбыздын, элибиздин маданиятын, салттарын ыйык туткандыгын билдирет. Улуттук баш кийимибиз - байыртан эле белгилүү болгондуктан, калпакты адамга же элге ыйгаруу таажыдан кол жууп калуу менен барабар болгон. Буга байланыштуу "калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосун", "калпагыңдан ажырасаң, акылыңдан ажырайсың" - деген учкай сөздөр калган.

Калпактын 4 талаасынын сызыктары Теңирден түшкөн кутту билдирген. Ошондуктан "калпагыңды жерге койбо", "калпакты бутка эмес, баш жагыңа коюп жат" аттуу сөздөрү баш кийимдин ыйыктыгын билдирет.

Калпак эмнеден жасалат
Ак калпак куну тууралуу кепке улай, эми калпак эмнеден жасаларын айталы. 19-кылымда калпактарды аялдар кийизден жасашып, эркектер сатышчу. Буйрутма менен калпакты жасатуу үчүн жаш козунун жүнүн беришчү, ошол эле жүн иштин акысы болгон. Учурда кытайлар жасаган синтетикалык калпактар өтө көбөйдү, баасы дагы арзан. Бирок нукура кыргыздын кой жүнүнөн жасалган калпактардын касиеттерине китай калпактары жетпейт. Синтетикалык калпактар кышкысын суук келип, жайкысын бышты ысытып, тердетет. Чыныгы жүндөн жасалган калпактар баасы кымбат, кышкысын жылуу, жайкысын салкын, мындай калпактарды азыр кыргыз тигүүчүлөрү "меринос" породасындагы койлордун жүнүнөн жасап, заманбап тигүүчү машиналарга тигишет.




1.Хор.

Ошол да тоолук кыргызбы?

Жайлоого боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.

Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.




2.Көркөм саптар:


Толкун болот деңиздин күчтүү жери,

Толкундайбол, кыргыздын жигиттери!

Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,

Тоолук эне төрөгөн сени, мени.




Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.




Эркин кыргыз элдин уулубуз,

Эр көкүрөк кыргыз журтубуз.

Эркиндикти колдон чыгарбай,

Коргоп келет биздин уулубуз.








Көк мелжиген мөңгүлүү бийик тоону,
Кичирейтип жасаган калпак кылып.
Тоолор жылып жатабы деп ойлойсун,
Кыргыздар ак калпакчан барса жылып.




3. Обондуу ыр.

Кыргызымдын кыраандары

Курч мүнөз, эр жүрөк кыргыз балдары,

Силер бар элимдин болбос арманы.

Шумкары бийикке учуп көкөлөп,

Тулпарга ар качан жолдош жандары.



Кайырма:

Эл-жерин душмандан сактаган,

Эч кимге өз дилин сатпаган,

Чоо жүрөк жеңилбес кыраандары,

Кыргызды кылымга даңктаган.



Ак булутту жамынган,

Ала-Тообуз жаңырган,

Ак калпакчан жигиттер,

Айбаты курч жалындан.



4. Калпагым, (Аман Кармышаков),Ак калпагым(Улар Узакбаев) бий

Мугалим: 5.Жыйынтыктоо







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!