Просмотр содержимого документа
«3-класс кыргыз тили сабагы»
3-«А» класс Кыргыз тил
Сабактын темасы:
Этиш чактары ж=нънд= тъшънък. Этиштин учур чагы.
Сабактын максаты:
- Этиштин чактары жана этиштин учур чагы жөнүндө билишет.
- Этишке, учур чак этишке сүйлөмдөр түзө алышат.
- Жекече жана жупта иштешет, бири-бирин угушат.
Сабакта колдонулган усул:
- Интерактивдъъ усул
- Жащы материалды =зд=штъръъ
Календарь менен иштөө.
Бардык күндөр____
Майрамдар ______
Окуу күндөр ____
Дем алуу ______
Бүгүнкү число ____
- Азаматсыңар балдар. Пейзаждын биринчи бөлүгү тартылды. Силер акылдуу турбайсыңарбы?
- Баракелде балдар. Силер аябай тапкыч экенсиңер. Пейзаждын экинчи бөлүгү тартылды.
- Жарайсыңар балдар. Силер өтө акылдуу экенсиңер, карагылачы - пейзаждын үчүнчү бөлүгү даяр болуп калды.
Жаз
Сыртта кар эрип жатат. Айлана баткак. Күн жылып калды. Кечээ мен кара чыйырчык көрдүм. Демек келгин куштар да келиптир. Жакында алма, өрүк гүлдөйт. Эгин талааларын айдап жатышат. Айланага жан кирген өңдүү. Биз дагы мектептин айланасын тазалап жатабыз. Мал төлдөп жатат. Биздин эчки дагы эки окшош улак тууду. Алар абдан оюнкараак. Мен он жаштамын. Аларга он күн да боло элек.
Эс алуу минутасы.
Келе жатып абышка,
Чачып алды буудайын.
Тооктор келип чокушту,
Каздар келип тапташты.
Кароол келип жыйнады.
Табышмак.
Аркы өйүздөгү карагай,
Берки өйүзгө жыгылат.
Берки өйүздөгү карагай.
Аркы өйүзгө жыгылат.
Жообу: көпүрө
- Азаматсыңар карагылачы кандай сонун пейзаж тарттыңар. Кыш мезгили аппак кар менен, абанын тазалыгы менен башка мезгилдерден айырмаланып турат. Келгиле кыш жөнүндө учур чак этишти катыштырып сүйлөм түзүп коёлучу.
Эс алуу минутасы.
«Шапка, папка, шып»
Сүрөткө карап учур чакты билдиргендей сүйлөмдөрдү түз.
Тест менен иштөө.
- Этиш сөздөр заттын ............ билдирет?
А) атын В) кыймыл аракетин.
Б) Өңү түсүн Г) көлөмүн
2. Этиш сөздөрдү белгиле.
А) сабак, жашыл В) жыгач, көлмө
Б) ачты, чуркайт Г) Мөмө, кеме
3. Этиштерге берилген суроолорду белгиле.
А) ким? Эмне?кимдер? Б) качан? Каерде? Кайда?
В) Эмне кылат? Эмне болду? Кантти ? Г) Кандай? Канча?
4. “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт”.
Сүйлөмдөн кыймылды билдирген сөздөрдү белгиле .
А) элин, тилин Б) Эне тилин.
В) Сүйбөгөн, жарытпайт Г) элин, эне.
5. Этиш сөздөр көбүнчө сүйлөмдүн .......болот?
А) аягында Б) башында
В) четинде Г) Ортосунда
6. Ат басты, бат басты, ат качты, адамдар абайлап акырын кармашты. Жаңылмачтан этиш сөздөрдү белгиле.
А) качты, басты Б) ат, бат
В) бат акырын Г) адамдар кармашты.
7. “Жайдын ысыгында тоолордун тынчтыгын бузган суулардын үнү угулбайт” Сүйлөмдөгү этиштерди белгиле.
А) жайдын ысыгында Б) тынчтыгын бузат.
В) Суулардын үнү Г) бузган, угулбайт
8. Этиштин канча чагы бар?
А) 3 Б) 4 В) 2 Г) 5
9. Учур чак этишти тап?
А) ойноп жүргөн Б) бийлеп жүрөт
В) уктады Г) ырдайт.
10. Этиш сөздү белгиле.
А) Арча Б) тоо
В) Сактайлы Г) Балык.
К=щъл бурганыщыздарга чощ рахмат.
Жообущ туура.
Каап жооп туура эмес.