Просмотр содержимого документа
«Үркүн - 1916 жылдагы көтөрүлүш, 9 класс, Кыргызстан тарыхы (Восстание 1916 года в Кыргызстане на кыргызском языке)»
1916 жылдагы Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүш
Көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү, себептери, шылтоосу жана кыймылдаткыч күчтөрү
Өбөлгөлөрү:
- XIX к. аягы – XX к. башында Орусия империясынын европалык бөлүгүнөн Орто Азияга болжолдуу түрдө 3 млн. калк көчүрүлгөн.
- Жерлерди зордоп алуу саясаты орус-украин келгиндери менен жергиликтүү калк ортосундагы мамилелерди терс жакка курчуткан.
- Биринчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде Орто Азиядан өтө чоң өлчөмдө салык алынган.
- Жергиликтүү элди келгиндердин үй-бүлөсүнөн бир мүчөсү согушка кеткен болсо «ыктыярдуу түрдө» алардын жерлерин иштетүүгө тартышкан.
1. Падышачылыктын Кыргызстандагы колониялык саясаты.
2. Кыргыздардан массалык түрдө жерлерин зордоп тартып алуу
3. Падышачылыктын «орусчул» саясаты.
4. Салыктын көбөйүшү. Аскер салыктарынын киргизилиши.
5. Элге ачкачылык, эпидемия, кыйын жашоо алып келген Биринчи Дүйнөлүк согуш.
Падыша Николай II нин 1916-жылдын 25-июнунда чыккан «Орто Азия жана Казакстандын жергиликтүү элдерин тылдык жумуштарга тартуу боюнча» жарлыгынын негизинде 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектер фронтко инженердик иштерге тартылмак. Жалпысынан болжолдуу түрдө Түркстан жана Талаа крайларынан 500 миңдей жигит чогултулуш керек эле.
Бул жарлыкты аткаруу үчүн падыша өкмөтү «бөлүштүр жана өкүм сүр» тактикасын колдонгон.
Жыйынтык: жергиликтүү администрацияны, байлардын жана диний өкүлдөрдүн бир бөлүгүн падышачылык жалпы элдик кыймылдан бөлүп алганга жетишкен.
Кыймылдаткыч күчтөрү:
- Кыргыз көчмөндөрү;
- Кыргыз жумушчулары жана кол өнөрчүлөрү;
- Бай-бийлер;
- Жаңы пайда болуп жаткан улуттук интеллигенциянын өкүлдөрү;
- Башка элдердин өкүлдөрү (казак, өзбек, дунган, уйгур ж.б.).
Көтөрүлүштүн жетекчилери:
Наманганда – Таласбай Алыбаев, Чүй өрөөнүндө – Мөкүш Шабдан уулу, Ысык-Көлдө - Батыркан Ногой уулу, Нарында – Канат Убуке уулу ж.б.
К өтөрүлүштүн аймагы – бүткүл Кыргызстан, Казакстандын бир бөлүгү
Эң күчтүү тутанган жери: Жети-Суу
Көтөрүлүштүн мүнөзү : антиколониалдык, антиимпериалистик.
Орто Азиядагы орус-казак аскерлери
Көтөрүлүштүн башталышы жана жүрүшү Көтөрүлүш 1916-ж. 4-июлда Самарканд областынын Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган .
- Кыргызстандын түндүгүндөгү көтөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон.
- Түндүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн.
- 8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. 9-августта Ыбрайым Төлө уулу жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн чакан тобу Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлер-дин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 миңден ашуун ок-даары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган.
- Кочкордук көтөрүлүшчүлөр болуш Канат Убуке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүшүп, ал болсо өз кезегинде негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миңдей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган жана Токмок шаарын камалаган…
- Августтун аягында көтөрүлүшчүлөрдүн күчү азайып, жеңиле башташкан
Падышачылыктын көтөрүшчүлөрдү жазалоого өтүшү
Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан генерал-губернаторлугунун аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105и атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 казак-орус полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылган.
Көтөрүлүшчүлөрдүн Кытайга качышы Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш паана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн.
Кытайлык маалыматтар боюнча Кыргызстандан Кытайга бери эле дегенде 200 миңдей адам качып барган.
- Көтөрүлүштүн стихиялуу түрдө болушу;
- Бирдиктүү лидердин жоктугу;
- Курал-жарактын жоктугу;
- Падышачылыктын келгиндер менен жергиликтүү элдин өз ара келишпештигин туура жакка пайдаланышы;
- Бирдиктүү борбордун болбошу жана кыргыз урууларынын ынтымаксыздыгы;
- Кээ бир бай-манаптардын чыккынчылыгы.
Жыйынтыктоо
- 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Кыргызстандын калкы болжолдуу 30-40 пайызга азайган.
- Ошентип, кыргыздардын улуттук-боштондук күрөшү жеңилүүгө учурап, жырткычтык менен басылган. Бирок жеңилүү менен аяктагандыгына карабастан көтөрүлүштүн тарыхый мааниси чоң. Түркстандагы колонизатордук саясаты үчүн падыша өкмөтү жергиликтүү элден сокку жеди. Ар түрдүү улуттагы элдер биргелешип улуттук эзүүгө каршы күрөшкө чыгууга болоорун түшүнүштү.
- Жыйынтыктап айтканда, падышачылыктын улутчул-колониялык саясаты, ар түркүн алык-салыктардын күчөшү эл ичинде падышачылык бийликке каршы нааразычылыкты күчөтүп, улуттук-боштондук күрөшкө алып келген.
Улуу Октябрь Социалисттик Революциясы кыргыздарды сактап калды
2006-жылы жана 2014-жылы ашууларга экспедициялар уюшулуп, көмүлбөй калган ата-бабаларыбыздын сөөгү жерге берилди...
Өткөндү эч унутпайлы, туугандар!
- Болбосо тагдыр муштуму бизге тиет