СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

12-Апрель Космонавтика күнү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Космонавтика күнү

Просмотр содержимого документа
«12-Апрель Космонавтика күнү»

ТЕМА: 12-АПРЕЛЬ КОСМОНАВТИКА КҮНҮ

Сабактын тиби: сабак – саякат

Сабактын жабдылышы: космос мейкиндигин камтыган слайд, косманавттардын сүрөттөрү, космос кораблинин макети, скафандр, буклеттер, Байконурдан учкан “Восток” кораблинин видеосу, интерактивдүү доска, ватмандар ж.б

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:

Күн нурундай жаркыган,

Күлкүсү тунук шаңшыган.

Көңүлүндө кири жок,

Амансыңарбы, балдарым?

Саламатсызбы? Кош келеңиздер!

Аманчылык тилеп калкыма,

Келечекке умтулабыз дайыма.

Ар бирибиз окуйбуз,

Жетүү үчүн “мыкты инсан” наамына.

Сактап “алтын эрежени”,

Тартиптүү балдар болобуз.

Убакытты туура пайдаланып,

Оюбузду так – так айтабыз.

Мына ошентип, бүгүнкү күн да өз өктөмүн жүргүзүп жатат, өмүрүбүздүн дагы бир барагы ачылды. Кана балдар, ушул күндү баалап алалы ( окуучулардын ойлорун угам).

Жакшы, анда эмесе мен силерди сыйкырдуу ааламга чакырам.

Мындан эмне жөнүндө, кандай темада сөз козгойбуз? (окуучулар өз ойлорун айтышат)

Туура: бүгүнкү биздин тема: “12-апрель Космонавтика күнү”. Сабактын максаты менен тааныштырам.

Кана, айткылачы, түнкү жымыңдаган жылдыздар, күндүз нурун чачып, мээримин төккөн күн силерге кандайдыр бир кызыгууну жаратабы? (окуучулардын ою)

Болжолдуу жооптор:

  1. Апам, жомок айтканда “Саманчынын жолун көрсөтүп”, чын эле жолоочу жолдон адашып калбайын деп жолуна саман чачып кеткендей туюлат дейт.

  2. Асмандагы жетиген, ал эмне үчүн жетиден, жети атанды чыгарбай, билип жургүн эсиңден демекчи, Жетиген жылдызы 7 санын түшүндүрөт го ээ?

  3. Мен 9 планета бар экенин окудум. Чолпон планетасы бизге таңкы мезгилде жарыгын чачып, Таң чолпон жылдызы болуп көрүнөт экен.

  4. Эмне үчүн жылдыздар учушат?

  5. Жылдыздар учпайт, алар кометалар деп аталат.

  6. Эрте менен турганда күндүн кызыл шооласы тоодон чыкканы кандай сонун көрүнүш.

  7. Эенебиздей мээрим төгүп, нурун чачкан күн биздин жашообуздун булагы.

Азаматсынар, балдар. Эми космос жана космонавттар жөнүндө эмнелерди билесиңер? (болжолдуу жооптор)

  1. Космос мейкиндиги – бул Жер шары жана 8 планета, же болбосо Күн системасы.

  2. Космос – бул абасыз мейкиндик.

  3. Ал жактан биздин Жер тоголок болуп көрүнөт.

  4. Биринчи космоско учкан Ю.Гагарин, ал “Восток” корабли менен учкан.

  5. Аялдардан биринчи космонавт В. Терешкова болгон.

  6. Кыргызстандын туңгуч космонавты С. Шарипов. ж.б

  • Жакшы. Анда биз ошол космос мейкиндигине саякат жасайбыз.

Учса ага, атабыз

Кубанычка батабыз.

Биз да алыс сапарга

Даярданып жатабыз.

Колуңарды партага коюп, көзду жумуп, менин ар бир айткан сөзүмдү элестетип отургула, ар бир сөзүмдү көз алдыңарга алып келгиле. Биз “Арал - 2018” аттуу космостук кораблиндебиз. Учууга даярданып жатабыз. Баарын курларды байланып камдангыла. “Учууга уруксат сурайбыз”. “Уруксат берилди”. 5,4,3,2,1 учтук, биз учтук. Жердин тартылуу күчүн жеңип, космос мейкиндигине чыктык. Кандайдыр бир салмаксыздык байкалды. Алдыбыздагы ручка, дептер, китептер калкып калды. Карагылачы, биздин планетабыз көгүш шар болуп көрүнүп турат. Керемет, ажайып кооздук. Жерди айланып учуп жүрөбүз... мынакей биз кончу чекит да көрүнө баштады. Конууга уруксат сурайбыз. Ойгонгула. (балдар көзүн жумуп турган мезгилде, сүйлөгөнчө, көгүш асман, жылдыздар, Ай, Күн, планеталардын макетин коюп коём).

-Эмнени сездиңер, кандай сезимдер болду? (окуучулардын жоопторун угам)

  1. Мен өз салмагымды жоготуп койдум.

  2. Жер шарыбыз кичинекей болуп көрүнду.

  3. Абасыз мейкиндик сезилди.

  4. Учуу башталганда менде коркуу сезими пайда болду.

  5. Мен өзүмдү космонавт сездим. ж.б

  6. Эжей, бизге Ю. А. Гагариндин өмүр баянын айтып бериңизчи

Макул, кыскача айтып берейин. ( Ю, Гагарин жөнүндө слайд көрсөтүлөт). Юрий Алексеевич Гагарин биринчи космоско учкан адам. Ал 1934 – жылы 9 – мартта Россиянын Батыш областынын Гжат районунда, Клушино деген айылда туулган. Ал өзүнүн өжөрлүгү, зээндүүлүгү, мыкты окугандыгы менен космосту багындырган. 1961 – жылдын 12 – апрелинде “Восток” корабли менен Байконурдан стартка чыккан. Косманавттар Юрий Гагарин менен Герман Титов Жер шарын 108 минутада айланып чыгышкан. Эки суткадан көп учкан корабль Жер шарын 17 жолу айланып чыккан. Атасы Алексей Гагарин – ширетүүчү, апасы Анна Матвеева – сүт фермасында иштеген. 1941 – жылдын сентябрь айында Клушкинодогу мектептке барган. Бирок согуш болуп жаткандыктан окуусун токтотууга аргасыз болгон. Согуш аяктаганда гана 1945 – жылы 6 – классты аяктаган, ошол эле жылы Люберский училищасына тапшырып, 1951 – жылы ийгиликтүү аяктап, Саратов Индустриялык техникумуна тапшырган. 1954 – жылы аэроклубка кирген. 1955 – жылы Як – 18 самолёту менен биринчи жолу учуу жасаган. Жашап өткөн өмүрүндө Ю. Гагарин 196 жолу учуп, ал учуулар 42 саат 23 минутаны түзгөн. Өмүр жолу кызык бекен?

Кана эми, айткылачы, Кыргызстандын туңгуч космонавты С.Ш.Шарипов жөнүндө эмнелерди билесиңер?

КР Баатыры Салижан Шарипов тууралуу кызыктуу 7 фактыны баяндайт.

  1. Балалык кыял. Дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 0964-жылы 24-августта Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. Көпчүлүк балдардай болуп бала чагында эле учкуч болууну кыялданчу. Орто мектепти аяктаган соң Россиянын Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайына тапшырган. Кийин иштеп жатканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп өтүп, балалык кыялы орундалып космонавт болгон.



  1. Салижан Шарипов дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты болуп эсептелет.

Асмандагы 950 саат. Армиядан кийин Харьковдогу жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайында билим алып, 1987-жылы Борбор Азия аскердик аймагынын 716-авиациялык полкунда учкуч-инструктор болуп кызмат өтөп, ар түрдүү учактар менен 950 саат учкан. 1990-жылы Юрий Гагарин атындагы советтик космонавттарды даярдоо борборундагы отрядга тандалып, атайын даярдыктан өткөн.



  1. Космоско сапар. 1994-жылы Москвадагы Мамлекеттик нефть жана газ академиясынын "Аэрокосмоэкология" факультетин бүткөн. 1997-жылы жайында АКШдан америкалык космос кораблинин бортунда атайын даярдыктан өтүп, 1998-жылы 22-январда "Endeavour" космос кемеси менен алгач ирет космос мейкиндигине учуп, Россиянын орбиталык "Мир" комплексине ийгиликтүү жалгашкан. Салижан космос мейкиндигинде 8 күн 19 саат 46 мүнөт 54 секунд болуп, 31-январда Жерге кайткан.



  1. Экинчи ирет космосто болуу бактысы. Ал 2004-жылдын 14-октябрында "Союз-ТМА-5" космостук кораблинин командири жана Эл аралык космостук станциянын 10-экспедициясынын бортинженери болуп, 192 күн, 19 саат 2 мүнөт космосто болгон. Эки ирет 10 мүнөттөн ачык космос мейкиндигинде жүргөн. 2005-жылдын 25-апрелинде Жерге аман-эсен кайтып келген.





  1. Ээлеген кызматтары. 2005-2006-жылдары АКШнын Хьюстон шаарындагы Джонсон атынданы космостук борборунда Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун атайын өкүлү болгон. Кийин Россиянын космонавттарды даярдоо борборунун командиринин орун басары кызматын аркалаган. Ошондой эле "Союз-ТМ-29" жана "Союз-ТМ-30" кораблдеринин экипажын алмаштыруучу командири да болгон.



  1. Шарипов тасмада. Космонавт тууралуу 2012-жылы "Россия сыймыктаган мусулман" аттуу даректүү кино тасма тартылган. Андан кийин "Салижан Шариповдун жылдыздуу сааты" аттуу дагы бир тасма көрүүчүлөргө сунуш кылыган. Космостогу ийгиликтүү сапары үчүн Россия, АКШ, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик сыйлыктарына арзыган. 1998-жылы 3-февралда КР Баатыры, 2005-жылы 13-сентябрда РФ Баатыры деген ардак наамдарга татыктуу болгон.





  1. Үй-бүлөсү. Салижан Шариповдун жубайы Насиба Мавлянова экономист болсо, кызы Нагира Москвадагы Эл аралык мамилелер университетинде билим алууда. Уулу Жахангир ата жолун жолдоп, Бишкектеги И.Абдраимов атындагы учкучтар окуу жайында окуп жатат. Салижан футболдун күйөрманы. Ош шаарынданы 22-орто мектепке ысымы ыйгарылып, Ош облусундагы көчөлөргө аты коюлган. Ошондой эле Ош шаарынын ардактуу атуулу, Ош мамлекеттик университетиинин ардактуу профессору

Ушул учурда эшик такылдайт. Уруксат сураган косманавт кирет. “Уруксатпы, учууга даярмын, уруксат бериңиз”, “Уруксат берилет”, “Ак жол каалайбыз”, “Поехали”. (Космоско учкан кораблдин видеосу көрсөтүлөт).

  • Видеону талкуулоо.

  • Сөздүк менен иштөө

  • Галлактика деген эмне?

  • Күн кандай жылдыз?

  • Ай – Жердин табыйгый жандоочусу.

  • Алтын Казык жылдызы

  • Скафандра. Ар биринин сүрөтү менен түшүндүрмө берилет.

Биздин көз алдыбыздагы табыйгый көрүнүштөрдүн ичинен эң эле чоңу – жылдыздуу асман. Бирок биз көрүп турган нерсе - - Галлактика жылдыздарынын кичинекей эле бөлүгү. Адамзат ушундай жылдыздардын биринин айланасында айланып жаткан кичинекей планета – Жерде жашайт.

  • Күн -

  • Ай -

  • Алтын Казык жылдызы – дүйнөнүн түндүк уюулуна жакын жайгашкан жылдыз жана ошондуктан жылдыздуу асман суткалык айланууда дээрлик кыймылсыз. Ал багыт алуу үчүн абдан ыңгайлуу, негизинен түндүккө болгон багыт менен дал келет, ал эми горизонттон бийиктиги байкоочу турган жердин географиялык кеңдигине барабар. Түштүк жарым шарда Алтын Казык жылдызы жок.

  • Скафандра – космосто скафандрасыз калган адам эмне болот? Адам жарылып кетпейт, анткени адамдын териси шарлардай сыйдам жана жука эмес. Тонбойт, себеби космос ваакум, андыктан ысык да, муздак да эмес, дароо эле тоңуп калбайт. Алгач адам бир аз салкындыкты сезет, ал эми денесинин терисиндеги суу буулана баштайт. Кан басым 120/80 абалында болот, кандын ысыктыгы 460 болот, кайнап кетпейт. Ультрафиолеттен пайда болгон күйүк тактары пайдап болот. Адам тумчугуп калат. Скафандрасыз калган адам 30секундадан кийин эс – учун жоготот.

  • Эбегейсиз зор ааламга салыштырмалуу биздин Жер планетабыз байкалар байкалбас чекит гана болот экен. Анткен менен дал ушул Жерде гана жашоо үчүн түзүлгөн. Ааламдын башка бир да бурчунда тиричилик табылган эмес. Мындай кереметтүү планетада жашоо бизге, чынында ырахат алып келет. Күн көрүнүп жылуу нурун чачса кимибиз сүйүнбөйбүз? Таң нурдана атса, күн балбылдап батса кимибиз суктанбайбыз? Бирок, күн көзүбүздүн кумарын кандыруу үчүн гана чыгып – батып турбайт, анын жарыгына баарыбыздын жашообуз түздөн – түз көз каранды.

Кана эми, бүгүнкү сабактан алган сезимиңерди бир сүйлөм менен жазгылачы.

Эми кайтаар мезгилибиз келди. Кайрадан өз классыбызга келдик. Мына, космос мейкиндигине саякаттап келдик. Силер мыкты окусаңар, талыкпай эмгектенип, спорт менен достошсоңор, ыймандуу, уулуну, кичүүнү сыйласаңар, ата – энени урматтасаңар – келечегиңер бактылуу жол, ак жол, ачык жол.

  • Бүгүнкү сабакты “Космонавттар ыры” деп аталып калган “Надежда”(“Үмүт”) ыры менен аяктайм.

  • Үй тапшырмасы: Космостук кораблдин макетин жасоо, космос мейкиндиги, космонавттар жөнүндө сүрөт тартуу.

  • Сабакка катышканыңар үчүн рахмат (баалоо).




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!