СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

10-класс физика тест

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«10-класс физика тест»

Тест 10-класс

  1. Суу куюлган идиште муздун сыныгы сүзүп жүрөт. Муз эрип кеткен соң суунун деңгээли....

а) өзгөрбөйт б) көтөрүлөт

в) төмөндөйт г) башында көтөрүлөт, анан төмөндөйт

  1. Басым Па менен ченелет. 1 Па - бул...

а) 1 Па = 1 H∙1 м2 б) 1 Па = 1 H∙1 м

г) 1 Па = 1 H/1 м2 д) 1 Па = 1 H2∙1 м2

  1. Идиштин түбүнө жасалган гидростатикалык басым ... көз каранды.

а) түбүнүн аянтынан

б) идиштин формасынан

в) идиштеги суюктуктун салмагынан

г) идишке куюлган суюктуктун бийиктигинен

  1. Нерсе суюктукка чөгөрүлгөн. Салмаксыздык абалында нерсени түртүп чыгаруу күчү....

а) өсөт б) азаят в) нөлгө барабар г) азаят, анан өсөт

  1. Чайнек качан көбүрөөк нурданат - ичинде бөлмө температурасындагы суу болгондобу же кайнак суу болгондобу?

а) температурасы жогору болгон нерсе көбүрөөк нурдангандыктан, ичинде кайнак суу болгон чайнек

б) чайнекте бөлмө температурасындагы суу болгондо

в) нурдануу суунун массасынан көз каранды

г) нурдануу чайнектин өлчөмүнөн көз каранды

д) нурдануу температурадан көз каранды

  1. Төмөнкү процесстердин кайсынысы механикалык кыймыл эмес?

а) Нерсенин өз огунун айланасында айланышы.

б) Нерсенин Күнгө салыштырмалуу тынч абалда болушу.

в) Аныктамаларды механикалык жаттоо процесси.

г) Идиштеги суунун агып чыгуу процесси.

  1. Төмөнкү каралып жаткан нерселердин кайсынысы материалдык чекит болот?

а) Күндүн айланасында орбита боюнча айланып жаткан Жер.

б) Өз огунун айланасында айланган Жер.

в) Өз огунун айланасында айланган молекула.

г) Ядронун бөлүнүшү учурундагы атом.

д) Бууга айлануу учурундагы суюктук.

  1. Ылдамдыгы болгон нерсеге, ылдамдык векторуна /2 бурч менен багытталган күч

аракет этсе, анда нерсенин кыймылынын траекториясынын көрүнүшүн аныктагыла.

а) күч векторунун багыты менен дал келген түз сызык

б) ылдамдык векторунун багыты менен дал келген түз сызык

в) айлана

г) ылдамдык векторуна 45о бурчту түзгөн түз сызык

  1. Сааттын секундалык жебесинин (стрелкасынын) мезгили эмнеге барабар?

а) 1 с б) 10 с в) 20 с г) 60 с


  1. Нерсенин массасы анын ... мүнөздөйт.

а) инерттүүлүгүн б) чоңдугун в) көлөмүн г) зарядын

  1. Күч эмнени мүнөздөйт?

а) чоң жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгүн

б) бир нерсенин экинчи нерсеге таасир көрсөтүү ченин

в) бир нерсенин экинчи нерседен канчалык күчтүүлүгүн

г) жумушту тез аткаруу жөндөмдүүлүгүн

д) нерсенин кубаттуулугун

  1. Нерсенин салмагы деп эмнени айтабыз?

а) Бул Жердин тартуусунун натыйжасында нерсенин таянычка же асмага аракет эткен күчү.

б) Бул нерсенин массасы.

в) Бул нерсеге аракет этүүчү оордук күчү.

г) Бул нерседеги молекулалардын саны.

д) Бул нерсенин тыгыздыгы менен көлөмүнүн көбөйтүндүсү.

  1. Нерсе 30 м/с га барабар баштапкы ылдамдык менен тик өйдө ыргытылд. Ал канча убакыттан кийин кайра Жерге түшөт?

а) 2с б) 3с в) 6с г) 8с

  1. Импульстун сакталуу закону ..... аткарылат.

а) аракеттенишүүнүн натыйжасында нерселер өз ара кагылышса

б) жарыктын ылдамдыгына салыштырмалуу кичине ылдамдыктар үчүн

в) туюк системаларда

г) Жердин тартылуу талаасындагы нерселер үчүн

  1. Эгерде бир эле чоңдуктагы күчтүн аракети менен нерсе мурдагыдан эки эсе чоң жолду басып өтсө, анда аткарылган механикалык жумуштун чоңдугу кандайча өзгөрөт?

а) жумуштун чоңдугу 2 эсе өсөт

б) жумуштун чоңдугу өзгөрүлбөйт

в) жумуштун чоңдугу 4 эсе өсөт

г) жумуштун чоңдугу 2 эсе кичирейет

  1. Моль – бул … чен бирдиги.

а) молдук массанын б) Басымдын в) тыгыздыктын

г) заттын санынын д) молекулалардын концентрациясынын

  1. Төмөнкү чондуктарды бирдиктери менен айкалыштыргыла.

1. Басым а)Ньютон

2. Күч б) килограмм

3. ылдамдык в) Паскаль

4. масса г) м\с

а) 1-в, 2-а, 3-г, 4-б б) 1-г, 2-а, 3-в, 4-б

в) 1-б, 2-г, 3-в, 4-а г) 1-а, 2-б, 3-в, 4-г

  1. 18км/саатта канча м/ с бар?

а) 10м/с б) 5м/с в) 20м/с г) 30м/с

  1. Ньютондун канча закону бар?

а) 5 б) 3 в)2 г) 4

  1. 10кН до канча Н бар?

а) 1000 б) 100000 в)100 г) 10000000










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!